НАРКТУУ ҮЙ-БҮЛӨДӨ —  НАРКТУУ БАЛДАР ТАРБИЯЛАНАТ

  • 31.03.2023
  • 0

Азыркы мезгилде баланы тарбиялоо – ар бир үй-бүлөнүн, мектептин, коомдун көйгөйлүү маселеси. Жаштар – кыргыз элибиздин келечеги, алдыга сүрөп, Кыргызстанды оңдоп кете турган өзүнүн идеясын, энергиясын, салымын кошуп, жаш жаран улуу муунга караганда жаңычыл ой жүгүрткөн, ааламдын же мамлекеттин келечегинин жоопкерчилигин ала турган келечек жаштары. Бирок ден соолугу чың, билимдүү, эмгекчил, ыймандуу, жөнөкөй, эл жерин сүйгөн патриот, ата-энесин, эне тилин сүйгөн жаш муундарды тарбиялоо керек, — деген суроо ар бир инсанды ойлондурбай койбойт.

 

 

Тарбия башаты — үй-бүлө

Балдар тарбияны эң алгач ата-энеден алат. Ата-эне балага дайыма үлгү болот.  «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат», — деген элибизде жакшы макал бар. Ата-эненин балага болгон мамилеси, сүйүүсү, камкордугу, боорукерлиги, эркелете билүүсү мисал болот. Ата-эне балага күзгү. Акыркы убакта биз сыймыктана турган үй-бүлөлөр көп.  Мисалы, ушундай нарктуу үй-бүлөлөрдүн бири менин кесиптешим Бермет Алымбаева деп айтаар элем.

Көп кырдуу инсан

Жазуучу, акын, котормочу, педагог, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, билим берүүнүн отличниги. Өзү керемет Ысык-Көлдүн кызы. Тамга айылында балалык чагы өткөн.  Бермет  Алымбаева Кыргыз билим берүү академиясынын «Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткаркы кошумча билим берүү лабораториясынын» башчысы кызматын аркалап,  андан сырткары чыгармачылык менен да үзүрлүү эмгектенип,  жыйырмадан ашуун роман, повесттердин, аңгемелердин, ыр жыйнактарынын, котормо китептеринин автору.  2020-жылы алты томдугу жарыкка чыкты.

Отуз жылдан ашуун убакыттан бери адабият майданында эмгектенген

Б.Алымбаеванын артыкчылыгы  эки тилде жазып, дүйнөлүк адабиятты таанып, өздөштүргөндүгүндө.

Б.Алымбаева аталган академияда иштеп келаткан мезгилдин ичинде тарбия проблемаларын изилдеген илимпоз жана жазуучу катары таанылды.

Анын кыркка жакын жазылган методикалык  колдонмосу республикабыздын жалпы билим берүүчү мектептерде, орус тили жана орус адабияты кыргыз мектептер үчүн жана тарбия боюнча 5-11-класстарда  эмгектенген тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, класс жетекчилер колдонуп келишет.

Мына ушундай илимий-педагогикалык эмгеги бааланып, 2011-ж. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  «Маданияттын  мыкты кызматкери» (2012-ж.), «Билим берүүнүн мыктысы»  (2020-ж.), «Билим, илим профсоюзунун отличниги» төш белгилери  ж. б. менен  сыйланган.

Мен билген Бермет Бекешовна салмактуу мүнөзү, кызматка карата олуттуу жоопкерчилиги, улууларды кадырлаган, кичүүлөргө сыпайы мамиле кылган, орду менен сүйлөп, сөз баккан кызматкер катары айырмаланат.

Бактылуу үй-бүлөдө — бактылуу балдар

Бир гана илимий-методикалык ишмердүүлүк менен алек болбостон, тубаса сапатты талап кылган акындык жана жазуучулук жаатында ийгиликтерди жаратып келет.

Ал жазуучу катары жараткан чыгармалары, дүйнөгө, адамдарга болгон көз карашын көрсөткөн учкул сөздөрүндөгү катылган сырларын шурудай тизип, чыгармаларында бермет чачыладай ажарланткан. Бермет Алымбаеванын стили жумшак, назик, согуп турган салкын желдей керемет стиль.

Негизинен, көркөм адабияттын чыгаан өкүлдөрү  гана тилдин байлыгын кеңири катмарга таратуучулар боло алат. Ошондой сөз кадырын билген көптөгөн китептердин автору Алымбаева Бермет жөнүндө кеп кылсак ал ар тараптуу инсан. Анын чыгармаларында Ата-журт, ата-эне, үй-бүлө  жөнүндө жөнөкөй тил менен көркөм, кызыктуу кылып баяндайт.  Айталы, өлкөнүн биримдигин, ынтымагын, жашоонун туткасын, тамырын кармап турган нерсе — бул үй-бүлө. Баланы өстүрүп, тарбиялап, муундарды байланыштырып турган да үй-бүлө. Тарбиялык мааниде үй-бүлөнүн бекем болуусуна, бактылуу жашаган үй-бүлө бактылуу мамлекеттин тиреги, муундан-муунга узатаар көчтүн негизги кербени деп жазат. Бактылуу үй-бүлөдө – бактылуу балдар төрөлүп, жашоо бардык тараптан бакубат болот, — деп чыгармаларында таамай айтылган.

Деги эле, Бермет Бекешовнанын изилдөө ишинин негизги багыты – бул  жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоого, эмгек аркылуу алардын аң-сезимин жогорулатууга,  акыл-эсин өстүрүүгө, ден соолугун  чыңдоого умтулуп келди. Ар кандай эмгекти баалай билүүгө жана эмгектен качпоого, баланын эң алгач  үй-бүлөдө көбүрөөк тарбиялоону аныктоо маселелери методикалык колдонмолорунда туруктуу орунду ээлөөдө.

— Ал эми дүйнөдөгү ар түрдүү кесиптердин ичинен эң ардактуусу мугалимдик кесип. «Мугалим — коомдун күзгүсү» деп бекеринен айтылбаса керек. Жан дүйнөңдөн жаралып, оюңдун асылын арнаган бир эле өзүңдүн балдарыңа эмес, окуучуларыңа да кандай гана жакшы нерселерди арнабайсың. Анткени эл башкарган Президент, белгилүү жазуучулардан эң жөнөкөй курулушчуга чейин мугалимдердин окуучулары болгон. Бермет Бекешовна  мектепте мугалимдиктен баштап, канчалаган жаш муундардын жүрөгүнөн түнөк таап, өрнөктүү өмүрүн арнап жаш муундарды тарбиялап келген.                                                                       

— Бир топ  жыл мектепте сабак бердим. Өмүр деген ушул, көз ачып жумганча өтүп кетет. Арадан канчалаган түйшүктүү күндөр өттү. Бирок ошол түйшүктөн ырахат алдым. Анткени, өмүр бою келечек муундарды тарбиялап, окуучулардын акыл-ой байлыгын өстүрүүгө, билим берүүгө, маданияттуу сүйлөөгө, адамдарда терс сапаттар болгон мактанчаак, көйрөңдүк, текеберчиликтен алыс болууга, турмушта сарамжалдуулук, үнөмдүлүк менен жашоого тарбияладым, — деп өзү айтып калат Бермет.

Үй-бүлөнүн астанасы ата

Жолдошу Сабыров Сыдык менен түтүн булатып жашаганына 45 жыл болду.

НАРКТУУ ҮЙ-БҮЛӨДӨ -  НАРКТУУ БАЛДАР ТАРБИЯЛАНАТ

Көңүлүмдү сезе билген, кадырыма жете турган эң асыл адамым – бул менин жолдошум. Жашыл көктөм, жалбырттап тал чыбыктай аруу, назик кезде жолуктук. Теңдеши жок боорукерлиги, токтоолугу  менен мени өзүнө багындырды. Жан дүйнөсүндө жасалмалуулук таптакыр жок. Табиятынан жөнөкөй, жумшак, жапакеч. Адамдын көңүлүн карап, жүрөгүн оорутпаган адам. Кичинекей коломтобузда 45 жылдан бери бирге жолдошум экөөбүз түтүн булатып, түйшүктүн жүгүн бирге аркалап, беш баланы чоңойтуп, өстүрүп эрезеге жеткирдик. Алардын сезимине жылуулук тартуулап, үмүт отун жандырып, канатына канат байлап, демине дем кошуп эмгекке, ыймандуулукка тарбияладык. Анткени, мээнети катуу болсо, татканы таттуу болот. Ак эмгек менен нан таап жеген, демек жашоонун сересине жеткени ошол.

“Балдарга байлык эмес, адеп бердик…”

— Экөөбүздөн көбөйгөн асыл жолубузду улай тургандарыбызды бөпөлөп чонойттук,  тарбия берүүдө байлык бербедик, бирок адеп бердик, акча бербедик, бирок максат бердик, курулай сөз эмес, ишеним бердик, дем бердик. Анткени, балдарыбыз — табият тартуулаган табышмактуу белегибиз, калтырар изибиз, унутулсак издээрибиз, кайгырсак кубантарыбыз, эрмегибиз, ар убак таянар медерибиз. «Үй-бүлөнүн астанасы ата менен башталат» деген ойду туу тутат. Бактылуу чарбагыбызда атасы өзгөчө орунду ээлейт. Өзгөчө дегеним, балдары үчүн кам көрүп, аларга бүтүндөй өмүрүн, күч-кубатын арнап келет, — дейт кесиптешим.

НАРКТУУ ҮЙ-БҮЛӨДӨ -  НАРКТУУ БАЛДАР ТАРБИЯЛАНАТ

Жароокер жар, мээримдүү эне

Бермет жөнүндө айтсам мүнөзү жөнөкөй, токтоо. Берметтин үй-бүлөлүк, энелик бакытты ыйык тутуп, аздектеп, «Балдарым — менин бактым»! деген сөздү туу тутуп, эне катары да өзү ыйык экенин туясың. Ар бир адамдын оюн билген сезимтал, психолог десем жаңылышпайм. боорукер, пейли кенен, жүрөгү назик, өз кесибин сүйгөн аялзаты.

Мен билген учурдан убакытты туура пайдаланып, баштаган ишинин артынан сая түшүп анын өтөсүнө чыкмайынча жаны жай албайт.

Берметке кудайым эң асыл сапаттарды да аяган эмес. Ал, биринчиден, асыл жар, сүйүктүү эне, ардактуу чоң эне, таене. Үй-бүлөнүн куту, турмуштун туткасы, балдарын дагы таптап, ата-бабаларынын салтында чебер тарбиялай алган.

Жолдошу Сыдык экөө эки уул, үч кызды тарбиялап эрезеге жеткиришти. Он төрт неберенин бактылуу чоң эне, таенеси. Балдарынын баары апасынын жолун жолдоп, мугалимдик кесипти тандашкан.

Мугалимдер династиясы

Биринчи кызы Сабырова Айзада — 44 жашта, Кыргыз улуттук университетинин журналистика, кыргыз тил факультетин бүтүргөн. Үч баласы бар. Бир уул, эки кыз. Азыр мектепте кыргыз тилинен сабак берет.

Экинчи уулу Сабыров Руслан 42 жашта. Мектепти алтын медаль менен бүтүп, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн, 2022-жылы мектеп директорлорунун конкурсуна катышып,  жогорку балл алып, азыр Бишкек шаарынын № 35 мектебинде директор болуп эмгектенет. Беш беш баласы бар. Үч  кыз, эки уул.

Үчүнчү кызы Сабырова Эльзада 39 жашта, ал дагы  мектепти алтын медаль менен бүтүп, И.Арабаев атындагы   Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Педагогика жана психология илимдеринин кандидаты, доцент. Бишкек гуманитардык университетинде педагогика жана психологиядан сабак берет. Төрт баласы бар. Үч  уул, бир кыз.

Төртүнчү кызы Сабырова Нурзада 32 жашта, Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетинин англис тили адистигин  бүтүргөн. Бишкек шаарынын №10 мектепте англис тили мугалими болуп иштейт. Эки баланын апасы.

Бешинчи уулу Сабыров Абдисалам 27 жашта. Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейин алтын медаль менен бүтүрүп, Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетинин англис тили адистигин  кызыл диплом менен бүтүргөн. Бишкек гуманитардык университетинде англис тилинен сабак берет.

Жакшы адамдар бар үчүн — дүйнө жарык

Бермет, өзүнүн өксүгүн балдарына, кыздарына берип толтурду. Жолдошунун да сүйүктүү жары болду. Аялсыз үй көрксүз. Эненикиндей мээрим жок. «Эненин мээрими күнгө тете»  деп айтылат эмеспи элибизде. Балага кучагын жайып, мээримин тогүп, өмүр тартуулап, телегейин-тегиз кылган — бул ата-эне. Бермет Алымбаева өзүнүн эмгегинде төмөнкүдөй ойлорду айтат: “Балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролу чоң. «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың», — деген элибиздин макалынын мааниси зор. «Ар бир үй-бүлө кичинекей мамлекет», — деп бекеринен айтылбаса керек. Балдарды өстүрүп, тарбиялап, билим берип тууруна кондуруу бул оңой эмгек эмес. Үй-бүлөнүн ийгилиги, бактысы — мамлекетибиздин өсүп өнүгүшүнө кошкон салымыбыз”.

«Таланттуу адамдар — жашоону көркүнө чыгарып турат», — деген учкул сөз бар, чыгармачыл таланттуу адамдын демине дем кошуп, көнүлдү сергитип, жашоого үндөп, жандануу пайда кылат. Жашоодо ушундай ата-энелер, жакшы адамдар көп болсун! Нарктуу үй-бүлө, кыргызымдын Берметтей таланттуу кыздары көп болсун!

Бүбүсара БЕЙШЕНБАЕВА, Кыргыз билим берүү

академиясынын ага илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер