ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

  • 23.05.2022
  • 0

Өлкө президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын негизинде 19-майда, Кара-Көл шаарында, “Өнөрлүү бала – өлкөнүн келечеги” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн көйгөйлүү маселелерин ортого салган бул маанилүү жыйынга Кара-Көл шаарынын мэри А.Ш.Балташов, вице мэр Г.Ө.Сатарова, шаардык кеңештин төрагасы К.Д. Батыркулов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илиминин кандидаты А.Б. Мырзалиева, Билим берүү жана илим министрлигинин мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы С. Т. Омурканова,   коомчулук өкүлдөрү, активдүү ата-энелер, Ош жана Жалал-Абад облустарынын район-шаарларына караштуу балдар чыгармачылык үйлөрүнүн жетекчилери катышты.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Конференцияда  ар бир балага өзү каалагандай, жөндөмүнө жараша багытталган ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, окуучуларда глобалдык компетенцияларды калыптандыруу, STEM жана STEAM билим берүү жаатында ийримдик иш алып баруу, балдарды чыгармачыл ой жүгүртүү менен эмгектенүүгө, улуттук баалуулуктарды аздектегенге тарбиялоочу вариативдик кошумча билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, кошумча билим берүүдөгү тажрыйбалуу, чыгаан педагог Токтокан Чокоеванын иш-тажрыйбасын жайылтуу маселелери катышуучулардын кароосуна коюлду.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Шаардык кеңештин депутаты Гүлжан Бердимуратова жетектеген Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйү республикабыздагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин арасында эң алдыңкы сапта турат. Каракөлдүк өнөрпоз жаш таланттар “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү борбору уюштурган “Ысык-Көл досторун чакырат” эл аралык этнофестивалында далай жолу  жеңүүчү аталып, алтын, күмүш медалдардын неченине  татыктуу болушкан.

Учурда шаардык миңден ашуун окуучулар мындагы “Жаратылыш жана фантазия”, “Чебер колдор”, “Дизайнер жана стилист”, “Комуз”, “Сөз өстүрүү”, “Мектепке чейинки даярдык”, “Улуттук бий”, “Дүйнө элдеринин бийи”, “Англис тили”,  “Жаш математик”, “Жаш химик”, “Менталдык арифметика”, “Шахмат”, “Робототехника” жана “Программалоо тили” ийримдерине катышып, өздөрүнүн жөндөм-шыктарын өнүктүрүп жатышат.

Бул күнү мугалимдердин зор эмгеги татыктуу бааланып, Кара-Көл шаардык Балдар чыгармачылык борбору Кыргызстандагы ЮНЕСКО клубунун тиешелүү сертификаты менен сыйланды.

Дагы бир айта кетчү нерсе, шаардагы Балдар чыгармачылык үйү 2018-жылдан бери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмын алып жүрөт.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

-Мен 2012-жылдан 2020-жылга чейин шаардык кеңештин депутаты болуп иштедим. 2018-жылы шаардык кеңешке Балдар чыгармачылык борборуна залкар жазуучунун атын ыйгаруу маселесин демилгелегем. 31 депутаттын баары колдоп берди, — дейт “Жаш химик” ийриминин жетекчиси, Билим берүүнүн мыктысы Жибек Матназарова.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Конференциянын пленардык жыйынында бир топ мазмундуу докладдар окулду.  Республикалык “Балажан” эстетикалык тарбия берүү борборунун директорунун орун басары З.А. Молдалиева  өз докладында азыркы коом жогорку билимдүү, руханий сапаттарга ээ адептүү адамдарга муктаж экенин, ошол эле мезгилде мектептеги жетиле элек балдарга терс маалымат булактарынын таасири күчтүү болуп жатканын, ошон үчүн тарбиячыларга кынтыксыз түзүлгөн адеп-ахлактык тарбия системасы зарылдыгын белгиледи. Чыңгыз Айтматов атындагы Балдар чыгармачылык үйүнүн директору Гүлжан Бердимуратова азыркы билим берүүнүн көйгөйлөрүнүн бири – тарбиялоодо муундар ортосундагы тарбиянын улантуучулугу сакталбай жатканына токтолду.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Ал эми шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илиминин кандидаты А.Б.Мырзалиева окуучуларды адеп-ахлактык жактан тарбиялоодо негизги роль мугалимге, атап айтканда кошумча билим берүү мугалимине жүктөлөрүн өз докладында ынанымдуу көрсөттү. Ушул омоктуу ой кийинки докладда улантылды. “Кошумча билим берүүдө эмгектенген педагог окуучунун инсан катары калыптануусундагы өнөктөшү жана жардамчысы болууга тийиш. Кошумча билим берүү сабагына кирип келе жаткан балдардын жүзүндө жылмаю, сабактан чыгып бараткан балдардын дилинде шыктануу бардыгын көрүүгө болот. Бул көрүнүш фин мугалимдеринин “Силер балдарыңарга эмнени үйрөтөсүңөр?” деген суроого “Бактылуу болууну” деп бир ооздон берген жообун эсиме түшүрөт”, — дейт “Кызыктуу химия” ийримиинин жетекчиси, химия илиминин кандидаты Раиса Өзүбекова.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Конференциянын алкагында уюшулган ачык сабактар да кызыктуу болду.  “Жаратылыш жана фантазия” ийриминин жетекчиси Э.Ж. Бечелованын “Монотипия” аттуу интегралдашкан сабагында окуучулар монотипия ыкмасын колдонуп, чынжырчанын жардамы менен көпөлөк менен медузанын сүрөтүн тартканды үйрөнүштү. “Англис тили” ийриминин жетекчиси Р.Р.Жусупбекованын “Менин келечектеги кесибим” аттуу интегралдашкан сабагы да улан-кыздар үчүн ары пайдалуу болду.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Окуучулар бир катар сын атоочторду колдонуп, жакшы актер, ветеренар, менеджер, тартип сакчысы, механик, өрт өчүргүч  жана дарыгер кандай сапаттарга ээ болушу керектигине сүйлөм түзүп, көлөкө театрындагы сахналык көрүнүштө жаныбарларды колдору менен сүйлөтүп, үйрөнгөнүн бышыкташты. Адамга биринчи медициналык жардам берүүнү да унутушкан жок.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Балдар чыгармачылык үйүнүн “Робототехника” ийриминин жетекчиси М.Калпакбаевдин “Робототехника —  бул келечек эмес, баланын азыркы учуру” аттуу интегралдашкан ачык сабагы да биздин көңүлгө толду. Балдар сабакта роботту программанын жардамы менен кыймылга келтиришти.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Ал эми “Чебер колдор” ийриминин жетекчиси Т.К. Мусуралиеванын “Салттуу баш кийимдердин сырлары” темасындагы көрсөтмөлүү сабагы элибиздин муундан-муунга өтүп келе жаткан көркөм мурастарын, эчен кылымдардан бери сакталып келген каада-салттарын баалап түшүнүүгө, улуттук баш кийимдердин ордун жана маанисин чечмелөөгө багытталды. Бул тарбиялык таасири күч сабакта көпчүлүк жаштарыбыз биздин салтыбызга туура келбеген, Арабиянын климатына ылайыкталып тигилген кийимдерди кийип жатканы өкүнүч менен белгиленди.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Бизди алдыда дагы бир сонун сабак күтүп туруптур. Балдар чыгармачылык үйүнүн “Токуу” ийриминин жетекчиси Токтокан Чокоеванын интегралдашкан ачык сабагынан мончок менен мажүрүм тал жасоону үйрөндүк. Токтокан эжей бизге хандын кызы Маржан менен навайчы жигит Асандын кайгылуу сүйүүсүн баяндап берди. Көп кырдуу инсан, мыкты мугалим, алдыңкы педагог Токтокан Чокоеванын “Керимсел”  китебинин бет ачарына да күбө болдук.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан Токтокан эжейге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарганы биз үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Агартуучуларды ар убак колдоого алган  шаар бийлигинин мындай арымдуу аракеттери албетте жакшы сөзгө, мактоого татыктуу деп ойлойбуз.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Конференциянын катышуучулары —  Ош облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров, Кара-Кулжа жана Ноокат балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчилери Муса Шокоев менен Эркин Эргешов республикабыздагы дээрлик бардык балдар чыгармачылык үйлөрү жаңы заманбап имаратка муктаж экенин ачык айтышты.

-Биз эски имараттарда же мектептердин бир капталында сабак өтөбүз. Өзүбүздун имаратыбыз болсо кандай сонун болмок! Ар бир районго мамлекет бирден эле салып берсин, ошондо мындан да жакшы иштемекпиз, — дешти алар.

А.АЛИБЕКОВ, М.ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер