ӨНҮГҮҮГӨ ЖАНА ДҮЙНӨ МЕНЕН ТЕҢ ТАЙЛАШУУГА БАГЫТ АЛГАН ЖОЛ!
- 26.06.2026
- 0
«Окуучуларды чыныгы турмушка жана кесип тандоого мыкты даярдоо үчүн 12 жылдык билим берүү системасы менен гана бара алабыз»
Кыргызстан эгемен алган жылдардан тарта билим берүү тармагы бир канча оош-кыйыш, татаал жолдорду басып өттү. Албетте, эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын билим берүү тармагы кээде өнүгүү жолуна түшүп, кээде мышык ыйлай турган кейиштүү тагдырларды да башынан өткөргөнү талашсыз. А бирок билим берүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртуу актуалдуу маселе бойдон калып келген.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдары 12 жылдык билим берүүгө кадам таштады.
Бул токтомду аткарууда Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү жана окуу усулдук кабинетинин усулчулары да четте калган жок. Республикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун графигине ылайык мугалимдерге, мектеп жетекчилерине, жалпылап айтканда жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине 12 жылдык билим берүү системасы боюнча тренингдер, жыйындар, онлайн жана оффлайн форматтагы окуулар жүргүзүлдү.
Миңдеген мугалимдер 12 жылдык боюнча өз билимин өркүндөтүү менен өз сабактарына интеграция кылышууда. Алсак, STEM боюнча – 195 мугалим
Башталгыч класс – 907 мугалим
Англис тили – 157 мугалим
Математика (5-7-класс) – 136 мугалим
◉ 12 жылдык билим берүү – заман талабы!
◉ Бул зарылдык эмес – социалдык талап!
◉ Теориялык билимден – практикага карай
◉ Жалпы окуучудан бир жооп күтүү эмес, бир окуучудан бир канча жооп күтүү!!!

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА
- Даракты түшүндүрүп бер, ары жагында токой бар экендигин окуучулар өздөрү тапсын!
- Формуланы жаттатууга караганда, ал формуланы турмушта каерде пайдасы тиерин көрсөт!
- 5тин квадраты 25 болоорун класстагылар бир окуучу өзү далилдеп, өзү ынансын!
- Окуучулар туура жоопту түрдүү жолдор менен чыгарышы мүмкүн, бул эң жакшы натыйжа!
Традициялуу сабактагы «5»ке жана «3», «2»ге окуган бала
◉ Отличник машина айдашты үйрөнүү үчүн автомектепке барып, окуп, эрежелерди жаттагандан кийин гана рулга олтурат.
◉ 2ге жана 3кө окуган бала көбүнчө практик болот. Мисалы, бирөөнү жанында олтуруп карайт, байкоо салат да тажрыйбасына таянып дароо рулга олтурат.
НЕГИЗГИ ИДЕЯ ЭМНЕДЕ?
Традициялуу билим берүүдө Пифагордун теоремасын жатка билген окуучу эмнеге курулуш иштеринде өз билимин пайдалана албай жатат? Эмне үчүн мектепти жакшы окубай бүткөн бала курулуш иштеринде шыктуу?
Мектепти “4” жана “5” деген баалар менен аяктаган окуучу өзүнө үй салуу үчүн өзүнүн практикалык жөндөмү жетишсиз экендигин турмуш өзү көрсөттү. Демек, теория менен практиканын айкалышы жок!
12 жылдык билим берүүнүн негизги идеясы – Мектепте алган теориялык билимдерин экзаменден «5» алуу үчүн эмес. Ошол алган билимдерин жашоо турмушта же практикада колдонууга үйрөтүү.
Сингапур методикасында: Жекеден – жупка, жуптан – топко.
12 жылдык билим берүүдө окуучуларга суроо берип, анын жообун көп окуучудан алууга умтулуу.
Суроого туура жооп берген окуучунун жообун “туура” деп, ал эми суроого туура эмес жооп берген окуучунун жообун “туура эмес” деп айтпай туруу 12 жылдык билим берүү системасы менен иштеп жаткан математик деп саналат!
ЭКИ БАЛА ТЕҢ КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ҮЙРӨНҮП ЖАТАТ?..
Алган билимдерин кайсы бала турмушта пайдалана алат?
Традициялүү сабакта
Мугалим окуучунун катасын таап, 2 коет. 2 алган окуучу бирөөнүн тапкан катасынан сабак албайт.
Мугалим сабакты өзү башкарат. Баалоо:
Окуучу жаттама, формуланы гана пайдалануу менен чектелет. S=a*b
Мугалим сабакты толугу менен өзү түшүндүрөт
Методду өзү тандайт. Окуучуларга теманы түшүндүрүү үчүн өзү практикалык эсептерди өзү берет. Баалоону да өзү жүргүзөт.

Интерактивдүү сабакта
Окуучу өзүнүн катасын өзү табат. Катасын табууга мугалим багыт берет. Баштан өткөн катачылыкты 90% адам кайра кайталабоого аракет кылат.
Окуучулар бири-бирин баалашат. Мугалим реалдуу бааланып жаткандыгын көзөмөлгө алышы керек.
Метр алып, дубалдын узун туурасын ченеп көрсөтсүн.
Окуучу негизги фигура катары каралат. Сабактын бардык этаптарында окуучу иш-аракетте болот. Маселе мисалдарды бир эле ыкма менен эмес, түрдүү жолдор менен чыгарышат. Окуучу активдүү болуп, мугалим уюштуруучу катары кызмат кылат.
Традициялуу сабакта
Мугалим: 5тин квадраты канчага барабар?
Окуучу: 25ке агай
Мугалим: Азаматсың, олтур сага «5»
Мугалим (башка окуучуларга карап) Ушул Асандын мээсиндей эле мээңер бар, анда 2 бут болсо, силерде деле 2 бут. Эки колу болсо, эки колуңар бар. Ушундан эмнеңер кем?
Жыйынтыгы кандай болду?
Бир-эки гана окуучудан жооп алуу менен, дайымкы окуучулар гана бааланып, көп окуучу көмүскөдө калат.

12 жылдык билим берүүдө
Мугалим: 5тин квадраты канчага барабар?
Окуучу: 25ке агай
Мугалим: Эмнеге мындай жоопко келдиң?
Жообуңду негиздеп берчи?
Мугалим: Сен, канча деп ойлойсуң?
А эмне үчүн Асандын оюна кошулбайсың
Дагы күтөлүчү?
Жыйынтыгы кандай болду?
Бир канча окуучудан жооп алууга жетишүү. Окуучу жеке оюн өнөктөшү менен, андан соң топто талкуулап өздөрү чыныгы жоопко жетишет.
“Ар бир теңдеменин чечими болгондой эле, ар бир окуучунун да ачыла элек мүмкүнчүлүгү бар”.
“Мугалимдин эмгеги сандар, формулалар менен эмес, окуучулардын ийгиликтери менен өлчөнөт”
Акылбек уулу Курстанбек,
Базар-Коргон райондук билим берүү
бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин усулчусу,
№15 Жумалы атындагы жалпы билим берүү
уюму мекемесинин математика мугалими, улуттук тренер
Комментарийлер