«МЫКТЫ САБАК» СЫНАГЫ: МУГАЛИМДЕР КАНТИП КАТЫША АЛЫШАТ?

  • 14.10.2026

«Жаңы муундагы окуу китептери баланы изденүүгө үйрөтөт», — дейт сынакка катышып жаткан мугалим Айпери Искендерова.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси мугалимдерди «Мыкты сабак» сынагына катышууга чакырат. Сынак 12 жылдык билим берүү моделинин негизинде даярдалган жаңы муундагы окуу китептерин натыйжалуу колдонгон мугалимдердин тажрыйбасын жайылтууга багытталган.

Сынактын негизги максаты — заманбап окутуу ыкмаларын колдонгон, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырган, өз алдынча иштөөсүнө жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө шарт түзгөн мыкты сабактарды аныктоо. «МЫКТЫ САБАК» СЫНАГЫ: МУГАЛИМДЕР КАНТИП КАТЫША АЛЫШАТ?

Сынакка кимдер катыша алат?

Сынакка математика, табигый илимдер жана англис тили предметтеринен сабак берген мугалимдер катыша алышат. Тактап айтканда, математика боюнча 1-, 2-, 3-, 5- жана 7-класстардын, табигый илимдер боюнча 1-, 2-, 3-, 5-, 7- жана 8-класстардын, англис тили боюнча 3-, 4-, 5-, 6-, 7-, 8- жана 9-класстардын мугалимдери катышууга укуктуу.

Негизги талап — сабак 12 жылдык билим берүү моделине ылайык даярдалган жаңы муундагы окуу китебинин негизинде өтүлүшү керек.

Сынакка катышуу үчүн эмне кылуу керек?

Биринчиден, мугалим жаңы муундагы окуу китебин колдонуп, окуучулардын активдүү катышуусуна жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган сабак өтүшү зарыл.

Экинчиден, сабактын кызыктуу жана натыйжалуу бөлүгүн тандап, 1–3 мүнөттүк видеоролик даярдашы керек. Видеодо мугалимдин окутуу ыкмасы, окуучулардын активдүүлүгү жана сабактын жүрүшү даана көрүнүүгө тийиш.

Үчүнчүдөн, даяр видеону мугалимдин жеке же мектептин расмий социалдык тармактагы баракчасына жарыялоо зарыл. Пост жарыяланганда @okuu.kitebi жана @bilimilimkg баракчаларына биргелешип жарыялоо (Collab) сунушу жөнөтүлүшү керек. Видео ачык жеткиликтүү болууга тийиш.

Жеңүүчүлөр кантип аныкталат?

Сынактын жыйынтыгын чыгарууда сабактын мазмуну, мугалим колдонгон окутуу ыкмалары, окуучулардын активдүүлүгү жана практикалык иштердин уюштурулушу эске алынат.

Мындан тышкары, видеонун социалдык тармактардагы көрсөткүчтөрү да бааланат. Аларга көрүүлөрдүн, жактыруулардын, комментарийлердин жана бөлүшүүлөрдүн саны, ошондой эле аудиториянын жалпы кызыгуусу кирет. Бул көрсөткүчтөр сабактын педагогикалык сапаты менен бирге каралат.

«Окуу китеби» мекемеси жарыяланган видеолордун сынактын талаптарына шайкештигин жана социалдык тармактардагы көрсөткүчтөрүн текшерүүгө укуктуу.

Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 30-ноябрында чыгарылат.

«Мыкты сабак» сынагы мугалимдерге педагогикалык чеберчилигин көрсөтүүгө, натыйжалуу окутуу ыкмаларын жайылтууга жана кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ар бир мугалимдин ийгиликтүү сабагы башка педагогдор үчүн да пайдалуу үлгү боло алат.

Сынакка Сокулук районунун Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Айпери Искендерова да катышууда. Ал жаңы муундагы окуу китептеринин өзгөчөлүгү, сабак өтүүдөгү тажрыйбасы жана мугалимдик иш менен блог жүргүзүүнү айкалыштыруу тууралуу айтып берди. «МЫКТЫ САБАК» СЫНАГЫ: МУГАЛИМДЕР КАНТИП КАТЫША АЛЫШАТ?

«Жаңы окуу китептери баланы изденүүгө үйрөтөт»

— Сынакка катышуу идеясы кандайча пайда болду?

— Конкурс тууралуу Instagram социалдык тармагынан көрдүм. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы да маалыматты ички тайпага жөнөтүп, каалоочуларды катышууга чакырган экен. Быйыл мугалим катары блог жүргүзүүнү максат кылып, сабактарымды видеого тартып, Instagram баракчама жарыялап жүргөм. Ошол даяр видеолорумду колдонуп, конкурска катышып көрүүнү чечтим.

Мени кызыктырганы — сынак үчүн атайын күндөп-түндөп даярданбастан, күнүмдүк сабактарымда жаңы окуу китептерин кантип колдонуп, сабакты кандайча кызыктуу өтүп жатканымды көрсөтүү болду. Башкача айтканда, өзүмдүн кадимки сабактарым жана колумдагы материалдар менен катышууну чечтим.

— Сиздин оюңузча, жаңы муундагы окуу китептеринин өзгөчөлүгү эмнеде?

— Азыркы 12 жылдык билим берүү модели баланын өз алдынча изденүүсүнө, изилдөөсүнө жана ой жүгүртүүсүнө багытталган. Математика, «Мен жана дүйнө» сабактарында балдарды ойлонууга, өз алдынча жыйынтык чыгарууга көбүрөөк үйрөтүп жатабыз.

Мурунку окуу китептеринде даяр тапшырмаларга, мисалдарга көбүрөөк басым жасалса, азыркы китептерде изденүүгө жана изилдөөгө багытталган тапшырмалар арбын. Менимче, бул — жаңы окуу китептеринин негизги артыкчылыгы.

Айрым ата-энелер жаңы китептерди оор деп эсептеп, балдар окуганды үйрөнбөй жатат деген пикирлерин айтып келишет. Бирок мен бул пикирге толук кошула албайм. Билим берүү системасы түп-тамырынан өзгөрүп жатканда окутуунун ыкмалары да өзгөрүшү керек. Азыркы балдардын, башкача айтканда, альфа муунунун маалыматты кабыл алуусу жана ой жүгүртүүсү да өзгөчөлөнөт. Аларга туура багыт берилсе, көп нерсени тез түшүнүп, өз ойлорун эркин айтып бере алышат.

— Демек, жаңы окуу китептери баланын өз алдынча иштөөсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет деп эсептейсизби?

— Ооба. Өзүмдүн классымда да окуучулардын 70–80 пайызы туура багыт берилсе, тапшырманы тез түшүнүп, өз оюн тартынбай айтып, түшүндүрүп бере алат. Бул, албетте, мугалимдин жана ата-эненин туура багыт көрсөтүүсүнө да байланыштуу.

Биринчи жана экинчи класстарда баланын билим алуусунун негизги пайдубалы түптөлөт. Бул куракта бала бардык тапшырманы өз алдынча толук аткарып кетиши кыйын. Ошондуктан мугалимден тышкары ата-эненин да колдоосу зарыл. Балага тапшырманы аткарууда туура багыттап, өз алдынча ойлонууга үйрөтүү маанилүү.

Мен сабактарымды балдарга жеткиликтүү тилде, алардын деңгээлине ылайык түшүндүрүүгө аракет кылам. Жаңы окуу китептерин оор деп айтууга кошулбайм. Тескерисинче, алар балдардын өз алдынча ой жүгүртүүсүнө, тапшырмаларды түшүнүп, өздөштүрүүсүнө шарт түзөт деп эсептейм. Болгону мугалим туура багыт берип, баланын өз алдынча иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүшү керек.

— Сабак өтүү менен блог жүргүзүүнү бирге алып баруу оор эмеспи?

— Башында бир аз кыйналдым. Анткени сабак өтүү, видеого тартуу жана аны монтаждоо көп убакытты талап кылат экен. Эгер алдын ала пландабасаң, эмнени жана качан тартарыңды билбей каласың. Ошондуктан блог жүргүзүүгө да өзүнчө убакыт бөлүп, күнүмдүк планыма киргиздим.

Кечинде эртеңки күнгө план түзүп, кандай видеолорду тартам, эмнелерди сториске же рилске чыгарам деп белгилеп алам. Алгач ойлорумду атайын блокнотко жазып жүрдүм. Азыр ошол план боюнча иштеп, убактымды туура бөлүштүрүүгө аракет кылам.

Блог жүргүзүү үчүн штатив, микрофон сыяктуу керектүү каражаттарды да сатып алдым. Айрыкча штатив чоң жардам берип жатат. Мурда видеолорду өзүм үчүн же ата-энелерге жөнөтүү максатында тартчумун. Быйыл аларды социалдык тармактарга жарыялоо үчүн да тарта баштадым.

Азыр мектепке келгенде штативди орнотуп, камераны күйгүзөм. Күн ичинде сабак учурундагы керектүү учурларды тартып алам. Башында кыйын сезилгени менен, пландуу иштесең, сабакты да өтүп, блогду да алып барууга болот экен. «МЫКТЫ САБАК» СЫНАГЫ: МУГАЛИМДЕР КАНТИП КАТЫША АЛЫШАТ?

— Сынактан эмнени күтүп жатасыз? Окуучуларыңыз сиздин катышып жатканыңызды билишеби?

— Азырынча окуучуларыма айта элекмин. Конкурска катышып жатканымды кийин айтып, эгер жеңишке жетсек, аларга да кичинекей белек бергим келет. Алар муну укса, кубанышат деп ойлойм.

Албетте, сөзсүз жеңишке жетем деп айта албайм. Бирок үмүтүм бар. Эң башкысы — сынакка чын ниетим менен катышып, өз тажрыйбамд көрсөтүү. Эртең дагы «Мен жана дүйнө» сабагынан видео тартып, сынакка жарыялоону пландап жатам. Кандай жыйынтык болбосун, бул мен үчүн жаңы тажрыйба жана кесиптик жактан өсүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк.

— Ийгилик каалайбыз!

Асел КЕНЖЕБЕК КЫЗЫ, «Кут Билим»

Бөлүшүү