Муундардын атаандаштыгы эмес, кызматташтыгы керек

  • 28.10.2026

Кыргызстанда пенсия курагына жеткен мугалимдерди жумуштан бошотуп, алардын ордуна жаш адистерди кабыл алуу демилгеси коомдук талкууга түштү. Бир тарап жаштарга жол ачуу зарылдыгын айтса, экинчи тарап мугалим жетишпеген шартта тажрыйбалуу педагогдордон баш тартуу билим берүүнүн сапатына терс таасир этиши мүмкүн экенин эскертүүдө. Бул маселени ар бир өлкө өзүндөгү реалдуу кырдаалга карап чечет. Ошентсе да коңшу жана өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы бул маселеде бир гана жаш куракка таянган чечим жетишсиз экенин көрсөтөт.

Кош миздүү маселе

Кыргызстанда билим берүү системасын жаңылоо, мектептерге заманбап билимдүү жаш кадрларды тартуу жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири. Ошол эле учурда мектептерди квалификациялуу педагогдор менен толук камсыз кылуу милдети да курч бойдон калууда.

Колдо бар маалымат боюнча, Кыргызстанда пенсия курагына жашы чукулдап калган 13 261 мугалим жана пенсия алып жаткан 14 617 педагог бар. Ошол эле учурда мектептерде 500 чамал мугалим жетишпейт, көбүнчө математика, орус тили жана адабияты, химия жана башталгыч класс мугалимдери.

Маселе 2026-жылдын 26-октябрында президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы эл менен жолугушуусунан кийин курчуй баштады. Жолугушууда жаш адистердин жумуш табуусу жана пенсия курагындагы кызматкерлердин мектептерде иштеп жатышы тууралуу маселе көтөрүлдү. Президент жаштарга жумуш орундарын ачуу максатында Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева учурдагы мыйзамдар мугалимди пенсия курагына жеткендиги үчүн эле жумуштан бошотууга жол бербей турганын белгилеген. Айрым педагогдор жумуштан бошотулгандан кийин сот аркылуу кайра кызматына калыбына келтирилген учурлар да айтылды.

Бул жерде министр болгонун болгондой жашырбай, кырдаалды констатация кылды. Ал үчүн министрди пенсионер мугалимдерге каршы коюу туура эмес. Чынында эмгек мамилелери кайсы тармак болбосун заманбап өзгөрүп өркүндөп турууга тийиш эмеспи.

Анын үстүнө, мектеп тармагы жаңы моделге өтүп, комплекстүү жаңыланып жатканда, пенсияга чыгып алып да иштеп жаткан, заманбап талаптарга ыңгайлаша албаган, көп жыл көнүп алган комфорт ордунан козголгусу келбеген, өнүгүүгө умтулбаган мугалимдер да жок эмес. Андайларды кетирейин десе да директордун колу кыска.

Демек, талкуу жөн гана муун алмаштыруу жөнүндө эмес. Кеп эмгек укугуна, билим берүүнүн сапатына, жаштардын кесиптик келечегине жана мамлекеттин кадр саясатына түздөн-түз тийиштүү маселе жөнүндө.

Пенсия — кесиптик потенциалдын аякташы эмес

Мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгү — тажрыйбанын өзгөчө маанисинде. Сабакты мыкты билүү менен аны окуучуга жеткиликтүү түшүндүрүү, баланын жөндөмүн байкоо, классты башкаруу, ата-эне менен иштөө жана окуучунун ички дүйнөсүн түшүнүү бир нече жылдык эмгектин натыйжасында калыптанат.

Көп жылдык тажрыйбасы бар педагог мектептин кесиптик маданиятын сактап, жаш мугалимдерге устаттык кылып, татаал кырдаалдарда кесиптештерине жардам бере алат. Айрыкча математика, физика, химия, чет тилдери жана башка адистер жетишсиз болгон предметтер боюнча тажрыйбалуу мугалимди тез арада алмаштыруу оңой эмес.

Бирок көп иштегендин өзү эле мугалимдин бүгүнкү талаптарга жооп берерине кепилдик бербейт. Заманбап педагог санариптик технологияларды колдоно билиши, окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшү, жаңыланган окуу программаларын өздөштүрүшү жана кесиптик билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүшү керек.

Ошондуктан мугалимдин кесиптик сапатын анын жашы менен өлчөө туура эмес. Ошол эле учурда эмгек стажын автоматтык түрдө артыкчылык катары кароо да негизсиз.

Негизги критерий — мугалимдин окуучуга берген билим сапаты, кесиптик даярдыгы, ишке жөндөмдүүлүгү жана мектептин кадрдык муктаждыгы болушу керек.

Эл аралык тажрыйба эмнени көрсөтөт?

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECD) 2026-жылдагы «Education at a Glance» баяндамасында мугалимдердин курамынын улгайышы көптөгөн өлкөлөр үчүн олуттуу чакырык болуп жатканы белгиленет. Уюмга кирген өлкөлөрдө башталгыч жана орто билим берүүдө иштеген мугалимдердин 55 жаштан жогоркуларынын үлүшү 2015-жылдагы 20 пайыздан 2024-жылы 23 пайызга жеткен.

Демек, пенсияга чыгып жаткан мугалимдердин ордун толтуруу жана кесипте калууга даяр тажрыйбалуу педагогдордун мүмкүнчүлүгүн пайдалануу багытында иш жүрүп жатканы байкалат. OECD маалыматтарына ылайык, бир катар өлкөлөрдө мугалимдик кесиптен кеткен адистерге кайра кайтып келүүгө жол ачылган. Англияда, мисалы, мурда мугалим болуп иштегендерди кайра кесипке тартуу жаңы кадрларды толуктоонун маанилүү булагына айланган.

Бул тажрыйба Кыргызстан үчүн да пайдалуу: мугалимдердин кесиптик потенциалын жаш курагына гана карап эмес, мектептин муктаждыгына жараша пайдалануу зарыл.

Казакстан: пенсия курагындагы мугалим менен келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү

Казакстандын эмгек мыйзамдарында пенсия курагына жетүү эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси менен токтотууга негиз боло алат. Ошол эле учурда жогорку кесиптик жана квалификациялык деңгээлге ээ педагогдор менен эмгек мамилесин жыл сайын узартууга мүмкүнчүлүк каралган.

Казакстандагы билим берүү тармагынын 2024–2026-жылдарга карата тармактык макулдашуусунда да белгилүү кепилдиктер бар. Кесиптик келишимди пенсия курагына байланыштуу токтотуунун өзүнчө жол-жоболору бар, анын ичинде кызматкерди алдын ала кабарлоо жана компенсация маселелери каралган. Педагог менен келишимди токтотуу окуу жылынын аягына чейин анын каалоосуна жараша жылдырылышы мүмкүн.

Бул мисалдын маанилүү жагы — пенсия курагындагы мугалимдердин баары сөзсүз иштен бошотулат деген универсалдуу эреже эмес, мыйзамдык негизде келишимди токтотуу же узартуу механизмдеринин болушу.

2026-жылы Алматынын билим берүү органдары да пенсия курагындагы мугалимдерди жумушта калтыруу маселесин ар бир мектептин кадрдык муктаждыгына, бош орундардын болушуна, окуткан предметине, педагогдун квалификациясына жана тараптардын өз ара макулдугуна жараша кароо керек деп чечишкен. Зарыл болгон учурда толук эмес жумуш убактысы же жүктөмдү азайтуу сыяктуу варианттар да каралышы мүмкүн.

Кыргызстан үчүн бул тажрыйбадан ала турган сабак: чечимди мугалимдин жашына карап эмес, мектептеги реалдуу абалга жараша кабыл алуу керек.

Англия: кесипке кайра кайтууга жол ачуу

Англияда мурда мугалим болуп иштеген адистерди кайра билим берүү системасына тартуу боюнча атайын механизмдер бар. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги кесипке кайтууну каалагандарга кеңеш берүү, жумушка орношууга көмөктөшүү жана ийкемдүү иштөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берет.

Англия боюнча парламенттик баяндамада 2023-жылы кесипке кайтып келген квалификациялуу мугалимдердин саны болжол менен 17 500 экени көрсөтүлгөн. Алар ошол жылы кесипке жаңы кирген квалификациялуу мугалимдердин 38 пайызын түзгөн.

Бул көрсөткүч пенсиядагы мугалимдердин үлүшүн билдирбейт. Ал кесиптен убактылуу кеткен же башка себептер менен ишин токтоткон мугалимдерди кайра тартуунун маанисин көрсөтөт.

Кыргызстанда да мектептен кеткен, бирок билим берүү тармагында иштөөгө даяр тажрыйбалуу педагогдор үчүн ийкемдүү механизмдерди түзүүгө болот. Мисалы, аларды убактылуу бош орундарга, сабактарды алмаштырууга, жаш адистерге устаттык кылууга тартуу мүмкүн.

Португалия: кадр тартыштыгына жараша өзгөчө чаралар

OECDнин 2024-жылдагы билим берүү саясаты боюнча баяндамасында Португалияда мугалим жетишпеген мектептерди тажрыйбалуу кадрлар менен камсыз кылуу үчүн өзгөчө жана убактылуу чаралар колдонулганы айтылат. Алардын арасында пенсия алууга укугу бар мугалимдерди айрым шарттарда жумушка тартууга стимул берүү да болгон.

Бул жерде маанилүү айырма бар: максат пенсия курагындагы бардык мугалимдерди иште кармап калуу эмес, кадр тартыштыгы өзгөчө сезилген мектептерди тажрыйбалуу педагогдор менен камсыз кылуу.

Кыргызстандын алыскы айылдарында же айрым предметтер боюнча адис табуу кыйын болгон мектептерде ушундай максаттуу механизмдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө болот.

Австралия: тажрыйбалуу адистерди башка ролдорго тартуу

Австралиянын мугалимдердин кадрдык курамын өнүктүрүү боюнча иш-чараларында кесиптен кеткен адистерди кайра тартуу жана алардын тажрыйбасын пайдалануу маселеси каралган. OECD баяндамасында мурунку мугалимдерди кадимки класстык сабактардан тышкары, насаатчылык ишке тартуу мүмкүнчүлүгү да белгиленет.

Бул ыкма Кыргызстан үчүн өзгөчө кызыктуу. Анткени пенсия курагындагы мугалимдин мектептеги пайдалуу ролу сөзсүз түрдө толук окуу жүктөмү менен сабак өтүү болушу шарт эмес.

Мисалы, тажрыйбалуу педагог жаш мугалимдердин сабактарына катышып, усулдук кеңеш берип, сабак пландарын талкуулап, окуучулардын билим жетишкендиктерин талдоого көмөктөшө алат. Мындай иштин жыйынтыгы даана аныкталып, эмгеги үчүн акы төлөнсө, мугалимдин тажрыйбасы мектептин жалпы сапатына кызмат кылат.

Аталган өлкөлөрдүн эмгек жана пенсия мыйзамдары, албетте, ар башка. Бул мисалдар Кыргызстанга ошол эле нормаларды өзгөртүүсүз көчүрүүнү эмес, кадр саясатынын ар кандай моделдерин салыштырып үйрөнүүнү көздөйт.

Ийкемдүү кадр саясаты

Биринчиден, пенсия курагындагы мугалимдердин баарын бир убакта жумуштан бошотуу айрым мектептерде кадр тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Эгер бошогон орунга даяр адис табылбаса, сабактар башка мугалимдерге  жүктөлүп же окуучулар предметтик мугалимсиз калышы ыктымал.

Экинчиден, мугалимдерди алмаштыруу тажрыйба менен билимдин муундан муунга өтүшүнө таасир этет. Жаш педагогдорго диплом менен кошо практикалык тажрыйба, усулдук колдоо жана кесиптик чөйрө керек. Эгер тажрыйбалуу мугалимдер кетип, алардын ордуна быша элек жаштар келсе, жөн эле муун жаңыртуу билим сапатын автоматтык түрдө жогорулатпайт.

Үчүнчүдөн, жаш мугалимдерге жумуш орундарын ачуу маанилүү болгону менен, маселенин тамырын тереңирээк караш керек. Жаш адистердин кесипке келиши үчүн татыктуу эмгек акы, турак жай маселесин чечүүгө көмөк, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгү, устаттык колдоо жана ашыкча кагаз иштерин азайтуу зарыл.

Төртүнчүдөн, жаш куракка гана негизделген чечим адилеттүү боло бербейт. Бирдей жаштагы эки мугалимдин кесиптик сапаты, ден соолугу, ишке жөндөмдүүлүгү жана окуучулар менен иштөө натыйжалары ар башка болушу мүмкүн. Ошондуктан объективдүү жана баарына бирдей колдонулган критерийлер зарыл.

Эң туура жол — жаш адистерге мүмкүнчүлүк ачуу менен тажрыйбалуу мугалимдердин дараметин сактап калууну айкалыштырган ийкемдүү кадр саясатын түзүү.

«Билим берүү тармагында муундарды бири-бирине каршы коюу эмес, алардын күчүн, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү керек. Анткени тажрыйба муундан муунга өтүп, жаңычылдык менен толукталганда гана туруктуу өнүгүүгө жол ачылат»,-деп жазды коомдук ишмер Токон Мамытов.

Биринчиден, мектептердин кадрлар менен камсыздалышын толук инвентаризациялоо керек. Агартуу министрлиги пенсия курагындагы мугалимдердин жалпы санын гана эмес, алардын кайсы аймакта, кайсы мектепте, кайсы предмет боюнча иштеп жатканын такташы зарыл. Ошондой эле бош орундарды, ошол орундарга талапкерлердин бар-жогун жана жаш адистердин ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо керек.

Экинчиден, пенсия курагындагы мугалимдерге карата бирдиктүү, бирок ийкемдүү эрежелерди иштеп чыгуу зарыл. Эгер мектепте бош орун болсо жана ошол орунга даяр жаш адис бар болсо, мураскерликти алдын ала пландаштырып, тажрыйбалуу мугалимдин ишин өткөрүп берүү жол-жобосун уюштурууга болот. Ал эми адис жетишпеген предметтер боюнча ишти улантууга өзгөчө шарттарды караштыруу зарыл.

Үчүнчүдөн, жаш мугалимдерди ишке орноштуруу программасын күчөтүү керек. Педагогикалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн мектептердин реалдуу муктаждыгына жараша бөлүштүрүү, айыл жергесине баргандарды колдоо, баштапкы жылдары устат бекитүү жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүн түзүү маанилүү.

Төртүнчүдөн, тажрыйбалуу мугалимдердин жүктөмүн жана ролун диверсификациялоо керек. Айрым педагогдор толук жүктөм менен иштөөнү улантса, башкалары жарым жүктөмгө өтүп, жаш адистерге устаттык кылып же усулдук иштерге катыша алат. Мындай механизмдер кызматкердин макулдугуна, мектептин муктаждыгына жана эмгек мыйзамдарына ылайык ишке ашырылышы керек.

Бешинчиден, кесиптик баалоо жаш курактан көз каранды болбошу керек. Мугалимдин ишин баалоодо окуучулардын өнүгүүсү, сабактын сапаты, жаңы программаларды өздөштүрүүсү, санариптик көндүмдөрү, кесиптик өнүгүүгө катышуусу жана кесиптештерине көрсөткөн усулдук жардамы эске алынышы мүмкүн. Баалоо ачык, адилеттүү жана басмырлоого жол бербеген тартипте жүргүзүлүшү зарыл.

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси каралса, ал жөн гана пенсия курагындагы кызматкерлерди жумуштан бошотууга укук берүү менен чектелбеши керек. Мыйзам долбоору эмгек укуктарынын кепилдиктерин, иш берүүчүнүн кызыкчылыгын, жаш адистердин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн жана окуучулардын сапаттуу билим алуу укугун тең салмакта кароого тийиш.

Мындай өзгөртүүнүн алдында төмөнкү суроолорго так жооп табылышы керек:

  • Кайсы мектептерде жана кайсы предметтер боюнча мугалим ашыкча, ал эми кайсыларында тартыш?
  • Пенсия курагындагы мугалим иштен кеткенде анын ордуна даяр адис бар экенин ким жана кандай тартипте аныктайт?
  • Жаш адистерди жумушка алуу үчүн бюджетте жана мектептерде жетиштүү орун барбы?
  • Кызматтык келишимди токтотууда алдын ала эскертүү, компенсация жана талаштарды чечүү механизмдери кандай болот?
  • Тажрыйбалуу педагогдун устаттык жана усулдук иши кантип уюштурулат жана бааланат?
  • Жаңы тартип окуу жылынын ортосунда окуучулардын мугалимсиз калышына жол бербөө үчүн кандай кепилдиктерди камтыйт?

Бул суроолорго жооп бербестен кабыл алынган өзгөртүү жаш адистерге орун бошоткону менен, мектептердеги кадрдык көйгөйдү толук чечпей калышы мүмкүн.

Кыргызстандын билим берүү системасы жаш мугалимдерге да, көп жылдык тажрыйба топтогон педагогдорго да муктаж. Жаш адистер жаңы билимдерди, технологияларды жана заманбап усулдарды алып келсе, тажрыйбалуу мугалимдер кесиптик маданияттын, усулдук мурастын жана практикалык чеберчиликтин алып жүрүүчүлөрү.

Ошондуктан маселени «пенсионерлерби же жаштарбы?» деген карама-каршылыкка айлантуу туура эмес деп ойлойм. Мамлекеттин максаты — мугалимдик кесипте муундардын алмашуусун пландуу жүргүзүп, ар бир мугалимдин мүмкүнчүлүгүн окуучунун кызыкчылыгына кызмат кылдыруу.

Эгер мектепте даяр жаш адис бар болсо, ага жумушка орношууга реалдуу мүмкүнчүлүк берилиши керек. Эгер белгилүү бир предметтен мугалим жетишпесе, тажрыйбалуу педагогдун ишин улантуусуна шарт түзүү зарыл. Ал эми пенсия курагындагы мугалимдин тажрыйбасы жаш адистерди даярдоого жумшалса, бул да билим берүү системасы үчүн олуттуу ресурс болуп саналат.

Мугалимдин баалуулугун анын жашы эмес, окуучуга берген билими, кесипкөйлүгү жана коомго кошкон салымы аныкташы керек. Жаштарга жол ачуу — тажрыйбаны четке кагуу эмес; тажрыйбаны сактоо — жаштардын мүмкүнчүлүгүн чектөө эмес. Эң туура чечим ушул эки максатты бириктирген саясатта жатат.

 

Кубатбек Чекиров, “КБ”

 

Бөлүшүү