МУГАЛИМДИН ӨНҮГҮҮСҮ ЖАНА ЭМГЕГИНИН БААСЫ: КАЗАКСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 20.11.2026

Билим берүүнүн сапаты мугалимдин кесиптик даярдыгына жана үзгүлтүксүз өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу. Заманбап мугалим өз предметин мыкты билүүдөн тышкары жаңы технологияларды өздөштүрүп, окутуунун натыйжалуу ыкмаларын колдонуп, окуучунун жөндөмүн ачууга багытталган иш алып барышы керек. Бул үчүн педагогго жаңы талаптарды коюудан мурда анын кесиптик өсүшүнө туруктуу шарт түзүү зарыл.

13-ноябрда Бишкек шаарында «Алтын казык» программасынын алкагында өткөн эл аралык симпозиумда Борбор Азия өлкөлөрү жана Түркиянын билим берүү өкүлдөрү ушул маселелер боюнча тажрыйба алмашышты. Талкууда мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жаңы шарттарга даярдоо жана эмгегин колдоо маселелери өзгөчө мааниге ээ болду.

Бул багытта Казакстандын тажрыйбасы көңүл бурууга арзыйт. Өлкөнүн орто билим берүү уюмдарында 412 миңден ашуун педагог эмгектенет. Ал эми 2025-жылы алардын 91 миңден ашыгы квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн. МУГАЛИМДИН ӨНҮГҮҮСҮ ЖАНА ЭМГЕГИНИН БААСЫ: КАЗАКСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

Казакстандын «Педагогдун статусу жөнүндө» мыйзамында мугалимдин квалификациясын үч жылда бир жолудан кем эмес жогорулатуу укугу каралган. Демек, педагогдун кесиптик билимин жаңылоо өзүнүн жеке каалоосуна гана калтырылбастан, мамлекеттик деңгээлде колдоого алынган үзгүлтүксүз процесс болуп саналат.

Бул багыттагы негизги мекемелердин бири — «Өрлеу» улуттук квалификацияны жогорулатуу борбору. Мындан тышкары, Назарбаев Интеллектуалдык мектептеринин Педагогикалык чеберчилик борбору жана жогорку окуу жайлары да мугалимдерди окутууга катышат.  Мугалим алган билимин мектептеги ишинде кандай колдонуп жатканын талдоо, методикалык кеңеш берүү жана практикалык колдоо көрсөтүү каралган.

«Устаз»: мугалимдин кесиптик жолу санариптик форматта

Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн жана аттестациясын санариптештирүүгө багытталган «Ұстаз» улуттук платформасы ишке киргизилген.

Платформанын негизги максаты — педагогдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан маалыматтарды бир жерге топтоо, аттестацияны ачык жана ыңгайлуу жүргүзүү, кагаз документтерди азайтуу. Мугалимдин иштеген жери, эмгек стажы, билими жана кесиптик жетишкендиктери мамлекеттик маалыматтык базалардан автоматтык түрдө алынат. Ар бир педагог үчүн жеке электрондук профиль түзүлөт.

Аттестациянын негизги этаптарынын бири — педагогдун билимин баалоо. Мектеп мугалимдери предметтик билими боюнча 50 тапшырмадан турган тест тапшырышат. Кийинки этаптарда мугалимдин электрондук портфолиосу, сабак өтүү сапаты, окуучулардын жетишкендиктери жана кесиптик ишмердүүлүгүнүн натыйжалары каралат.

Тесттен өтүү үчүн категорияга жараша босого көрсөткүчтөр белгиленген: «педагог-модератор» үчүн 60, «педагог-эксперт» үчүн 70, «педагог-изилдөөчү» үчүн 80, «педагог-мастер» үчүн 90 пайыз. Бул талаптар мугалимдин предметтик билимин жана кесиптик даярдыгын баалоого багытталган.

Мугалимдердин аттестациясы беш жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Ошентип, Казакстанда квалификацияны жогорулатуу менен аттестация өз-өзүнчө, бирок бири-бирин толуктаган эки процесс катары иштейт: биринчиси билимди жаңыртса, экинчиси кесиптик деңгээлди баалайт.

Мугалимдин кесиптик өсүшү – реформанын өзөгү

Кандай гана заманбап программа кабыл алынбасын, аны ишке ашыра турган негизги күч – мугалим. Казакстанда педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп, бул багыт «Педагогдун статусу жөнүндө» мыйзам аркылуу бекемделген.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда «Өрлеу» улуттук борбору, Педагогикалык чеберчилик борбору жана жогорку окуу жайлары маанилүү роль ойнойт. Курстарда предметтик билимди тереңдетүү менен катар санариптик сабаттуулук, жасалма интеллектти колдонуу, инклюзивдик билим берүү жана заманбап окутуу методикалары камтылат.

Педагогдор белгилүү мөөнөттөрдө квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп, кесиптик компетенттүүлүгүн жаңыртып турушат. Окутуу күндүзгү, аралыктан жана аралаш форматта уюштурулат. Курстарды аяктагандыгы тууралуу электрондук сертификаттардын берилиши да бул процессти санариптик көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле «Болашак» программасы аркылуу чет өлкөлүк тажрыйба алуу, эл аралык билим берүү иш-чараларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Жаш мугалимге устат керек

Кесиптик өнүгүүдө жаш адистерге көрсөтүлгөн колдоо да маанилүү. Университетти жаңы бүтүрүп келген мугалим теориялык билимге ээ болгону менен, мектептеги практикалык иште ар кандай кыйынчылыктарга туш болот. Сабакты пландоо, окуучулар менен иштөө, классты башкаруу жана ата-энелер менен байланыш түзүү сыяктуу көндүмдөр тажрыйба аркылуу калыптанат.

Казакстанда бул багытта менторлук институтун өнүктүрүүгө көңүл бурулууда. Тажрыйбалуу мугалим жаш адиске сабак уюштуруу, усул тандоо, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жана кесиптик кыйынчылыктарды жеңүү боюнча жардам берет.

Мындай мамиле жаш мугалимдин мектептеги ишке тезирээк ыңгайлашуусуна гана эмес, өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө да өбөлгө түзөт. Ошондой эле тажрыйбалуу педагогдун билими жана усулдук жетишкендиктери кийинки муунга өткөрүлөт.

Мугалимдин эмгеги канчалык бааланат?

Казакстандын билим берүү саясатындагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири – мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу жана социалдык кепилдиктерин кеңейтүү.

2020–2023-жылдары педагогдордун айлык акысы этап-этабы менен көбөйтүлгөн. Маянанын көлөмү мугалимдин билимине, эмгек стажына, жумалык жүктөмүнө, квалификациялык категориясына жана кошумча милдеттерине жараша эсептелет.

Казакстанда мектеп мугалиминин бир ставкасы жумасына 16 сааттык окуу жүктөмүнө негизделет. Квалификациялык категориясына жараша негизги кызматтык маянага 30 пайыздан 50 пайызга чейин кошумча акы каралган.

Мисалы, педагог-модератор 30 пайыз, педагог-эксперт 35 пайыз, педагог-изилдөөчү 40 пайыз, ал эми педагог-чебер 50 пайызга чейин үстөк акы ала алат.

Мындан тышкары, класс жетекчилик, окуучулардын дептерлерин текшерүү, кабинет башчылыгы, магистр даражасы жана айыл жергесинде иштөө үчүн кошумча төлөмдөр берилет. Мугалимдерге 56 күндүк эмгек өргүүсү жана өргүүгө чыкканда ден соолукту чыңдоо үчүн кошумча төлөм каралган.

Берилген маалыматтар боюнча, билим берүү тармагындагы орточо номиналдык айлык акы 385 миң теңгеден ашат. Ал эми тажрыйбалуу, жогорку категориядагы жана кошумча жүктөм менен иштеген мугалимдердин маянасы 400–500 миң теңгеге чейин жетиши мүмкүн. Айлык акы иштеген саатына, категориясына жана кошумча төлөмдөрүнө жараша айырмаланат.

Мугалимдин статусун көтөрүүдө мыйзамдык кепилдиктер да маанилүү. Педагогдорду кесибине тиешеси жок иштерге тартууга, ашыкча отчет талап кылууга чектөөлөр коюлган. Мындай чаралар мугалимдин негизги милдетине – билим берүүгө жана тарбиялоого көбүрөөк убакыт бөлүүсүнө шарт түзүүгө багытталган. МУГАЛИМДИН ӨНҮГҮҮСҮ ЖАНА ЭМГЕГИНИН БААСЫ: КАЗАКСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

Жыйынтык сөз

Казакстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй, мугалимдин кесиптик өнүгүүсү бир жолку окуу курсу же аттестация менен чектелбеши керек. Ал үзгүлтүксүз билим алуу, усулдук колдоо, эмгекти адилеттүү баалоо, социалдык кепилдиктер жана кесиптик өсүүгө түзүлгөн шарттар менен коштолгондо гана натыйжа берет. Мугалимден заманбап билим берүү талаптарына жооп берүү күтүлсө, ага ошол талаптарды аткарууга мүмкүнчүлүк берген система да болушу зарыл.

Кыргызстанда да мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп келет. Билим берүү системасын жаңылоо, 12 жылдык окууга өтүү жана жаңы муундагы окуу китептерин киргизүү шартында педагогдорду кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу иштери күчөтүлүүдө.

Симпозиумдун жүрүшүндө билим берүүдө жаңы системага өтүү, реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу жана анын негизги кыймылдаткыч күчү болгон мугалимдерди кесиптик жактан колдоо Кыргызстан үчүн гана эмес, канатташ Борбор Азия өлкөлөрү жана Түркия үчүн да маанилүү милдет экени айкын болду.

Асел КЕНЖЕБЕК КЫЗЫ, «Кут Билим»

Бөлүшүү