УСТАТТЫН БАРКЫНА ЖЕТЕЛИ
- 27.11.2025
- 0
Соӊку жылдарда, айрыкча кийинки кездерде мугалимдин дарегине көӊүл ооруткан сөздөр көп айтылды. Агай-эжейлерди дүӊүнөн жамандап, тыӊ чыкмалардын сабатсыздыгы, адепсиздиги үчүн педагогдорду айыптаган адат кеӊири жайылды. Бирок устатты кадырлай албаган эл улут болуп өсө албай турганын качан түшүнөбүз?!.
Рухий жарык таратуучулар
Мектептен окугандарын такыр унутуп коё электердин эсинде “фотосинтез” түшүнүгү сакталган деп ойлойм. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул – Күн нурунан кубаттанган өсүмдүктүн органикалык эмес көмүр кычкыл газды сиӊирип алып, кычкылтекке айлантып чыгарган иши. Мугалимдин баа жеткис эмгегин да табияттагы ушул ажайып кубулушка салыштырсак болчудай.
Айрыкча карөзгөйлүк менен аксымдык өкүм сүрүп турган бүгүнкү коомдо, устаттык кесиптин баркын билбеген мамилеге, айлыктын мазактагандай өлчөмүнө карабай, мектептеги түгөнбөгөн түйшүккө чыдап, бийик парзын аткарып келаткан агай, эжейлерди канчалык алкасак да, сыйлап, колдосок да аздык кылат.
Кыргыздар “акылдууну ата тут” деп, эзелтен эле таалим-тарбия берген адамдарды төргө өткөрүп келген. Дүйнөдөгү дээрлик бардык элдерде мугалимдин кесиби пайгамбарга теӊдеш бааланат. Ханга салам бербей, улук төрөгө ийилбегендер устатка таазим этип келген эзелтен. Муну билбегендер менен билгиси келбегендер эч качан алыс бара албаган.
Дүйнөнүн теӊ жарымын жеӊип алган Искендер Зулкарнай (Александр Македонский) өзүнүн устаты Арастуну (философ Аристотелди) атасындай сыйлап өткөн экен. Атагы андан кем эмес Чынгыз хан дагы карамагына тартылган ар бир элдин илимдүү-билимдүү адамдарын өзгөчө урматтаган дешет.
ПИЗА сынагында алдыӊкы сапка чыккан Финляндиянын мугалимдери абдан жакшы маяна алышат. Алар окутуу ыраатын өз алдынча аныктап, усулдарын тандап, улам жаӊыларын эркин колдоно билет. Педагогикалык ЖОЖдорго конкурс абдан катуу.
Японияда мугалимдердин кесиптик майрам күнү жок, анткени жыл он эки ай бою сый үстүндө. Кадыр-баркы бийик, айлыгы чоӊ болгондуктан, бошой турган орундарга конкурс катуу жүрөт – бир орунга орто эсеп менен он талапкер чыгат экен. Мугалимдер үчүн атайын дүкөндөр бар, метродо өзүнчө орундуктар болот. Ансыз деле педагог экенин билдирген төш белгисин көргөндө, башка жүргүнчүлөр ордун беришке даяр турушат экен. Ырас, ошого жараша бул кесиптегилердин жоопкерчилиги да күчтүү, ишинин сапаты жогору.
Кемсинткен мамиле, аз айлык
Лидерлери утурумдук пайданы, жеӊил атакты көздөбөй, узагын ойлогон улуттун (бүткүл өлкө, мамлекет маанисинде) гана келечеги кеӊ болот.
Совет доорунда, айрыкча өнүккөн социализмдин тушунда мугалимдерге өкмөт кыйла жакшы караганы белгилүү. Бирок Лениндин “элдик мугалим бизде эч качан болуп көрбөгөндөй бийик орунда турушу керек” деген урааны ишке ашпай калган учурлар Чынгыз Айтматовдун “Ак кемесинде” Орозкулдун көзү менен чагылдырылган:
«…Бала мектебинен кечиксе мугалим эжейине уят болор”, – дейт. Уялар кишини тапканын! Алжыган акмак! Уялары жанагы куу жамбаш келинби, беш жылдан бери ийининен бир пальто түшпөйт. Качан көрсөӊ бир колтук дептерлерди бооруна кысып баратканы. Качан көрсөӊ, кол көтөрүп, райондун жолунда турганы. Эмне керек эле? – Мектепке көмүр керек эле, айнек керек эле, бор керек эле… Жөндүү мугалим болсо ушу мектепке келмекпи? Кенже мектеп деп койгон атын. А көрө, жетим мектеп деп койсо туура болмок. Ушундан окуп чыккандар кайсы киши болуп жарытар дейсиӊ. Чыныгы мугалимдер шаарда. Алардын мектеби да жарашкан, жалаӊ эле айнектен салгандай».
Бүгүнкү күндө биздин агай-эжейлерди жамандаган, зекип, опузалаган, кемсинткен мамиле жоюла элек. Ата-энелердин канчасы балдарынын адеби, тартиби үчүн жооп бергиси келбей, кайра мугалимди күнөөлөйт. Мазактап, акарат кылгандар да кездешет.
Акылбек Жапаровдун тушунда айлык кыйла көтөрүлүп, мындан ары кыздар мугалим жигиттерге, жигиттер мугалим кыздарга ашык болушат деген убадасы да орундала баштагансыган. Бирок кийинки тариф торчолору, инфляция баарын кайра тез эле жокко чыгарып койду. Эмгек акысы үй-бүлө бакканга такыр жетпей турганын көрүп, педагогикалык кесипти негизинен ЖРТ упайы төмөн абитуриенттер тандап жатат.
Мындай шартта Минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов орой айткан маселени чечүү – мугалимдик кесипке кокусунан келип калгандарды кетирип, таланттуу устаттарды мектепке тартуу мүмкүн эмес…
Эми, сөз удулу келип турган соӊ, мугалимдерди сыйлоо жөнүндө буга чейин жазган макаламдан бир үзүндүнү кыстарайын:
“Мугалимди барктабаган коом наадандарга кор болот
Ушул заманда, ушунчалык аз айлыкка канагат кылып келатканы үчүн эле ар бир мугалим эң чоң алкышка татыктуу. Ал түгүл жалпы катмардан эч айырмаланбаган, сабагын деле орточо окуткан агайга же эжейге жердештери, мурдагы окуучулары өздөрү каалагандай белек тартууласа, мисалы, там куруп берсе же машине мингизсе, муну колдоо гана керек.
Кандай гана кооз ураан чакырбасын, коомдук маанидеги иштер бардык жагынан ачык-айкын, таза, логикалуу ырааты, так эрежеси менен уюштурулууга тийиш. Ар кандай сыйлык, наамдарды ыйгаруу критерийлери так аныкталышы кажет.
Наам сатууга такыр тыюу салуу зарыл! Тескерисинче, агай-эжейлердин жол кире ж.б. чыгымын толугу менен каржылап, белгилүү өлчөмдөн кем эмес нарктагы белек бериши керек. Болбосо жумушунан калтырып, убара кылбасын эч ким!
Агай, эжейлерди ар кайсы маскарадчыларга мазак кылдырбаш үчүн аларга мамлекет жана жалпы коомчулук кам көрүүгө милдеттүү. Азыркыдай оор шартта иштеген мектеп жетекчилерине да жакшы көӊүл бөлүү керек.
Мугалим жалаӊ гана класстагы сабагы, үйүндөгү дептер текшермей, үй тиричилигиндеги түйшүгү ж.б. менен чектелип калбай, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгүнө жетиши керек. Бул үчүн анын эмгек акысы жумуштун оордугуна, татаалдыгына жараша чоӊ болууга тийиш.
Мугалимдердин материалдык абалына эле эмес, рухий өсүшүнө да кам көрүү өтө зарыл. Мыкты усулдарды, заманбап технологияларды үйрөнүп, ийкемдүү колдоно билсе, сабакты өзү эмес, окуучулары көбүрөөк сүйлөгүдөй, талкууга текши катышкыдай кылып уюштурса, демейкиден алда канча аз чаалыгат. Жакшы өтүлгөн сабактан зор канагат алып, көӊүлү көтөрүлөт.
Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлык, наамдарды ыйгаруу жоболорун толугу менен жаӊыртуу зарыл. Эч бир мугалим сыйлыктын артынан чуркабашы керек. Агартуу министрлигинин сайтында ар бир мугалимдин кесиптик камылгасы, колдоно билген усулдары, окуучуларынын жетишкендиктери ж.б. жөнүндө маалымат киргизилип, дайыма такталып, толукталып турууга тийиш.
Мугалимдин баркына жетпеген коом наадандарга кор болорун унутпайлы.
Татыктууларды убагында сыйлык-наамдарга көрсөтпөгөн райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, деректирлер, усулдук бирикмелердин башчылары, муну ыйгарууда калыстыктан тайган тийиштүү кызматтагылар, комиссия мүчөлөрү токтоосуз түрдө жоопко тартыла турган механизмдерди иштеп чыгуу кажет. Бул жагынан мугалимдер өздөрү биринчи кезекте кайдыгер болбой, калыстыкты талап кыла жүрүшү керек.
Ошондо коомдук уюмдардын сыйлыктарына болгон мамиле да кескин өзгөрөт. Буга катар жаран менен мамлекеттин, жеке инсан менен коомдун ортосунда өз ара жоопкерчиликтүү, талаптуу мамиле орнотууга өбөлгө түзүлөт.
Азырынча, мугалимдер ар кандай жылтыракка азгырылып алдана берген шартта, өздөрүнүн чыныгы кадыр-баркын жетик билбеген же ал үчүн күрөшпөгөн шартта алардын окуучулары чыныгы намыстуу жаран болуп өсүшү дээрлик мүмкүн эмес…»
Жолдош ТУРДУБАЕВ
Комментарийлер