МУГАЛИМДИН БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮШҮ — ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙ 

  • 25.01.2026
  • 0

  же Биз кайсы тараптабыз — зомбулукту актаганбы же баланын укугун коргогонбу?

Акыркы жылдары билим берүү тармагында мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилеге өзгөчө көңүл бурулуп келет. Ошого карабастан, жакында борбор калаадагы №87 мектептин кыргыз тили мугалими окуучуну теманы түшүнбөгөнү үчүн жаакка чаап жаткан видео чагылгандай соцтармакта тарап, коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Бул көрүнүш запкы жеген баланын укугун гана бузбастан, анын психологиялык абалына да олуттуу зыян келтиргени анык. Бул окуя коомчулукту экиге бөлдү: бири мугалимди актагысы келсе, экинчиси баланын укугун коргоону талап кылып, мугалимди кечирим суратып, жумуштан кетиришти. Ушуну менен эле маселе чечилип калабы? Бул боюнча биз мугалимдерден сурап көрдүк. 

МУГАЛИМДИН БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮШҮ — ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙ 

БАЛАНЫН ҮНҮН УГУУНУ ҮЙРӨНҮШҮБҮЗ КЕРЕК

Назгүл МАМАТБАЕВА, Көлбаев атындагы автожол колледжинин директорунун орун басары:

— Мугалим — билим, тарбия берүүчү жана үлгү болуучу адам.  Мугалимдин зомбулукка баруусу кесиптик этикага да, мыйзамга да каршы келгени айтпаса деле түшүнүктүү. Психологдордун айтымында, физикалык жаза алган бала унчукпай калышы мүмкүн, бирок анын ичинде коркуу, өч алуу сезими жана ишенимдин жоголушу топтолот. Мындай балдар көбүнчө агрессияга же өзүн обочолонтууга жакын болуп чыгат. Бул — бир баланын эмес, бүт коомдун көйгөйүнө айланат.

Эң кооптуу жана коркунучтуусу — унчукпай коюу. Көбүнчө ата-энелер “баламды мектептен чыгарып салышабы?” деп коркуп, арыз жазбайт. Мектеп администрациясы болсо маселени “ичтен чечебиз” деп жаап салууга аракет кылат. Кыргызстандын мыйзамдары баланы коргоону так талап кылат. Бирок мыйзам иштеши үчүн коомдун үнү керек. Мугалимдин кол көтөрүшү — кесиптик ката эмес, бул жоопкерчилик талап кылган зомбулук. Эгер бүгүн унчукпасак, эртең кезек кимге келет? Мектеп — коркутуу эмес, коопсуздук мейкиндиги болушу шарт. Коом буга көз жумган сайын, зомбулук нормага айланат.

Коомдо “мурун да сабачу, биз өлүп калган жокпуз, адам болдук” деген пикирлерди дайыма улуу муундагылар  мисал катары айтып келишет. Бирок заман өзгөрдү да. Өзгөчө альфа муундун балдарына кол көтөрмөк турсун, катуу үн чыгарууга болбойт. Себеби алар өз укуктарын бизден дагы жакшы билишет.

Маселени чечүүнүн жолу — мугалимдердин педагогикалык жана психологиялык даярдыгын жогорулатуу, мектептерде ачык көзөмөл механизмдерин түзүү жана ата-энелер менен активдүү иш алып баруу зарыл. Эң негизгиси — баланын үнүн угууга үйрөнүү.

Мектеп — баланын коопсуздугу камсыздалышы керек болгон жай. Бирок айрым учурда тартипти сактоо деген шылтоо менен кол көтөрүү кадимки көрүнүшкө айланып бараткандай.

МУГАЛИМДИН ЖҮРӨК ҮНҮ: САБЫР, МЭЭРИМ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

Гүлүмкан ТУРГАНБАЕВА, Ой-Терскен жалпы мектебинин мугалими Ат-Башы району, Нарын облусу:

— Акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуя — мугалимдин окуучуга кол көтөргөнү мени мугалим катары гана эмес, эне, жаран, адам катары да терең ойлонууга түрттү. Бул окуяга бир жактуу баа берүү оңой. Бирок маселенин тамыры тереңде экенин түшүнүп, анын чечилүү жолдорун издөө чынында маанилүү.

МУГАЛИМДИН БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮШҮ — ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙ 

Мен башталгыч класстын мугалими болуп 34 жылдан бери эмгектенип келем. Ушул жылдар ичинде миңдеген балдардын көз карашын, мүнөзүн, кубанычын, көз жашын көрдүм. Балдар — башкача. Айрыкча башталгыч класстагы окуучулар аруу, таза, жүрөгү ачык, жароокер болушат. Алар мугалимдин ар бир сөзүн мыйзамдай кабыл алып, ишенип, жан дүйнөсү менен байланат. Алардын ишеними, таза ниети мени ар дайым кубандырып, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик жүктөйт. Анткени мугалимдин бир сөзү, бир кыймылы баланын бүтүндөй дүйнө таанымына таасир этет эмеспи.

Албетте, баары эле тартиптүү, тилалчаак боло бербейт. Ачууңду келтирген, сабакка көңүл бурбаган, тентектик кылган окуучулар ар дайым болгон. Айрыкча,  бүгүнкү доордогу балдар мурдагыдан башкача — эркин, суроо бергенди билген, кээде чектен чыгып кеткен учурлар да жок эмес. Мындай учурда мугалимдин эң чоң сыноосу — сабыр. Сабыр — алсыздык эмес, биринчи кезекте кесипкөйлүктүн белгиси экенин унутпасак, көп жагымсыз кырдаалдардын алдын алганга болот экенин иш тажрыйбамда көп байкадым.

МУГАЛИМДИН БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮШҮ — ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙ 

Балдар мугалимге апасындай эркелешет. Кээде бир кучактап, бир жылмайып алганың жүрөгүңдү жылытат. Ошол эле учурда чектен чыгып, тентектик кылышы мүмкүн. Бирок мен бир нерсеге ишенем: баланы ийге келтирсе болот. Бул үчүн уруш, коркутуу же кол көтөрүү эмес, мээрим менен талапты туура айкалыштыруу керек.

Мугалим окуучу үчүн да, ата-эне үчүн да мээримдүү, ошол эле убакта таасирдүү болушу шарт. Талап койбой коюу — тарбия эмес, ал эми мээримсиз талап — коркутуу. Экөөнүн ортосундагы алтын ортону табуу — чыныгы педагогдун милдети деп билем.

Мен ата-энелер менен иштөөгө өзгөчө маани берем. Ар бир окуу жылынын башында ата-энелерге талаптарымды ачык айтып, түшүндүрөм. Баланы мектеп гана эмес, үй-бүлө да тарбиялайт. Үйдөн туура тарбия, сый-урмат, жоопкерчилик берилбесе, мугалимдин иши эки эсе оорлойт. Ошол эле учурда, өзүм да ошол талаптарга жооп берген мугалим болууга аракет кылам. Себеби мугалим сөзү менен эмес, өзүнүн жүрүм-туруму менен тарбиялайт.

Мугалим — күн сайын ондогон баланын жан дүйнөсү менен иштеген адам. Бул чоң психологиялык жүк. Мугалимди коргобой туруп, андан идеал талап кылуу — адилетсиздик. Мугалимди кемсинтүү, анын эмгегин баалабоо акырында билимге болгон мамилени да бузары турган иш. Ошол эле учурда, мугалим өзүнүн кесиптик жана адамдык чегин эч качан унутпашы керек.

Заманга жараша тарбия берүү — бүгүнкү күндүн талабы. Эски ыкмалардын баары эле жараксыз эмес, антсе да,  жаңы муундун тилин табуу үчүн жаңы ыкмаларды, өзгөргөн мүнөздөрдү, технологияны, психологияны эске алуу зарыл. Заман өзгөрдү, балдардын дүйнөсү өзгөрдү, демек, педагог да өзгөрүүгө даяр болушу керек. Бирок бир нерсе эч качан өзгөрбөшү керек – бул адамгерчилик.

Мен бул саптарды бирөөнү айыптоо үчүн эмес, ойлонуу үчүн жазып жатам. Балдар — биздин келечегибиз. Аларга болгон мамилебиз — коомдун жүзү. Мугалим, ата-эне, коом бир багытта иш алып барганда гана чыныгы тарбия жаралып, алгылыктуу иштер жасаларына ишенем.

МУГАЛИМДИН БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮШҮ — ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙ 

Сабыр, мээрим, жоопкерчилик менен иш алып барып, баланы уруш менен эмес,  ириде жүрөк менен тарбиялоого аракет кылсак, эң негизгиси, жонубузга мугалим деген ардактуу кесипти артынып жүргөнүбүздү унутпай, улуу иштерди жасоого бел байласак деген изги тилек.

 МУГАЛИМ, АТА-ЭНЕ, ОКУУЧУ БИР ТИЛДЕ СҮЙЛӨСӨК — БИЙИКТИККЕ ЖЕТЕБИЗ

Жэнбүбү НАДЫРБЕКОВА, Ж. Мамытбеков атындагы №10 жалпы орто билим берүү мектебинин химия мугалими, Аксы району:

— В.А.Сухомлинский: ”Жакшы мугалим баланы көрөт, мыкты мугалим анын келечегин көрөт” дегендей, улуу педагогдун сөзүнөн улам өз оюмду ортого салайын деп чечтим. Интернет айдыңында мугалим окуучуга кол көтөргөн, анан кечирим сурап, иштен кеткен деген билдирүүлөрдү окудук. Мугалим — окуучунун бекем билим, татыктуу тарбия алышына себепчи. Айтылган көрүнүштөгү мугалим иштен кетип, жан дүйнөсү талкаланды. “Бир уйдун мүйүзү сынса, миңдики зыркырайт” деп бекеринен айтылбаса керек. Жалпы мугалимдердин аброюна сокку урулду. Бул жагдайда ата-эне эрдик жасадыбы? Үй-бүлө — бул баланын алгачкы мектеби, ал эми ата-эне анын эң биринчи мугалими. Окуучунун  учурдагы  мугалими менен эң биринчи мугалими ата-эне  биргелешип иш алып барса, мугалимдин окуучуга кол көтөрүү алсыздыгы болбойт  эле. Менин да билим жана тарбия берүү иштеримде окуучу үй тапшырмасын аткарбаган, сабакты көп калтырган,  көп кечиккен, бейбаштык кылган көйгөйлөр болгон. Бул көйгөйлөрдүн себебин аныктап, бетме-бет сүйлөшүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кемчиликтер четтетилген. Кемчиликти четтетүү оңой эмес, чындык адамга катуу тийет, аны акырын айтуу керек, ата-энелер менен да алардын жан дүйнөсүн оорутуп алуудан сактануу зарыл. Биздин мугалимдик кесип — окуучунун жан дүйнөсүнө кызмат кылуу жана жазалоосуз билим жана тарбия берүү принциби менен иш алып баруу, бирок тарбиясыз берилген билим -кооптуу, андыктан ата-эне  балада окуучулук эреженин аткарылышына көңүл буруп баамдаш керек. Балдар биздин келечегибиз, келечекке терең билимдүү, адептүү тарбияланган инсандар менен баруу — биздин колубузда. Мугалим, ата-эне, окуучу бир тилде сүйлөп, бир багытта иш алып баруу милдети турат.

МУГАЛИМДИН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ КАНДАЙ?

Улукбек ОМОКЕЕВ, Б.Бейшеналиева атындагы КМИУнин окутуучусу:

МУГАЛИМДИН БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮШҮ — ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙ 

— Негизи, мугалим эч качан балага кол көтөрбөш керек. Педагогикада уруп окутуу деген ыкма жок.  Бирок мугалимдин айлыгы канча, ден соолугу кандай? Социалдык абалы, тагдыры кандай?  Кредити бар, батирге акчасы жетпеген, түнү менен дептер текшерип, сабактын планын жазган, бир каанада 40-50 балага сабак берген мугалимдин психикалык абалы кандай болот?  Же аз айлыкка кандай даярдыктагы, кандай деңгээлдеги мугалим иштейт?  Мына ушулар тууралуу ойлонушубуз керек.  Жакшы мугалимдердин баары сыртка чыгып кетип жатат.

БАЛДАР МЕНИ, МЕН БАЛДАРДЫ КАРАП ТҮЗДӨНӨМ

Адилет АЙТМАТОВ, Мурза Гапаров атындагы жалпы билим берүү жатак-мектеп комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Ноокат району, Ош облусу:

— Жаштайымдан мугалим болууну максат кылып келгем. Эгер кайрадан өмүр берилсе, дагы деле мугалим болууну тандайт элем. Беш жылдан бери окуучуларга кыргыз тили жана адабияты сабагынан билим берип келатам. Бир мугалим жүздөгөн баланын тагдырына таасир этет. Ошондуктан менин мугалим болгонум – өлкөнүн келечегине кошкон чоң салымым деп ишенимдүү айта алам.  Мектепте окуучулардын “Агай, биз да сиздей мугалим болобуз, мыкты агай болобуз” деген сөздөрү мен үчүн эң чоң мотивация. Балдар – менин күзгүм. Мени карап балдар түздөлсө, балдарды карап мен да өзүмдү оңдойм.

«АТА-эНЕМДИН КӨӨНҮ ЖОК, КАНТИП МЕН ЧҮКӨ УТАЙЫН?»

Жээнбүбү АЖЫБАЕВА, №2 Лебединовка мектебинин мугалими, Аламедин району:

— Азыркы жаш муундардын акыл сезимине коом да, ата-эне да туура багыт бере албай жатат. Баланын тарбиясынын кемчилигине да мугалим күнөлүү. Окууда жетишпей калса да мугалим күнөөлүү. Эмнеге? Мугалим болгону окуучуга 45 минута сабак бергенде билимге жана тарбияга багыт берет. Аны өздөштүрүү окуучунун өзүнөн жана аны бекемдеп өнүктүрүү анын ата-энесинин өзгөчө көңүл буруусуна көз каранды. Кыргызда макал бар: «Ата-энемдин көөнү жок, кантип мен чүкө утайын?» дегендей мезгилдебиз.

Мугалимдин коомчулуктан кечирим суратып, кызматынан кетиргени бардык мугалимге доо кетти. Бул бир багыттагы чечим болду деп ойлойм. Баланын даярдыгына жетишпегенине ата- эне эмне үчүн жоопкерчилик тартпайт? Себеби азыркы учурда 70-80% окуучу эч даярдыгы жок сабакка келишет. Ага ким күнөөлүү, мугалимби? Себеби үйдө бала кароосуз. Азыркы алардын жумушу телефон менен отурат. Бир дагы ата-эне бала эмне иш кылды бүгүн деген ой жок, анын ал-ахывалын сурашпайт. Ошондуктан бала окубайт, күч мугалимге түшөт.

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер