МУГАЛИМДИК МАЯНАГА САЛЫНГАН ҮЙДӨГҮ КУБАНЫЧ

  • 27.12.2021
  • 0

Алай районундагы №34 А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин информатика мугалими Шумкарбек Мамасыдыков мурдаштык  Мамасыдыковдор мугалимдер династиясынын эң жаш өкүлү болуп эсептелет.

МУГАЛИМДИК МАЯНАГА САЛЫНГАН ҮЙДӨГҮ КУБАНЫЧ

Атасы Мамасыдыков Алымкул 1974-жылы Ош пединституттунун кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн ийгиликтүү аяктап, өзүнүн айылындагы мектепте иштей баштаган. Иштегенде да агартуучулук ишке бүт дитин буруп, билек түрүп шымалана иштеди. Үч жыл өтүп-өтпөй партиянын катарына кабыл алынат. 1979-жылы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1989-жылы тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштейт. 1988-жылы «Мугалим-методист», 2000-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланат. Ал эми 2002-жылдан 2007-жылга чейин мектептин директору болуп кызмат өтөп, 2009-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Апасы Айдарова Кундузкан да бир катар жылдар өз өмүрүн мектеп менен байланыштырып иштеп келген. Эми мынтип экөөсү бирдей үйдөгү неберелердин чоң ата, чоң энеси болуп, куттуу үйдө балдарга баш-көз болуп отурушат.

МУГАЛИМДИК МАЯНАГА САЛЫНГАН ҮЙДӨГҮ КУБАНЫЧ

Алымкул ата менен Кундузкан апанын кесибин учурда уул-келини татыктуу улантып жатышат. Уулу Шумкарбек 2002-жылы ОшМУну аяктап, айылдагы мектепте информатика мугалими болуп иштей баштаган. Шумкарбектин өмүрлүк жары Кулуева Нурила да кесиби боюнча педагог, жолдошу иштеген мектепте балдарга орус тилинен жана адабиятынан сабак берет.

МУГАЛИМДИК МАЯНАГА САЛЫНГАН ҮЙДӨГҮ КУБАНЫЧ

Биз Алымкул атанын мугалимдер үй-бүлөлүк династиясы менен Алай районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн карамагындагы үч мектепте болуп өткөн эң бир таасирдүү семинардын жүрүшүндө тааныштык. Республикабыздын туш тарабынан келген семинар катышуучуларын жогорудагы мектептердеги агайлардын көптүгү, анан да көпчүлүгү өмүрлүк жолдошу менен чогуу бир мектепте иштегени таң калтырды.
Мындайды шаар жеринен көрбөгөн биз суроо артынан суроо берип жаттык.
Кеп төркүнүн тоо боорундагы Алымкул атанын үйүнө барганда түшүндүк. Мындай бийиктикке жарашыктуу үйдү кантип салды экен деп, үй ээлеринин эмгекчилдигине баа бердик. Короо-жайы, алма багы, тоо боорундагы келишимдүү үйү бизге үй ээлери өз оокатына тың экенинен кабар берди.
— Ушунун баарын мугалимдик мээнет менен тапкан акчага салдык. Орусияга иш издеп барбадык. Менин атам мугалимдерди «ак эмгеги менен жашайт» деп бөтөнчө сыйлачу. Өзү да өмүр бою мектепте эмгектенди. Атамдын сөзү кулагыма сиңип калыптыр. Мугалимдикти тандап, пенсияга чыккыча иштедим. Азыр уул-келиним биздин ишибизди улантып жатышат, — дейт Алымкул ата мугалимдик айлыкка салган үйүнө жол баштап.
Бийик тепкичтер менен үйгө киргенде бардык шарты бар шаардык үйлөрдөй жайлуу шарттар түзүлгөнүн көрдүк. Сууну тоодогу булактан тартып келишиптир. Үйдө ысык суусу белен экен. Дасторконго олтурарыбыз менен келини дасторконду тамакка жайнатып, алайлыктардын салты менен конокторго сары май кошулган курут аш берди. Аны ичип, бүт дене-боюбуз ичинен от жаккандай жыргап калдык.
Бул күнү Алымкул атага байланышкан дагы бир окуя болуп өттү. Ош облусунун Ноокат районунан семинар ишине катышканы келген эмгек ардагери Абдиназар Эргешов агай Алымкул ата менен бир факультетте чогуу билим алышкан экен, эки адамдын жарым кылымдан кийинки жолугушуусу биздин көз алдыбызда өттү.

-Элүү жылдан  бери жолуга элек досум Алымкулга жолуктум. Ал  Жээнбеков мектебинде 35 жыл мугалим, директор  болуп ардактуу эс алууга чыгыптыр. Экөөбүз жолугуп, бирге өткөргөн студенттик күндөрдү, бирге жүргөн досторду, бизди окуткан мугалимдерди эстеп сүйлөшүп жатып, таңдын атканын да сезбей калыптырбыз. Алымкул азыр деле жаш мезгилиндегидей шайдоот, ак көңүл. Алымкулду айылдыктар «Биздин Дүйшөн агайыбыз» дешет экен. Муну угуп абдан кубандым, — дейт Абдиназар Эргешов.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер