МУГАЛИМДИ ТЕКШЕРҮҮ ЭМЕС КОЛДОО: ӨЗ АЛДЫНЧА УСУЛДУК БОРБОРЛОР УЮШУЛАТ
- 07.09.2026
- 0
Агартуу министрлиги мугалимдерге усулдук жардамды жеткиликтүү жана сапаттуу кылып кайра уюштуруусу билим берүүнү заманбап жаңылоо боюнча масштабдуу реформанын маанилүү бир этабы болуп калмакчы. Бул кайта түзүүлөрдүн негизги максаты — мугалимди текшергенден башы чыкпаган эскичил эмес, ага ар тараптуу жардам берген эффективдүү усулдук кызматты уюштуруу.
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы токтому менен облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттары бекитилди. Ошондой эле Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы облустук методикалык билим берүү борборлору, Ош билим берүү институту жана Ысык-Көл облустук билим берүү институту облустук билим берүү институттары болуп кайра уюштурулмакчы.
Мындан тышкары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинеттер өз алдынча билим берүүнү өнүктүрүү борборлору болуп өзгөртүлүп түзүлөт.
“Мындан ары билим берүүнү өнүктүрүү борборлору педагогдорду усулдук жактан коштоо жана колдоо менен гана алектенип, текшерүү жүргүзө албайт. Ошондой эле аталган борборлор тиешелүү облустук билим берүү институттарына баш иет”, — деп айтылат Агартуу министрлиги тараткан маалыматта.
Мындан ары педагогикалык кызматкерлер үчүн окутууларды жана квалификацияны жогорулатуу иш-чараларын облустук билим берүү институттары уюштуруп өткөрөт. Ал эми Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту облустук билим берүү институттарынын усулчуларын даярдап, бул багыттагы ишти жалпы координациялайт.
Аймактардагы усулдук кызматты кайра уюштуруу зарылдыгын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева май айында болгон ата-энелер форумунда эле билдирген.
«Мугалимдерди колдоо системаны өзгөртөбүз. Өлкө боюнча 7 облустук борбор, 27 аймактык борборлор түзүлөт”, — деп айткан министр. 
Стресске чырмаган текшерүүлөр
Ырасын айтканда, окуу-усулдук кабинеттерди райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн бөлүп өзүнчө уюштуруу “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” дегендей арабөк абалдан чыгуунун аргасы. Анткени, райондук жана шаардык деңгээлдеги билим берүүнүн жетекчилери биринчи кезекте акимдин айтканы менен болуп, министрлик койгон талаптарга экинчи кезекте көңүл бурушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзгөчөлүгү ушундай.
Эми анын курамындагы усулчулар өз алдынча бөлүнүп, облустук билим берүү институттарына түз баш иймекчи. Бул өзгөрүүлөр мугалимдерди окутууну жана аларга усулдук жардам көрсөтүүнүн жер-жерлерде уюштурууну бир колдо системалуу уюштурууга шарт түзөт.
Экинчиден, окуу-усулдук борборлордогу усулчу мугалимдердин дагы ролун, иштөө ыкмасын өзгөртүү талабы коюлууда.
Буга чейин айрым институттарда методист болуп иштегендердин баары эле тажрыйбалуу, кесипкөй педагог болгон эмес. Райондук билим берүүнүн усулчу штатына кызматка кесипкөйлүгүнө карап эмес, тааныш-билиштик менен келген адамдар да иштеп калган. Ошондуктан алар мектепке барганда чоң сүйлөгөндөн башканы билбейт эле. Мугалимге багыт көрсөтүп, көйгөйүн чечүүгө жардам берүүнүн ордуна, анын ишин текшерип, кемчилик издешкен.
Мисалы, мугалимдин календардык-тематикалык планы жок болсо же талапка ылайык түзүлбөсө, же сабактын планы стандартка ылайык жазылбаса анын себебин аныктап, кантип туура түзүү керектигин көрсөтүүнүн ордуна, кемчилигин бетине баса белгилөө менен гана чектелген учурлар кездешкен. Башкача айтканда, көйгөйдү чечүүгө эмес, көйгөйдү көрсөтүүгө басым жасалган.
Мурда райондон текшерүү келет дегенде мугалимдердин көбү стресс болуп, “эмнемди туура эмес деп айтышат, дагы кандай сын угам?” деп тынчсызданчу. Айрым учурда сабактын өзү да толук өтүлбөй мугалим текшерүүгө даярдануу менен алек болуп калчу. 
Эми кандай болот?
Эми бул мамиле өзгөрүшү керек. Кайра уюштуруунун негизги өзөгү да ушунда. Методист мектепке мугалимди текшерүү үчүн эмес, колдоо үчүн барат. Мугалимге кандай жардам керек, анын ишинде кандай көйгөй бар, эмнеден кыйналып жатат — ушул суроолорго жооп таап, маселени мүмкүн болушунча жеринде чечүүгө көмөктөшөт.
Бул — мугалимди көзөмөлдөөчү эмес, аны кесиптик жактан колдогон системага өтүү дегенди билдирет.
Дагы бир маанилүү өзгөрүү — мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү аймактарга жакындайт. Эми мугалимдер окутуудан өтүү үчүн убактысын жана каражатын коротуп, сөзсүз эле Бишкекке келүүгө муктаж болбойт. Жергиликтүү билим берүү институттары жана өнүктүрүү борборлору окутууларды өз аймагында уюштурушат.
Ал эми Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту бул иштердин методикалык негизин иштеп чыгууга багыт алат.
Демек, кайра уюштуруунун өзөгү — системаны мугалимге жакындатуу. Мугалимдин кемчилигин санап чыгуу эмес, анын көйгөйүн чечүүгө жардам берүү. Бул жагынан алганда, өзгөрүү жөн гана түзүмдүк реформа эмес, билим берүү системасындагы мамилени өзгөртүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Райымбек Султанов: 
“Бүгүнкү күндө мугалимдерге жөн гана теориялык маалымат берип коюу жетишсиз. Аларга практикалык жардам, предметтик багыттагы колдоо жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгү керек. Ошондуктан методикалык кызматтарды бирдиктүү системага келтирип, алардын функцияларын тактоо, кайталанган иштерди азайтуу жана методикалык колдоону түздөн-түз мектептерге, мугалимдерге жеткирүү маанилүү.
Кайра уюштуруу билим берүү тармагындагы ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, заманбап окутуу усулдарын кеңири жайылтууга жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү колдонууга шарт түзүшү керек. Ошондой эле мугалимдердин көйгөйлөрүн жеринде аныктап, практикалык жардам көрсөтүү да негизги багыттардын бири болууга тийиш”.
Эми мугалимдер «райондон методисттер келет экен» дегенде «дагы кандай тил угам, эмнемди текшеришет?» деп тынчсызданбай, тескерисинче, «кандай жардам алам, кандай жаңы ыкманы үйрөнөм?» деген жакшы маанай менен күтүп алышы керек.
Мындай мамиле калыптанса, методикалык кызмат менен мугалимдин ортосундагы мамиле да өзгөрөт. Методист текшерүүчү эмес, мугалимдин жанындагы кеңешчи жана колдоочу катары кабыл алынат.
Мына ушундай өзгөрүү кайра уюштуруунун негизги натыйжаларынын бири болуп калууга тийиш.
Асел Кенжебек кызы, “Кут Билим”