МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ӨРКҮНДӨТҮҮ — ҮЧ БАГЫТТА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 19.06.2025
  • 0

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомамбетов “Жаңылыктын жарчысы” форумунда мугалимдерди даярдоонун багыттарына токтолду.  

Өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шарттарында билим берүүнүн мазмунун жаңылоо үстүндө иштөө үчүн мугалимдер кандай даярдыктарды көрүү керек жана методикалык кандай жардамдарды ала алат деген суроо ар бир мугалимди түйшөлтпөй койбойт.

— Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча үч багытта сөз болду. Негизи форумда завучтарга тиешелүү жерлерине көбүрөөк токтолдук. Экинчиси алдыдагы келечек пландар жөнүндө кеп болду, ал дагы эки багытта кетет: биринчиси – жалпы багытта, мурдагыдай эле жалпы мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, бекитилген план-графикке ылайык аткарылат;  экинчиси – 12 жылдыкка байланыштуу, 1-, 2-класстар (математика, табият таануу), 5-7-класстар (математика, табият таануу) жана англис тили мугалимдерине тиешелүү. Бул предметтердин мугалимдерин  июль айында мастер-тренерлер төрт күн офлайн форматта окутат. Үчүнчү багыт – электрондук платформа, анда 80ден ашык модулдар бар. Ошону тааныштырдык, аны менен кантип иштесе болот, электрондук курстан кантип өтсө болот деген маселелер каралды, — дейт директор.

Курстар бетме-бет (офлайн),  аралыктан (онлайн) жана аралаш форматта өтөт. Эгерде өткөн окуу жылдарына көз чаптырсак,  2023-2024-окуу жылында мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча план 150%га аткарылган, т.а.  42 008 мугалим курстан өткөн. Ал эми  2024-2025-окуу жылында 121,5%ге аткарылып, 56 445 мугалим билимдерин жогорулатышкан. Алдыда дагы 34 курс бар. Жер-жерлерде курстарды өткөрүүдө бир дагы мугалимден акча чогултулбайт.

— 18 жаңы курс ачылды. Алар: SCAFFOLLD карточкалары заманбап сабакты уюштуруунун куралы катары; “STEM, STEАM, STREАM, PISAнын контексттеринде интеграциялап окутуу” жана математика предметин окутуунун методикасы; STEM технологиясы  PISA-2025ке даярдоо  курстары ж.б. 12 жылдыкка мугалимдерди даярдоодо мастер-тренерлерди тандоо, аларды окутуу, алар жер-жерде мугалимдерди окутуу, ментордук кызматтарды көрсөтүү иштери жүрмөкчү. 110 мастер-тренер  1-2-класстар үчүн, 110 мастер-тренер 5-7-класстар үчүн жана 50 мастер-тренер англис тил үчүн даярдалат. Педагогдор үчүн билим берүү порталы https://lms.ulut.kg иштейт. Бул мугалимдер үчүн кесиптик өнүгүү платформасы. Порталдын максаты — билим берүү кызматкерлерин заманбап билимдер менен камсыз кылуу жана улуттук билим берүү сапатын жогорулатууга салым кошуу, — дейт А.Токтомамбетов.

— Мугалимдерге качан жана кандай даярдоо жүргүзүлөт?

— Биринчиден, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана кайра даярдоо деген түшүнүктөр бар. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү учурда 72 сааттык курстун негизинде ишке ашырылууда. Экинчиден, мугалимдерди кайра даярдоо (бир предмет боюнча мугалимдиктен башкасына өтүү же мурда инженер, агроном сыяктуу билим алып, кийин физика, математика же биология, химия мугалими болгусу келгендер ж.б.) борборлору, бөлүмдөрү дээрлик бардык университеттерде бар. Биздин республикалык институтта да 2024-жылы мурдагы жогорку билиминин негизинде кайра даярдоо ачылган, жакында биринчи бүтүрүүчүлөр дипломдорун алышат.

— 12 жылдык окуу боюнча мугалимдердин окуу курстары качан башталат? Кайсы жакта окутулат?

— 14-18-июлда мастер-тренерлер окуудан өтүшүп, алар 28-июлдан баштап жер-жерлерде мугалимдерди төрт күн бетме-бет форматта окутушат. Каникул учурларында да окуулар өтөт.

— STEM багытындагы (математика, физика, химия, биология) окуу китептери Сингапурдан сатылып алынды. Аларды окутуу боюнча мугалимдер даярдыктан өттүбү?

— Учурда STEM багытындагы республикадагы бардык мугалимдер (15 885 мугалим) математика жана илим багытында Сингапур методикасы менен окуудан өттү. Жогоруда мен айткан окуулар конкреттүү китептерди колдонуу менен өтөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер