STEM ОКУУЛАРЫ – АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТ
- 06.03.2025
- 0
Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин физика мугалими Камчыбекова Гүлсара табигый жана так илимдерди окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын үйрөткөн окууларга катышып келгенден бери сабактары ары кызыктуу, ары жугумдуу болуп калганын белгилейт.
Гүлсара эжей STEM предметтери боюнча төрт күндүк окууларга ушул жылдын январь айында катышкан. Азыр ошондогу алган билимине ыраазы.
– Окутуунун 5 Е методикасын үйрөндүк. Бул методикага ылайык окууда мугалим жетектөөчү ролдо болуп, активдүүлүк окуучуларда болот. Мугалим сабакта теманын өзөгүн гана түшүндүрөт, калган түшүнүктөрдү окуучулар өздөрү таап чыгып талкуулашат. Мугалим ар бир этапты суроо берүү менен баштайт. Окуучулар өз алдынча, өнөктөш менен жана топ менен биргеликте берилген суроолорго жооп табышат, — дейт ал.
Педагогдун пикиринде бул метод менен сабак өтүү окуучуга да мугалимге да ыңгайлуу. Болгону мугалим сабакка чейин көп изденип, көп даярданат. Сабак учурунда тескерисинче, балдар көп иштешет. Мугалим жетектөөчү ролдо болуп, окуучуларды улам түзөп, темадан алыстатпай турат. Окуучулар өздөрү изденип, жыйынтыкты тапканга аракеттенишет. Ушундан улам STEM сабактары алар үчүн кызыктуу болууда.
Физика мугалими Камчыбекова Гүлсара өз билимин ийгиликтүү жогорулаткан бул курстар өткөн жылдын октябрь айында башталып, өлкөнүн бардык аймактарында эмгектенген мугалимдерди камтыды.
Математика жана табигый илимдер боюнча мындай мазмундагы окуулар Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылып, тренингдер мугалимдерге окуучулардын STEM-сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Ал эми окутууларды жер-жерлерде квалификациялуу мастер-тренерлер өткөргөнүн айта кетели. Мына ошондой саяпкерлердин бири – мастер-тренер Атаев Бактыгул. Ал өзү Сингапурдан келген эл аралык тренерлерден бир жума бою көндүмдөрдү, STEM билим берүү усулдарын жана PISA компетенцияларын калыптандыруу боюнча терең билим
алган.
Бактыгул агай өзү август айында бир жумалык интенсивдүү окуудан өткөн. Андан кийин өзүндөй мастер-тренерлер менен октябрь айынан баштап, Кыргызстан боюнча мугалимдерге төрт күндүк тренингдерди өткөрө баштады.
– Мен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн конкурска катышып, мастер-тренерликке тандалдым. Бул конкурска катышуу үчүн резюмемди тапшырдым жана тандоонун бардык этаптары мен үчүн ийгиликтүү болду. Ошондон кийин гана мени расмий түрдө тренерликке окууга чакырышты, — деди ал.
Айтуусунда болочок мастер-тренерлер математикалык сабаттуулукту жогорулатуу жана PISA компетенцияларын өнүктүрүү боюнча методикаларды үйрөнүшкөн. Мастер-тренерлерге берилген билимдин негизги максаты мугалимдерди жаңы ыкмаларды колдонууга үйрөтүү жана аларды окуучулардын күнүмдүк билим алуу процессине киргизүү болуп эсептелген.
Бактыгул Атаев мастер-тренер катары Ысык-Көл облусунун математика мугалимдерине STEM билим берүү боюнча төрт күндүк интенсивдүү окууларды өткөрдү. Анын пикиринде Кыргызстандагы математика мугалимдерине арналган бул тренингдин программасы абдан мазмундуу болуп, өз ичине жаңы методикаларды, практикалык көнүгүүлөрдү жана инновациялык окутуу стратегияларын камтып, жума ичинде онлайн-консультациялар берилди. Мугалимдер тренингден кийин бир жума ичинде жаңы методика боюнча сабак пландарын түзүп, мастер-тренерлер менен онлайн форматта талкуулашты.
Онлайн-сессиялар да пайдалуу болду: мастер-тренерлер мугалимдердин сабак структурасын, планын жана конспектисин бирге талдап, кеңештерди берип турушту.
Бир жумадан кийин мугалимдер өз мектептеринде ачык сабактарды өткөрүп, мастер-тренерлер алардын сабактарына катышып, байкоо жүргүзүшүп, сабактан кийин методикалык колдоо көрсөтүшүп, кайсы жерин жакшыртуу керектиги боюнча пикирлерин айтышты.
Азыр мастер-тренерлер STEM методдорун күнүмдүк сабактарда ийгиликтүү колдонсо болорун айтышууда.
– Биз мугалимдерге изилдөөчү окутууну (inquiry-based learning), көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын, топтук иштерди жүргүзүүнү жана реалдуу жашоого байланыштуу тапшырмаларды интеграциялоону үйрөттүк, — дейт мастер-тренер
Бактыгул Атаев.
Учурда STEM предметтери боюнча төрт күндүк окуулардан билим алган агай-эжейлер тренингдерден кийин окуучулардын табигый илим жана математика сабактарына карата мамилеси жакшы жагына өзгөргөнүн кубануу менен белгилеп жатышат. Анткени төрт күндүк тренингдер мугалимдерге окуучулардын чыгармачылыгын жана критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берди.
– Албетте, төрт күн мугалимдер үчүн кыска мөөнөт, бирок биз аларга максималдуу маалымат берүүгө жана практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө аракет кылдык. Кыргызстандагы мугалимдерге мындай окутуулар дагы да көбүрөөк өтүшү керек, себеби жаңы методикалар билим сапатын жогорулатууда чоң роль ойнойт, — деди мастер-тренер.
Долбоор адистеринин бизге берген маалыматтарына таянсак, STEM предметтери боюнча курстардын түзүмү: мастер-тренерлер жер-жерлерде өткөргөн тренингдерди; кошумча электрондук материалдарды изилдөөнү, алган билимдеринин негизинде өздүк сабак пландарын иштеп чыгууну, мастер-тренерлердин жетекчилиги астында онлайн сессияларга катышууну; жаңы форматта сабактарды өткөрүүнү камтыды.
Ушул тапта мастер-тренерлер сабактарга байкоо жүргүзүп, мугалимдерге жаңы методдорду күнүмдүк практикага киргизүүгө колдоо көрсөтүп жатышат.
Белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстан PISA эл аралык тестирлөөсүнө катышканы турат. Андыктан, PISAнын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый-математикалык сабаттуулугун жогорулатууда ушундай тренингдердин мааниси зор.
Маалымат иретинде: STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). Анын өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.
Ушул тапта өлкө боюнча STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарынын бешинчи этабы аяктап жатат. Окутуу иштери 16 миңге жакын мугалимдерди камтыды.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер