МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТУУ СИСТЕМАЛУУ ТҮРДӨ УЛАНТЫЛАТ
- 16.09.2025
- 0
Көгүлтүр көл жээгиндеги Санат» мугалимдердин ден соолукту чыңдоо борборунда «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форум өтүп жатат. Форумга өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методикалык борборлордун кызматкерлери катышууда.

Мугалимдер “Алтын Казык” программасынын алкагында окутуунун жаңы модели боюнча бир нече баскычтан турган окуудан өтүшүүдө. Биринчи баскычында, т.а. 2024-жылдын август айында Сингапурдан келген адистерден эл аралык методика боюнча даярдоодон өткөн 88 мастер-тренер ноябрь айынан баштап жер-жерлерде мугалимдерди окута баштаган.
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметовдон алынган маалымат боюнча биринчи баскычта жалпысынан 15 880 мугалим окуудан өтсө, экинчи этабында Сингапурдан келген адистер Кыргызстанда чыгып жаткан жаңы окуу китептерин окутууну эске алуу менен 241 мастер-тренерди даярдаган. Мында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулар окуудан өткөн.
— Сингапурдан келген адистердин эл аралык методика боюнча даярдоосунан өткөн мастер-тренерлер ноябрь айынан баштап жер-жерлерде мугалимдерди окута баштады. Окуу жылы ичинде математика боюнча мугалимдерди өзүнчө, ал эми физика, химия, биология, география мугалимдерин “илим” деп атап, бир топ кылып бүтүндөй республика боюнча окутулду. Жалпы 15 880 мугалим окуудан өттү. Ал эми окутуунун экинчи баскычында быйылкы жайда Сингапурдан келген адистер Кыргызстанда чыгып жаткан жаңы окуу китептерин окутууну эске алуу менен 241 мастер-тренерди даярдады. Ал мастер-тренерлер, тагыраак айтканда, тренингден өткөн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары август айында Кыргызстан боюнча 1-2-класстардын 5, 7-класстардын математика жана табият таануу мугалимдерин, англис тил мугалимдерин окутту. Жалпысынан 30 миңге жакын мугалим окуудан өттү. Учурда өтүп жаткандар да бар. Мындан сырткары, 2025-жылдын жай айларында башталган “Жаңылыктын жарчысы” аттуу форумдун алкагында 2 000ден ашык окуу бөлүмдөрүнүн башчылары окуулардан өтүштү. Бул окуулар учурда да жүрүп жатат, ал 15-20-сентябрда үч агым менен ишке ашууда, — дейт Алмазбек Токтомаметов.
Анын айтымында, учурда окутуунун үчүнчү баскычынын алкагында жогорудагы окууларга дагы кошумча иретинде аймактар үчүн онлайн талкуулар, Бишкек шаары үчүн ар бир райондо көзмө-көз жолугушуулар өтүүдө. Шаардагы мектептердин мугалимдери үчүн окуулар ар бир район үчүн уюштурулду. Ал окуулар №72, №4, №62 жана №69 мектепте болуп өттү.
Ошондой эле онлайн талкуулар Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарынын башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн болуп өткөн.
Талкуу учурунда мугалимдер окуу китептери, окуучулардын китептер менен толук камсыздалышы, 1-класста окуучулардын окууга даярдыгы сыяктуу маселелерди көтөрүп, ушунун айланасында суроолорду беришүүдө.
— Мугалимдер 1-класстагы окуучулардын жаш курагына жана мектепке чейинки даярдыктарынын деңгээли ар түрдүү болгондугуна байланыштуу окууга толук кандуу даяр эместигин айтышууда. Алар айрыкча математика, табият таануу боюнча жаңы китептер окуучулар үчүн бир топ татаал экендигин белгилеп жатышат. 2-класста да ушундай эле абал. Ошондой эле болжолдуу иштелип чыккан календардык-тематикалык планы менен окуу китептеринин ортосунда дал келбөөчүлүк болуп жатканын, класста окуучулардын саны өтө көп болуп, чыгармачылык менен иштөөгө убакыт тардыгынан кыйынчылыктар жаралып жатканы да жашыруун эмес, — дейт ал.
А.Токтомаметов мугалимдерди окутуу системалуу түрдө болуп турарын, сентябрь, октябрь айларында жана жыл бою түрдүү себептер менен калып калган же жаңы келген мугалимдер окутуларын белгилеп, бул окуулар 12 жылдык билим берүүгө өтпөгөн класстардын мугалимдери үчүн да окуулар жыл бою улантыларын кошумчалады. Анткени жаңы даярдалган мектептик билим берүү стандартына баалуулуктар киргизилип, негизги компетенттүүлүктөр өзгөрдү жана ошондой эле жаңы предметтик стандарттар, окуу программалары иштелип чыкты. Педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 105 окуу программасы жаңыртылып, 12 окуу программасы жаңыдан иштелип чыкты.
— Кыргызстан толугу менен жаңы билим берүү системасына өтүп жатат. Анда негизги саясат, стратегия, мамиле толугу менен өзгөрдү. Аны бир окуу менен толук өздөштүрүү мүмкүн эмес, демек, окуулар системалуу жүрүшү зарыл. Окууларды системалуу уюштурууну мугалимдер да суранышууда. Ошондуктан окуулар мугалимдердин суроолоруна жараша улам-улам өткөрүлө бермекчи. Анткени жаңы системага өтүү ырааттуу, узак мөөнөттүү ишмердикти, окутууну талап кылат, — деп белгиледи Алмазбек Токтомаметов.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ы.Чаңгылов атындагы №5 мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Гүлайша Дүйшеналиева 15-20-сентябрда көгүлтүр көлдүн жээгинде өтүп жаткан “Жаңылыктын жарчысы” педагогикалык форумунун катышуучусу.

— Бир нече агым менен өткөрүлүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форумуна жалпы билим берүү берүү уюмдарынын директорлорунун орун басарлары жана методикалык борборлордун кызматкерлери катышуудабыз. Форум модулдук форматта уюштурулуп, 2025-2026-окуу жылына негизги багыттарын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүктөр берилди. Мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттардын өзгөчөлүктөрүн, жаңы окуу китептери, окуу программалары, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмалары боюнча да маалымат алдык. Форумдагы эң маанилүү багыт — мугалимдер үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткан 1-2-класстар жана 5-7-класстар боюнча жаңы окуу программалары жана окуу китептери. Бул тууралуу ар бир предмет боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери кеңири маалымат беришүүдө. Ал эми форумдун экинчи күнү Агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевадан АИС мугалим, Э-күндөлүк менен иштөө программалары боюнча маалымат алдык. Ал бизге азыркы учурдун талабы болгон жасалма интеллектти сабактарга пайдалануунун ыкмалары жөнүндө да кеңири түшүндүрдү. Бул форумдан алган маалыматтар окуу-тарбия процессин жүргүзүүгө, ишенимдүү билим чөйрөсүн түзүүгө жардам берет деп ойлойм, — дейт Гүлайша Дүйшөналиева.
Мына ушул сыяктуу ой-пикирлери менен Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун усулчусу Наргиза Жолдубаева бөлүштү.

— Бул форумда жаңы окуу жылына даярдыктын негизги багыттарын, жаңыланган мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттар, жаңы окуу программалары жана окуу китептери, 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткан 1-2-класстар жана 5-7-класстар боюнча жаңы окуу китептери жана окуу программалары, санариптештирүү дебюрократизация, АИС — мугалим, АИС- күндөлүк колдонуудагы көйгөйлөр, жасалма интеллект тууралуу да кеңири маалымат алдык. Биз 12 жылдык программасы боюнча иштеп баштаганыбызга эки жумадан жаңы ашпадыбы. Негизги суроолор жана кызыктуу талкуулар жасалма интеллект менен иштөөнү практикада кантип колдонуу керектиги жөнүндө болду. Менин жеке пикиримде, форум кызыктуу жана жемиштүү мүнөздө өттү. Талкуулар жана сунуштар ар бирибиз үчүн пайдалуу болду. Окутуунун жаңы модели өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратарына ишенем. Бул реформанын ийгиликтүү жүзөгө ашуусу билим сапатынын жогорулашына, дүйнөлүк тажрыйбага шайкеш адистердин калыптанышына жана жаш муундардын өз потенциалын толук ачышына сөзсүз өбөлгө түзөт. Ушул маанилүү иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан жетекчилерге, мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине чың ден соолук, чыдамкайлык жана чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар бир кадамыбыз реформанын натыйжалуулугуна, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана балдарыбыздын жаркын келечегине кызмат өтөөсунө тилектештигимди билдиремин, — дейт.
Модулдук форматта уюштурулуп, катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги багыттарын тереңирээк өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жаткан педагогикалык форумдун алкагында педагогдор жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды ишке ашыруу, жаңы окуу программалары жана окуу китептери, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмалары, мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңыланган курстарды уюштурууну ырааттуу жана терең өздөштүрүү боюнча тажрыйба топтошот.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева мугалимдер үчүн 1–2-класстар жана 5–7-класстар боюнча жаңы окуу китептери жана окуу программалары тууралуу дагы кеңири маалыматтар үзгүлтүксүз берилип турарын белгиледи. Анын айтымында, КББАнын сайтында (kao.kg) 12-класска чейинки 63 предметтик стандарт жана ар бир предмет боюнча 63 окуу программасы жайгаштырылган. Базистик окуу пландары 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары 41 календардык-тематикалык план орус тилинде, 42 календардык-тематикалык план кыргыз тилинде даярдалган.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер