МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТУУ: БИЗНЕСПИ ЖЕ САПАТПЫ?

  • 13.05.2026
  • 0

Акыркы жылдары мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу багытында түрдүү жеке менчик окуу борборлору көбөйүп, кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп, педагогдорго сертификат берип жатышат. Коомчулукта болсо бул курстар чындап эле мугалимдин деңгээлин көтөрүп жатабы же жөн гана коммерциялык долбоорго айланып баратабы деген суроо күч. Айрымдар “сертификат алуу оңой болуп калды” десе, башкалары мындай борборлорго көзөмөл жетишсиз экенин айтып келишет.МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТУУ: БИЗНЕСПИ ЖЕ САПАТПЫ?

Ушундай талкуулардын фонунда мугалимдерди окуткан жеке борборлор кандай талаптар менен иштей турганы, алардын программаларын ким текшерери жана берилген сертификаттардын юридикалык күчү тууралуу суроолор көбөйдү. Бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Республикалык институт 2021-жылдан тарта бир катар өнөктөш уюмдар менен иштеше баштаган. Мындай чечим жөн жерден кабыл алынган эмес. Себеби ошол кезде республика боюнча мугалимдердин саны 84 миңден ашып, бирок жылына болгону 11 миңдей педагог гана квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүүгө жетишчү. Натыйжада айрым мугалимдер 15–20 жылдап окууга катышпай калган учурлар да кездешкен.

“2021-жылы Республикалык институт менен облустук усулдук борборлор биргелешип 11 миң 139 педагогду гана окуткан. Ошондо мугалим орточо эсеп менен 8 жылда бир жолу курс өтүүгө мүмкүнчүлүк алып жаткан. Бул жетишсиз болчу”, — дейт Токтомаметов.

Ошондон кийин институт өнөктөш уюмдардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу жолуна өткөн. Бирок каалаган эле борбор менен кызматташуу боло бербейт. Ар бир уюм адегенде өзүнүн окуу программасын Республикалык институтка тапшырат. Ал программа мамлекеттик стандарттарга шайкешпи, заманбап технологиялар менен компетенциялар камтылганбы жана мамлекеттик коопсуздукка каршы келбейби — ушунун баары экспертизадан өткөрүлөт.

Экспертизадан өткөндөн кийин гана уюм менен меморандум түзүлөт. Курстардын графиги дагы институт менен макулдашылып, окутуу атайын электрондук портал — ustat.edu.gov.kg аркылуу жүргүзүлөт. Директордун айтымында, бул система көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берип жатат.

“Портал аркылуу мугалим качан катталганын, качан окууну аяктаганын, тестке киргенин жана канча балл алганын көрүүгө болот. Ошондуктан жасалма сертификат берүү мүмкүн эмес”, — деди ал.

Курс аяктаганда мугалимдерге биргелешкен сертификат берилет. Анда Республикалык институттун дагы, курсту өткөргөн уюмдун дагы мөөрү жана жетекчилеринин колу болот. Сертификаттар атайын базага киргизилип, эсепке алынат. Бирок бул документтерге канча балл берүү керектиги азырынча толук чечиле элек. Бул маселе жумушчу топтордо талкууланып жатканын Токтомаметов белгиледи.

Ал өнөктөш уюмдар менен иштешүүнүн бир нече артыкчылыгын атады. Биринчиден, көп сандагы мугалимдерди кыска убакытта окутууга шарт түзүлдү. Экинчиден, педагогдордо тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Үчүнчүдөн, айрым багыттар боюнча жеке борборлордун тажрыйбасы күчтүү болуп жатат.

Мисал катары ал жасалма интеллект боюнча курстарды өткөргөн EdNet уюмун атады. Аталган уюм Республикалык институттун өз окутуучуларына чейин сабак уюштурган.

Директордун пикиринде, өнөктөштөрдүн пайда болушу атаандаштыкты дагы күчөткөн. “Жеке борборлор иштей баштагандан кийин биздин окутуучулар дагы өздөрүн өнүктүрүп, жакшы аракет кыла баштаганы байкалды”, — деди ал.

Статистика дагы бул багыттагы өзгөрүүнү көрсөтүп турат. Эгер 2018-жылы 11 миңден бир аз ашык мугалим курс өтсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 56 миң 445ке жеткен. 2025-жылы болсо 41 миңден ашык педагог окутулган. 2024-жылдагы жогорку көрсөткүчкө ЮНИСЕФтин гранты менен кошумча 13 миңден ашык мугалимдин окуганы дагы таасир берген.

Ошол эле учурда министрлик курстардын сапатына байланышкан сын-пикирлерди да эске алып жатканын билдирди. Бул маселе 2025-жылдын 11-майындагы аппараттык кеңешмеде көтөрүлүп, өнөктөш уюмдардын ишин кайра карап чыгуу тапшырмасы берилген. Учурда Республикалык институт кызматташып жаткан борборлордун сапатына баа берүү жана талаптарды күчөтүү боюнча расмий кат даярдап жатат.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер