АЙМАКТАРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ АВТОУНАА БЕРИЛДИ
- 14.05.2026
- 0
Кыргызстандагы 91 билим берүү мекемеси заманбап жаңы кызматтык автоунаалуу болду. Бул иш-чара жөн гана техникалык жаңыртуу эмес, өлкөнүн билим берүү саясатындагы стратегиялык өзгөрүүлөрдүн белгиси катары бааланууда.

Кызматтык автоунааларды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасына Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Кызматтык унааларды тапшыруу аземинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев унаалар ата мекендик өндүрүштөн чыкканын баса белгиледи.
— Бизге ушул ай өтө жемиштүү болду. Май айында мугалимдердин эмгек акысы 100 пайыз жогорулады. Бул билим берүү тармагына болгон чоң колдоо жана ишеним деп билебиз.
Мындай салтанаттар жөн гана кубанычтар эмес, бул — мамлекеттин кубаты, бул — Кыргызстандын беш жыл ичинде ири мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө жөндөмдүү экенин бүт коомчулукка көрсөтүп жаткан тарыхый көрүнүштөр жана агартуу тармагына көрсөтүлгөн чоң колдоо жана камкордук. Бул техникаларды сатып алууда мамлекеттен 178 миллион 528 миң сом жумшалды. Жаңы техникалар билим берүү мекемелеринин ишине чоң жардам берет деп ишенебиз. Өзгөчө тоолуу жана алыскы райондордогу иштер жакшыртылып, мындан ары эскирген техниканы тейлөөгө жана оңдоого кеткен натыйжасыз чыгымдар кыскартылууга тийиш, — деди ал.
Ал өз сөзүндө 2021-жылдан 2025-жылга чейинки төрт-беш жылдын ичинде 673 мектеп жаңыланып, анын ичинде 394 мектеп жаңы салынганын жана 114 мектеп
капиталдык ременттон өткөнүн белгиледи. Анын айтымында 2026-жылга карата 200 социалдык объект курулушу каралган, анын ичинде 50 мектеп бар. Президенттин жеке тапшырмасы менен эки жыл аралыгында бир дагы авариялык мектеп калбоого тийиш.

Унаалар төмөнкүдөй билим берүү мекемелерине берилди: 53 — райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө; 10 — усулдук борборлорго, билим берүү институттарына жана министрликтин департаментине; 9 — министрликтин ведомстволук мекемелерине; 17 — жатак-мектептерге жана мектеп-интернаттарга жана эки автоунаа Ош облустук жана Чүй облустук психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация берүү мекемесине ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми аркылуу 91 даана LTZ комплектациясындагы “Chevrolet Tracker” үлгүсүндөгү автотранспортту сатып алуу каралган. “Chevrolet Tracker” үлгүсүндөгү автоунаалар ата мекендик “ДТ Техник” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн.
Билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — аймактардагы мектептер менен борбордук аппараттын ортосундагы байланыштын солгундугу болуп келген. Эми бул автоунаалар райондук жана облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери алыскы айылдардагы мектептердин абалын жеринде көрүүгө мүмкүнчүлүк берет жана ыкчам байланыш түзүүгө жардам берет. Анткени көзөмөлдөө жана методикалык жардам берүү үчүн мобилдүүлүк зарыл болуп келгени маалым.
Иш-чаранын өзгөчөлүгү — анын “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында өтүп жаткандыгында. Бул долбоор мамлекеттик кызматтын ачыктыгын жана коом алдындагы отчеттуулугун көрсөтөт.

“Ар бир берилген техника — бул элдин салыгы, демек, анын натыйжасы үчүн жоопкерчилик да жогору болушу керек,” — деген билдирүү бул жерде негизги орунда турат.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусу — билим берүү тармагы учурда мамлекеттик идеологиянын жана коопсуздуктун артыкчылыктуу багыты экенин тастыктайт. Президенттин Администрациясынын деңгээлинде колдоо көрсөтүлүшү реформалардын аягына чейин чыгарына ишеним жаратат.
Аналитиктердин пикиринде, мындай кадамдар билим берүүнүн сапатына түз эмес, кыйыр түрдө таасир этет. Тагыраак айтканда аймактык жетекчилердин ишине шарттардын түзүлүшү алардын жоопкерчилигин арттырат жана ийгиликтерди жаратууга жакшы мотивация берет. Андан тышкары эскирген, ремонтко көп каражат талап кылган унаалардан арылуу аркылуу бюджеттик чыгымдар кыскарат.
Белгилей кетсек, билим берүү мекемелерине заманбап автоунаанын берилиши — бул системалык трансформациянын бир бөлүгү. Мамлекет тарабынан түзүлгөн мындай шарттар натыйжалуу башкарууга жана билим сапатын жакшыртууга, т.а. билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер