МУГАЛИМ ЖАНА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕБИ?..

  • 04.08.2026
  • 0

МУГАЛИМ ЖАНА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ:  ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕБИ?..

Мектептерге конкурс менен келген жаңы муундагы директорлор билим берүүгө заманбап өзгөрүүлөрдү алып келүүдө. Ошентсе да, айрым жаңы жетекчилердин, эсепчилердин юридикалык сабатсыздыгынан улам эмгек мыйзамдарын бузуу учурлары да кездешүүдө. Ушундан улам, «Кут Билим» гезити мектеп жетекчилерине, жалпы эле мугалимдерге укуктук жардам көрсөтүүнү туура көрдү. Мугалимдерди жумушка кабыл алуу, сыноо мөөнөтү жана өргүү берүүнүн мыйзамдык жолдору тууралуу суроолорубузга КР  Агартуу министрлигине караштуу Республикалык институттун юристи Бедил КАДЫРКУЛОВ жооп берет.

-Бедил Мешкенович, Республикабыздын мектептеринде акыркы жылдары директорлорду конкурс аркылуу дайындоо практикасы кеңири орун алып жатат. Бул жараян билим берүү тармагына кандай өзгөрүүлөрдү алып келди деп ойлойсуз?

— 20–30 жылдан бери иштеген мектеп директорлору билим берүүнүн жаңы формаларын киргизүүгө барбай, «тынч жашоого» өтүп алган абалынан арылып, жаңы муундун келишине шарт түзүлдү. Айрыкча азыркы шартта 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү милдеттерди аткарууда жаш адистердин демилгелери, энергиясы жана жаңылануу дарамети өзгөчө мааниге ээ. Республика боюнча мектеп директорлорун кызматка дайындоонун шарты акыркы 4–5 жылда түп тамырынан бери өзгөрүп, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы менен дайындалып жатат. Мунун натыйжасында жетекчилердин көбү жаңы кадрлар менен толукталды. Бул эң жакшы көрүнүш десек болот.

МУГАЛИМ ЖАНА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ:  ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕБИ?..

-Бирок ошондой оң жыйынтыктар менен катар айрым орчундуу көйгөйлөр да байкалууда. Алардын негизгиси — мектеп директорлорунун юридикалык билимдеринин жетишсиздиги. Бул багытта эмнелерге токтолоор элеңиз?

-Ооба, туура айтасыз. Жаңы дайындалган директорлор конкурстук тандоодон ийгиликтүү өтүшсө да, иш үстүндө эмгек мыйзамдарын бузуу учурлары көбөйүүдө. Алар мугалимдерди кызматка кабыл алуу, бошотуу, тартиптик жаза берүү, узартылган эмгек өргүүлөрүн берүү жана эмгек акы төлөө сыяктуу мамилелерди жөнгө салууда көп катачылыктарды кетирип жатышат.

Мындан тышкары, КР «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын толук аткарбагандыктан, коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жумуш учурундагы бөөдө кырсыктар катталып, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жана соттун чечимдери аркылуу, жыл сайын республикалык бюджеттен чоң суммадагы бир жолку жөлөк пулдарды төлөөгө аргасыз болгон учурлар кездешет. Ушундан улам КР Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун демилгеси менен мектеп директорлоруна жана мугалимдерге эмгек жөнүндө мыйзамдардын туура аткарылышы боюнча юридикалык жардам көрсөтүү багытында иш алып барууну сунуш кылууда.

Бул өнөктук таасирдүү болушу үчун «Кут Билим» газетасы аркылуу иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелерин мыйзам чегинде жүргүзүү боюнча суроо-жооп форматында түздөн-түз сандан-санга юридикалык жардам берүүнү да туура көрдүк.

МУГАЛИМ ЖАНА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ:  ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕБИ?..

-Анда сиз баса белгилегендей укуктук маселеге байланышкан суроолорго өтөлү. Иш берүүчү менен мугалим-кызматкердин ортосунда эмгек мамилесин түзүүнүн мыйзамдык жолу кандай?

-КР Эмгек кодексинин 13-беренесине ылайык, кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек мамилеси шайлоо аркылуу тандоо, конкурс аркылуу тандоо, кызмат ордуна дайындоо же бекитүү жана башка негиздерде эки тараптын ортосунда түзүлгөн эмгек келишими аркылуу жүргүзүлөт.

Эмгек келишиминин мазмуну КР Эмгек кодексинин 17-беренесинде көрсөтүлгөн жана КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы №82 токтому менен эмгек келишимдин формасы бекитилген. Ага карата Билим берүү уюмдары эмгек келишиминин мазмунуна кошумчаларды киргизе алат (өзгөртүлгөн форма жалпы чогулуштун токтому же жетекчинин буйругу менен бекитилет).

Мөөнөтүнө токтоло кетсек, мугалимдер жана кызматкерлер менен эмгек келишими Эмгек Кодексинин 18-беренесине ылайык «белгисиз мөөнөткө» же «беш  жылдан ашпаган белгилүү мөөнөткө» түзүлөт.

-“Мөөнөттүү келишим” кимдер менен түзүлөт?

-Белгилүү мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишимдер билим берүү уюмдарынын жетекчилери, алардын орун басарлары, башкы эсепчилер, окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткандар, айкалыштыруу менен иштегендер, конкурс же шайлоо жолу менен келгендер, курагы боюнча пенсионерлер жана ден соолугу боюнча медициналык корутундусу бар адамдар менен түзүлөт.

Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими кызматкердин макулдугусуз кайра белгилүү мөөнөткө өзгөртүлбөйт. Келишим түзүлгөндөн кийин үч күндүк мөөнөттө иш берүүчү кызматкерди кабыл алуу буйругун чыгарып, үч күндүк мөөнөттүн ичинде кызматкерди кол койдуруп тааныштырууга тийиш КР ЭК 20-берене).

Маанилүү жагы: Иш берүүчү кызматкерди ишке кабыл алууда билим берүү уюмдарында колдонуучу ички эмгек тартибинин эрежелери, кызматкердин эмгек функциясына тиешеси бар локалдык ченемдик актылар, жамааттык келишимдер, макулдашуулар менен тааныштырууга, эмгекти коргоо боюнча нускама берүүгө, белгиленген тартипте кызматкерге эмгек китепчесин жазууга (толтурууга) милдеттүү.

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 92-беренесине ылайык, иш берүүчүлөр адамдарды эмгек келишимин түзбөй туруп жумушка кабыл алган учурларда: жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

МУГАЛИМ ЖАНА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ:  ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕБИ?.. -Иш берүүчү (директор) кызматкерди «сыноо мөөнөтү» менен жумушка кабыл алуунун жолдору кандай?

-Кызматкер менен эмгек келишимин түзүүдө тараптардын макулдашуусу менен ага тапшырылылган ишке ылайыктуулугун текшерүү максатында сыноо мөөнөтү белгилениши мүмкүн (КР ЭКнын 24-беренеси). Сыноо жөнүндө шарт сөзсүз түрдө эмгек келишиминде жазылууга тийиш. Эгер эмгек келишимде көрсөтүлбөсө, кызматкер сыноо мөөнөтсүз кабыл алынган болуп эсептелет.

-Мөөнөттүн узактыгы кандай болот?

-Катардагы кызматкерлер үчүн үч айдан, ал эми уюмдун жетекчилери, орун басарлары, башкы бухгалтерлер жана алардын орун басарлары, филиал менен түзүмдөрдүн жетекчилери үчүн алты айдан ашпоого тийиш.

-Кимдерге колдонулбайт?

-18 жашка толо электерге, шайлоо аркылуу тандалгандарга, иш берүүчүнүн чакыруусу менен келгендерге, ошондой эле эки айга чейинки мөөнөткө ишке орношкондорго сыноо мөөнөтү белгиленбейт. Убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматкер жумушта болбогон башка күндөр сыноо мөөнөтүнүн убактысына кирбейт.

   Эгер кызматкер сыноо мөөнөтүнөн өтө албай калса, иш берүүчү үч күн мурун жазуу түрүндө эскертип, себептерин көрсөтүү менен эмгек келишимин буза алат. Эгер сыноо мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү келишимди бузуу чечимин чыгарбаса, анда кызматкер сыноодон ийгиликтүү өткөн деп эсептелет. Өз кезегинде кызматкер бул жумуш өзүнө туура келбесе, үч күн мурун эскертип өз каалоосу менен келишимди бузууга укуктуу.

-Мугалимдерге жана башка билим берүү кызматкерлерине узартылган өргүүлөрдү берүүнүн кандай өзгөчөлүктөрү бар?

-КР ЭКнын 72-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү жыл сайын берилет. Иштеген биринчи жылы 11 ай толгондо берилет, бирок тараптардын макулдашуусу же кызматкердин арызы боюнча ага чейин да берилиши мүмкүн (мисалы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында же андан кийин, 18 жашка толо электерге, айкалыштырып иштегендерге негизги жумушундагы өргүү убагы келгенде ж.б.) деп белгиленген, бирок бул талап педагогикалык кызматкерлерге колдонулбайт. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү алууга укук берген жумуш жылы, бир окуу жылы менен (9 ай) аныкталат, биринчиден окуу жылы аяктагандан кийин жумуш жок токтойт, мугалим жумушту андан ары уланта албайт, экинчиден эмгек өргүүлөр жайкы каникул мезгилинде гана берилет, педагогдорго 11 ай толгондо эмгек өргүү берилет деген талап туура эмес, окуу жылы аяктагандан кийин милдеттүү түрдө этап-этабы менен профкомдун макулдугу менен бекитилген график боюнча берилиши керек, жайкы каникул учурунда 1-сентябрга чейин педагогдордун бардык эмгек өргүүлөрү бүтүшү керек.

-Өргүүнүн узактыгы канчага созулат?

-Педагогдорго акы төлөнүүчү ар жылдык узартылган өргүүнүн узактыгы 56 календардык күн болуп белгиленген. Узартылган эмгек өргүүлөрүнүн тартиби КР Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган.

Маанилүү өзгөчөлүк: Билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек өргүүсү бир толук окуу жылы иштеген (1-сентябрдан 1-июнга чейин) болсо 56 календардык күнгө чыга алат. Календардык күнгө майрам күндөрүнөн башка бардык күндөр кирет. Өткөн окуу жылында айрым райондордо сентябрь айынан баштап окуу жылын толук иштеген жаш мугалимдерге 9 ай иштеди деп эсептеп, 42 календардык күн гана берилген учурлар болду — бул ката, мыйзам боюнча 56 календардык күн берилиши шарт. КР ЭК 71-беренесинде эмгек өргүүгө укук берилген жумуш жылына иштеген убактысы, эмгек мамиледе туруп, бирок иштебеген убактысы (жайкы каникул убактысы) кирет, натыйжада педагогдорго 56 календардык күн негизги узартылган эмгек өргүүсү жумуш жылы катары толук иштеген окуу жылы менен аныкталат. Ооба, эгерде бир окуу жылын толук иштебеген учурларда мисалы, декабрдан тартып иштеген болсо, анда окуу жылында 6 ай иштегендиги үчүн 28 календардык күн эмгек өргүү берилет. Ал эми эмгек өргүүнүн убактысына бала багуу боюнча өргүүнүн убактысы, эки жумадан ашкан эмгек акы сакталбаган өргүүнүн убактысы, жүйөөлүү жумушка келбеген убакыттар жана күнөөсү сот менен аныкталып, жумуштан четтетилген убакыттар кирбейт.

-Өргүүнү бөлүккө бөлүү кандай жүргүзүлөт?

-Эмгек өргүүсүн бөлүктөргө бөлүүдө ар бир бөлүк 14 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Ал эми өргүүдөн кайра чакыртып алуу 14 күндөн кем эмес убакыт өткөндөн кийин укук берилет, ошондой эле чакыртып алууга жазуу жүзүндөгү кызматкердин макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

-Кошумча өргүүлөргө токтоло кетсеңиз?

-Тоолуу жана барууга кыйын аймактарда иштегендерге берилүүчү кошумча өргүүлөр негизги узартылган өргүүгө кошулуп берилет. Өргүү мезгилине туш келген жумуш эмес майрам күндөрү өргүүнүн календардык күндөрүнүн санына кошулбайт жана төлөнбөйт.

Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

P.S. Мындан ары «Кут Билим» гезитинде иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелерин мыйзам чегинде жөнгө салуу максатында «Укуктук сабак» аттуу туруктуу рубрика ачылат. Рубрика алкагында сиздерди кызыктырган суроолорго КР  Агартуу министрлигине караштуу Республикалык институттун юристи Бедил Кадыркулов юридикалык кеңеш берип турмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер