МУГАЛИМ ӨЗГӨРМӨЙҮН, МЕКТЕП ӨЗГӨРБӨЙТ
- 08.08.2024
- 0
12 жылдык билим берүүгө өтүү, билим берүү системасын заман талабына шайкеш трансформациялоо аракети баарынан мурда мугалимдин жаңылануусун талап кылууда. Азыркы мугалим өз өзгөрүүсүн эмнеден баштаганы оң? Дегеле мугалим, мугалимдер, мектеп, бүткүл билим берүү системасы өзгөрө алабы?
Педагогикалык инновацияны кандай түшүнөбүз?
Бул суроого жооп берүүдөн алдын «инновация» деген сөздүн маанисин жакшылап түшүнүп алышыбыз зарыл. «Инновация» түшүнүгү латын тилинен алынган. Бизче «жаңылануу», «өзгөрүү» дегенди билдирет. Педагогиканын тарыхын карап көрсөк, адамзат жашоосунун бардык этаптарында жаңылануу аракеттери көрүлүп келинген. Тилекке каршы, билим берүү тармагы кайсыл доордо болбосун, коомдук өнүгүүнүн артында жүрүп отурган. Бул бир жагы билим берүү ишинде колдонулуп келинген салтка айланган усул, ыкмалар, окутуу формалары менен түшүндүрүлөт. Белгилүү болгондой, алардын көпчүлүгү кылымдын кылымга, доордон доорго эч өзгөрүүсүз бойдон жашап келет.. Мисалы, азыркы класстык-сабактык окутуу формасы чех педагогу Ян Амос Коменскийдин «Улуу дидактика» аттуу көрүнүктүү эмгегинде (1632-жылы) алгачкы жолу айтылганы менен, ушул күнгө дейре колдонулуп келүүдө. Өткөн кылымдын 80-жылдары, айрым бир салтка айланган усулдарды, окутуу формаларын жаңылоо аракеттери көрүлгөнү белгилүү. Алыс барбай эле, мурунку СССРдин агартуу айдыңында пайда болгон «кызматташтык педагогикасы» идеясына бириккен жаңычыл-педагогдордун табылгаларына токтолсок болот. Шаталов, Шетинин, Амонашвили, Лысенковалардын балага карата гумандуу мамиле, ийгилик кырдаалын түзүү, алдыга озуп окутуу, окутууда таяныч сигналдарын пайдалануу сыяктуу алгылыктуу идея-ыкмалары жалпы педагогдордо зор кызыгууну жаратканы менен, ал кездеги мектепти түп- тамырынан бери өзгөртө алган жок. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен Кыргызстаныбыздын агартуу системасында иштей баштаган бир топ билим берүү долбоорлорунун билим берүүнү жаңылоо боюнча аракеттерин айтпай кетпесек болбос. Айрымдары мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кээ бирлери мугалимдин күнүмдүк сабагын жаңылоого маани беришти. Долбоорлор, алардагы алдыңкы ойдун баалуулугуна карабастан, жалпы республиканын мектептерин толук камтый алган жок. 90-жылдары, бизде коомдун өзгөрүү таламдарынан улам, өзгөчө чоң шаарларда жаңы типтеги билим очоктору: мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, автордук мектептер, окуу-тарбия комплекстери, менчик мектептер пайда болду. Бирок, алардын көпчүлүгүнүн аты гана алмашканы менен, заты ошол бойдон өзгөрүүсүз калууда…
Инновациялык демилгелер мектептерге жеттиби?
Азыркы билим берүү системасына инновациялык процесстердин тынымсыз өсүп-өнүгүүсү мүнөздүү. Бул өзгөрүүлөр шаар, айыл мектептерине бирдей тиешелүү. Көбүнесе, инновация дегенде системанын бир абалдан экинчи абалга өтүшүн, билим берүү чөйрөсүнө жаңы элементтерди кийирүүнү түшүнүшөт. Алдыңкы илимпоз педагогдордун пикиринде билим берүү тармагындагы ар кандай жаңылануу идеяларын ишке ашыруунун эң оптималдуу чөйрөсү болуп мектеп эсептелет. Бирок жаңы ыкма, усулдарды колдонуп жаткан билим берүү мекемелеринин баарын эле инновациялык мектеп деп атоого болобу? Ушуга жооп издеп көрөлү. Педагогикалык инновацияга байланышкан айрым иликтөөлөрдө «инновациялык мектепке» жаңылануулардын системалуулугу, педагогдордун өздөрү тапкан жаңы ыкмалардын үстүндө иштеши мүнөздүү экенин белгиленет. Бир караганда бул турмушка жакын. Себеби салтка айланган мектептерде жаңылануу аракеттери такай жүрбөйт, экинчиден мындай мектептердин мугалимдери бирөөлөр иштеп чыккан концепцияларды, окуу программаларын ишке ашыруунун үстүндө эмгектенишет. Салттуу мектептин шартында ар бир мугалим өз предмети боюнча изилдөөчү, иликтөөчү, сынак өткөрүүчү деңгээлге көтөрүлө албайт. Ал эми инновациялык мектепте биринчи иретте мугалимдер өздөрү эмгектенип жаткан билим берүү системасынын алкагында иликтөө иштерин жүргүзө алышат. Ошентсе да кандай мектептерди толук кандуу инновациялык мектеп деп атай алабыз?
Дагы эле окумуштуу педагогдордун пикирлерине таянып айта кетели. Алар инновациялык мектептердин катарына эң алдын гуманисттик өсүп-өнүгүү жолунда бараткан лицей, гимназия, комплекс макамын алган мектептерди, Батыштын мектептери (Монтессори, Френе, Штейнер ж.б) менен интеграциялануу жолдорун издеп жаткан мектептерди, Эльконин-Давыдов, Занковдордун педагогикалык системаларын өздөштүрүп жаткан мектептерди, светтик жана диний билим берүүнүн эң мыкты үлгүлөрүнө таянган мектептерди, эски менен жаңынын мыкты жактарына бирдей таянган прагматикалык мектептерди, билим берүү академиялары, университет, институттар менен тыгыз байланышта иштеген эксперименталдык мектептерди киргизишет.
Кантебиз? Өзгөрүүнү кимден же эмнеден баштайбыз?
Ооба, 12 жылдык мектепке өтүү жеңил-желпи иш эмес. Ал бизден так, негиздүү максаттарды коюп, аларды аткаруу үстүндө тынбай чымырканып иштөөнү талап кылат.
Азыркы ааламдашуу доору педогикалык инновация процесстерине да өзүнүн оң таасирин тийгизүүдө. Мурда бир жаңы ыкманы, усулду үйрөнүү үчүн убакыт, акча коротуп, башка районго, облуска же кайсы бир өлкөгө барыш керек болсо, азыр андай зарылчылык жок.
Көрсөтмөлүү сабагыңды өт да Ютубга же Фейсбукка жайгаштыр, канча адам көрүп, өз пикирин, сунушун айтат. Кесиптик жактан өзүң да өсөсүн, башкага да жакшы ойду акысыз белекке бересин. Бир сөз менен айтканда, колубуздагы маалымат технологиялары адамдар ортосундагы баарлашууну тездетүүгө жол ачты. Бирок, тилекке каршы, биздеги мугалимдердин көпчүлүгүнүн Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок. Демек, алар маалымат технологияларынан кеңири өлчөмдө пайдалана алышпайт.
Учурдагы инновация кайсы бир алдыңкы ыкманы кийирүү эмес, ал ошол жаңы ойду, ыкманы азыркы маалымат технологияларын шыр колдонуу аркылуу бүтүндөй массага жайылтуу болуп эсептелет.
Бирок … белгилүү педагог, «Ноокат билимканасынын» негиздөөчүсү, профессор Өмүрзак Мамаюсуповдун пикиринде «Ар бир өзгөрүүлөргө экономикалык негиздеме (атайын кесипкөй жумушчу топ тарабынан) болуусу шарт. Бул маселелерди шашылыш чечүүдө каталар кетип, талаштар созулуп — натыйжада коомчулук кандай реформа болсо да «жок» деп коюшу ыктымал. Мугалимдердин даяр болуусу да дароо эле болбошу мүмкүн…»
«Кандай гана реформа болбосун, анын түздөн-түз ишке ашыруучусу мугалим болуп саналат. Ошондуктан мугалимдер дагы жаңыланып, башкача иштеши зарыл. Албетте, Кыргызстанда да эл аралык стандарттарга ылайык келген мугалимдер жок эмес. Бирок тилекке каршы алар азыраак» — дейт Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов бул тууралуу.
«Мугалим кантип жаңыланышы керек?» — деп сөзүн улайт профессор. «Мурда мугалимдер окуучуларды даяр билимдерди алууга үйрөтсө, азыркы мугалим көбүрөөк фасилитатор ролунда болуп, жаңылыкты жаратуучу көндүмдөргө үйрөтүшү зарыл. Тагыраак айтканда, азыркы окуу процессинде көңүл чордонунда окуучу болууга тийиш.
12 жылдык мектепке өтүп жаткан мугалим албетте, көп окушу керек. Биздин чоң кемчилигибиз, дүйнөлүк педагогиканын алдыңкы табылгаларын окуп-үйрөнүүдө артта калып жатабыз. Мунун себеби түшүнүктүү. Андай китептердин дээрлик баары англис тилинде жазылган. Демек, дүйнөлүк карым-катнаш тили — англис тилин үйрөнүү ар бир мугалимдин алдында турган кечиктирилгис милдеттеринин бири десек туура болчудай. Ошол эле учурда, биз дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба менен катар жергиликтүү чыгармачылык менен изденип иштеген агартуучулардын табылгаларын окуп-үйрөнүшүбүз зарыл».
«Маарифте» иштеп жүргөнүмдө биз, мугалимдер, ата-энелер чогулушун заманбап нукта өтүп жүрдүк» — дейт ошондой жергиликтүү мыкты педагогдордун бири, жаш мугалимдердин мотиватору, Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун директору Бийик Рыскулов.
«Эң башкысы, бул иште окуучунун кемчилигине эмес, ийгилигине таянып жаттык. Ортосунда окуучунун окуудагы көйгөйүнө көңүл бурдук. Анан кайра эле окуучунун артыкчылык жагына басым жасадык. Бул педагогикалык табылга — гамбургер усулу деп аталат. Ата-энелер ар бир столго барып, ар кайсы предметтен берген мугалимден баласы тууралуу кенен маалымат алып жатышты. Окуучунун чыгармачылык дараметин ал жазган дилбаяндан, тарткан сүрөттөн, аткарган иштеринен көрүп, ыраазы болушту. Бул абдан мыкты усул! Эч кимдин кемчилиги баарынын көзүнчө айтылбайт! Ар бир ата-эне баласынын өсүп-өнүгүү потенциалы алдыда экенин туюп, сезет, мектепке, мугалимге болгон ишеними күчөйт».
Албетте, эгемендүү өлкөбүздө Бийик Рыскуловдой алдын өзүн өзгөртүп, анан башкаларды да өзгөрүүгө багыттаган алдыңкы педагогдор аз эмес. Алардын колдоосу, көмөгү аркылуу мугалимди өзгөртүүгө мезгил жетти деп ойлойм.
Анткени, мугалим өзгөрмөйүн, мектеп өзгөрбөйт…
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер