МУГАЛИМ ОЛИМПИНЕ МЫКТЫЛАР ЧЫКТЫ
- 05.10.2023
- 0
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы алдында республикалык “Жылдын мыкты мугалими — 2023” кароо-сынагына өлкөнүн жети дубанынан жана эки шаарынан тандалып келген мыктынын мыктылары күч сынашты. 1-орунга Ош шаарындагы №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Элнура АЛЕКОВА суурулуп чыкты. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда өткөн салтанаттуу аземде жеңүүчүлөр диплом, ноутбук, телевизор жана 1-орунду алгандар 100000 миң сом менен сыйланышты.
Мугалимге багытталган өлкө саясаты
Сынактын жыйынтыктоо аземин билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева ачып, ал 27 жыл мурда, эң оор мезгилде, т.а. 1996-жылы “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагында баш байгени утуп алганын, ошондон бери ушул тармакта иштеп келатканын айтып өттү.
— Быйыл билим берүү тармагына республикалык бюджеттен 63,5 млрд. сом бөлүндү. Сиздерге болгон бүтүндөй тоскоолдуктардын баарын жоюуга, мугалимге багытталган өлкө саясаты жүрүп жатат. Эң биринчи иретте, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы боюнча биз балдардын функционалдык сабаттуулугун 50%ке жогорулатышыбыз керек. Сиздер айткандай, жазууларды азайткан, жардамчы, китеп, методика жок деген шылтоону таштап, бүтүндөй санарип билим берүү кампасын түзүү иши иштеп жатат. Бул боюнча көп сунуштар бар. Эми өтө ылдамдатылган интернет менен камсыз кылуу иштери башталат. Бүгүнкү күндө мектеп администрацияларынын айлыктары жогорулады. Директорлордун айлыгы, буюрса өзүнүн жайгашкан катаал шартына жараша 48000 сомго чейин жетти. Дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк, өкмөттөн өтүнүп жатабыз бийик тоолуу балдардын тамагына берилген акчасын 10 сомдон 30 сомго, түз жерде жайгашкан балдардыкын 7 сомдон 21 сомго көтөрүүнү. Б.а. Президент, өкмөт тарабынан мугалимдерди толук колдоого багыт алынды. Эң мыкты мугалимдерди мектепке тартуу боюнча педагогикалык багытта окуткан жождордун 1-курсунун студенттери – 1000, 2-курста – 2000, 3-курс – 3000, 4-курста – 4000 сомдук стипендия берилип жатат. Педагогикалык бөлүмдөргө тапшыргандардын орточо тесттик баллы 160 баллга жетти. Эми жаңы муундагы мугалимдер биздин катарга келет деген чоң ишеним бар. Биз бир чындыкты моюнубузга алышыбыз керек — бул биздин жаратмандык ишибиз. Биздин ар бир ишибиз ар бир балага багытталышы керек. Биз баланы сүйөлү, кабыл алалы, чыныгы мугалим бололу, жоопкерчиликти моюнубузга алалы, натыйжа үчүн иштейли, себеби Кыргызстандын тагдыры — биз тарбиялап жаткан балдардын колунда. Биз 2025-жылы дүйнөлүк экономикалык шериктеш өлкөлөрдүн арасында үчүнчү жолу PISAдан өтөбүз. Ар бириңиздерди кылдаттык, жоопкерчилик, жаратмандык менен иштөөгө чакырамын, — деди Д.Кендирбаева.
Элнура АЛЕКОВА, Ош шаары, 1-орундун женүүчүсү
Биздин каарманыбыз Ош шаарындагы №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, үч баланын апасы.
Элнура алгачкы эмгек жолун №32 Жолон Мамытов атындагы мектептен баштаган.
— 2020-жылдан тарта Гапар Айтиев атындагы орто мектепте иштеп келе жатам. Мугалим – бул тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актёр, теңдеши жок жардамчы жана башкысы – чыныгы дос. Бүгүнкү күндө мугалимдиктен өткөн, жомоктошкон кесип болбосо керек. Бул кесип адамдан чын дили менен берилүүсүн талап кылып, кээде ден соолугуна зыянын тийгизет, бирок бул кесипти туура алып барууну билген адамга ал өтө чоң күч-кубатты жана энергияны тартуулап, өзүн башкаларга дагы керек экенин сезүүгө жардам берет. Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыктыларынын бири, — дейт жеңүүчү.
Ош шаарындагы жана облустагы англис тилчи мугалимдерине колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча атайы KG TESOL ассоциациясы түзүлгөн. Ошол ассоциациянын мүчөсү. Англис тилчи мугалимдерге тренинг жана семинарларды уюштуруп, сабак өтөт, тажрыйба алмашат.
Социалдык баракчалар аркылуу да сабактарын чыгарып, иш-тажрыйбасын жайылтууга аракет кылат.
Элнура бир нече долбоорлор менен дагы иш алып барат. Алсак: Медиасабак фонду тарабынан уюштурулган Мектеп медиа бурчу иштеп жатат жана анын жетекчиси болуп команда менен иш алып барат; Новый Ритм уюму тарабынан “Акыл карачач” долбоорун ишке ашырды. Долбоор боюнча Өзгөн районунун сегиз мектебине адам укуктары жана жарандык активдүүлүк боюнча семинар тренинг өткөрүп, жыйынтыгында сегиз мектеп аралык интеллектуалдык оюн өткөрдү; GOViral, FullBright долбоорлорунун активдүү катышуучусу; “Коом агартуучулар кыймылынын” мүчөсү; IPD уюму тарабынан колдоого алынган “Төлөйкөн жаш тынчтык куруучулар” клубун түзүп, жетектейт. Ал “Лингва” жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан камсыздалган SNER долбоорунун катышуучусу.
Анын эмгеги бааланып, ал Ош шаардык кеңешинин, ОшБББнын, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен, бир нече мекеме уюмдардын дипломдору, ыраазычылык каттары менен сыйланган. Ал бир нече конкурстун жеңүүчүсү.
Айпери КЕҢЕШ кызы, Ош облусу, 2-орундун ээси
Айпери Кеңеш кызы Ноокат районунун Н.Крупская атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
Айпери педагогикалык ишмердүүлүгүндө — “Салттуу билим жана заманбап технологиялар: баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер” XI эл аралык илимий-практикалык симпозиумдун жыйнагында “Мугалим, коомчулук жана ата-эненин мыкты кызматташуусу окуучуну ийгиликтүү инсанга айлантат” аттуу макаласы, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысына “Жаңы технологиялардын жардамында фразеологизмдерди окутуунун айрым ыкмалары” аттуу макаласы, Гумандуу педагогика (Түзгөн: Кыялбек Акматов) жыйнагында “Мугалимдин эң чоң белеги — окуучусунун бактылуу жылмаюусу” аттуу макалалары жарык көргөн.
Жараткан ийгиликтери үчүн Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин “Мыкты тилчи — 2015” номинациясы, Ноокат шаарынын “Жылдын мыкты жаш мугалими — 2017” номинациясы, Президентке караштуу Мамлекеттик тил коммисиясынын Ардак грамотасы, Билим берүү жана илим министринин Ыраазычылык каты, “Заманбап санарип колдонмо” номинациясынын ээси болгон.
2022-2023-окуу жылында өткөн “Жыл мугалими — 2023” кароо-сынагынын аймактык, райондук жана облустук этаптарында баш байгенин ээси болуп, сынактын республикалык этабында 2-орунду камсыз кылды.
Бексултан ИМАШОВ, Ат-Башы району, 3-орундун жеңүүчүсү
Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз адабияты сабагынын мугалими Бексултан Имашов келечекте көптү үмүттөндүргөн мугалим экенин сынакта тастыктады. Ал мектепте иштегенине болгону эки жыл гана болуптур. Ошого карабастан, тилинде мөөрү бар жаш мугалим 20 жылдык тажрыйбасы бар күчтүү мугалимдер менен ат салышты. Ал бат эле окуучуларды өзүнө тартып, сабакты жеңил түшүндүргөнү шаардык орус тилдүү мектебинин окуучуларына жакканын жашырышкан жок.
— Дүйнөдө педагогика деген түшүнүк тарыхый жактан алып караганда байыркы гректерде, байыркы римдиктерде алгач пайда болуп анан бара-бара бизге келип жетти деген ой менен жашап келебиз. Мен ойлойм кыргыздарда элдик педагогика алмустактан бери эле кыргыздын ой түшүнүгүндө, салтында, көчмөн цивилизациясында жашап келген. Кыргыз, керек болсо, баласын түйүлдүк кезинен баштап тарбиялап, коомго адептүү, баатыр, чечен, ошол эле учурда намыскөй кылып тарбиялап кошкон. Кыргыздын кыргыздыгы, анын макал-лакаптарында, ийненин көзүндөй болгон сөзгө инектей керек болсо ингендей болгон маанини батырып туюнта алганында. Мени да кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы тарбиялап мугалим кылды, — дейт Бексултан.
Элеттик мугалим манасчылык өнөргө 12-13 жаш курагында аралашкан. Сапарбек Касмамбетов, Назаркул Сейдракманов аталардын батасын алып, Рысбай Исаковго шакирт болуп, жетегинде жүрүп, жазма, акындык өнөрдү да жетилте алган. Анын бир топ прозалык аңгемелери, ырлары өз окурмандарын тапты.
«Жыл мугалими — 2023» кароо-сынагынын республикалык туруна 9-класстар үчүн «Семетей» эпосу боюнча сабак өтүп, калыстар тобунун купулуна толду. Жыйынтыгында мыктынын мыктыларына кошулуп, 3-орунду багындырды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер