МУГАЛИМ БОЛУУ — КҮЧТҮН ЭҢ ӨЗГӨЧӨ ТҮРҮ
- 21.09.2026
- 0
Анткени мугалимдин колунда — курал эмес, билим бар.
Бийлик эмес, таасир бар.
Байлык эмес, келечек бар.
Бүгүн ушул үч күч — билим, технология жана адамдык тарбия — өзгөчө кагылышкан мезгилде жашап жатабыз. Мындай учурда мугалимге тең салмактуулукту сактоо мурдагыдан да оор болуп калды.
Окуучунун көңүлүн ЖИ өзүнө тартып, телефон дүйнөсү башын айлантып, оюндар убактысын уурдап жаткан учурда, мугалим аны ошол дүйнөдөн сабакка кайра алып келүүгө аракет кылат.
Биз анын көңүлүн билимге бурабыз.
Мээсине билим сиңирүүгө аракет кылабыз.
Жүрөгүн түшүнөбүз.
Сезимин баалайбыз.
Билгенин толуктайбыз.
Билбегенин бышыктайбыз.
Билиминин сапатын жыйынтыктайбыз.
Анан анын ийгилигинен үмүт кылып, кийинки кадамын күтөбүз.
Бирок жаңылыктардан байма-бай: «Окута албайт», «билим бере албайт», «тарбиясы начар» деген сындарды угабыз.
Мугалимди сындаш оңой. Бирок анын ордуна туруп, бүгүнкү баланын көңүлүн билимге буруп көрүү — оңой эмес.
Ошондуктан коомчулуктан, бийликтен, ата-энелерден бир гана өтүнүчүбүз бар:
Мугалимди жалгыз калтырбаңыздар.
Сындагандан мурда түшүнөлү.
Талап кылгандан мурда шарт түзөлү.
Кемчилигин айтканда, чечимине да жардам берели.
Анткени мугалимдин ийгилиги — бир гана мугалимдин ийгилиги эмес.
Ал — баланын ийгилиги.
Баланын ийгилиги — үй-бүлөнүн үмүтү.
Ал эми билимдүү муун — бүтүндөй коомдун келечеги.
Мугалимге ишеним берели.
Мугалимди колдойлу.
Анткени бүгүнкү мугалимдин колунда — биздин эртеңибиз бар.
Ашира Кулишева