Мугалим адамгерчиликтин символу болуусу керек
- 18.07.2026
- 0
“Бир жылдык өмүрүңдү ойлосоң эгин эк, он жылдык өмүрүңдү ойлосоң дарак тик, түбөлүгүңдү ойлосоң билим ал” дешет. Демек, мугалимдик – бул түбөлүктүүлүктү жараткан кесип. Мугалимдик – бул адам баласына адам болуп жашоону үйрөтө турган кесип.
Мугалим болуу үчүн ар бир баланын үнүн, добушун комуздун кылдарын күүгө салып жаткандай уга билиш керек. Ошондо гана биз Казангаптай ата мурасын сактай билген, Танабайдай чынчыл, Орган карыядай кийинки муунга өмүр тартуулаган, Толгонайдай кайраттуу, Султанмураттай эмгекчил, Дүйшөндөй элинин келечеги үчүн жанын үрөгөн, илимдүү-билимдүү, адамгерчилиги бийик уул-кыздарды тарбиялай алабыз. Анткени, педагогдун эң башкы миссиясы – бул адам тарбиялоо. Балдарды тарбиялоодо адабияттын мааниси зор. Менин кыргыз тили жана адабияты предметин тандап алганымдын бирден бир себеби ушул. Ал эми ата-бабабыз мурастап кеткен сөз казынасын мекенибизде жашаган ар улуттун өкүлдөрүнө үйрөтүү өзүнчө бир сыймык. Мамлекетибиздин ар бир жараны Манастын тилинде сүйлөсө дейм. Өлкөнүн өнүгүшү, маданияты, тарыхы, салты өсүп келе жаткан жаш муунга тиешелүү. Келечек жаштардын колунда дейбиз. Ал эми ошол жаштардын келечеги мугалимдердин колунда. Демек, мугалимдер – мамлекетибиздин пайдубалын түптөөчүлөрбүз.
Мугалимдик үйрөнүп, окуп ала турган кесип эмес. Чыныгы мугалим болуу үчүн табият тартуу кылып берген талант болуш керек деп ойлойм. Тарбиячы өзү тарбиялуу болуш керек дешет. А мугалим болуу үчүн эң алгач АДАМ болуу керек. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” – деп айткандай, мугалим ар бир күнүн адам болуп жашоого аракет кылып жана ошол нерсени окуучуларына үйрөтүүсү керек.
Азыркы ааламдашуу шартында кантип жашоо керек экенин, кантип башкалардын ийгилигине чын дилден кубанууну үйрөнүү керектигин ар кандай тренингдерден, коучтардан акча төлөп окуп калышты. Ал эми бул сапат мугалимдердин табияты менен бир жаралган, бүткүл дене боюна сиңип турат. Ар бир күнү башка бирөөнүн эле баласынын ийгилигине маңдай жарыла кубанат, анын дагы бир нерсе билип алышы үчүн таңдан кечке ойлонот, изденет. Ошол түйшүк, ошол убаракерчилик менен жашайт. Жумуштан чыгып, үйгө барганда да, кашында үй-бүлөсү, балдары турса да оюнда эртеңки сабагы, же бүгүнкү бир окуучусунун жетишкен ийгилиги, алган жакшы баасы, же тескерисинче, жетише албай жаткан окуучусу жөнүндө ойлонот. Кээде ушундай учурларда үй-бүлөңдүн астында өзүңдү күнөөлүү сезген учурлар болот. Бирок баары бир башкача боло албайсың, анткени, сен мугалимсиң… Мыкты актер З.Е.Гердт: “Мугалим, врач жана актер-булар кесип эмес, бул тагдыр” – деп айткан экен. Мугалим болуп иштеген аз убакытта бул айтылган сөзгө толук ынандым.
Азыркы илим-техниканын өнүккөн заманында окуйм, үйрөнөм деген адамга бардык эшик ачык. Кайсы жактан болсун маалымат булагын таап, окуп, билип алса болот. Бирок мындай булактардан адамгерчиликти, адам болуп жашоону үйрөнүү мүмкүн эмес. Азыркы мезгилде мугалимдердин алдында турган эң башкы озуйпа – бул жаш муунду адеп-ахлакка, ыймандуулукка тарбиялоо. Ал үчүн мугалим өзү окуучулары үчүн адамгерчиликтин символу болууга тийиш. Бекеринен Чыңгыз Айтматов: “Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт” – деп айтпаса керек. Демек, келечек муунга айкөлдүктү, кенендикти, бийик адамгерчиликти үйрөтө тургандар биз – мугалимдербиз .
Ар бир окуучунун жан дүйнөсүнө жакшылыктын үрөнү болуп себилип, өсүп, өнүп жашоо кандай сонун!
Асел Таажы
Комментарийлер