Монголияда 12 жылдык билим берүүдө жатак мектептерге басым жасалган
- 06.12.2024
- 0
Монголиянын билим берүү министрлигинин алдындагы Улуттук билим берүү, изилдөө институтунун улук кызматкери Зульмира Жаубай айым өз өлкөсүндөгү 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу айтып берди.
— Монголия мамлекетинде учурда 871 мектепте 772 миңге жакын окуучу билим алууда. Аларга 37 миңге жакын мугалим билим берүүдө. Биздин өлкө жетекчилери 2008-жылы 12 жылдык окууну туура көрүп, этап менен өткөрүп, анын алгачкы артыкчылыгы катары ааламды таанып билүүгө басым жасалган. Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн 80 пайызы балдарга 12 жылдык билим берет. Ошондуктан дүйнөлүк билим берүү ыргагы менен бирдей жүрүү шартын туура көргөн эле. Экинчиден, кичинекей балдардын ой жүгүртүүсү, алар алты жашында өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп изденүүсү, алардын келечегине кам көрүү максатында чет өлкөлөрдө билим алууга кеңири жол ачуу маселелерин чечүү үчүн 12 жылдык билим берүүгө көчкөнбүз. Албетте, аны менен кошо көйгөйлөр, кыйынчылыктар, тоскоолдуктар, түмөн түйшүктөр болду. Учурда дагы деле көйгөйлөр арбын. Мурун айтып кеткендей, бул дүйнөлүк деңгээлдеги окуу аракетинен калбай, анан жаш курагына жараша билим берүү уланып жатат. 12 жылдык билим берүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу кеп кылсак, Монголия бул негизинен мал-чарбачылыгы менен алектенген өлкө. Ошондуктан малчылардын балдары үчүн 515 мектептин жатаканалары болсо, анда 36 миңдей окуучу жатып окууга мүмкүнчүлүк алышкан. Мамлекет үчүн алты жашар кичинекей балдардын мектепке келген убакыттагы жагдайын тууралап, аларга шарт түзүү эң биринчи маселе болгон. Талаа-түздө жашап келген жеткинчектер алгач мектепте дагы, жатаканада дагы көнүшү кыйынчылык жараткан. Жатаканада өз алдынча жашоого көнүп, ата-энесинен алыстаган балага мектепке кирип келүү биринчи көйгөй болсо, экинчиден баланын деңгээлине жараша окуу менен айкалыштырган оюндарды уюштуруу керек болгон. Башталгыч класстарда балдар оюнга кызыгат эмеспи. Ошондуктан баланын логикасын өстүргөн акыл жана кыймылдуу оюндарына басым жасалып, атайын окуу усулдары иштелип чыккан. Үчүнчү маселе, бала 12-классты аяктагандан кийин кесиптик билим алуу керек болгон. Ал маселелерди кийинчерээк караштырып, эми гана колго алына баштады. Азыр 10 жылдан кийин “кандай ката кеткенин, эмнени жакшыртып, эмнени кайра карашыбыз керек” деген сыяктуу маселелер козголуп, өкмөт мектептердеги балдардын коопсуздугуна байланыштуу алты жаштан сегиз жашка чейинки балдар ата-энесинин каалоосу менен мектепке кириши зарыл деген чечимге келди. Мектепте окуу-тарбиялык билим менен катар кесиптик билим берүү караштырылып жатат. Мурда биз жогорку класста окуган балдар деп айтсак, эми кесиптик класста окуган окуучу деп атайбыз.
— Ошондо балдарга мектепте кандай кесиптик билим берилет? Жана кыздар кандай багыттагы кесиптик билим алышат?
— Монголияда мектептерде кесиптик билим азыркы убакта бериле элек. Биздин өлкөдө ага азыртадан даярдыктарды көрүп жатабыз. “Кайсы жумуштарга муктаждык болуп жатканы иликтенип, кайсы мектепке кандай кесип боюнча билим берсек ыңгайлуу” деген суроо каралууда. Экинчиден, балдардын кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн эске алуубуз керек. Мисалы үчүн кыздар тигүүчүлүк, ашпозчулук ишмердигин, балдарга тизгинчилик (малчылык), башкача айтканда мал чарбасын өздөштүрө ала турган кесиптерди, курулуш жумуштарына ылайык кесиптер тандалууда. Баланын кызыгуусуна карай кесипке үйрөтүүчү класстарды өткөрүүнү ойлонуп, адис устаттарды даярдап, тыкыр пландап, тактап жатабыз. Учурда даярдык иш-чаралары гана болууда.
— Монголияда казак жана тыва улутундагы балдарга мамлекеттик тили башталгыч классынан баштап окутулабы?
— Монгол тили мамлекетинин тили болгону үчүн ал бардык мектептерде окутулат. Ал эми казак жана тыва улутунун балдары окуган мектептерде мамлекеттик тил экинчи класстан баштап окутула баштайт.
— Сиздердин өлкөдө дагы тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга кабыл алынабы?
— Бизде дагы 12-классты аяктаган окуучулар жалпы билим боюнча тест тапшырат. Окуу жылынын аягына жакын мамлекеттик тилде, апрель айында өлкө боюнча жалпы тестирлөө болот. Анан окуу жылынын аягында окуучунун каалаган сабагы боюнча мамлекеттик тестирлөө өтүлөт, жогорку окуу жайларына тандоо каралат. Жогорку упай алган балдар өзү каалаган кесип боюнча Жогорку окуу жайларга тапшыра алышат. Быйылкы жылы 99 миңге жакын окуучу мектепти бүтүрдү.
— Канча мектепте казак тилинде билим алууга мүмкүнчүлүктөр бар?
— Сиздердин өлкөдө орус, өзбек жана тажик тилдеринде билим берген расмий статуска ээ мектептер бар эмеспи. Ушул мектептерде мамлекеттик тил катары кыргыз тили дагы окутулуп жатканы жакшы саамалык. Ал эми Монголияда “казак мектеби” деген расмий статус берилген бир дагы мектеп жок. Ошондуктан монгол жана казак тилдеринде мектептерде балдар билим алат.
— Окуу куралдары жөнүндө эмне дей аласыз? Казак тилинде окуу куралдары, китептер жетиштүүбү?
— Албетте, биринчи класстан бешинчи класска чейин ар бир баланын тилине шайкеш монголчодон котормолор жасалып чыгып, сөздүктөр даярдалып жатат. Чынында окуу куралдарын даярдоо маселелеринде көйгөйлөр бар. Монголия жана Казакстан менен ар дайым карым-катнаш, достук байланыш дагы жакшы. Казакстан мамлекети казак тилдериндеги окуу куралдары, китептер, методикалык, усул жагынан жардам берип, колдоого алып турушат. Ошондой эле Тыва автономиялык республикасы менен да байланышыбыз тыгыз. Казакстандан адабий китептерди көп жиберип турат. Казак тилинде окуткан мугалимдердин билимин жогорулатуу маселеси май айында каралган.
— Казак, тыва, монгол тилдеринен сырткары башка чет тилдер да окутулабы?
— Монголиянын мектептеринде англис жана орус тилдери окутулат, тыва тили – бизде чет тил катары жазылган. Ал эми айрым мектептерде орус тили башынан бери окутулуп келүүдө. Мындан тышкары, кытай, корей, немис, жапон тилдерин үйрөнүүгө дилгир балдар үчүн ийримдер, курстар да бар.
— Билим берүү тармагындагы Кыргызстан менен Монголиянын кызматташтыгына кандай карайсыз?
— Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы менен кызматташтыгыбыз мурдатан бери болуп келген. Азыр да жигердүү улантылып жатат. Көп тилде билим берүү маселеси боюнча мен Кыргызстанга үчүнчү жолу келип, тажрыйба алмашып жатам. Сиздердин билим берүү тармагынан үйрөнө турган тажрыйба, усулдар арбын. 12 жылдык билим берүүдө даярдыгыңыздар дагы ыкчам, учур талабына ылайык тез жүрүп жатканы кубандырат. Ошондой эле мектептерде дароо кесиптик билим берүүгө басым жасалып жатканы дагы жакшы саамалык. Бизде бул маселе 15 жылдан кийин гана эми колго алынганы турат. Көп тилдүү билим берүү багыты дагы Кыргызстанда жакшы жолго коюлган. Ошондуктан сиздерди үлгү тутуп, казак жана тыва тилдерин башка чет тилдери менен бир убакытта окутууну алып кетүү тажрыйбасын сиздерден үйрөнүп жатабыз.
Кабыл Макешов,
“Кут Билим”
Комментарийлер