МЕНЕДЖЕРЛИКТИН БИЙИК ӨРНӨГҮН КӨРСӨТҮП КЕТТИ

  • 11.06.2021
  • 0

Күзүндө шайлоо болот деп, мамлекетте абал чайпала баштаган кезде Каныбек агай мени чакыртыптыр. Барсам: “Алдыда кырдаал кандай жагына оойт, билбейм, Иштегениме туура бир жыл болуп калды. Дагы канча иштейм, белгисиз, отчет катары жакшы бир маек куралык”, — деп калды. Ал күн жума болгондуктан, шейшембиде элдин аягы суюлуп калган кезде сүйлөшөлүк деп чечтик.

Тилекке каршы, ошол бойдон агайдын убактысы болбой койду. Болжогон күнү күтүүсүздөн чет мамлекетке иш сапарга кетип калды. Андан кийин да такыр убакыт таппады. Ошону менен октябрда бийлик алмашып, агайды министрлик кызматтан алып коюшту. Андан көп узабай эле шум ажал арабыздан алып кетти.

Колумда агайдын бир жылда аткарылган иштери жазылган кагаздары калды. Канча жолу кармалап, бир сыйра көз жүгүртүп, ыргытып салганга колум барбай жүргөн. Көрсө, алдыда агай жөнүндө дагы бир эскерүү жазуу вазийпасы турган экен.

Каныбек Абдуваситович өзү мыкты реформатор болчу. Мындай өзгөчөлүгүн министр болуп турганда дагы көрсөтө алды. Бир жылдын ичинде бир топ иш бүтүрдү. Жолдуу да белем, жетекчи болуп келээри менен Кыргызстандагы баардык мугалимдердин эмгек акысы педагогикалык билимине карабай, 30%га жогорулады. Алардын эмгек акысын эсептөө автоматташтырылып, эмгек акыны берүүдөгү коррупциялык тобокелчиликтер жокко чыгарылды. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу дистанттык жол менен жүргүзүлө баштады. Ал үчүн Республикалык мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунда беш компьютердик класс ачылды. Кыргызстандагы 30 инновациялык мектепке түрдүү багыттагы 300 лабораториялык жабдыктар орнотулуп, жаңы окуу эмеректери, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, интерактивдүү доскалар, сервердик жабдыктар жана видеоконференциялык байланыш системалары менен камсыздалды. Бул Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун негизинде ишке ашты.

Каныбек Исаков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо багытында иштеген 39 бей-
өкмөт уюмдун башын бириктирген «Жаңырык» тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, 2019-2023-жылдарга Өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүү концепциясын жана программасын ишке ашырууну талкуулап, бул жаатта да бир топ иштерди баштаган.

Каныбек агай министр болуп турган кезде Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки стратегиясы иштелип бүтүп, Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. Эне тилинин өнүгүшүнө Каныбек Абдуваситовичтей күйгөн жетекчи болбосо керек. Министр болгон күндөн тарта мамлекеттик тилди үйрөтүүгө олуттуу мамиле жасап, орус, өзбек, тажик тилдүү мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилин В1 деңгээлинде билиши керек деген чечим кабыл алынып, тиешелүү иштер аткарыла баштаган.

Кудай деле адамдын күчүнө, эркине жараша сыноо берет окшойт. Каныбек агайдын жетекчилик ишмердиги кыйын учурга, башкача айтканда, COVID-19 пандемиясы убагына туш келди. Баардык билим берүү мекемелери даярдыгы жок кезде аралыктан окууга өттү. Ошол кыйын кырдаалдан күчтүү командасы менен жалпы билим берүү тармагын аксатпай чыгарып кете алды. Мектеп окуучулары үчүн видеосабактар тартылып, методикалык колдонмолор иштелип чыкты. Бир катар электрондук-интернет ресурстары түзүлдү. Былтыркы окуу жылынын 4-чейреги үчүн эле 1,5 миңден ашуун видеосабак тартылып, алардын сапатын жакшыртуу үчүн методикалык колдонмолор иштелип чыкты. Республиканын мугалимдерине жана методисттерине дистанттык окутуунун негиздери боюнча атайын вебинарлардын сериясы өткөрүлүп, өнөктөштөрдүн жардамы менен электрондук-интернет ресурстары түзүлдү. Азыр электрондук китепканадан жүздөгөн окуу китептерин, 300дөн ашуун көркөм адабий китептерди табууга болот. Окуу китептер https://lib.kg/lib/school/ дарегине жайгаштырылып, башталгыч класстар үчүн жети предмет боюнча электрондук программалык-методикалык iBilim комплекси кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталган. 5-9-класстар үчүн математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча окуу материалдарынын БИЛИМ БУЛАГЫ мультимедиялык комплекси сунушталган.

Министрлик ошол кезде “КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫ” билим берүү порталын түзүп, ага 1-11-класстардын окуу материалдары, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видео сабактар, өнүктүрүүчү оюндар ж.б. жүктөлгөн. Буга кошумча “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” деген аталыштагы you-tube каналы да ачылган.

Каныбек агай мугалимдин коомдогу кадыр-баркын көтөрүүнү негизги приоритеттүү багыт деп эсептеп, ар дайым агартуучуларга дем, шык, мотивация берип турчу. Ал үчүн сынактарды да уюштурган. Агайдын демилгеси менен пандемия учурунда бир топ мектептер, үй-бүлөлөр телевизор, компьютерлүү да болгон.

Былтыр баштап койгон кыска нөөмөттүү 500 бала бакча ачуу демилгеси быйыл ишке ашырылууда. Бул долбоорду ишке ашыруу менен бала бакчага болгон муктаждыкты азайтып, 1200 мектепти компьютердик класстар жана электрондук китепканалар менен жабдуу, 38 миң мугалимди базалык санариптик ык/көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча окутуулардан өткөрүү, 15 миң мугалимди табигый-илимий предметтерди окутуунун жана башталгыч класстарда окууну коррекциялоо методологиясын үйрөтүү, санариптик окуу материалдарын, виртуалдык лабораториялык сабактарды иштеп чыгуу, которуу, адаптациялоо жумуштары жасалат деген изги пландары бар эле. Аны менен катар эле окуучулардын табигый-илимий түрмөктөгү предметтер боюнча компетенцияларын жана функционалдык сабаттуулугун баалоо боюнча онлайн тесттер иштелип чыгып, педагогдорго окутуунун жыйынтыктарын баалоо ыкмаларын жана жаңы деңгээлдеги тесттерди берүү аркылуу мектептеги жалпы билим берүүгө мамилени өзгөртүүгө шарт түзүлмөк.

Былтыр кырдаалга байланыштуу жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди онлайн кабыл алуу боюнча кыска мөөнөттө “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан. Ал жакшы жыйынтык берип, быйыл дагы улантылууда.

Эң башкысы чет өлкөлүк окуу жайларга бюджеттик орундар үчүн конкурска катышуу жараянына ачык-айкындыкты киргизип, таланттуу балдарга жол ачып кетти деп ишенимдүү айта алам. Себеби буга чейин чет өлкөнүн ЖОЖдоруна кабыл алуу кандай жүргүзүлүп келгенин жакшы эле билебиз. Бул жакка ачык-айкындыкты киргизүүдө бир топ бут тосуулар, кысымдар болгону айтпасак да белгилүү. Бир жолу жолукканыбызда ушул ишти ишке ашыруу эң оор болгонун, жогору жактан түрдүү кысымдарга кабылганын, бирок ага да карабай баштаган ишти аягына чыгарып жатканын айткан эле. Бул быйыл да уланып, Венгрия менен Кытайдын ЖОЖдоруна кабыл алуу ачык-айкын жүргүзүлүп, татыктуулар гана тандалып алынды.

Кыскасы, агайдын күчү менен министрликте жана жалпы билим берүү тармагында көп олуттуу иштер аткарылды. Агайдын бир жылда аткарган иштеринин баарына токтоло албадым. Орчундууларын гана тизмектеп өттүм.

Анын мыкты менеджер экенин, инвестиция тартуу жагынан дагы алдына киши салбаган жакшы жөндөмү бар экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ага ОшМУда жасалган иштер өзү эле далил болуп турат. Ал иштери аркылуу Каныбек Исаков жогорку окуу жайларынын ректорлоруна менеджерликтин мыкты үлгүсүн көрсөтүп кетти. Кесиптештери дагы аны “РЕКТОР-КУРУУЧУ” деп сыппатап жүрүшкөнүн билем. Бир эле мисал – ректор болуп турган кезде ОшМУга 14-15 имарат курууга жетишкени эле кандай зор иш!

Эмне дейбиз, кудайдын буйругунан качып кутула албайт экенбиз. Агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кудайым бейишинен орун берсин. Агайдын артында мыкты шакирттеринен турган чоң мектеп калды. Ошол шакирттери атын өчүрбөй, баштаган ишин аягына чыгарат деген ишеним чоң.

Агайдын үй-бүлөсү шакирттери менен биргеликте өткөн жумада Ош мамлекеттик университетинде эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. Үй-бүлөсү тарабынан демилгеленип уюштурулган «Исаков ырларда» аттуу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Кыргыз филологиясы жана журналистика, эл аралык медицина факультеттериндеги
Каныбек Исаков атындагы кааналар да ачылды. Бул агайдын жаркын элесине арналган иш-чаралардын акыркысы болбойт. Үй-бүлөсүнүн, шакирттеринин, кесиптештеринин, замандаштарынын эсинде агайдын элеси реформатор жетекчи катары түбөлүк сакталып кала берет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер