МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

  • 29.12.2021
  • 0

Республикалык педагогикалык август кеңешмесинде билим берүү жана илим министри Б.Купешев ар бир билим берүү мекемелерине, жалпы педагогикалык жамааттарга жана жетекчилерге этап-этап боюнча аткарылуучу жумуштардын мазмунун, эң негизги милдеттерин баса белгилеген эле. Бул милдеттердин ичинен жалпы орто билим берүүчү мектептердин алдына коюлган милдеттердин бири – технологияларды өнүктүрүү, санариптештирүү. Жаңы технологияларды өнүктүрүү жаңы технологиялардын потенциалын өздөштүрүүнү, санариптик көндүмдөргө окутууну талап кылат. Ушуга байланыштуу билим берүү системасынын алдында окутуучулардын жана окуучулардын арасында компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу, санариптик технологияларды эске алуу менен билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү, өзгөрүп туруучу технологиялык чөйрө аркылуу аралыктан жана башка формада билим берүүнү күчөтүү зарылдыгы жогорулайт.

МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 2017-2021, 2021-2022-окуу жылдарында окуу процессин санариптештирүү багытында кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу мектеп-лицейдин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Касымалиев кабарчыбызга айтып берди.

Электрондук китеп – окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө өбөлгө түзөт

— Биз 2017-жылдын ноябрь айынан баштап Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин арасынан биринчилерден болуп окуу процессине электрондук китептерди SunRav информациялык системасынын жардамы менен түзүп, окуу процессинде колдоно баштаганбыз. Электрондук китептер – окуучулардын өз алдынча иштеп билимин өнүктүрүүгө багытталган электрондук окуу материалы болуп саналат. Алгач SunRav информациялык системасында электрондук окуу китептерин түзүүнүн ыкмаларын мектеп-лицейинин мугалимдерине үйрөтүү боюнча атайын курс уюштурулду. Ага чейин мугалимдердин компьютерде иштөө деңгээли кандай экендигин аныктап алган элек. 2018-жылы Кыргызстан ГАЗпром компаниясынын жардамы менен 20 компьютер алып, анын негизинде атайын мультимедиалык лаборатория ачтык да, электрондук китептерди предметтер боюнча түзүүгө жигердүү кириштик. Алгач табигый илимдер багытындагы предметтер боюнча түзүлдү. 2018-2019-окуу жылында мугалимдердин жардамы менен 20 окуу китебин түзүп бүтүрдүк. Натыйжада негизги максат – стандарттын негизинде түзүлгөн окуу китептеринин электрондук вариантын SunRav системасына киргизип, дагы кошумча ар бир сабакка керек болгон презентацияларды, аудио, видеоматериалдарды рационалдуу пайдалануу жана ар бир теманын мазмунуна ылайыкталган предметтер боюнча тесттерди түзүп чыгып, системага киргизүү жумуштары аткарылды.

МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

Азыркы учурда мектеп-лицейибизде 3219 окуучуга математикалык (математика, физика, информатика), табигый (химия, биология) профилдери боюнча тереңдетилип окутулат.

2019-2020-окуу жылында мектеп предметтери боюнча 42 электрондук китеп түзүлүп, окуу процессинде колдонулуп окутула баштады. Электрондук окуу китептерин колдонуунун негизги максаты – окуучуларды өз алдынча окууга багыттоо менен билим сапатын көтөрүү, ар бир сабактын көрсөтмөлүү, жандуу болушу, ошону менен бирге окуучулардын билимдерин тесттердин түрлөрү менен алган билимдеринин сапатын баалоо.

Электрондук окуу китептери — окуу китептин мазмунун, темага ылайыктуу аудио-видеоматериалдарды, презентацияларды жана мазмунду камтыган тесттерден турат.

Мектеп-лицейдин мугалимдери модифицирленген программалар менен иштешет. Мына ушул программаларда берилген кошумча маалыматтар электрондук китепте өзгөчөлөнүп көрсөтүлүп турат. Электрондук окуу китепти түзүүдө мугалимден көп убакыт, көп эмгек талап кылынат, бирок анын жардамы менен өтүлгөн сабактар окуучулар үчүн жеткиликтүү, көрсөтмөлүү болот.

2020-2021-окуу жылында мугалимдер электрондук журнал жана электрондук күндөлүк менен иштеп баштагандан бери кагаз түрүндөгү журналды колдонбой калышты.

МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

Онлайн окууга кошкон салымы

“Акылдуу мектеп” долбоору боюнча физика, химия кабинеттерине окуу эмеректери алынып, дээрлик бардык окуу класстарына видеобайкоолор орнотулду.

2019-2020-окуу жылынын III чейрегинин аягында дүйнөдө тараган таажы вирусуна байланыштуу окуулар токтотулганы маалым. IV чейрек 8-апрелден тартып окуулар online жана дистанттык негизде жүргүзүлүп, мугалимдер тарабынан classroom, мультисабак, ЯКласс, zoom, ж.б. программалардын негизинде кайтарым байланыштар жүргүзүлдү.

Мындан сырткары мектеп-лицейдин 33 мугалими: кыргыз тили, химия, физика, информатика, дене тарбия, математика (алгебра жана геометрия), башталгыч класстарга кыргыз тилинен, тарых предметтеринен (бардыгы 210 саат) ЭлТР телевидениеси тарабынан видеосабактарга тартылып, жалпы республиканын окуучулары үчүн көрсөтүлдү. Мына ушундай онлайн окутуу 2020-2021-окуу жылында да улантылды.

Аралыктан окуу мезгилинде 33 мугалим предметтер боюнча видеосабактарды тартууга катышкан.

2019-2020-окуу жылында Электрондук мектеп информациялык системасын ишке киргизүү (Электрондук журнал “ЭЛЖУР”, электрондук күндөлүк) толук апробациядан өттү.

Ал эми 2020-2021-окуу жылында “Электрондук мектеп” информациялык системасы (ЯКЛАСС) окуу процессине толугу менен пайдаланып, билим сапатын жогорулатууда жана окуучуларды өз алдынча иштөөгө үйрөтүүдө зор салымын кошуп жатат. ЯКласс электрондук мектеп информациялык системасы кадимки салттуу окуу процессин автоматташтыруу болуп саналат.

ЯКласс информациялык системасы бизге эмне берет?

Кыргыз тилиндеги 65 окуу электрондук китептери ЯКласс информациялык системасына киргизилген. Мында мугалим окуучуга предметтер боюнча тапшырмаларды берет. Окуучулар тапшырмаларды ЯКласс системасына кирип аткаргандан кийин система өзү берилген жоопту баалап электрондук журналга түшүрөт. Мына ошентип окуу процессин онлайн режиминде өтүүгө жакшы шарт түзүлөт. Өз алдынча предметтерди окуу учурундагы тапшырмаларды кандай аткаруу керек экендигин ар бир окуучуга үйрөткөндөн кийин онлайн режиминдеги окутуу жогорку деңгээлде өтөт десек жаңылышпайбыз. Мугалим онлайн режиминде тапшырмаларды берип, бааларын электрондук журналдан көргөндөн кийин кезектеги сабактарды улантып өтө берет.

Электрондук мектеп ЯКласс ар кайсы предметтер боюнча сабак берген мугалимдер үчүн кызыктуу методикалык жактан пайдалуу онлайн вебинарларды уюштуруп турат. Жыйынтыгында ар бир мугалим активдүү катышып сертификаттарга ээ болушту.

ЯКласс жеке Россия билим берүү системасында колдонулбастан, Арменияда, Белоруссияда, Өзбек-станда, Казакстанда колдонулуп жаткан мезгили.

Азыркы учурда ЯКласстагы предметтер боюнча иштөөдө чогулткан баллдары боюнча Кыргыз Республикасынын ичиндеги 52 мектептен 1-орунда, ал эми Россия Федерациясынын ичиндеги мектептердин арасынан 3-орунда турабыз.

Мектептин сайты түзүлүп, анда окуу процессинде план боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар, күнүмдүк сабактын жүгүртмөсү, чыгармачыл белгилүү инсандар менен жолугушуулар ж.б. УИТМЛ туурасында маалыматтар жарыяланып турат.

2021-2022-окуу жылында мугалимдердин арасынан Нурмира Табалдиева, Рахатбек уулу Абай, Чолпон Асаналиевалардын илимий иштеринин темалары бекитилип аспирантурага тапшырды.

Мелискан Асанова, Жайнак Ибрагимов, Таалайкүл Иманкасымова өздөрүнүн илимий иштери боюнча илимий макалаларды даярдап диссертациялык жумуштарынын 50% ашыгыраак бөлүгүн аяктап калды. Ал эми кесиптештерибиз Гүлнара Сейисова, Нурсултан
Кошалиев магистратурада окуп жатышат. Ушул окуу процессинде информациялык системаларды калыптандырып иштөө багытында докторлук диссертация жазылып, мектептеги окуу процессинде илимий практикалык апробациядан өтүп жатат. Дээрлик бардык илимий иштер мектептеги окуу процессин санариптештирүү багытында жүргүзүлүүдө.

Окуу жылынын аягында “Жалпы орто билим берүүчү мектептерде окуу процессин санариптештирүү — учурдун талабы” деген республикалык деңгээлде Кыргыз билим берүү академиясы менен бирдикте илимий-практикалык конференция өтүү пландалууда. Мындай багыттагы электрондук китептерди түзүү, электрондук журнал менен иштөө жана электрондук мектеп информациялык системалары менен иштөөдөгү топтолгон методикалык практикалык тажрыйбалары менен республиканын мектептерине бөлүшүүгө А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин педагогикалык коллективи даяр десек болот.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер