МЕКТЕПТЕГИ КООПСУЗДУК: ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
- 19.11.2026
- 0
Кыргызстандын мектептеринде окуучулар арасындагы зомбулуктун алдын алуу, балдардын психологиялык коопсуздугун камсыздоо жана тарбия иштерин өркүндөтүү багытында бир катар жаңы демилгелер ишке ашырылууда.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында билим берүү уюмдарындагы зомбулук маселелерин жана балдарды коргоо абалын аныктоо максатында улуттук изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында окуучулар арасындагы зомбулук калк жыш жайгашкан аймактарда көбүрөөк катталары аныкталган. Бул багытта Бишкек шаары, Чүй, Ош, Баткен облустары жана Ош шаары алдыңкы орундарда турат. 
Изилдөөдө зомбулуктун үч негизги түрү белгиленген. Алар — психологиялык жана физикалык зомбулук, ошондой эле кибербуллинг. Бул көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн мектептерде балдардын көйгөйлөрүн ачык билдирүүсүнө шарт түзгөн механизмдер киргизилүүдө.
Атап айтканда, «Э-Күндөлүк» тиркемесине «Коркпо, билдир!» аттуу анонимдик функция кошулган. 2025–2026-окуу жылында жумушчу тартипте ишке киргизилген бул функция аркылуу окуучулар өздөрүнө же башкаларга карата жасалган зомбулук тууралуу маалыматты Агартуу министрлигине жана Ички иштер министрлигине жашыруун жөнөтө алышат. Түшкөн билдирүүлөр талдоодон өткөрүлүп, зарыл болгон учурда аймактагы тиешелүү органдарга тапшырмалар берилет. Көрүлгөн чаралар тууралуу окуучуга кайра маалымат жөнөтүлөт. 
Учурда аталган механизмди автоматташтыруу, анын иштөө тартибин жөнгө салуучу жобону иштеп чыгуу, башка мамлекеттик органдар менен кызматташууну кеңейтүү жана мониторинг, баалоо системасын киргизүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, мектептердеги тарбия иштерин системалуу уюштуруу максатында атайын программа бекитилген. Жаңы мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, тарбиялык темалар башталгыч класстар үчүн «Мен жана дүйнө», ал эми орто жана жогорку класстар үчүн «Адам жана коом» предметтерине интеграцияланган. Ошондой эле Агартуу министрлигинин коллегиясынын 2026-жылдын 26-августундагы чечими менен жалпы билим берүү уюмдары үчүн тарбия иштеринин программасы кабыл алынган.
Балдардын коопсуздугу жана укук бузуулардын алдын алуу иштеринде мугалимдердин даярдыгына да өзгөчө көңүл бурулууда. Зомбулук, басмырлоо, эрте нике, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар, коррупция, баңгизаттарды колдонуу жана радикализм сыяктуу маселелер боюнча 15 миңден ашык мугалим онлайн жана оффлайн форматта окутуудан өтүп, усулдук материалдар менен камсыздалган.
Ата-эне, мугалим жана окуучунун ортосундагы байланышты бекемдөө үчүн бардык мектептерге «Ата-энелер мектеби» программасы киргизилген. Учурда аны жаңылоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн үй-бүлөдөгү мамилесин жакшыртуу максатында «Манас КОД» оюну боюнча кыргыз жана орус тилдериндеги мобилдик тиркеме иштелип чыккан. 
Балдардын интеллектуалдык жөндөмүн өнүктүрүү жана бош убактысын пайдалуу уюштуруу багытында да жаңы кадамдар жасалууда. Президенттин 2026-жылдын 3-июнундагы шахматты өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын алкагында 2026–2027-окуу жылында 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат сабактары пилоттук негизде киргизилүүдө. Долбоорго өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 500 мектеп тандалып алынган. Шахмат ийримдерин жүргүзө турган 500 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу иштери башталып, мектептерди тиешелүү шаймандар менен камсыздоо каралган. 
Ошондой эле окуучулардын психологиялык абалын эрте аныктоо жана аларга кесипкөй жардам көрсөтүү максатында мектептерге психологдун штаттык бирдиги расмий киргизилди. Окуучулардын санына жараша 100дөн 275ке чейин бала окуган мектептерге 0,25, 276дан 550гө чейин окуучусу бар мектептерге 0,5, ал эми 551 жана андан көп окуучусу бар мектептерге бир штаттык бирдик каралган.

Мындан сырткары, коррупциянын, зомбулуктун, эрте никенин, экстремизмдин жана баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу максатында жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен социалдык видеоматериалдар даярдалып, коомчулукка жайылтылууда.
Жалпысынан бул демилгелер мектептеги тарбия иштерин сабактан тышкаркы иш-чаралар менен гана чектебестен, баланын психологиялык абалын, укугун, коопсуздугун жана коомдогу жүрүм-турумун камтыган комплекстүү системага айландырууга багытталган.
Асел КЕНЖЕБЕК КЫЗЫ, «Кут Билим»