МЕКТЕПТЕР ОРУС ТИЛДҮҮ МУГАЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

  • 17.12.2020
  • 0

Республиканын мектептеринде орус тилдүү адистер тартыш. Айрыкча, башталгыч класстарга орус тилдүү мугалимдер жетишпейт. Адистер анын себебин ЖОЖдор кесиптик багыт берүү иштерин жетиштүү түрдө жүргүзүшпөйт деп эсептешет.

Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыз кылуу жана кадрдык кызмат башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, Кыргызстанда педкадрларды даярдаган 12 жогорку жана төрт атайын орто окуу жайларынан 2019-2020-окуу жылында 2040 бүтүрүүчү билим алган. Жаңы окуу жылына карата 2250 мугалим керек болсо, ушул тапта 647 мугалим жетишпейт, т.а. мектептер 80 пайыз толукталган.

МЕКТЕПТЕР ОРУС ТИЛДҮҮ МУГАЛИМДЕРГЕ МУКТАЖ

Баш калаада, борборго жакын жайгашкан жана ошондой эле, алыскы аймактардагы мектептер педагогикалык кадрлар менен кандай деңгээлде камсыз болгондугун билүү максатында, кээ бир райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен байланышканыбызда, басымдуу көпчүлүгүндө орус тилдүү адистер, физика, химия, математика сыяктуу так предметтеринин мугалимдери жетишпей жатканы маалым болду. Айрыкча, башталгыч класстардын мугалимдерине таңсыздык жогору болуп жатканы байкалат.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси Надира
Саякбаева билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 15-декабрына карата алынган маалымат боюнча 140 вакансия бар: басымдуу көпчүлүгү башталгыч мектептин орус тилдүү класстарына математика, информатика жана музыка предметтеринин адистери тартыш болууда. Ошол эле учурда 2020-2021-окуу жылында 230 жаш мугалим ишке кабыл алынган.

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы
Болот Иманалиевден алган маалыматтарга таянсак,
район боюнча 60 мугалимге ваканттык орун бар. Бирок бул албетте, мугалимдердин жетишсиздигинен тигил же бул предметтер өтүлбөй калды дегенди билдирбейт.

Район көп улуттуу жана борбор калаага жакын жайгашкандыгы маалым. Бул аймактагы мектептердин басымдуу көпчүлүгү орус тилинде билим беришет, ошондуктан орус тилдүү мугалимдер жетишпейт: айрыкча, башталгыч класстын мугалимдери, математика, химия, англис тили, орус тили, орус адабияты, дене тарбия мугалимдери тартыш. Болот Иманалиевдин айтымында, жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, аймактагы мектептер жаш кадрлар менен толукталып турат. Айыл жергесиндеги мектептерге жолдомо менен да жаш кадрлар келишет. Быйылкы окуу жылына 19 жаш кадр келген.

Ушундай эле абалды эң алыскы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы жана Кара-Көл шаарындагы мектептерден байкоого болот. Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиевден алган маалымат боюнча, райондогу 14 мектепке эмгек, чийүү, сүрөт сыяктуу предметтерден сегиз мугалим жетишпей келген. РайБББнын башчысынын айтымында алар да орус тилдүү адистерге муктаж болушкан, бирок учурда ал орундар жаш адистер менен толукталып, бардык сабактар өз ыргагында жүрүп жатат.

Ал эми алыскы аймактарга кирген Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы мектептерде мугалимдер али жетишсиз бойдон калууда. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиеванын айтымында, мугалимдик адистикке ээ болгондордун басымдуу көпчүлүгү кыргыз мектептеринде иштөөгө ылайыктуу, ошол себептен бөлүмгө келип түшкөн 200дөй резюменин ээси учурда жумуш күтүү кезегинде турат.

– Кара-Көл шаарындагы алты орто жана эки башталгыч мектепте жалпысынан 275 мугалим эмгектенет. Жаңы окуу жылы демейдегиден өзгөчө кырдаалда башталбадыбы, биз бирок жылдагыдай эле мониторинг жүргүзүп, жалпы кырдаалга үзгүлтүксүз баа берип турабыз. Азыркы учурда өзгөчө орус тилинде билим берген башталгыч класстын мугалимдери жетишпей жатат: тагыраак айтканда, үч башталгыч класстын мугалими, эки физика мугалими, эки музыка мугалими жана орус тили жана адабиятынан орус тилдүү класстарга мугалим жок. Мугалимдер такыр эле тартыш деп айтууга болбойт, себеби менде эле 200гө жакын жаш адистин резюмеси турат. Менин акыркы учурда байкаганым – орус тилдүү адистердин тартыштыгы күчөп бараткандай, — дейт Алымкан Бопоновна. Жетекчинин жеке көз карашында, педагогикалык кадрларды даярдаган жогорку окуу жайлар жер-жерлерде, айрыкча, алыскы аймактарда кесипке багыт берүү иштерин жетишерлик жүргүзбөй жатышкандай.

– Орус тилинде билим бере турган педагогикалык кадрлар жокко эсе болуп баратканы тынчсыздандырбай койбойт. Мен бизге керектүү адистерди табуу максатында жождорго барып, өз алдымча сурамжылоо жүргүзгөнүмдө, башталгыч класстын мугалими, химия, биология, физика предметтери боюнча орус тилдүү тайпалар толбой жатканын айтышат, башкача айтканда, орус тилинде окуган жаштарыбыз педагогикалык адистикке кызыгышпайт шекилдүү. Антейин десек, акыркы жылдары мурдагыдай эптеп эле диплом алуу үчүн эмес, өзү сүйүп, иштей турган кесипке ээ болууну эңсегендер, анын ичинде педагог болууну каалагандардын саны өсүп жатканы байкалууда. Мугалимдик кесип айрыкча, аймактарда өтө популярдуу экендиги жашыруун эмес. Анткени мугалимдер – иш менен туруктуу камсыз болгондор. Ошондой болсо да, болочок педагог адистерди даярдаган окуу жайлар мындан ары мектептер менен өз ара тыгыз иш алып барышса, пропагандалашса, мугалимдерге атайын жеңилдиктер берилсе, дурус болоор беле. Мисалы, мен бизге иштөөгө келген адистерге туш тараптан колдоо көрсөткөнгө даярмын, — дейт, иштин чоо-жайын иликтеген жетекчи.

Айтмакчы, жазында, тагыраагы, окуу жылы аяктаар алдында мектеп бүтүрүүчүлөрү кандай кесиптерди көбүрөөк тандашаары тууралуу кызыкканыбызда, акыркы мезгилде жаштар арасында мугалимдик кесипке артыкчылык бергендер көбөйүп баратканы байкалган. Мындай пикирин билдирген Кемин районундагы М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинин директору Дүйшөн Койлубаев, быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен мыкты деген баага аяктаган кыздардын арасында келечекте мугалим болууну каалагандар арбын экенин айтып сүйүнгөн эле. Аны менен байланышканыбызда, ал кыздардын максаты ишке ашып, жогорку окуу жайларда окуп жатышканын айтып сүйүнчүлөдү.

– Эсиңиздеби, жазында сиз менен сүйлөшкөндө, эки бүтүрүүчүбүз мугалимдик кесипти тандап алганын айттым эле? Орозбекова Айжан учурда БМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетинде окуса, Азамат кызы Салия Эл аралык инновациялык технологиялар институтунун студенти, ал эми дагы бир кызыбыз – Уланбек кызы Нестан Токмок шаарындагы индустриалдык-педагогикалык колледжинде окуп жатат. Алар Жаңы жылдан кийин биздин мектепке өндүрүштүк практикага келе тургандыгын билдиришти. Өзүбүздүн бүтүрүүчүлөр ушинтип өз тууруна кайтып, жеткинчектерге заманбап билим берүүгө салым кошобуз деген мүдөөлөрүн билдирип турушса, мугалим үчүн мындан артык сыймык болбос, — дейт Дүйшөн Мусаевич.

Дүйшөн агайдын биз менен бөлүшө турган дагы жаңылыктары бар экен.

– М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинин педагогикалык жамааты 2019-2020-жаңы окуу жылына даярдануу боюнча район боюнча эң мыкты деп табылды. Мына ушундай жагымдуу кабарлар менен эски жылды жыйынтыктап жатабыз десем болот. Быйыл биздин жамаатыбыз Абдиева Перизада аттуу жаш адис менен толукталды. Ал өзү окуусун жаңы аяктаса да, өз ишин тың билгендиги байкалууда, — деп кошумчалады ал.

Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде башталгыч класстардын мугалими кесибине ээ болгон Перизада Абдиева, эс тартканы мугалим болууну эңсеп келгенин айтты.

– Бала кезимден бери мугалим болууну эңсечүмүн. Себеби ата-энем да физик мугалимдер эле, тилекке каршы, атамдын көзү өтүп кеткен, апам азыр пенсияда. Андан тышкары, байке-жеңелерим да мугалимдер. Балким ошондонбу, биздин үй-бүлөбүздө мугалимдик кесипти аздектеп-баалашат. Мугалим болуу кыялым ишке ашып, минтип мугалим болуп иштеп жатам, учурда 480 сааттык даярдоо класстарын окутам, классымда 13 окуучу бар. Жамаат мени жакшы тосуп алды, баары кеп-кеңештерин айтышып, эмне жардам керек болсо, жок дешпейт, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, насаатчы мугалимдериме, айрыкча, башталгыч класстын мугалими, 34 жылдык эмгек тажрыйбасы бар Жыпар Куралбаева эжейиме терең ыраазычылыгымды билдирип койгум келет, — дейт, жаш адис Перизада.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер