МЕКТЕПТЕР 2030: ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ — ӨЗГӨРГӨН МЕКТЕП
- 28.05.2026
- 0

Кыргызстандын тоолуу аймактарынан тартып, өлкөнүн борбору Бишкек шаарына чейин акыркы коңгуроонун үнү жаңырып, мектеп короолорундагы шаңдуу күлкү акырындап жайкы эс алуунун тынчтыгына орун бошоткон ушул күндөрдө, аяктап жаткан окуу жылына көз жүгүрткөндө бир нерсе өзгөчө сезилет: 2025–2026-окуу жылы көп мектептер жана мугалимдер үчүн жөн гана окуу жылы болбостон, изденүүнүн, өзгөрүүнүн жылы болду.

класста иштеп жаткан окуучулар, топтук иш
Бул жыл — мектептик билим берүүдө олуттуу өзгөрүүлөр байкалып, окутуунун мазмуну менен ыкмалары жаңыланып, мугалимдин ролу өзгөрүп, ал жөн гана маалымат берүүчү эмес, окуу процессин уюштуруучу жана багыттоочу болуп баратканы, ал эми окуучулар активдүү катышуучу, өз алдынча ойлонгон жана изилдөө жүргүзгөн окуучуга айлана баштаганы менен өзгөчөлөнгөн мезгил болду.
Анткени акыркы жылдары дүйнө тез өзгөрүп, анын таасири менен балдардын да ой жүгүртүүсү, кызыгуусу жана окууга болгон мамилеси өзгөрдү. Бүгүнкү окуучу жөн гана маалыматты угуп же жаттап коюуну каалабайт. Ал жаңы маалыматты терең түшүнгүсү келет, өз колу менен аткарып, сынап көргүсү келет, өз оюн айтууну, суроо берүүнү, каталардан кайра үйрөнүүнү каалайт. Мына ушул өзгөрүүнү эң биринчи болуп сезип, өз ишинде ишке ашыра баштагандар, албетте мугалимдер болду.

мугалим окуучулар менен талкуу жүргүзүп жаткан учур
Мектептер2030 программасына катышкан педагогдор билим берүүдө эң татаал, бирок эң баалуу кадамга барышты: алар даяр жооп берүүнүн ордуна балдар менен бирге изденүүнү, изилдөөнү жана көйгөйдү чечүүнү тандашты.
Бул жөн гана методикалык өзгөрүү эмес эле. Бул — мугалимдин ички дүйнөсүндөгү өзгөрүү болду.
Анткени көп жылдар бою калыптанган “мугалим сүйлөйт — окуучу угат” деген түшүнүктөн чыгып, “мугалим менен окуучу бирге ойлонот” деген жаңы маданиятка өтүү чоң сабырдуулукту, кесипкөйлүктү жана руханий кайратты талап кылат.

лаборатория, эксперимент жасап жаткан окуучулар
Бишкектеги чоң мектептерден тартып алыскы тоо арасындагы чакан билим берүү мекемелерине чейин мугалимдер сабакты кайрадан жандандырышты. Мисалга, Бишкек шаарында жайгашкан №65 жалпы билим берүү мектебинде сабактар класстын ичинде гана өтпөстөн, андан сырткары да өтүлө баштады. Мугалимдер окуучулар менен бирге Эко-лидерлер чечимин ишке ашырып, окуучулардын сынчыл ойлом, жоопкерчиликти ала билүү көндүмдөрүн арттырууга жетишти. Билим окуу китептин ичинде кала бербестен, турмуш менен байланыша баштады.
жаратылышта окуучулардын изилдөө иштери
Балдар суунун сапатын текшеришти, абанын булганышын өлчөштү, жердин нымдуулугун изилдешти, жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү байкап, аларды математика, биология, география жана адабият менен байланыштырып үйрөнүштү.
Бир караганда бул жөн гана жаңы ыкмадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок чындыгында бул — билим берүүгө болгон көз караштын өзгөрүшү эле.
Анткени окуучу өзүн жөн гана тапшырма аткаруучу эмес, дүйнөнү түшүнүүгө аракет кылган инсан катары сезе баштады.
Мындай өзгөрүүнүн артында жүздөгөн мугалимдердин көзгө көрүнбөгөн эмгеги турат: эртеден кечке чейин созулган даярдыктар, кайра-кайра өзгөртүлгөн сабак пландары, ар бир окуучунун үнүн угууга болгон аракет, жаңылуудан коркпой эксперимент жасоо, кээде чарчап турса да баланын келечеги үчүн кайрадан күч табуу.

мугалимдер жыйыны, мектеп жетекчилиги менен иштөө
Мына ушул эмгек өлкөбүздөгү билим берүүнүн жаңы демине айланды.
Айрыкча мектеп жетекчилеринин ролу өзгөчө маанилүү болду. Анткени өзгөрүү жалгыз мугалимдин аракети менен эмес, ишенимге негизделген мектеп маданияты аркылуу жаралат. Өз педагогдорун колдогон, жаңы идеяларга жол ачкан, “ката кетиргенден коркпостон, алардан үйрөн” деп дем берген жетекчилер болбогондо, мындай өзгөрүү мынчалык терең болмок эмес.

окуучулар изилдөө жүргүзүп жаткан учур
Мектептер2030 программасынын жетишкендиги — жаңы имараттар же заманбап жабдуулар эмес. Анын эң чоң жетишкендиги — мектептерде ишеним атмосферасынын жаралышы болду.
Окуучу өз оюн айтуудан коркпогон атмосфера. Мугалим өзү дагы үйрөнүүдөн уялбаган атмосфера. Суроо берүү баалуулукка айланган атмосфера.
Бүгүн өлкөбүздүн жүздөгөн мектептеринде балдар билимди жаттап гана калбастан, аны жашоо менен байланыштырууну үйрөнүп жатышат.

окуучулар топто иштеп жаткан учур
Алар климат тууралуу окуп гана койбостон, айлана-чөйрөгө кам көрүүнү өз жоопкерчилиги катары сезе башташты. Алар лидерлик тууралуу теорияны гана окубастан, бири-бирин угуп, команда менен иштөөнү үйрөнүштү.
Мындай өзгөрүүлөрдү сан менен өлчөө мүмкүн эмес. Аны окуучунун көзүндөгү ишенимден гана байкоого болот. Мугалимге кайрадан суроо берип баштаган баладан көрүүгө болот. Өз оюн айтуудан тартынбай калган класстан сезүүгө болот.

окуучулар
Балким, дал ушул өзгөрүү бүгүнкү билим берүү системасындагы жаңы идеяларга жана инновацияларга даяр болгон мектепке эң зарыл болгон нерсе эле.
Анткени келечектин мектеби — бул жөн гана жогорку упай алган окуучуларды даярдаган жай эмес. Ал өз оюн айта алган, коомго кайдыгер карабаган, ой жүгүртө билген, жоопкерчиликтүү адамдарды тарбиялаган мейкиндик болушу керек.
Мектептер2030 программасына катышкан бардык мугалимдерге, мектеп жетекчилерине жана билим берүү коомчулугуна бүгүн өзгөчө ыраазычылык айтууга негиз бар.
Сиздер жөн гана сабак өтүп койбостон, ар бир окуучунун дүйнөгө болгон ишенимин өзгөрттүңүздөр. Сиздер мектепти мүмкүнчүлүк мейкиндигине айландырууга аракет кылдыңыздар. Сиздер билимди жүрөккө жеткирдиңиздер.
Анткени кайсы бир жерде мугалим жаңы идеяны ойлоп жатат. Кайсы бир жерде окуучу табият тууралуу эжейден сурайм деп жаңы суроону жазып койду. Кайсы бир жерде мектеп жетекчиси кийинки окуу жыл мындан да ийгиликтүү өтүшүнө пландарды коюп, өнүгүүгө карай изденүүчүлүк жана жаратмандык менен иштеп жатат.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мектептер2030 программасына катышкан ар бир мугалимге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин ишиниңиздерге болгон берүүлүңүздөр чыдамкайлыгыңыздар, чыгармачылыгыңыздар, окуучулардын келечегине болгон ишенимиңиздер бүгүнкү өзгөрүүнүн башкы күчүнө айланды.
Жалпы Мектептер2030 программасынын глобалдык жана улуттук командасынын атынан акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна, Кыргыз билим берүү академиясына кызматташтык үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Ошондой эле мектеп жетекчилерине, райондук жана шаардык билим берүү мекемелерине, жана ар бир мугалим эжей-агайларга өзгөчө алкыш айтабыз! Мугалим менен окуучунун үнүн коомчулукка жеткирип, билим берүү тармагындагы жаңылыктарды, үмүттү жана өзгөрүүнү чагылдырып келген «Кут Билим» редакциясына да терең ыраазычылык билдиребиз!
Анткени окуу — ырыс, билим — чырак!
Назира Жолдошбекова — Ага Хан Фондунун билим берүү программасынын жетекчиси,
Мектептер2030 программасынын улуттук координатору,
Регионалдык координаторлор — Торобекова Фарида, Курманбекова Назгүл,
Турсунбай кызы Ырыскуль, консультант — Джунушалиева Калиман
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер