МЕКТЕПТЕН КОЛ ҮЗБӨГӨН ОКУМУШТУУ

  • 06.10.2025
  • 0

Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты Бактыгүл РЫСПАЕВА 70 жашка чыкты.

МЕКТЕПТЕН КОЛ ҮЗБӨГӨН ОКУМУШТУУ

Белгилүү окумуштуу Бактыгүл Рыспаева Кыргыз билим берүү академиясында Табигый-илимий математикалык билим берүү лабораториясынын башчысы кызматын 2015-жылдан бери аркалап келет. Ошол эле учурда Ыссык-Ата районундагы Динара Мамашова атындагы мектебинин экспериментатор химия мугалими болуп да эмгектенүүдө. Ооба, эжей бир кезде мектепте иштеп жүрүп, илимге аралашкандыктанбы, илимдин ийне менен кудук казгандай түйшүктүү жолуна карабай, мектептен кол үзбөй, теорияны практикада айкалыштырып, мугалимдер менен эриш-аркак иштөөдө. Мындай жаны тынбаган издемчил окумуштуунун баскан изине сереп салуу биз үчүн сыймык дээр элек.

Каарманыбыз Бактыгүл эжейдин өмүр жолуна кыскача көз чаптырсак, Жети-Өгүз районунун Жети-өгүз айылында 1955-жылдын 20-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Атасы Рыспаев Самыйбек партиялык кызматты аркаласа, апасы Созулкан мектепте физика мугалими эле. Эжейдин айтымында, ал университетте окуп жүргөндө эле илимге болгон кызыгуусу артып, конфернецияларда илимий баяндамаларды жасап, окутуучулардын назарына илинип, үмүт арттыра баштаган. Кийин өмүрлүк жолдошу Макешов Дүйшөнкулдун жумушуна байланыштуу, 1978-жылдан тарта республиканын ар түрдүү аймактарындагы мектептерде химия мугалими болуп иштеген. Эжей мектепте мугалим катары иштөө менен бирге эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп баштаган. 1989-жылы Кыргыз педагогикалык илим изилдөө институтунун аспирантурасынын сырттан окуу бөлүмүнө кирип, «Химияны тереңдерип окутуунун мазмунунун илимий-методикалык негиздери» темада диссертациялык ишин жазган. Химияны тереңдетип окутуунун мазмунун илимий-методикалык негиздерин теориялык жана практикалык жактан негиздеп жыйынтыгында, жалпы педагогика жана билим берүүнүн тарыхы, окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) боюнча жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон.

МЕКТЕПТЕН КОЛ ҮЗБӨГӨН ОКУМУШТУУ

Эжейдин ийгилиги мектептен башталган десек болот. Тынбаган тырышчаактыгы менен “Жылдын мугалими-1991” конкурсунда Ыссык- Көл областы боюнча жеңүүчүсү болгон. Анын окуучулары химия предмети боюнча олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп турган. Союз убагында бир окуучусу «Бүткүл союздук олимпиадага катышып, СССРдин Сибир илимдер академиясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

 

Эжей жогоруда баса белгилегендей 1978-жылдан баштап бүгүнкү жылдар аралыгында да мектептен бир күн да кол үзбөй теория менен практиканы айкалыштырып төмөнкү мектептерде жаш муундарга химия паредмети боюнча мугалим болуп эмгектенүү менен жаш муундарга билим, тарбия берип келүүдө.

Эмесе окумуштуунун мектепте иштеген жылдарын тизмелеп көрөлүчү: Ал 1978-1981- жылдарда Ыссык- Көл областынын Ак-Суу районунун Мичурин атындагы орто мектебинде химия мугалим; 1981-1985- жылдарда Ыссык- Көл областынын Түп районунун Кайкин атындагы орто мектебинде химия мугалим; 1985-1992- жылдарда Ыссык- Көл областынын Жети-Өгүз районунун Ленин атындагы орто мектебинде химия мугалим; 1992-1995-жылдарда Ыссык- Көл областынын Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде химия мугалим; 1995-2001- жылдарда Бишкек шаарынын №67 мектеп гимназия мектебинде химия мугалим; 2001- 2005-жылдарда Ыссык- Көл областынын Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде химия мугалими; 2005-жылдан тарта Чүй областынын Динара Мамашова атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде учурга чейин экспериментатор химия мугалими болуп эмгектенүүдө. Көрүнүп тургандай, бардык эле мугалим ушундай мектептен илимге чейинки жолду баса бербесе керек. Буга эмне деген түйшүктүү эрк, эмне деген деңгээл, даярдык керек экендиги айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Б.Рыспаева 2010-жылдан баштап Кыргыз билим берүү академиясында жетектөөчү илимий кызматкер, 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Табигый-илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын башчысы болуп эмгектенүүдө.

Ал эмгектенген 2014-2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Жалпы билим берүүчү уюмдарынын 8-11-класстары үчүн компетенттик мамилеге негизделген, күтүлүүчү натыйжага багытталган химиялык билим берүүнүн предметтик стандарттары, анын талабына ылайык окуу программалары иштелип, ага карата окуу-методикалык комплексттери (окуу китеби, окуу- методикалык колдонмолор) иштелип чыкты. Көрүнүп тургандай, эжей университетти бүткөн жылдардан баштап бүгүнкү күнгө чейин жалаң гана билим берүү тармагында эмгектенип, эчендеген жаш муундарга билим тарбия берип келди. Мектепте окуучулар менен гана иштебестен илимий педагогикалык ишмердүүлүгүн арттырган. Карап көрсөк окуу процессинде пайдаланып жаткан көптөгөн нормативдик документтерди, окуу-методикалык комплекстерди, илимий-педагогикалык-методикалык эмгектерди иштеп чыкты. 45тен ашуун илимий макалаларды республикалык, чет өлкөлүк басылмаларда жарыялады. Ал жүздөгөн эл аралык окуулардын сертификаттарына, илимий эмгектеринин автордук патенттерине ээ.

Эжейдин илимий ишмердигинин натыйжалуулугун караңыз, анын катышуусунда жана жетекчилиги астында иштелип чыккан химия предмети боюнча 8-11- класстар үчүн 6 предметтик стандарт (1996-ж , 2006- ж, 2015- ж, 2018- ж, 2022- ж, 2025- ж) 8ден ашуун окуу программалары (анын ичинде химияны тереңдетип окутуу программасы да бар) жогорку сапаттагы 8-10 класстар үчүн химия окуу китептери, мугалимдер үчүн көптөгөн методикалык колдонмолор бар. Мугалимдердин август кеңешмесине карата методикалык сунуштар, окуучулар үчүн окуу куралдар ( жумушчу дептерлер, химия боюнча маселелер көнүгүүлөр жыйнактары ж.б.) азыркы учурда мектептерде кеңири колдонулуп келет. МЕКТЕПТЕН КОЛ ҮЗБӨГӨН ОКУМУШТУУ

Предметтик стандарттар жана окуу программаларына келсек, 2006-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн химия предмети боюнча предметтик стандарттардын, окуу программалардын негизги авторлорунун бири болуп, 8-10-класска чейинки иштеп чыккан окуу китептери орус, өзбек, тажик тилдерине которулуп, Кыргызстандын мектептери окуу процессинде ийгиликтүү пайдаланууда. Анын эмгектери 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү платформаларын түзүү, компетенттүүлүккө негизделген мамилени калыптандыруу жаатында өзгөчө мааниге ээ. Учурда Кыргыз Республикасынын 12 жылдык билим берүүнү трансформациялоого карата «Жалпы билим берүүчү уюмдардын 7-12 -класстары үчүн Химиялык билим берүүнүн предметтик стандарты» Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын14-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде Рыспаева Бактыгүлдүн жетекчилигинде иштелип чыкты. Предметтик стандарттын негизинде окуу программалар иштелип чыгып аны ишке ашырууда Кыргызстандын дээрлик химия мугалимдерин байма-бай онлайн жана офлайн форматта жетектеп, семинарларды уюштурууда.

ЭМГЕКТЕН КЕЛГЕН ИЙГИЛИК

Жогоруда тизмектеген эмгектер эжейдин учурдагы билим берүү системасына кошкон өзгөчө салымы деп айтаар элек. Ал адамдар менен иштөөнү билген кылдат педагог, гумандуу, боорукер инсан. Өзүнө коюлган милдеттерди так аткара алган, билим берүүдөгү жаңы реформаларга дайыма салымын кошууга умтулуп, келечек үчүн чаалыкпай иштеген илимпоз эжебиздин педагогикалык ишмердүүлүгү коомчулук тарабынан бийик бааланып келет. Ага КРнын Элге билим берүүсүнүн мыктысы төш белгиси, Ардак грамотасы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси жана Ардак грамотасы, Кыргыз билим берүү академиясынын, Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары ыйгарылган. Эл аралык аялдар конгресси тарабынан “Жылдын мыкты айымы” Алтын медалы (2019), “Жылдын мыкты окумуштуу автору» диплому (2016), 2008 -жылы педагогикалык жана тарбиялык иш аракетинде жогорку деңгээлдеги ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан тышкары СССР дин Сибир илимдер академиясынын 1987- жылы Бүткүл союздук олимпиадага химия боюнча окуучуларды сапаттуу даярдагандыгы үчүн да Ардак грамотага арзыган. Бул сыйлыктар эжейдин илимий жана практикалык ишмердүүлүгүн күзгүдөй чагылдырып турат. Өзүнүн бүткүл өмүрүн педагогикага, илимге арнаган эжей 4 баланын энеси, 12 неберенин чоң энеси. Уул, кыздары өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келет. Неберелери жогорку окуу жайларда ийгиликтүү билим алышууда.

МЕКТЕПТЕН КОЛ ҮЗБӨГӨН ОКУМУШТУУ

Сөзүмдүн акырында Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев Б.Рысбаеванын эмгегине берген баасын кыстара кетүүнү туура таптым. Агай мындай деп жазган:

 

“Рыспаева Бактыгүл Самыйбековна- өз кесибине берилген, талыкпай изденген, илим менен практиканы айкалыштырган, билим берүү системасын өркүндөтүүгө зор салым кошкон инсандардын бири. Анын 70 жылдык өмүрү — бүтүндөй педагогикалык коомчулук үчүн үлгү боло турган, чыныгы окутуучу-илимпоздун өрнөктүү жолунун мисалы. Ал бүгүнкү күндө да активдүү эмгектенип, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын мазмунун жаңылоо боюнча демилгелерге баш-көз болууда. Ушундай мыкты педагогдун илимий жана практикалык ишмердүүлүгү келечек муун мугалимдери үчүн багыт берүүчү компас катары кала берет”. Ак сөз, бийик баа.

Ооба, орошон окумуштуунун баскан жолун, илимдеги ийгиликтерин бул чакан макалага сыйдыра албайбыз. Эжейдин эмгеги туурасында кеңири, терең анализге алып кеп куруу, ага илимдеги, мектептеги ишин баалап ачып берүү иши али алдыда деп ойлойбуз. Биз бул мааракелик макалада эжейдин зор эмгегинин бир бүктөмүн гана кеп кылдык.

Сизге узак өмүр, бактылуу жашоо каалап кетмекчибиз.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер