МЕКТЕПТЕГИ СМАРТФОН: ПАЙДАСЫН КӨР, ЗЫЯНЫНАН КАЧ

  • 24.06.2026
  • 0

Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен кошо мектептин ичинде смартфондордун орду тууралуу талаш-тартыштар токтобой келет. Бир жагынан телефон — маалымат алуунун жана байланыштын ыңгайлуу куралы болсо, экинчи жагынан — окуу процессине жолтоо болгон негизги факторлордун бири. Кыргызстандын мектептериндеги уюлдук телефондорду колдонуунун эреже тартибин, реалдуу абалды жана коомдун пикирди карап көрөлү.

Мыйзамда эмне деп айтылат?

“Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам бир жыл мурда кабыл алынган.

Мыйзамдагы негизги эрежелер жана талаптар:

  • Үнсүз режим: Мектепке киргенде бардык окуучулар телефондорун үнсүз режимге коюуга милдеттүү.
  • Атайын кутучалар: Сабак учурунда телефондорду партанын үстүндө кармоого же колдонууга тыюу салынат. Алар ар бир класстагы атайын кутучаларга же сактоочу жайларга коюлушу керек.
  • Колдонууга уруксат берилген учурлар: Телефонду сабактарда мобилдик түзүлүштөрдү пайдалануу зарылчылыгы көрсөтүлгөн учурда жана сабактар арасындагы тыныгууларда жана өзгөчө кырдаал учурларында гана колдонууга жол берилет. Смартфондорду сабак маалында бир гана учурда — мугалимдин уруксаты менен, кандайдыр бир интерактивдүү тапшырманы аткаруу же санариптик окуу куралдарын колдонуу зарыл болгондо гана иштетүүгө уруксат берилет.
  • Кубаттоого жана тартууга тыюу салуу: Мектептин аймагында телефондорду кубаттоого, ошондой эле уруксатсыз сүрөткө же видеого тартууга катуу тыюу салынат.
  • Тыныгуу учурунда мобилдик түзүлүштөр аркылуу сүйлөшүү этиканы сактоо менен тынч жана кыска жүргүзүлүүсү зарыл. Окуучу эле эмес, мугалимге дагы окуу процесси учурунда мобилдик түзүлүштөрдү зарыл болбогон учурда колдонууга тыюу салынат.

Эрежелерди аткаруу тартиби кандай?

Иш жүзүндө бул эрежелердин аткарылышы мектептин жетекчилигине, мугалимдердин талапчылдыгына жана ата-энелер менен түзүлгөн келишимдерге байланыштуу. Учурда өлкө мектептеринде бул маселе негизинен үч түрдүү жол менен чечилип келет:

«Смартфонсуз сабак»

Эки жыл мурда Бишкектеги №70 мектепте “Смартфонсуз сабак” пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бардык класстарда окуучулардын телефондору үчүн уячалар орнотулуп, сабак башталар алдында окуучулар өздөрүнүн номерлүү уячасына гаджеттерди калтырып коюп жүрүштү. Долбоор алкагында иштелип чыккан эрежелерге ылайык окуучулар тыныгуу учурунда гана смартфондорду колдонуп, ата-энелерине, туугандарына телефон чала алышты.

-Долбоор  биринчи кезекте балдардын ден соолугуна маани берди. Окуучулардын көңүлүн сабакка толугу менен буруу класстагы билим сапатынын жана көрсөткүчтөрдүн жогорулашына алып келди. Белгилүү болгондой, кадимки класстарда  балдардын көбү окуу процессинде да телефон менен отура беришет, анткени мугалимдердин физикалык жактан бардыгын көзөмөлдөөгө убактысы жок. Дагы бир маанилүү жагдай – окуучулардын социалдашуусу, б.а. гаджеттеги оюндар аркылуу эмес, бири-бири менен жандуу баарлашуусу аркылуу ишке ашты, — дешет демилгечилер.

Кийинчерээк бул долбоор Биринчи Май районундагы 22 мектепте ишке ашырылып, ага 1 миң 801 куту сатып алынганын кошумчалай кетели.

Эркин, бирок көзөмөлдөнгөн тартип

Айрым мектептерде телефондор окуучулардын портфелинде турат. Сабак учурунда столдун үстүнө чыгарууга тыюу салынат. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, бул ыкмада окуучулардын алаксып, мугалим билбей калган учурларда телефон чукуган учурлары көп кездешет.

МЕКТЕПТЕГИ СМАРТФОН: ПАЙДАСЫН КӨР, ЗЫЯНЫНАН КАЧ

Тыныгуудагы чектөөлөр

Кээ бир билим берүү мекемелеринде сабак учурунда эле эмес, тыныгуу учурунда да телефондорду чыгарууга чектөө коюлган. Мындагы максат – балдарга телефонгго алаксыбай,  бири-бири менен жандуу баарлашуусуна шарт түзүү.

Негизги кооптонуулар

Эрежелер кагаз жүзүндө канчалык жакшы жазылбасын, мектеп чөйрөсүндө бир катар олуттуу маселелер бойдон калууда:

  • Окууга кунт коюнун төмөндөшү: Телефонго келген билдирүүлөр, социалдык тармактардагы жаңылыктар окуучуну алаксытып, мугалимдин берген маалыматын толук өздөштүрүүгө тоскоолдук жаратат.
  • Психологиялык көз карандылык жана кумар: Смартфонго байланган балдар сабак учурунда да оюндан же виртуалдык дүйнөдөн чыга албай, стресске кабылышат.
  • Кибербуллинг жана этика: Сабак учурунда мугалимдерди же классташтарын жашыруун видеого, сүрөткө тартып, социалдык тармактарга тараткан учурлар кездешет. Бул мектептеги моралдык-психологиялык климатка терс таасирин тийгизүүдө.
  • Социалдык теңсиздик: Кымбат баалуу смартфондор окуучулардын арасында материалдык айырмачылыкты көрсөтүп, ич ара бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн.

Коомдун пикири

Бул маселеде коом бирдиктүү пикирге келе элек жана тараптардын жүйөлөрү ар түрдүү.

Мугалимдер смартфондорду сабак учурунда бүт жыйнап алуу туура дейт. Анткени, телефон жок болгондо окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу, талкууларга катышуусу байкалаарлык жогорулайт. Смартфон — билим берүүнүн эмес, алаксытуунун куралы болуп калды деген көз караш үстөмдүк кылууда.

Ата-энелердин пикири экиге бөлүнөт. Биринчи тарабы баласынын коопсуздугу үчүн дайыма байланышта болууну каалашат. Мектепке баратканда, кайтканда баламан кабар алып турсак дейт. Көп ата-энелер мектепте телефонду таптакыр алып коюуга каршы, бирок сабак убагында алып коюуга каршы эмес. Ошол эле убакта чектөөлөрдү толук колдогон да ата-энелер бар. Алар телефон балдардын көзүн гана зыян болбостон, окуусуна да кедерги болуп атканын жүйө тартышат.

Адистерге келсек, алар маселени түз эле тыюу салуу менен чечүү мүмкүн эмес экенин эскертишет. Заманбап билим берүүдө санариптешүү жүрүп жаткандыктан, балага тыюу салуу эмес, ага медиа сабаттуулукту жана телефонду туура багытта колдонуу маданиятын үйрөтүү маанилүү.

Мектептерде смартфондорду колдонууну жөнгө салуу — бул бир гана мугалимдин же директордун милдети эмес. Бул маселеде мектеп, ата-эне жана окуучунун ортосунда бирдиктүү, түшүнүктүү келишим болушу шарт. Санарип дүйнөнүн пайдалуу тарабын билимге багыттап, зыяндуу тарабынан баланы коргоо — бүгүнкү күндүн башкы талабы.

К. Асангазы

Бөлүшүү

Комментарийлер