МЕКТЕПТЕГИ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТӨҢКӨРҮШ: ПРЕЗИДЕНТТИК ЖАРЛЫК ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТӨТ?
- 10.06.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү системасы акыркы жылдары чоң өзгөрүүлөргө кириптер болууда. Бул багыттагы эң маанилүү жана талкуу жараткан кадамдардын бири – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон “2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы болду. Мамлекеттик деңгээлдеги бул демилге билим берүү чөйрөсүндө чоң жаңылык катары кабыл алынып, коомчулукта, адистердин жана тажрыйбалуу машыктыруучулардын арасында кызуу талкууларды жаратты.
ЖАРЛЫККА ЧЕЙИН: ЖЕКЕ ДЕМИЛГЕГЕ ТАЯНГАН ШАХМАТ ЖАНА БОРБОРДОГУ «БУМ»
ACO версиясы боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Чолпонбек Тиленбаев Президентибиз Садыр Жапаров кол койгон бул Жарлык убагында кабыл алынган эң керектүү чечим болгонун жашырбайт. Бул Жарлыкка чейин кыргыз мектептеринде, өзгөчө мамлекеттик билим берүү мекемелеринде шахматтын орду системалуу эмес, кокустук мүнөзгө ээ болчу. Шахмат көбүнчө факультативдик же ийрим деңгээлинде, ал дагы мектеп жетекчилигинин же айрым демилгелүү мугалимдердин гана каалоосу менен уюштурулуп келген.
Бирок, акыркы 6-7 жыл ичинде өлкөдө, өзгөчө Бишкек шаарында шахмат боюнча чоң «бум» байкалганын танууга болбойт. Бул кубулуш мамлекеттик программалардын эмес, толугу менен жеке менчик шахмат борборлорунун (мисалы, Бактыгүл Тиленбаеванын борбору ж.б.) ачылышы жана ата-энелердин суроо-талабынын негизинде ишке ашты. Жеке менчик мектептер шахматты өз жарнамаларынын башкы куралына айлантышты, анткени ата-энелер бул спорттун баланын акыл-эсин, эс тутумун жана ой жүгүртүүсүн өстүрөрүн терең түшүнүп калышкан.
Ошентсе да, бул ийгиликтер тар чөйрөдө гана калып, каражаты бар үй-бүлөлөрдүн балдарына гана жеткиликтүү болуп келген. Ал эми аймактардагы жана катардагы мамлекеттик мектептердин окуучулары бул интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөн сыртта калышкан. Ошондой эле, машыктыруучулардын эмгегин баалоодо да мүчүлүштүктөр бар эле. Мисалы, ФИДЕ тарабынан 2022-жылы «Азиядагы эң мыкты аял машыктыруучу» деп таанылган Бактыгүл Тиленбаевага туура үч жылдан кийин гана расмий кишилердин кийлигишүүсү менен «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамы берилген.
ЖАРЛЫКТАН КИЙИН: СИСТЕМАГА КИРГЕН ШАХМАТ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО
Президенттин Жарлыгы бул абалды түп-тамырынан бери өзгөртүүнү көздөйт. Эми шахматты өнүктүрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды. Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген бул стратегиялык кадам коомдогу интеллектуалдык теңчиликти орнотууга багытталган.
Жарлыкка ылайык, төмөнкүдөй чоң өзгөрүүлөр күтүлүүдө:
- Пилоттук долбоор: 2026–2027-окуу жылынан тартып өлкө боюнча 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында 3–5-класстардын окуучулары үчүн «Мектептердеги шахмат» долбоору пилоттук режимде этап-этабы менен киргизилет.
- Программа жана кадрлар: 3–5-класстар үчүн кошумча билим берүүнүн типтүү программасы иштелип чыгып, педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо камсыз кылынат.
- Фонд жана стимул: Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлүп, Президенттин атайын сыйлыктары («Жылдын мыкты шахматчысы», «Жылдын мыкты машыктыруучусу») уюштурулат.
- Мониторинг: 10 ай өткөндөн кийин долбоордун жыйынтыктарына мониторинг жана баалоо жүргүзүлүп, андан аркы кадамдар аныкталат.
Бул өзгөрүүлөр шахматты жөн гана оюн эмес, мамлекеттик деңгээлдеги билим берүү куралына айлантат.
ДЕГИ ЭЛЕ ОКУУЧУЛАРГА ШАХМАТ КЕРЕКПИ?
Бул суроого адистердин да, дүйнөлүк изилдөөлөрдүн да жообу бир: Ооба, абдан керек! Белгилүү шахмат адиси Чолпонбек Тиленбаев белгилегендей, шахматты мектепке киргизүү жөн гана «кошумча билим берүү» эмес, бул баланын «академиялык көндүмдөрүн» (академические навыки) өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу жолу.
Шахмат ойногон окуучунун интеллектуалдык артыкчылыктары:
- Терең түшүнүү: Бала окуган маалыматын үстүртөн эмес, маңызын аңдап, терең түшүнүүгө үйрөнөт.
- Логика жана анализ: Кандай гана кырдаал болбосун, ага анализ жасап, себеп-натыйжа байланышын көрүп, туура жыйынтык чыгарууну өздөштүрөт.
- Пландоо жана стратегия: Алдыдагы кадамдарын алдын ала пландап, убакытты жана мүмкүнчүлүктөрдү туура бөлүштүрүүгө машыгат.
- Тактык: Өз оюн так, туура жана аргументтүү жеткире билүү жөндөмү калыптанат.
Демек, шахмат мектепте математика же эне тили сыяктуу эле мээнин иштешин жакшыртуучу маанилүү базалык куралга айланышы кажет.
ДҮЙНӨ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ ТАЖРЫЙБА ЖАНА КУРАК МАСЕЛЕСИ
Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө (мисалы, Армения, Испания, Индия, Кытай ж.б.) шахмат эчак эле мектеп программаларына милдеттүү же негизги факультативдик сабак катары киргизилген. Бул өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, шахмат сабагы кирген мектептерде окуучулардын жалпы жетишкендиги жана так илимдерге болгон ынтаасы бир топ жогору.
Бирок, дүйнөлүк практикада бир маанилүү жагдай бар: чыныгы гроссмейстерлер жана дүйнө чемпиондору шахматты мектепке чейин, тагыраак айтканда, 4-5 жашында башташат. Кеч баштагандардан тарыхта 14 жашында баштаган Чигорин гана болбосо, калгандары чанда кездешет. Ошондуктан, биздин Жарлыктагы 3–5-класстарга киргизүү маселеси жалпы коомдун интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө сонун кызмат кылганы менен, кесипкөй спортчуларды чыгаруу үчүн мектепке чейинки куракты да өзүнчө багыт катары колго алуу зарылчылыгы келип чыгат.
КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЖОЛДОРУ (СУНУШТАР)
Жарлыктын кагазда калбай, реалдуу жашоодо иштеп кетиши үчүн бир катар тоскоолдуктарды жана коомдук пикирлерди эске алуу керек. Төмөндө тажрыйбалуу адистердин (Жыргалбек Шаршенбиев жана Чолпонбек Тиленбаев) сунуштарына таянуу менен маанилүү жагдайларды белгилейбиз:
- «Отчет» үчүн эмес, бала үчүн иштөө: Техника илимдеринин доктору, профессор Жыргалбек Шаршенбиевдин пикири боюнча, буйрук менен эле шахмат өнүгүп кетпейт. Ийгиликтин башкы үч шарты – ар бир мектепте даяр кадрдын (мугалимдин) болушу, ар 10 окуучуга 1 комплекттен кем эмес жөнөкөй инвентардын камсыздалышы жана бул сабактын ашыкча саат убактысын көбөйтпөстөн, бар системанын ичине туура интеграцияланышы.
- Убакытты туура тандоо: Шахматты негизги сабактардын эсебинен же чарчаган убакта (5-6-сабактарга) коюуга болбойт, антпесе эффект нөл болот. Эң оптималдуу жолу – узартылган күн тобунда (сабактан кийин 30-40 мүнөт, жумасына 2 жолу) же ишемби күндөрү факультатив катары уюштуруу.
- Үй-бүлөлүк жана жамааттык шахматты колдоо: Шахматты мектеп менен гана чектебестен, коомдук баалуулукка айлантуу зарыл. Ал үчүн 10 жылдан бери өткөрүлүп келген «Мыкты шахматтык үй-бүлө» турнирин мамлекеттик деңгээлге чыгаруу жана мекеме-ишканалардын, жумушчу коллективдердин арасында аймактар аралык тутумдуу мелдештерди уюштуруу абдан маанилүү.
ЖЫЙЫНТЫК
Президенттин шахматты өнүктүрүү боюнча Жарлыгы – өлкөнүн келечегине, тактап айтканда, зор интеллектуалдык потенциалга ээ болгон жаңы муунду тарбиялоого жасалган стратегиялык инвестиция. Ооба, мамлекет тарабынан көңүл бурулгандан кийин тез арада «Кана жыйынтык?» деген талаптар да коюла баштайт. Бирок, эгерде биз Жарлыктын талаптарын бюрократиялык отчеттуулук үчүн эмес, тажрыйбалуу адистердин сунуштарын угуп, туура жана сапаттуу ишке ашыра алсак, анда жакынкы жылдарда Кыргызстан дүйнөлүк шахмат аренасында гана эмес, илим-билимде да чоң секирик жасай алат. Шахмат тактасындагы алгачкы маанилүү жүрүш жасалды, эми кезек аны сабаттуу улантууда!
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер