МЕКТЕПТЕ АЙДООЧУЛУК КЕСИПКЕ ОКУТУУНУ КАНТИП КИРГИЗСЕ БОЛОТ?
- 18.08.2025
- 0
Салтка айланган Август педагогикалык кеңешмесинин алкагында Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Менеджменттик билим берүү кафедрасынын кызматкери Алмаз ШЕРГАЗИЕВ мектеп жетекчилери үчүн “Мектепте айдоочулук кесипке окутууну кантип киргизсе болот?” темасында сабак өттү. Катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Адистин айтымында, айдоочуларды даярдоо үчүн жалпы билим берүчү мектептерде окуу процессин уюштуруу үчүн төмөндөгү эки шарт аткарылышы керек: материалдык техникалык база; окуу базасы.
Материалдык техникалык базага төмөнкүлөр кирет: окуу-программалык документтер жана усулдук адабияттар; тиешелүү окутуунун окуу-техникалык каражаттары жана окуу-көрсөтмө куралдар менен жабдылышы керек; талаптарга ылайык жабдылган автодром болушу керек; реалдуу жол шарттарында автотранспорттук каражаттарды айдай турган окуу маршруттары; практикалык айдоонун көндүмдөрүн үйрөнө турган окуу транспорттук каражаттар.
Кадрдык курамга кимдер кирет?
Автотранспорттук каражаттарга тиешеси бар техникалык орто кесиптик билимден жогорку техникалык билимге ээ адамдар окутуучулук кызмат ордуна улуксат берилет; өндүрүштүк окутуунун мастерлери жана айдоочулукка үйрөтүүчү окутуунун өндүрүштүк мастерлери (инструкторлор).
Окуу процессин уюштуруунун тартиби
— Окуу группалары мектептин жетекчисинин буйругу менен тиешелүү категориялар жана окуу мөөнөтүнүн негизинде түзүлөт. Окуу группаларынын саны жалпы билим берүү мектептин локалдык актыларынын негизинде, бирок 35 адамдан көп эмес санда түзүлөт.

Мектептин спецификасына жана окуу-өндүрүштүк базасынын абалына жараша бирдиктүү типтүү окуу пландын негизинде мектеп 15% көлөмдө теориялык программалык материалды өзгөртүүгө жана ийкемдүү окуу программаларын иштеп чыга алат, — дейт Алмаз агай.
Жумушчу окуу пландарын иштеп чыгууда жалпы билим берүүчү мектептер төмөндөгү талаптарды аткарууга тийиш: Бирдиктүү типтүү окуу планында каралган квалификациялык талаптарды аткаруу; окуу программасын толук аткаруу (теоретикалык жана практикалык); планда каралган предметтердин аталышын, аны аткарууга каралган жалпы саатын сактап аткаруу; билим берүү программалары окугандардын мүмкүнчүлүгүн эске алып күндүзгү жана кечки окутуу формасында жүргүзүүгө болот; окуу процесси өзүнө теоретикалык сабактарды жана автотранспорттук каражаттарды айдоонун практикалык окутуусун да карайт.
Теоретикалык сабактар расписаниеге ылайык ар бир группа үчүн өзүнчө өтүлөт.
Практикалык транспорттук каражаттарды айдоодо сабактар график боюнча айдоочулардын кезеги боюнча жүргүзүлөт. Теориялык сабактар өтүлгөндүгү тууралуу группалык журналга жазылат. Практикалык сабактар болсо окугандардын карточкасына жазылат. Ал эми теоретикалык сабактардын узактыгы — 45 минута, транспорттук каражаттарды айдоо боюнча окуу саатынын узактыгы — 60 минута, сабактардын жалпы сааты бир күнгө бир окуучуга 8 сааттан ашпаш керек.
Мектепте экзамендерди алуу жетекчинин буйругу менен үч кишиден кем эмес курамда экзамендик комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамында транспорттук каражаттарды жана айдоочулук составды каттоо боюнча атайы органдын өкүлү сөзсүз түрдө экзамендик комиссиянын курамына кирүүгө тийиш.
Экзамендерге окуу планында каралган баардык предметтер боюнча оң баа алган жана окуунун толук курсун бүтүргөн окуучулар киргизилет.
Теоретикалык экзамендер билим берүү мекемеси тарабынан түзүлгөн экзамендик билеттер тарабынан жүргүзүлөт.
— Транспорттук каражаттарды практикалык айдоо боюнча экзамендер жол кыймылы шартында окуу маршруту менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт. Окугандыгы тууралуу күбөлүк алган окуучулар 6 айдын ичинде мамлекеттик атайы органдарга айдоочулук күбөлүк алыш үчүн квалификациялык экзамен тапшырганы барыш керек. Бул убакыттын ичинде барбай калгандар кайрадан окуу курсун окуганга милдеттүү болушат жана окугандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүшөт. Автотранспорттук каражаттарды айдоо боюнча даярдоо жана кайра даярдоо боюнча программалар окугандыгы тууралуу күбөлүк транспорттук каражаттарды айдоо боюнча документ болуп эсептелбейт. Бул документ менен мамлекеттик атай органдан айдоочулук күбөлүк алыш үчүн жана тиешелүү категориядагы транспорттук каражаттарды башкарууга укук берүүчү күбөлүктү алыш үчүн экзамендерди тапшырууга укук берет, — дейт Алмаз Шергазиев.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер