МЕКТЕПКЕ ЖЕТПЕГЕН КИТЕП БАЗАРГА КАНТИП ЧЫКТЫ?
- 17.09.2026
- 0
Жаңы муундагы окуу китептери базарга кантип чыгып кеткен деген ызы-чуу токтобой, ИИМ иликтөө иштерин жүргүзүп жатканда, “Учкун” басмаканасы 23 млн сомго окуу китеп сатылганын билдирди. Көрсө, жеке менчик мектептерге китеп сатканга укугу бар экен. Бирок Агартуу министрлиги “ Учкундан” бул укукту кайтарып алып жатканын билдирди. “Окуу китеби” басма үйү өз кезегинде басмага чейинки иштерде коррупциялык тобокелдиктер жоюлган деп айтууда.
Эң көп талаш жараткан жараткан суроо — мектептерге акысыз таратылышы керек болгон окуу китептердин базарга чыгып, беш эсе кымбат сатылып жатканында болууда.
«Учкун» басмаканасы жеке менчик мектептерге ушул жылы эле 23 млн сомго китеп сатканын, буга келишимдик укугу бар экенин айтууда. Бирок окуу китептери жеке менчик мектептерге даректүү жетип жатканын же ууру жолу менен базарга чыгып кетип жатканын «Учкун» көзөмөлдөбөйт.
Окуу китептерин мыйзамсыз сатып байып жаткан кимдер экенин эми ИИМдин иликтөөсү гана аныкташы керек. 16-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен укук коргоо органдарына текшерүү жүргүзүү милдети коюлду.
Айтмакчы, Агартуу министрлиги окуу китептеринин мыйзамсыз чыгарып сатылып жаткан фактыларына бөгөт коюу жөнүндө өтүнүч менен укук коргоо органдарына ала жазда эле бир нече жолу кат жолдогон экен.
«Апрелде катты УКМКга, Башкы прокуратурага жазганбыз. Биз алдын ала контрафакт китептер болбосун, көзөмөлгө алып бергиле деп кайрылганбыз. Эмне үчүн? Агартуу министрлигинин текшерүү, рынокко киришип чечим кабыл алуу укугу жок»,-деди министр Догдуркүл Кендирбаева.
Басма сөз жыйынында агартуу министри «Учкунга» жеке мектептерге китеп сатууга мүмкүнчүлүк берген лицензия кайтарып алынарын билдирди. Эми жеке менчик мектептердин керектөөсүн министрлик өзү чогултуп, өзүнүн көзөмөлү алдында таркатмакчы болууда.
Социалдык тармакта бул темага пикир айткан киши көп. Бирок алардын арасында профессор Алмаз Акматалиевдин сунушу көңүл бурууга арзыйт.
Акыркы эки жылдагы окуу китеп саясатында чоң өзгөрүүлөр болду. Бир жагынан, мамлекет окуу китептерине мурдагыдан кыйла көп каражат бөлүп, өзүнүн басма системасын түзүп, «Окуу китеби» менен «Учкундун» милдеттерин бөлүштүрүп, өндүрүштү көбөйттү. 2025–2026-жылдары миллиондогон окуу-методикалык комплекстер чыгарылып, мектептерге жөнөтүлүп жатат.
Китеп маселесин 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдөн бөлүп кароо мүмкүн эмес. Азыр Кыргызстанда өткөөл мезгил жүрүп жатат: айрым класстар мурдагы программа боюнча окуп жатса, жаңы системага өткөн класстар үчүн жаңы мазмундагы окуу-методикалык комплекстер керек.
Ошондуктан министрлик бардык китептерди жыл сайын толугу менен алмаштырбастан, жаңы программа кирген класстарга керектүү китептерди этап-этабы менен кошуу саясатына өтүп жатканын билдирген.
Мамлекет окуу китептеринин мазмунуна байланышкан укуктарды өз колуна алып, келечекте зарыл болгон өзгөртүүлөрдү эксперттердин жана практик мугалимдердин катышуусунда киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.
«Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси китептердин мазмунун даярдоо, авторлорду тандоо, кол жазмаларды иштеп чыгуу жана эксперттик баалоодон өткөрүү иштерин уюштурат. Ал эми «Учкун» басмаканасы мамлекеттик буйрутманын негизинде китептерди басып чыгарат.
2025-жылы жаңы окуу китептерин массалык чыгарууга бюджеттен 856 млн сомго чейин каражат бөлүнүп өздөштүрүлгөн. 2026-жылга 744 млн сом каралган, ага кошумча 600 миллион сом бөлүү колдоого алынганы жана жыл соңуна чейин жалпы 1 миллиард 344 миллион сомду өздөштүрүү максаты коюлганы айтылды.
Демек, азыркы кырдаалды мурдагыдай эле «китеп чыгарууга акча жок» деген бир сүйлөм менен түшүндүрүүгө болбойт. Акча көбөйдү. Буйрутма көбөйдү. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүк кеңейип жатат. Маселе эми ошол каражат менен чыгарылган китептин мектепке жетүү ылдамдыгына жана бөлүштүрүүнүн тактыгына өттү.
Электрондук китеп — тартыштыкты башкаруунун дагы бир жолу
Мындан тышкары, министрлик электрондук китептерди да өнүктүрүп жатат. kitep.edu.kg порталында окуу китептеринин электрондук версиялары жайгаштырылып, айрым басылмаларга QR-код аркылуу кошумча аудио жана санариптик материалдарга жетсе болот.
Бул кагаз китептин ордун толук баса турган чечим эмес. Бирок китеп физикалык жактан жетишпей калган учурда окуучу үчүн кошумча ресурс болуп бере алат.
Мындан да маанилүүсү — QR-кодду жөн гана электрондук материалга өтүүчү белги эмес, китептин кыймылын көзөмөлдөөчү инструментке айлантуу мүмкүнчүлүгү азыр талкууланып жатат. 16-сентябрдагы жолугушууда жаңы басыла турган китептерге QR-код коюу аркылуу анын кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгенин аныктоо сунушу талкууланган.
Эгер бул механизм толук ишке кирсе, бүгүнкү талаштын эң оор суроолорунун бири — «китеп кайда кетти?» — бара-бара так жооп ала турган суроого айланышы мүмкүн.
Нурлан Кыдыков, “Кут Билим”