МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЖАҢЫ МЕТОДДОР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР

  • 14.08.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023/2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды. «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонулуучу жаңы технология» темасында Кыргыз билим берүү академиясынын  Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери Айдай БЕКБОЕВА өттү.

— Мектепке чейинки курак кепти өнүктүрүү — бул баарлашуунун негизги, алгачкы формасы. Баланын өмүрүнүн алгачкы жылдарында басып өткөн  жолу чындап эле чоң мааниге ээ. Кичинекей баланын сүйлөө жөндөмү анын тегерегиндеги чоңдор менен баарлашуудан, ошондой эле мектепке чейинки мекемеде калыптанат. Мектепке чейинки куракта балдардын социалдык чөйрөсү кеңейет. Азыркы педагогика мектепке чейинки балдардын кебин өнүктүрүүнүн эффективдүү каражаттарын издөөдө, баланын эстетикалык, руханий жана психикалык өнүгүү процессинде балдардын сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизген заманбап билим берүү технологияларын жана ыкмаларын колдонууга барган сайын көбүрөөк басым жасоодо. Бүгүнкү күндө жаңы өнүгүп келе жаткан технологиялар бар, алардын көбү мектепке чейинки тарбиячынын ишинде ийгиликтүү колдонулушу керек,  – дейт А.Бекбоева

Өнүктүрүүдөгү жаңы ыкмалар кайсы?

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЖАҢЫ МЕТОДДОР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЖАҢЫ МЕТОДДОР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР

STEM-билим берүү коомдо барган сайын көбүрөөк мааниге ээ болуп бара жатат.

—  STEM – (science, technology, engineering and mathematics) англис сөзү, которгондо илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. Билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт).

STEM-билим берүүнүн өзгөчөлүгү — технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү. Балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо, — дейт илимий кызматкер. — STEM билим берүүнүн натыйжалары: чыгармачыл ой жүгүртүүнүн түрүн өнүктүрүү; балдар өзүлөрүнүн сүйүктүү иш-аракетин аң-сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү жана коомдо ар тараптуу билимге ээ болгон жаңы муундун калыптанышы. Ал эми кепти өнүктүрүүдө колдонулуучу дагы жаңы технологияларды атап өтсөм: «TRIZ», «TPR», «LEGO», «Мнемотаблицалар». TPR — ыкмасы иш жүзүндө кандай болот? – деген суроо туулушу ыктымал. Ал ыкма менен жомокту балага окуп берип жатып,  көптөгөн сөздөрдү үйрөтсө болот. Сөз түшүнүктүү болушу үчүн, балдар менен бирге ар кандай материалдан каармандардын фигураларын жасаса да болот. Балдар уккан сөздөрдү, тыбыштарды мугалимдин артынан кайталашат.  Ошондой эле өзгөчө хор менен ырдаганда колдонулат. Мисалы, жаныбарлардын аттарына (акыра, керик, уй,  ит ж.б.) байланыштуу лексиканы үйрөнүүгө болот, — дейт илимий кызматкер.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЖАҢЫ МЕТОДДОР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЖАҢЫ МЕТОДДОР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР

TRIZ деген эмне жана ал балдарга эмне үчүн керек?

TRIZ — ойлоп табуучулук маселелерди чечүү ыкмасы. Мурда инженерлер гана колдонушса, азыр балдар чыгармачылыгын  өнүктүрүүгө жардам берет.

TRIZ балдарды чыгармачыл, ойлоп табуучулук, стандарттуу эмес болууга үйрөтөт, балага тез жана ийгиликтүү көнүүгө жардам берген заманбап дүйнө.

Сөз өстүрүүдө колдонулуучу жаңы ыкмалар кайсы?

TRIZ деген эмне жана анын артыкчылыкгы эмнеде?

TRIZ — ойлоп табуучулук маселелерди чечүү ыкма. Мурда инженерлер гана колдонушса, азыр балдар чыгармачылыгын  өнүктүрүүгө жардам берет. Балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү менен ойлоп табуучулук, стандарттуу эмес болууга үйрөтөт, балага тез жана ийгиликтүү көнүгүгө жардам берген заманбап дүйнө.

Сөз өстүрүүдө колдонулуучу жаңы ыкмалар кайсылар?

— «Жарым дарбыз», «Сен эмне кылмаксың?», «Айнек күзгү аркылуу», «Идеялар корзинасы», «Сүрөттү сүйлөтүү» ж.б. Мындан тышкары, быйыл жаңыдан иштелип чыккан 4G акылдуу карточкасы, бул акылдуу карточкалар эки тилде иштелип чыгып, атайын штрих коддор менен берилген, колдонууга абдан ыйгайлуу болот, — дейт Айдай Бекбоева.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ЖАҢЫ МЕТОДДОР ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Андан соң ал бул окуу жылынын дагы бир чоң жаңылыгы болгон окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепке чейинки уюмдарда 4 жаштагы бөбөктөр үчүн «Кыргыз тили» электрондук окуу куралын сунуштады. Бул окуу куралы быйыл КРнын ББИМдин «Билимдүү муун» бирдиктүү платформасына жаңы жайгаштырылды. Ага төмөнкү тиркеме аркылуу https://kyrgyzstan/learning passport.unicef.org/#/course/201/item2514 кирсе болот.  Аталган электрондук окуу куралын Кыргыз билим берүү академиясынын Филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызмакери С.Рысбаев менен бирдикте иштеп чыгышкан. Окуу куралынын максаты, балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алынып, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, аны сыйлоого жана бири-бири менен мамиле түзүүгө багытталгандыгын  айтып өттү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер