МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫЛАНУУ: АЗЫРКЫ ТАРБИЯЧЫНЫН КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МОДЕЛИ

  • 09.06.2026
  • 0

Жаңыланган кесиптик стандарттын мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарды иштеп чыгуучу-консультант Анара Насрединовна Тентимишева менен маек курдук. 

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫЛАНУУ: АЗЫРКЫ ТАРБИЯЧЫНЫН КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МОДЕЛИ

Анара Насрединовна, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү системасы түп тамырынан бери өзгөрүү процессин баштан кечирүүдө. 2025-жылдын май айында Министрлер Кабинети тарабынан “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” аттуу жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилди. Ушул процесстин чордонунда турган биздин тарбиячыларыбызга болгон талаптар да кескин түрдө күчөдү десек болот. Суроом эң жөнөкөй — жаңы стандарттарга ылайык, заманбап педагог кандай негизги кесиптик көндүмдөргө ээ болушу керек? 

Бүгүнкү күндө бул эң актуалдуу суроо. Тарбиячыдан бир гана баланы карап, багуу талап кылынган заман артта калды. Учурда Кыргызстандагы тарбиячы — бул мобилдүү педагог-фасилитатор жана өнүктүрүүчү чөйрөнүн архитектору.

2024-жылдын август айында эксперттер Ольга Владимировна Солошенко жана Антонина Ивановна Фадина менен биргеликте “Мектепке чейинки билим берүүдөгү педагогикалык кызматкер (тарбиячы)” жана “Балдарды багуу боюнча кызматкер (тарбиячынын жардамчысы, няня)” кесиптик стандарттарын иштеп чыгууга катыштым. Бул стандарттар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ийгиликтүү бекитилди.

Кесиптик стандарттар менен жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты өз ара тыгыз синергияда, башкача айтканда, айкалышта иштейт. Мамлекеттик стандарт багыттарды аныктайт — биз балада кандай компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүшүбүз керек, ал эми Профстандарт ошол максаттарга жетүү үчүн педагог кандай эмгек функцияларына жана көндүмдөрүнө ээ болушу керектигин так көрсөтөт.

Кесиптик стандарт педагогдор үчүн жаңы документ. Анын мурдагы кызматтык нускамалардан негизги айырмасы эмнеде?

Кесиптик стандарттын башкы өзгөчөлүгү — ал педагогго коюлган талаптарды так жана өлчөнө турган аракеттердин тилине которгондугунда. Мурунку нускамалар бүдөмүк болчу: “тарбиялашы керек”, “методиканы билиши керек” деген сыяктуу. Ал эми жаңы иштелип чыккан стандарт — бул функционалдык карта.

Документ иш-аракетти жалпыланган эмгек функцияларына жана конкреттүү эмгек функцияларына так бөлөт. Ар бир функция үчүн: тарбиячы эмне кылат, тагыраак айтканда анын иш аракеттери, эмнени билиши керек жана кандай билимдерге ээ болушу керектиги так жазылган. Мындан сырткары, стандарт расмий түрдө тарбиячыга 5-чи, б.а. атайын орто педагогикалык билим жана 6-чы б.а. жогорку педагогикалык билим — бакалавриат квалификациялык деңгээлдерди бекитет. Бул кесиптин жогорку макамын жана интеллектуалдык татаалдыгын айгинелейт.

Эгерде документтин ичине көз чаптырсак, тарбиячынын бүткүл иши кандай негизги милдеттердин айланасында курулат? Педагог эмнелерге жооп бериши керек?

Кесиптик стандарттын түзүмү 2025-жылдагы жаңы Мамлекеттик стандарттын талаптарын толугу менен жаба тургандай болуп курулган. Бул жерде үч негизги өзгөчөлүктү бөлүп көрсөтүүгө болот. Биринчиси, талдоо жана пландаштырууга басым жасоо: Тарбиячы мындан ары системасыз иштебейт, педагогикалык процесс сабактан сабакка кокусунан эле курулуп калбастан, так түзүмгө ээ болот. Анын биринчи жана башкы функциясы — балдардын өнүгүү деңгээлин үзгүлтүксүз талдоо болуп саналат, бул алардын ар кандай билим берүү муктаждыктарын эске алууга жана инклюзия принциптерин ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ал билим берүү процессин байкоолордун негизинде гана пландаштырат жана ишке ашырат. Бул бир калыптуу (шаблондуу) мамилени четке кагат: педагог конкреттүү топтун жана ар бир баланын өзгөчөлүктөрүн өзүнчө көрө алат. Экинчиси, өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү: стандарт тарбиячыдан топтун мейкиндигин ар кандай милдеттерге (оюн, изилдөө, чыгармачылык) жараша физикалык жактан өзгөртө билүүсүн талап кылат. Ал кабыл алуунун ар кандай түрлөрүнө ээ болгон балдар — визуалдар, аудиалдар жана кинестетиктер үчүн материалдарды тандай билиши керек жана үчүнчүсү — социалдык-педагогикалык өнөктөштүк: документте тарбиячынын билим берүү процессинин башкы катышуучулары — биринчи кезекте ата-энелер менен өз ара аракеттенүү милдети майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Тарбиячы баланын бирдиктүү, өзгөчө инклюзивдик өнүгүү траекториясын түзүү үчүн кесиптештери (логопеддер, психологдор, методисттер) менен кызматташа алышы шарт.

Жаңы кесиптик стандарттын эң көп талкууланган өзгөчөлүктөрүнүн бири — бул иш үчүн зарыл болгон ресурстардын тизмеси. Ал жерде локалдык тармактар, электрондук маалыматтык ресурстар жана атүгүл Жасалма интеллект расмий түрдө бекитилген. Демек, бала бакчадагы технологиялар да жасалма интеллект менен тыгыз байланышта болот экен да?

Бул көптөгөн таң калууларды жаратты, бирок бул алдыга карай ташталган абдан маанилүү кадам. Биз бул ресурстарды коштук, анткени КРнын заманбап тарбиячысы заман менен бирге кадам таштап, “өмүр бою билим алуу” принцибин карманышы керек.

Электрондук ресурстар жана Жасалма интеллект тарбиячыга жардамчы курал катары керек. Алардын жардамы менен ал төмөнкүлөрдү аткара алат:

  • Сабактар үчүн сапаттуу дидактикалык жана иллюстрациялык материалдарды тез табуу жана түзүү (генерациялоо);
  • Интерактивдүү оюндарды жана өнүктүрүүчү карточкаларды долбоорлоо;
  • Ата-энелер менен санариптик байланышты натыйжалуу жана кесипкөй деңгээлде жүргүзүү (мисалы, электрондук портфолиолорду жасалгалоо, топтордун блогдорун алып баруу, позитивдүү ата-энелик боюнча көрсөтмөлүү эстеткичтерди даярдоо).
  • Бул педагогду күнүмдүк бир өңчөй (рутиналык) жумуштардан бошотот жана чыгармачылык үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Документтин дагы бир уникалдуу деталдарынын бири – “Баалоо боюнча көрсөтмөлөр” бөлүмү. Эми педагогдордун стандартка шайкештигин текшерүү кандай тартипте өтөт?

Бул чынында эле революциялык пункт. Биз “кагаз жүзүндөгү” баалоодон баш тартууну сунуштап жатабыз. Квалификацияны текшерүү эми топтун ичиндеги реалдуу аракеттерге багытталып, бирден ашык баалоо ыкмасын милдеттүү түрдө колдонуу менен өтүшү керек.

Стандартта төмөнкүдөй ыкмалар бекитилген:

  • Педагогдун иш-аракетине түз байкоо жүргүзүү: Эксперттер тарбиячынын балдар менен “көз деңгээлинде” кантип баарлашып жатканын, чыр-чатактарга кандай реакция кыларын, оюнду кантип уюштурарын карашат.
  • Электрондук ресурстарды жана учурдагы документтерди карап чыгуу: Педагогдун өз ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) кантип колдонору текшерилет.
  • Педагогдун чыгармачылык портфолиосун карап чыгуу: Анын автордук иштеп чыгуулары, долбоорлору жана эң башкысы — тарбиялануучуларынын өнүгүү индикаторлорунун динамикасы бааланат.
  • Мындай көп векторлуу аудит субъективдүүлүктү жокко чыгарат. Адамдын балдар менен иштей билери же жөн гана отчетторду кооз жаза алары дароо айкын болот. 

Анара Насрединовна, жыйынтыктоочу дагы бир суроо — мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогдор кесиптик стандартты үйрөнүү менен өздөрү үчүн кандай башкы жыйынтык чыгарышы керек? 

Педагог-тарбиячынын кесиптик стандарты — бул жазалоочу документ эмес, бул компас. Ал Кыргызстандагы ар бир тарбиячыга ийгиликтүү, суроо-талапка ээ жана авторитеттүү адис болуу үчүн кандай көндүмдөрдү өздөштүрүү керектиги боюнча так багыт берет. Ал кесипти коргойт, анын кадыр-баркын көтөрөт жана биздин балдарыбыз өмүрүнүн алгачкы жылдарынан баштап чындап эле сапаттуу жана заманбап өнүгүүгө ээ болушуна кепилдик берет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер