МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САПАТТЫН ЖАҢЫ СТАНДАРТЫ

  • 03.06.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №257 токтому менен Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САПАТТЫН ЖАҢЫ СТАНДАРТЫ

Жаңы стандарт жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү

Жаңы мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасынын 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өлкөдө билим берүүнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттарын аныктаган «Алтын Казык» программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү жалпы билим берүү системасынын биринчи жана эң маанилүү баскычы катары каралууда. Мындай шартта бала бакчадагы билим берүү мазмуну мектептин башталгыч баскычы менен тыгыз байланышта болуп, баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык үзгүлтүксүз өнүгүү траекториясын камсыз кылууга багытталат. Жаңы стандартта каралган компетенттүүлүккө негизделген мамиле, баланын социалдык-эмоционалдык өнүгүүсүнө басым жасоо, функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу, чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү – мунун баары «Алтын Казык» программасынын негизги принциптери менен шайкеш келет. Натыйжада мектепке чейинки билим берүү уюмдары балдарды мектепке даярдоочу гана мекеме болбостон, келечектеги билим алуу жолунун бекем пайдубалын түптөөчү өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүнө айланууда. Бул өзгөрүүлөрдүн негизинде жаңы стандарт мектепке чейинки билим берүү менен башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүнүн ортосундагы мазмундук жана методикалык байланышты күчөтүп, 12 жылдык билим берүү моделине ийгиликтүү өтүүнүн алгачкы шарттарын түзөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө жаңы мамлекеттик стандартты ишке ашыруу — мектепке чейинки билим берүү системасын өркүндөтүү менен катар өлкөнүн жалпы билим берүү реформасынын ийгилигин камсыз кылуучу стратегиялык милдет болуп саналат.

Бул документ мектепке чейинки билим берүү системасын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган стратегиялык маанидеги нормативдик акт болуп саналат. Анын негизги максаты – ар бир бала үчүн сапаттуу, жеткиликтүү жана заманбап мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет. Жаңы стандарт жөн гана мурунку документтин жаңыланган редакциясы эмес. Ал мектепке чейинки билим берүүнүн философиясын, мазмунун жана күтүлгөн натыйжаларын кайра карап чыгып, дүйнөлүк билим берүү тенденцияларына жана Кыргызстандын өнүгүү артыкчылыктарына шайкеш келтирген жаңы муундагы документ болуп калды.

Эмне үчүн жаңы стандарт керек болду?

Акыркы жылдары өлкөдө мектепке чейинки билим берүүгө болгон суроо-талап кескин өстү. Билим берүү жөнүндө жаңы мыйзамдын кабыл алынышы, инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү, санариптештирүү процесстери, балдарды эрте өнүктүрүү боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары мамлекеттик стандартты кайра карап чыгууну талап кылды. Мындан тышкары, мамлекет 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну олуттуу көбөйтүү милдетин коюп жатат. Бул жаңы уюштуруу формаларын, альтернативдүү кызматтарды жана сапатты баалоонун жаңы механизмдерин киргизүүнү талап кылууда.

Жаңы стандарттын негизги айырмачылыктары

Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүүнүн жаңы стандартынын төмөнкү жети негизги айырмачылыгын бөлүп кароого болот.

Биринчиси. Документ кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү жана практикага багытталды. Мурунку стандарт 18 бөлүмдөн, 85 пункттан, 52 беттен турган болсо, жаңы стандарт 5 бөлүмдөн, 30 пункттан жана 31 беттен турат. Бул билим берүү уюмдары үчүн документти түшүнүүнү жана практикалык колдонууга киргизүүнү жеңилдетет. Мурдагы стандарт көбүрөөк процесстерди сүрөттөөгө басым жасаса, жаңы редакция конкреттүү натыйжаларга жана баланын өнүгүүсүнө багытталган.

Экинчиси. Билимден компетенттүүлүккө өтүү Жаңы стандарттын эң маанилүү өзгөчөлүгү – компетенттүүлүккө негизделген мамиленин күчөтүлүшү. Мектепке чейинки куракты аяктаган бала төмөнкү төрт негизги компетенттүүлүккө ээ болушу керек: эмоционалдык-инсандык; таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк; социалдык-коммуникативдик; маалыматтык-санариптик. Бул жерде негизги суроо: бала эмне билет эмес, бала алган билимин жана көндүмдөрүн турмуштук кырдаалда кантип колдоно алат? Мындай ыкма дүйнөнүн өнүккөн билим берүү системаларынын негизги багыты болуп саналат.

Үчүнчүсү. Санариптик компетенттүүлүктүн киргизилиши Мурунку стандартта санариптик өнүгүү өз алдынча компетенция катары каралган эмес. Жаңы стандартта маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк өзүнчө багыт болуп аныкталды. Бул XXI кылымдын талабына жооп берген маанилүү жаңылык болуп эсептелет. Максат – балдарды гаджеттерге көз каранды кылуу эмес, маалыматты кабыл алуу, түшүнүү, иргөө жана коопсуз пайдалануу боюнча баштапкы көндүмдөрдү калыптандыруу.

Төртүнчүсү. Баланын жекече өнүгүүсүнө көбүрөөк көңүл бурулду Жаңы стандарт ар бир баланын өзгөчөлүгүн, кызыгуусун жана өнүгүү темпин эске алууга басым жасайт. Бул жерде «бардык балдарды бирдей окутуу» эмес, «ар бир баланын потенциалын ачуу» принциби негизги орунга чыгат. Мындай мамиле балага багытталган билим берүүнүн негизги принциптерине толук жооп берет.

Бешинчиси. Инклюзивдүү билим берүү күчөтүлдү Жаңы стандарт өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурат. Документте майыптыгы бар балдарды, өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдарды жана социалдык жактан аялуу топторду билим берүү процессине толук кандуу тартуу принциптери бекемделген. Бул Кыргызстанда инклюзивдүү коомду куруунун маанилүү кадамы болуп саналат.

Алтынчысы. Психологиялык жана логопедиялык колдоо системалаштырылды Жаңы стандартка ылайык психолог жана логопед тарабынан жекече жана топтук иштер баланын муктаждыгына жараша уюштурулат. Мурда мындай иштер көп учурда кошумча кызмат катары кабыл алынса, азыр алар баланын өнүгүүсүн колдоонун ажырагыс бөлүгү катары каралууда.

Жетинчиси. Үй-бүлөнүн ролу күчөтүлдү Жаңы стандарт ата-энелерди билим берүү процессинин толук кандуу өнөктөшү катары карайт. Балдардын ийгиликтүү өнүгүүсү бала бакча менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракетинин натыйжасы катары бааланат. Бул өз кезегинде ата-энелердин жоопкерчилигин жана билим берүү процессине катышуусун жогорулатат. Жаңы стандарттын стратегиялык артыкчылыктары Жаңы мамлекеттик стандарт төмөнкү артыкчылыктарды камсыз кылат: мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты боюнча бирдиктүү талаптарды түзөт; мамлекеттик жана жеке менчик бардык уюмдар үчүн бирдей шарттарды белгилейт; балдардын мектепке даярдыгын жакшыртат; билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтет; инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрөт; санариптик доордун талаптарына жооп берет; мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн ортосундагы үзгүлтүксүздүктү камсыздайт.

Жыйынтыгында 2025-жылы кабыл алынган жаңы мамлекеттик стандарт мектепке чейинки билим берүү тармагындагы эң маанилүү реформалардын бири болуп калганын белгилөөгө болот. Эгерде мурунку стандарт көбүрөөк билим берүү процессин жөнгө салууга багытталган болсо, жаңы стандарт баланын өнүгүүсүнө, компетенттүүлүгүнө, жыргалчылыгына жана келечектеги ийгилигине багытталган. Бул документтин борборунда программа эмес, мекеме эмес, тарбиячы эмес — бала турат. Дал ушул өзгөчөлүк жаңы стандарттын эң чоң артыкчылыгы болуп саналат. Анткени бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүүнүн негизги милдети баланы мектепке гана эмес, XXI кылымдын өзгөрмө дүйнөсүндө ийгиликтүү жашоого даярдоо болуп эсептелет. Жаңы мамлекеттик стандарт ушул максатка жетүүгө багытталган жана өлкөбүздүн мектепке чейинки билим берүү системасын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызмат кылат.

 

Нурзида КАСЫМОВА,

Агартуу министрлигинин

мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер