МЕКТЕПКЕ БАРУУГА ШАРТЫ ЖОК БАЛДАРГА ӨКМӨТ ЖАРДАМ БЕРЕ БАШТАДЫ

  • 13.01.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун  “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы өткөн жылы чыкты эле. Ага ылайык, эки жума ичинде мектептерге барбаган же окууну токтоткон балдардын санын тактоо жана аларды мектепке киргизүү иш-аракеттери тиешелүү мекеме-уюмдарга милдеттендирилген.  Бүгүнкү күнгө 201 баланын тизмеси такталды.

Президенттин Жарлыгы

Документ негизинен окубаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусуна кам көрүү максатында иштелип чыккан.

Улуттук статистика комитети менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурдагы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окуганы барган эмес.

— Буга ата-энелердин материалдык кыйынчылыкка кабылышы, балдардын аларга иштеп жардам бериши, үйүндөгүлөрдүн диний себептер боюнча мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, документтердин жок болушу, ата-энесинин сыртка иштеп кеткенде бир туугандарынын көңүл бурбашы себеп болгон, — деп жазылган маалыматта.

Президенттин Жарлыгында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө мектептерге киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон мектеп жашындагы балдардын эсебин алуу менен аларды мектепке киргизүү боюнча зарыл чараларды көрүү милдеттендирилген болчу. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирге бир айда турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок), аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды таап, зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтүү да баса белгиленген.  Мындан сырткары эки айлык мөөнөттө баланын билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же чектеген ата-энелердин, балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү сунушталган.

 Президенттин резервдик фондунан жардам көрсөтүлдү

Республика боюнча райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары 201 окууга тартылбаган балдарды аныктап чыгышты. Алар үй-бүлөдөгү каржы маселесинин айынан мектепке барбай калышкандар. 6-17 жашка чейинки балдардын 118 — эркек балдар, 83 — кыздар. Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 31, Таласта – 70, Ысык-Көлдө – 37, Баткенде – 24, Жалал-Абадда – 10, Нарында – 9, Ош облусунда – 5 жана Ош шаарында – 6 бала мектепке тартылбай калышкан.

МЕКТЕПКЕ БАРУУГА ШАРТЫ ЖОК БАЛДАРГА ӨКМӨТ ЖАРДАМ БЕРЕ БАШТАДЫ

— КР Президентинин буйрутмасынын негизинде Президенттин резервдик фондунун эсебинен (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок), аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды таап, зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алуу үчүн 5 млн сом бөлүнгөн. Учурда КР Президентинин атайын ыйгарым өкүлдөрү облус боюнча такталган балдарга керектүү жардамдарды бере башташты. Ошондой эле бул балдарды мектепке киргизүү иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат, — дейт  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкери Жаңыл Жумабаева.

МЕКТЕПКЕ БАРУУГА ШАРТЫ ЖОК БАЛДАРГА ӨКМӨТ ЖАРДАМ БЕРЕ БАШТАДЫ

МЕКТЕПКЕ БАРУУГА ШАРТЫ ЖОК БАЛДАРГА ӨКМӨТ ЖАРДАМ БЕРЕ БАШТАДЫ

Чүй облусу

Чүй ОУБББнын жетекчиси   Райымбек Султановдун берген маалыматына таянсак,  Чүй облусундагы окуучулардын билим алуусу боюнча учет ар бир жылдын май, август айларында жергиликтүү бийлик органдары аркылуу жүргүзүлөт.

— Жалпы облус боюнча окууга тартылбай калган бала жок экендигин билдиребиз. Бирок, облус боюнча 296 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок деп табылган. Бул окуучулар бүгүнкү күндө мектепке учетко алынып, толук кандуу билим алышууда. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүү процесси жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жатат, — дейт жетекчи.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Максат Курманалиевдин билдирүүсү боюнча, учурда облус боюнча ар кандай себептер менен мектепке барбай калган 31 баланын тизмеси такталган.

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында турмуштук оор кырдаалга кабылып, окууга тартылбай калган балдардын тизмесин тактап жатабыз. Азыркы учурга жетим, жарым жетим, ДЦП, аз камсыз үй-бүлө, мигранттын баласы ж.б.у.с. категориядагы балдар аныкталып жатат. Маселен,  ден соолугу чектелген  (ДЦП), психо-физикалык аспектилерди эске алуу менен окутууга мүмкүн эмес балдардын саны азырынча 13кө жетти. Чет мамлекетте дарыланып жаткан балдар дагы бар экен. Ата-энеси ажырашып кетип, апасына жардам берип жүргөн балдар ИДН кызматкерлеринин  каттоосунда турат. Ал эми апасы менен Бишкекке кеткен Ильянын азыркыга чейин дайыны жок болуп жатат. Ата-энеси менен Россияга кетип, ал жердеги мектепке кире алышпай же кайра Кыргызстанга келалбай калгандар дагы бар, — дейт жетекчи.

Айрым райондук, облустук билим берүү уюмдары жергиликтүү социалдык камсыздоо башкармалыктары менен биргеликте иш жүргүзүп жатканын байкадык. Бирок  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги берген маалымат менен облустук билим берүү уюмдары берген маалыматтар азырынча дал келбей жатканы көрүнүп турат. Анткени жер-жерлерди үймө үй кыдырып, тактап чыгуу бир топ убакытты талап кылаары белгилүү иш. Биздин топтогон маалыматка карасак, көп балдардын ден соолугу чектелгенине байланыштуу окутууга мүмкүн эмес экени аныкталды. Ал эми дени сак, бирок материалдык жактан кыйналып жаткан, окуганга шарты жокторго Өкмөт колун сунуп, жардамын бере баштады. Буюрса, бул категориядагы балдардын багы ачылып, өз курбу-курдаштары сыяктуу эле мектеп босогосун аттап, билимге ээ болоору анык.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

2013-2020-жылдары 7-17 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн жалпы билим берүү мекемелерине ар кандай себептер менен кирбей калгандар

2013/20142014/20152015/20162016/20172017/20182018/20192019/2020
Мектепке

кирбей калган балдардын саны. Баары

2 9012 6232 2262 5762 61328262834
Материалдык кыйынчылыктан99186129174246222262
Ата-эненин каалабаганы-нан64103535466912
Үй-бүлөлүк шарт боюнча236658307481540672634
Окугусу келбегендер11511079383913967
Иштегендер1 021189149445417229212
Ден соолугуна байланыштуу891153875477562
Ден соолугунан чектелген балдар1 2051 2901 2801 2971 25313361521

Булак: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика  комитетинин маалыматы

Бөлүшүү

Комментарийлер