МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

  • 08.10.2024
  • 0

Аравандын Жаңы-Абат айылынын алдыңкы дыйканы Махамадали Кошматов райондогу билим берүү мекемелеринин эң мыкты өнөктөшү. Ал көп жылдан бери бала бакчалар менен мектеп интернатын азык-түлүк менен камсыздап келет.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

Аравандын Жаңы-Абат айылынын алдыңкы дыйканы Махамадали Кошматов

Махамадали Кошматов СССР таркап, колхоз-совхоздор жоюлган кезден бери өз алдынча дыйканчылык менен алектенет. Жыл сайын беш гектар жерге жер-жемиш, жашылчалардын түрүн эгип, алган түшүмүн райондогу бир канча билим берүү мекемелерине сатат. Ал бир эле учурда жүздөгөн балдардын ысык тамак ичишине өбөлгө түзсө, жыйырмадан ашуун айылдашын иш менен камсыздайт.

— Негизинен бала бакчалар жана Арипжан Тургунов атындагы мектеп-интернаты менен көп жылдан бери кызматташам. Интернат алты айда бир жолу, бала бакчалар бюджеттен болсо үч айда бир, атайын эсептен ала турган болсо ай сайын тендер өткөрөт. Керектүү жер-жемиштин баарын өзүм өстүргөндүктөн көбүнчө тендерден утуп алам. Утулуп калган учурларым да болот. Өзүмдүн элүү сотых жерим бар. Ага алма-өрүктүн, алчанын түрүн тигип койгом. Андан алынган түшүмдөн кактын түрүн жасап, бала бакчаларга компот үчүн тапшырабыз. Дагы беш гектар жерди иштетем, анын үч гектарын өзүм сатып алгам, эки гектарын болсо ижарага алам, — дейт дыйкан.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

Махамадали Кошматов кызматташкан Арипжан Тургунов атындагы мектеп-интернатында жалпы 310 окуучу бар. Негизинен жетим, жарым жетим жана оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары тарбияланат. Аларга төрт маал тамак берилет. Баарын мамлекет каржылайт. Ар бир балага 110 сомдон бөлүнөт. Бирок бул мектеп жалаң мамлекеттин көзүн карап отурбастан өзүнчө көмөкчү чарба да уюштуруп алган. Мектеп багында алма-өрүктүн, дагы башка жемиштин түрлөрү бар. Алардан алынган түшүмдүн бир бөлүгүн сатып, калганын как кылып кургатып, жыл бою окуучуларга компот кайнатып беришет. Саткандан түшкөн акчага болсо койлорго жем алышат. Бул мектеп башкалардан айырмаланып кой чарбасын уюштуруп алган. Азыр 33 баш кой-козусу бар. Аларды майрам күндөрү союп, балдарга шорпо кылып беришет.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

— Биздин интернаттын балдары үчүн ысык шорпо өтө маанилүү. Анткени балдар башкалардан айырмаланып  24 саат бою мектепте болот. Биз алардын сапаттуу жана витаминдүү тамак менен камсыз болушуна толук жооп беребиз. Антпесек ден соолугуна залакасы тийип калат, — дейт директор Жахан Сайдахматов.

Күнүмдүк тамагы болсо Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан мектептерде тамактануу боюнча стандарттарга ылайык жана санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан бекитилген аш тизменин негизинде даярдалат. Тамактардын энергетикалык баалуулугу 550 ккалдан кем болбойт.  Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Россиянын тармактык тамактануу институту биргеликте иштеп чыккан мектептерде ысык тамак уюштуруу үчүн рецепттер китеби да жардамга келет. Анда мектеп окуучулары үчүн сапаттуу жана ар түрдүү ысык тамактардын рецепттери камтылган.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

Ал эми интернатта балдарга ысык тамак берүүдө эч кандай кыйынчылык жок. Анткени беш жыл мурун Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына кирип, ашканасын ремонттон өткөрүп, муздаткычтан тартып нан бышырган меш, тамак бышырган мискейине чейин керектүү жабдыктардын баардыгы менен камсыз болгон. Балдардын организмине керектүү байытылган унду да программа аркылуу алып турушат.  Айына 400 кг ун сарпталат. Андан окуучулар үчүн нан жана таттуулардын түрлөрү жасалат. Мындай ун окуучулардын ден соолугу үчүн абдан пайдалуу. Тилекке каршы,  Кыргызстанда үй чарбаларынын 2% гана жетиштүү байытылган унду керектейт. Бул болсо организмге керектүү микроэлементтердин жетишсиздигине алып келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда бештен тогуз жашка чейинки балдардын 47%, 10 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүм кыздардын 48% темирдин жетишсиздиги менен жабыркайт.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

АРАВАНДАГЫ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

Араван районунда өнөктөштөрдүн жардамы менен бул интернаттан тышкары дагы 42 мектепте башталгыч класстардын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган. Анын 24 БУУнун ДАТП программасынын, он сегизи МЕРСИКОнун, дагы бири Япон гранты менен ишке ашырылган.

— 2024-2025-окуу жылында ысык тамак менен камсыз болгон мектептердин санын 47 жеткирүүнү пландаганбыз. Учурда төрт мектепте МЕРСИКОнун жардамы аркасында кызуу иштер жүрүп жатат, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамажанов.

Андан сырткары Араванда Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен беш мектепте күнөскана уюштурулуп, ысык тамагына керектүү пияз, картошка, сабиз сыяктуу жашылча, өсүмдүктөрдүн түрлөрү өстүрүлүп, окуучулардын күнүмдүк тамак-ашына пайдаланылууда. Бул тажрыйбаны райондогу бардык мектептерге жайылтуу колго алынып, ар бир айыл өкмөтү мектептерге жер тилкелерин бөлүп берген. Учурда мектептерде күнөскана уюштуруу иштери жүрүүдө. Жалпы Кыргызстан боюнча жалпы мектептердин 65% ушинтип көмөкчү чарбаларды жана бакчаларды түзүп алган.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КАМКОРДУК

КР Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу программасын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Мерсико эл аралык уюмунун жана Россиянын өнөр жай тамактануу институтунун техникалык жардамы менен ишке ашырып келет. Учурда мектептердин 98% ысык тамак менен камсыздалган.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ВИТАМИНДҮҮ БОЛСО, БАЛА КҮЧТҮҮ БОЛОТ

Россия өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 2023-2026-жылдарга карата Кыргызстандагы мектептердин тамактануу системасын өнүктүрүү долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашырууга 15 миллион доллар бөлүүнү чечкен. 2013-2023-жылдары болсо 22 миллион доллар бөлүнгөн. Бул долбоордун аркасында республикада 200 миң бала ысык тамак менен камсыз болуп, 920 мектептин ашканасы оңдолуп, заманбап ашкана жабдуулары менен жабдылып, 4 миң тонна байытылган ун алынган. Мектептердин ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери үчүн кошумча 3 миң жумушчу орун түзүлүп, мектептердин 59 ашпозчусу окуудан өткөн. Мерсико аркылуу дагы 900дөн ашык мектеп камсыздалып, 681 мектептин ашпозчусу окуган.

2023-2027-жылдарга карата өлкөнүн стратегиялык планынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы бала бакчалардын деңгээлине чейин кеңейтилип, өспүрүмдөрдү да  камтууну пландаган.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер