МЕКТЕП ТАМАГЫ: СКАНДИНАВИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 29.08.2024
  • 0

Өткөн жылы Алдын алуу медицинасы академиясынын президенти, Американын коомдук саламаттыкты сактоо ассоциациясынын мүчөсү казакстандык  Алмаз Шарман Швеция менен Финляндияда болуп, мектеп окуучуларынын билим сапаты жана тамактануусу жагынан эң алдыңкы деп эсептелген бул өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып келген. Төмөндө белгилүү окумуштуунун Скандинавия өлкөлөрүнөн алган таасирлери менен тааныша аласыздар.

МЕКТЕП ТАМАГЫ: СКАНДИНАВИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ТАЖРЫЙБАСЫ

Швецияда окуучулар ресторандарда тамактанышат

Швецияда мектеп окуучулары ресторандарда тамактанышат, алардын тамак-ашын рокерлер даярдашат. Узун бойлуу  эки жигит менен таанышканымда, мен аларды «Металлика» тобунун рокерлери го деп ойлогом. Жаңы тааныштарымдын ысымдары  —  Микел жана Густав. Алар — мектептин ресторанында ашпозчулар. Ооба, алар мектептин ашканасында эмес, ресторанында иштешет. Швецияда мектептеги тамак-ашка ушундай мамиле жасалат. Микел мурда Стокгольмдогу популярдуу барлардын биринин жылдызы болгон. Балдары төрөлгөндө, ал мурунку иштеген жерден кетүүнү чечип, мектеп окуучуларын тамактандырууга өнөрүн арнады. Кесиптик ырахаттан тышкары, азыркы иши ага кечинде үй-бүлөсү менен убакытты өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Чынында, Стокгольмдогу мектеп ресторанында көргөнүбүз биздин күткөнүбүздөн ашты. Болгону 0,93 еврого (450 тенге) сиз балдарыңызга даамдуу швед котлеттерин жедирип, аларды жашылча-жемиштердин жана салаттардын чоң тандоосу менен камсыз кылып, баарын жаңы сүт менен азыктандыра аласыз. Биз бул түшкү тамакты өзүбүз жеп көрдүк жана бул жердеги мектеп тамактары шведдик үлгү боюнча: аш болумдуу, жагымдуу, даамдуу, коопсуз, экологиялык жактан таза жана интеграцияланган тамактар ​​экенин байкадык.
Дагы бир өзгөчөлүк, Швецияда буфет системасы кабыл алынган: башкача айтканда, идиш-аяктар тарелкаларга алдын ала коюлбайт, бирок окуучуларга өз алдынча тандоого мүмкүнчүлүк берилет. Мугалимдер алар менен чогуу тамактанышып, тарелкага кандай тамактарды, кандай өлчөмдө салуу керектигин айтып, туура тамактануунун пайдасын түшүндүрүшөт. Мектептеги түшкү тамак балдардын күнүмдүк энергия муктаждыгынын үчтөн бир бөлүгүн камсыз кылууга тийиш жана жашылчаларды, этти, үй канаттууларын же балыкты, сүт же сүт азыктарын камтышы керек.
Бардык процессти мектеп ресторанынын ашпозчусу Микел Бэкман координациялайт. Дени сак тамак жасоого илимий негизделген мамилесинен тышкары, ал мектеп окуучулары жана мугалимдери менен жандуу баарлашып, кээде шведдик популярдуу Metallica тобунун музыкасын ойноп берет. Анын шериги Густав кечинде гана узун  сакалын жайкалтып (мектепте тамак даярдап жатканда өрүп алат), мотоциклге отуруп, Стокгольмдун кечки көчөлөрүн аралайт.

Фин мектебинде мугалим окуучулар менен чогуу тамактанат

Ал эми Фин мектебинде борборлоштурулган ашкананы колдонушат жана балдарга бут кийим кийүүгө тыюу салынган.  Кеп Финляндиянын борбору Хельсинкидеги Мецола мектеби жөнүндө болуп жатат. Кире бериште бизди өзгөчө күүлүү-күчтүү директор Пиа Рауха жылуу тосуп алды. Жылмайып, ал бизге бут кийимге жабууларды кийүү зарылчылыгын айтты. Бөлмөгө киргенде тентек балдарды көрдүк. Алар бизге көңүл бурбай, өз ара бир нерсени талкуулап жатышты. Алардын баары бут кийимсиз экенин байкадык. Пиа Рауха алардын бирине кепкасын чеч деп эскертти. Бул анын өзү айткан эскичил мектеп эрежелеринен болчу.

Биз өз сапарыбызда фин мектеп окуучуларынын тамактануусу менен таанышууну биринчи орунга койдук. Түшкө маал болчу. Балдар биринин артынан бири өз класстары менен ашканага киришти да, ызы-чуусу жок, тарелкаларына капуста менен тооктун шорпосун куюп, маргаринге бышырылган кара буудай нанын ала кетишти. Бизге Финляндияда маргаринден жана башка тамак-аштардан зыяндуу транс майларды тазалоо технологиясы колдонулат деп түшүндүрүштү. Мектеп окуучулары мугалими менен чогуу тамактанышты. Ал тартипти гана күчөтпөстөн, кээ бир балдарга дасторконго даярдалган сабиз менен бадыраңды алып барууну эскертти. Ал эми суюктуктарга келсек, мектеп окуучуларына майы аз сүт же суу чектөөсүз сунушталат.
Бул жерде түшкү тамактануу 30 мүнөткө созулат. Андан кийин балдардын 10-15 мүнөт бош убактысы бар, анын жүрүшүндө алар мектеп аянтчасында ойноого мүмкүнчүлүк алышат. Фин мектептеринде кант кошулган энергетикалык суусундуктарды, ошондой эле чипсы, момпосуй, печенье жана башка таттууларды сатууга же таратууга тыюу салынат. Биз бир дагы жерден мектепке жакын жайгашкан тез тамактануучу жайды көргөн жокпуз.
Бул талаптар финляндиялык бекер жана мамлекеттик тамактануу моделинин негизги принциптерине шайкеш келет: аларда мектеп тамагы жагымдуу, тең салмактуу жана окуучулардын ден соолугу үчүн коопсуз болуп саналат. Мектеп тамагы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган десек болот. Финдер болсо өзүнүн 75 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан мектептеги тамактандыруу модели менен ар убак сыймыктанышат. Рациондун уюштурулушу жана илимий жактан негиздүүлүгү жагынан бул  дүйнөдөгү эң алдыңкы система болуп саналат. Анткени Финляндиядагы мектеп түшкү тамактары ар кандай курактагы балдар үчүн сунушталган энергиянын үчтөн бир бөлүгүн камсыз кылышы керек. Мындан тышкары, белоктор 15% түзөт, карбонгидрат — 55% жана майлар — 30%, каныккан майлар 10% ашпоого тийиш. Бул талаптар Финляндиянын Улуттук ден соолук жана жыргалчылык институтунун окумуштуулары иштеп чыккан азыркы илимий сунуштарга бардык жагынан ылайык келет.
Ар бир жумада алар эт, тоок же балыктан жасалган негизги ысык тамакты, жашылчалардан жасалган гарнирди (салат, майдаланган жашылчалар же жаңы жашылчалардын кесиндилери), жайган кара буудай наны жана майсыз сүт ичимдиктерин камтыган стандартташтырылган менюну сунушташат. Мындай түшкү тамактын тамак-аш бөлүгүнүн баасы болжол менен 1 еврону түзөт. Бул баа эмгек, материалдык-техникалык жана башка чыгымдарды камтыбастыгын белгилей кетүү маанилүү.

Metsola мектеп тамактары Хельсинкидеги бир нече билим берүү жана оорукана уюмдарын камсыз кылган борборлоштурулган ашкана аркылуу тейленет. Мектептердин тамак-ашы менен алектенген компанияны борбор шаар мэриясы тендердин негизинде тандайт.

Сапатты жана коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн бул мектепке үч адис бөлүнгөн. Алардын функцияларына тамак-ашты уюштуруу, тартипти жана коопсуздукту сактоо гана эмес, мугалимдер жана мектеп окуучулары менен туура тамактануунун принциптери боюнча түшүндүрүү иштери да кирет. Бул жагынан аларга мектептин медициналык кызматкерлери жана психологдору да жардам беришет. Ошентип, фин моделинин негизги принциптеринин бири: «бирге тамактануу жана үйрөнүү» бул жерде ар дайым ийгиликтүү ишке ашырылат. Дегинкисинде Финляндияда сергек жүрүм-турумдун принциптерин жаштарга жайылтуу жалпы билим берүү системасы менен интеграцияланган.
Ошентсе да Финляндиянын кээ бир чоң мектептери борборлоштурулган кызматтарды колдонушпайт, алардын керектүү техникалык каражаттар, анын ичинде атайын муздаткычтар жана тоңдургучтар менен жабдылган толук кандуу иштеген  ашканасы бар. Аларда ашпозчулар жана окутуучулар менен бирге толук убакытта иштеген жардамчы жумушчулар иштейт.

Биз да башкалардай эле мектептин түшкү тамагын жешибиз керек. Баардыгы жөнөкөй, бирок абдан аш болумдуу жана даамдуу экен. Эч кандай таттуу компоттор, ширелер же булочкалар жок. Мугалимдер жана ашкананын кызматкерлери менен баарлашып, биз бир нече фин сөздөрүн, анан албетте, «рахмат» дегенди билдирген Kiitos деген сөздү үйрөндүк. Ар бир окуучу аны кызматкерлерге даамдуу жана пайдалуу тамак үчүн ыраазычылык катары айтышты. Ошондон кийин алардын мектеп аянтчасына чуркап, көңүлү толгончо ойнош үчүн кантип чыгышканын көрдүк.

Татыктуу билим деңгээлинен жана тажрыйбалуу мугалимдер жамаатынан тышкары, бул мектептеги тамак-аштын сапаты жогору экенине ушинтип өз көзүбүз менен ынандык. Скандинавия мектептеринде көргөндөрүбүздү Казакстандын мектептерине жайылтууну да ойлодук…

Интернеттен алып кыргызчалаган А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер