МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ЖАНА МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • 11.11.2026

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА ӨТҮҮ ШАРТЫНДА МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУНУН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ: ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ЖАНА МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында жүрүп жаткан реформалар мектептин ишмердүүлүгүнө, окуу-тарбия процессинин мазмунуна жана билим берүү субъекттеринин өз ара мамилелерине жаңы талаптарды коюуда. Айрыкча 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн, психологиялык абалын, социалдык чөйрөгө ыңгайлашуусун жана инсандык өнүгүүсүн эске алуу өзгөчө мааниге ээ болууда.

Бул процессте мектеп психологунун ролу кыйла жогорулайт. Анткени психолог окуучулардын эмоционалдык абалын аныктоо, психологиялык-педагогикалык колдоо көрсөтүү, окуучулардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, буллингдин жана зомбулуктун алдын алуу, ата-энелер жана педагогдор менен иш алып баруу сыяктуу маанилүү багыттар боюнча иш жүргүзөт.

Мектеп психологунун ишмердүүлүгү жекече консультация берүү менен гана чектелбестен, билим берүү чөйрөсүндө коопсуз жана жагымдуу психологиялык климатты түзүүгө, ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн ачууга жана анын инсандык өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталууга тийиш.

Ушуга байланыштуу психологдордун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, алардын функционалдык милдеттерин так түшүндүрүү жана практикалык ишмердүүлүгүнө методикалык колдоо көрсөтүү актуалдуу милдеттердин бири болуп саналат.

Республикалык институт тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизги багыттары

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 1380/1 буйругу менен жалпы билим берүү уюмунун психологунун функционалдык милдеттери жөнүндө типтүү нускама жана психологдун ишин уюштуруу жөнүндө жобо бекитилген.

Аталган буйрукта мектеп психологдорунун ишмердүүлүгүн системалаштыруу, функционалдык милдеттерин тактоо, ошондой эле алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча бир катар милдеттер белгиленген.

Буйруктун негизинде Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтуна жалпы билим берүү уюмдарынын психологдору жана социалдык педагогдору үчүн тиешелүү окутууларды уюштуруу милдети жүктөлгөн. Ошондой эле мектеп психологдору үчүн усулдук колдонмо иштеп чыгуу боюнча иштер каралган.

Бул багытта Республикалык институт тарабынан «12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектеп психологиясын окутуунун теориясы жана практикасы» темасында окутуу-методикалык иштер жүргүзүлүп, мектеп психологдорунун кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо жана окутуунун натыйжалуулугун баалоо максатында мониторинг уюштурулду. МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ЖАНА МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Жүргүзүлгөн иштер төмөнкү негизги багыттарды камтыды:

  • мектеп психологунун функционалдык милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрүү;
  • психологдун ишин уюштуруу боюнча жобонун негизги талаптарын өздөштүрүү;
  • психологиялык-педагогикалык колдоо көрсөтүүнүн теориялык жана практикалык негиздерин үйрөтүү;
  • кесиптик этика жана купуялуулукту сактоо талаптарын түшүндүрүү;
  • кризистик кырдаалдарда иш алып баруу боюнча билимдерди кеңейтүү;
  • мектеп психологунун диагностикалык, консультациялык жана профилактикалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү.

Окутуунун натыйжалуулугун аныктоо жана мониторинг жүргүзүү

Окутуу процессинин натыйжалуулугун баалоо максатында катышуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мониторингдин негизги максаты — курстун мазмунунун мектеп психологдорунун кесиптик муктаждыктарына шайкештигин аныктоо, алынган билимдердин практикалык маанисин баалоо жана кийинки окутууларды өркүндөтүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Сурамжылоого республиканын Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле бардык облустарынан мектеп психологдору катышты. Сурамжылоонун жыйынтыктары төмөнкү көрсөткүчтөрдү берди. МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ЖАНА МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  1. Курстун максаттары жана милдеттеринин түшүнүктүүлүгү.

Катышуучулардын 77,4 пайызы курстун максаттары жана милдеттери толук түшүнүктүү болгонун белгилешкен. 9,7 пайызы жарым-жартылай түшүнүктүү болгонун, дагы 9,7 пайызы кошумча түшүндүрмөгө муктаж экендигин билдиришкен.

  1. Курстун мазмунунун функционалдык милдеттерге шайкештиги.

Сурамжылоого катышкандардын 87,1 пайызы курстун мазмуну мектеп психологунун функционалдык милдеттерине толук туура келерин белгилешкен. Бул окутуунун мазмуну жаңы бекитилген талаптарга негизделгендигин көрсөтөт.

  1. Психологдун ишин уюштуруу жөнүндө жобону өздөштүрүү деңгээли.

Катышуучулардын 38,7 пайызы жобонун негизги талаптарын толук өздөштүргөнүн билдиришкен. 54,8 пайызы негизги жоболорун түшүнгөнү менен айрым суроолор боюнча кошумча түшүндүрмөгө муктаж экендигин белгилешкен. Ал эми 6,5 пайызы кошумча окутуу зарыл экендигин көрсөткөн.

Бул көрсөткүч психологдордун укуктук-нормативдик документтерди практикалык ишмердүүлүгүндө колдонуу боюнча методикалык колдоого муктаждыгы бар экендигин айгинелейт.

  1. Курста берилген маалыматтардын практикалык пайдалуулугу.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын 90,3 пайызы курста берилген маалыматтарды мектептеги күнүмдүк ишинде колдонуу үчүн абдан пайдалуу деп баалашкан. 9,7 пайызы маалыматтардын айрым багыттары пайдалуу болгонун белгилешкен.

  1. Кесиптик этика жана купуялуулук маселелери.

Катышуучулардын 87,1 пайызы кесиптик этика жана купуялуулукту сактоо маселелери жетиштүү каралганын билдиришкен. 3,2 пайызы жарым-жартылай каралганын, 9,7 пайызы кошумча практикалык түшүндүрмө керектигин белгилешкен.

  1. Кризистик кырдаалдарда иш алып барууга даярдык.

Зомбулук, буллинг жана өзүнө зыян келтирүү коркунучу сыяктуу кризистик кырдаалдарда чара көрүүгө даярдыгы кыйла жогорулаганын катышуучулардын 32,3 пайызы белгилеген. 61,3 пайызы теориялык түшүнүгү жогорулаганын, бирок практикалык даярдыкты дагы өркүндөтүү зарылдыгын билдирген. 6,4 пайызы даярдыгында олуттуу өзгөрүү болбогонун көрсөткөн.

Бул жыйынтык кризистик кырдаалдарда иш алып баруу боюнча практикалык машыгууларды көбөйтүү зарылдыгын көрсөтөт.

  1. Окутуу методдорунун натыйжалуулугу.

Окутуучулар тарабынан колдонулган окутуу ыкмаларын жана практикалык тапшырмаларды катышуучулардын 72,2 пайызы абдан натыйжалуу, 22,6 пайызы орточо натыйжалуу деп баалашкан. 3,2 пайызы алардын натыйжалуулугу төмөн болгонун белгилешкен.

Бул көрсөткүч интерактивдүү окутуу ыкмаларын, практикалык тапшырмаларды жана кейс-талдоолорду колдонуу психологдорду даярдоодо маанилүү экендигин тастыктайт. МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ЖАНА МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Мониторингдин негизинде аныкталган көйгөйлөр

Жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын талдоо мектеп психологдорунун кесиптик ишмердүүлүгүндө төмөнкүдөй негизги көйгөйлөр бар экендигин аныктады.

Биринчиден, теориялык билим менен практикалык ишмердүүлүктүн ортосунда ажырым бар.

Психологдор теориялык маалыматтарды өздөштүргөнү менен, аларды мектеп шартында окуучулар, ата-энелер жана педагогдор менен иштөөдө колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү дагы өнүктүрүүгө муктаж.

Экинчиден, психологиялык диагностиканын жана консультация берүүнүн инструменттерине суроо-талап жогору.

Психологиялык тесттерди колдонуу, диагностикалык методикаларды тандоо, коррекциялык көнүгүүлөрдү жүргүзүү жана жекече консультация берүү боюнча практикалык материалдарга муктаждык аныкталды.

Үчүнчүдөн, мектеп психологунун ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү методикалык стандарттарын тактоо зарыл.

Функционалдык милдеттер, укуктар, жоопкерчилик, иш убактысы, иш кагаздарын жүргүзүү жана отчеттуулук боюнча түшүндүрмөлөрдү кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Төртүнчүдөн, кризистик кырдаалдарда иш алып баруу боюнча практикалык даярдыкты күчөтүү керек.

Буллинг, зомбулук, окуучулардын эмоционалдык абалынын оорлошуусу жана өзүнө зыян келтирүү коркунучу учурунда психологдун аракеттерин алгоритмдер аркылуу үйрөтүү маанилүү. МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ЖАНА МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Кийинки окутууларды өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттары

Сурамжылоонун жыйынтыгында кийинки курстарда көбүрөөк көңүл бурулууга тийиш болгон багыттар да аныкталды:

  • психологиялык диагностика жана консультация берүү — 45,2%;
  • кризистик кырдаалдар, буллинг жана зомбулуктун алдын алуу — 32,3%;
  • документ жүргүзүү, отчеттуулук жана купуялуулук — 16,1%;
  • ата-энелер жана педагогдор менен иштөө — 6,4%.

Бул көрсөткүчтөр келечектеги квалификацияны жогорулатуу курстарынын мазмунун түзүүдө психологдордун реалдуу кесиптик муктаждыктарын эске алуу зарылдыгын көрсөтөт. МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ЖАНА МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Ушуга байланыштуу Республикалык институт тарабынан психологияны окутуунун методикасын мындан ары өркүндөтүүдө төмөнкү багыттарга артыкчылык берүү максатка ылайыктуу:

  1. Психологиялык диагностика жүргүзүүнүн заманбап методикаларын үйрөтүү.
  2. Окуучуларга жекече жана топтук консультация берүү көндүмдөрүн калыптандыруу.
  3. Буллингдин, зомбулуктун жана башка тобокелдиктердин алдын алуу боюнча практикалык иш-аракеттерди үйрөтүү.
  4. Кризистик кырдаалдарда психологдун иш алып баруу алгоритмдерин өздөштүрүү.
  5. Психологдун кесиптик этикасы, купуялуулук жана документ жүргүзүү боюнча практикалык сабактарды уюштуруу.
  6. Ата-энелер жана педагогдор менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү технологияларын киргизүү.

Мындан тышкары, окутуу процессинде «Теория → Методика → Практикалык көнүгүү → Кейс талдоо → Натыйжаны баалоо» моделин колдонуу сунушталат. Бул ыкма теориялык билимди практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга жана психологдордун кесиптик компетенттүүлүгүн комплекстүү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Жыйынтыктап айтканда, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектеп психологдорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу билим берүү реформасынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Республикалык институт тарабынан жүргүзүлгөн окутуу-методикалык иштер жана уюштурулган мониторинг мектеп психологдорунун жаңы нормативдик талаптарды өздөштүрүү деңгээлин, курстун мазмунуна болгон мамилесин жана практикалык ишмердүүлүктөгү муктаждыктарын аныктоого мүмкүнчүлүк берди.

Сурамжылоонун жыйынтыгы катышуучулардын 90,3 пайызы окутууда берилген маалыматтарды күнүмдүк ишинде пайдалуу деп баалаганын, 87,1 пайызы курстун мазмуну функционалдык милдеттерине толук туура келгенин жана 72,2 пайызы окутуунун методдорун абдан натыйжалуу деп эсептегенин көрсөттү.

Ошол эле учурда психологиялык диагностика, консультация берүү, кризистик кырдаалдарда иш алып баруу жана документ жүргүзүү боюнча кошумча практикалык окутууга муктаждык бар экендиги аныкталды.

Демек, мектеп психологдорунун квалификациясын жогорулатуу бир жолку окутуу менен чектелбестен, үзгүлтүксүз методикалык колдоо, практикалык көнүгүүлөр, тажрыйба алмашуу жана мониторинг жүргүзүү аркылуу системалуу түрдө уюштурулушу зарыл.

Республикалык институттун бул багыттагы ишмердүүлүгүнүн негизги максаты — жаңы билим берүү шартында ар бир окуучунун психологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, анын инсандык өнүгүүсүн колдоого жана мектептеги жагымдуу социалдык-психологиялык чөйрөнү түзүүгө жөндөмдүү, кесиптик компетенттүү мектеп психологдорун даярдоо болуп саналат.

Асанова Г.Ж.,

Стратегиялык пландоо, аналитика жана координациялоо борборунун директору 

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу

жана кайра даярдоо республикалык институту.

  

Бөлүшүү