МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ

  • 20.10.2025
  • 0

12 жылдык билим берүүгө  өтүүнүн максаты — мамлекетти өнүктүрүүгө жасалып жаткан кошумча кадам экендиги айкын. Бул жаатта мектеп жетекчилери агартуу майданындагы жаңыланууну туура кабыл алып, алгылыктуу иштерди иш жүзүнө ашырууда. Айрым жетекчилердин ой-пикирлерин ортого салалы.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: КЕЛЕЧЕККЕ  КАДАМ

Айзада ИМАНАЛИЕВА, А.Солтонов орто мектебинин директору, Талас району:

— Быйылкы старттык этап жылында алгач эле ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чогулуштарды өттүк. Окуучуларга да 12 жылдык билим берүү — чоң максаттарга жетүүнүн жолу экендигин түшүндүрүп жатабыз. Бүгүнкү күндүн жаңы мууну технологиянын тилин жакшы түшүнгөндүктөн “Алтын Казык” программасынын негизинде ээ болгон ноутбуктардын жардамы менен ар кыл платформаларды колдонуп, мугалимдер кызыктуу сабактарды өтүшүүдө. 12 жылдык класстарга сабак берген мугалимдер министрлик тарабынан даярдалган календардык-тематикалык пландын негизинде, жаңы талаптарга жооп бергидей, жаңы ыкмалар менен сабак өтүп жатат. Балдарды активдүүлүккө тарбиялоо жана өз ойлорун эркин айтып берүүсүнө, изилденип, терең ой жүгүртүп, үйрөнгөнүн максаттуу колдонууга багыт берүүчү тапшырмалар менен көнүктүрүшүүдө.

Жаңы китептерди да өз убагында алып келип колдонууга берип жатабыз. Ал эми электрондук китептерди да ар бир класста коюлган QR коддордун жардамы менен окуп жатышат. Ошондой эле санариптештирүү алкагында жүрүп жаткан электрондук күндөлүк, балдарды бала бакчага, мектепке электрондук каттоо да бир топ жазуу жумуштарын жеңилдетип, убакытты үнөмдүү пайдаланууга негиз түзүүдө.

Азыраак кыйынчылык туудурган маселе — айрым сабактарды өтүүдө окуу китептеринин методикага дал келбөөсү болуп жатат.  Мисалы,  кыргыз тилинде  китептерде максаттуу тексттер берилбегендиктен, кошумча текст издемей,  же маалымат топтоо бир канча убакытты талап кылып жатат.

Жалпысынан, 12 жылдык “Алтын Казык” программасы — доор өзгөрткөн билим — ийгиликтүү, билимдүү, атандаштыкка жөндөмдүү, татыктуу жаштарды окутуп, тарбиялап өстүрүүнүн эң ийгиликтүү жолу экендигине ынандык.

 Астра ТОКТОГУЛОВА, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин директору:        

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: КЕЛЕЧЕККЕ  КАДАМ — Билим берүү системасын трансформациялоо мамлекеттик денгээлде колго алынып, алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Мындай чоң масштабдагы иштерде  мектеп директорлору да өз салымыбызды кошуп, милдеттерибизди так аткарышыбыз керек.

Милдет — бул талап коюу эле эмес, окуп үйрөтүү, тажрыйба алмашуу, шыктандыруу аркылуу милдеттерди ишке ашыруу. 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө мектеп директорунун ролу чоң, тынымсыз иш алып баруу керектелет.

Мисалга алсак, окуучулар, ата-энелер, мугалимдер үчүн жакшы психологиялык абал түзүү зарылчылыгы бар.   Окуучу, ата-эне үчүн 12 жылдык билим берүү деп катуу талаптарды, милдеттерди коюунун зарылчылыгы жок. Жөн гана балдарга билим берүүдө теориялык билим берүүдөн практикага өтүп жаткандыгын белгилеп, балдарыбыз эркин баарлашууну үйрөнүп,  заманбап китеп-дептерлерде баланын чыгармачылыгы үчүн көнүгүүлөр, тажрыйбалар кызыктуу экендигин мисал кылып айтсак болот.

Мугалимдерге “Алтын Казык” ноутбуктарын бекер берүү менен талап күчөп жаткандыгы жөнүндө эмес, анын ичиндеги “Санарип кампа”нын ыңгайлуулугу, сабакта колдонууга даяр видеороликтер, тажрыйбалар, көнүгүүлөр жөнүндө кеп кылып, иштөөгө жардам берүү зарыл.

Замандын өзгөрүшү, технологиянын өнүгүшү менен билим берүүнүн мазмуну гана өзгөрбөстөн, аны колдонуу ыкмалары да өзгөрүп жатат.  Бир катар жаңы технологиялар, базалар, колдонмолор, системалар колдонууга кирип жатат. АИС-мугалим, электрондук күндөлүк, инфраструктура, электрондук китептер ж.б. менен толук кандуу иштей билүүгө көнүгүү -биздин милдетибиз болуш керек. Мугалимди  бул системалар башкалардын көзөмөлүндө деп чочулатпастан, аткарып келе жаткан ишибиз санариптешип жаткандыгын белгилеп жардам көрсөтүүбүз зарыл. Ата-энеге, окуучуга “Э-күндөлүк”  ыңгайлуу, ачык, заманбап каражат экендиги боюнча маалыматтарды берип, иштетүүгө жардам көрсөтүү зарыл.

Азыркы заманда, окуучу мугалимдин колдоосуна кандай муктаж болсо,  мугалим үчүн да мектеп жетекчилигин, ата-энелердин, коомчулуктун колдоосу, мактоосу, шыктандыруусу маанилүү.

Максаттарыбыз бир, аракеттерибиз ар кандай болушу ыктымал, бирок биз алдыда коомдун жаңы муундарын өстүрүүгө салымыбызды кошобуз. Милдеттер, талаптар деп дайыма айтып келебиз, бирок азыркы учурда окутуу, жардам көрсөтүү, тажрыйба алмашуу биринчи орунда болуп, андан кийин талаптар болушу шарт деп ойлойм.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер