МЕКТЕП АГАЙЛАРГА МУКТАЖ

  • 24.01.2023
  • 0

Мугалимдик кесип — бул татаал, түйшүктүү, жоопкерчиликтүү кесип. Ошол эле учурда мугалимдик кесипти аркалаган адамдар ары жөнөкөй, эң бир асыл жана сыймыктуу инсандар болуп саналат.

МЕКТЕП АГАЙЛАРГА МУКТАЖ

Бала кезден мугалим болууну самап, мугалимдерге суктануу менен карачумун. “Жаштын тилегин берет” дегендей, кыялымдагы кесипке ээ болуп, иштен талбай чыгармачылык изденүү менен эмгектенип келем.

Мугалимдик кесипти аркалап, класс жетекчилик мидетти он жылдан ашык убакыттан бери аткарып келем. Бул жылдар аралыгында окуучулар менен бир топ ийгиликтерге жетиштик, ошол эле учурда бир топ кыйынчылыктарга да дуушар болдук. Ошондой болсо да айтпай коё албаган, жан-дүйнөмдү дүрбөлөңгө салган, жүрөктү кыйнаган бир көрүнүшкө тынчсызданам. Элибизде: “Мугалимдердин эгиз балдары болот. Эгиздеринин бири мектептеги балдары болсо, экинчиси үйүндөгү балдары. Эгерде мектептеги балдарына кокустук болсо, мугалимдердин көкүрөгү сыздайт”  деген сөз бекеринен айтылган эмес. Мугалим билим алып жаткан ар бир баланы өз баласындай көрүп, анын келечеги үчүн жан үрөйт. Сабакты үч-төрт күн калтырган балдардан кабар алат, билимдерди өздөштүрө албай артта калган окуучулар менен атайын иштейт. Ошондой болсо кээде натыйжасы күткөнүңдөй болбой калат. Анткени, балдардын окуусуна, тарбиясына көңүл бөлүү бир тарап болуп, үйдөн ата-энеден талап, жардам жок болуп жаткандыгы эң негизги көйгөй болуп жатпайбы?

“Сом — пайгамбарга, доллар кудайга айланган заманда жашап калдык,” — деп акын Эгемберди Эрматов бекеринен какшабаптыр. Акча деп көпчүлүк ата-энелер көр тириликтин айынан мигрантка айланып, балдарын карыган чоң ата, чоң энелерине калтырып жатышат. “Данегинен маңызы ширин” деп, неберелерин эркелетип, көздөрүнө карап, айткан нерсесин алып беришкен чоң ата, чоң энелер… Ата-энелеринин жанын кашайтып, ден соолугунан айрылып тапкан акчаларын сом-сомдоп иштетип, кымбат баалуу телефондорду көтөрүп жүргөн балдарды көргөндө кабыргаң кайышат. Ар бир баланын жүрүш-туруш, билимине кабатыр болгон да мугалимдер… Анан балдардын тарбиясынын бузулушуна кимдер себептүү? Ата-энеби же мугалимби?

Мектепте агайларга муктаждык бар. Эжейлер кыргызчылыктан арыла албай, “Койчу эми бир нерсе кылып, мектепти бүтүрөлү, өксүтпөйлү!”  дешип, бармак басты, көз кысты кылып, жардамдашып бүтүрүшөт. Айтайын дегеним, азыркы эркек балдардын кулк- мүнөзү, сүйлөгөн сөзү, ал тургай мамилелери да аялдардыкына окшоп баратканы кандай өкүнүчтүү!.. Сабакты талап кылып катуу сүйлөп койсоң, шолоктоп, ыйламсырап, баштарын жерге салып туруп беришет. Убаданы беришет, аткарышпайт. Өздөрүнүн тили менен айтканда “Айта беришет, сөздөрүнөн кайта беришет”. Жоопкерчиликти сезишпейт. Эгерде ушундай көрүнүш улана берсе эркектердин орду кайда калат? Ар намыстуу, бир сырдуу, эр жүрөк жигиттерди тарбиялоо үйдө атанын милдети болсо, мектепте агайлардын милдети эмеспи.

Эзелтеден элибиз “Атаң үйдө отурса, там башына чыкпагын”, “Атаңдын көзүнө тик караба” же “Атанын сөзү ок, анын каргышына калба”  дешип улуу муундар

аталарыбыздан кандай айбыгышчу. Туура, ал кездеги балдар ата-энеси менен бир болуп, ата-энелер элдик педагогиканын негизинде эле чыныгы кыргыз атуулдарынын мыкты өкүлдөрүн тарбиялашкан жана “Бир балага алты айыл ата-эне”  деп, жоопкерчиликти сезүү менен чыныгы инсандык сапатты балдарга жаштайынан сиңиришкен.

Бүгүнкү күнгө келип, илим билим, техника өнүккөн мезгилге жетип, заманбап билим уясында тарбияланып жаткан балдарыбыздын кылык-жоругу, бири-бирине жасаган мамилеси, сүйлөгөн сөздөрүн көрүп зээниң кейийт. Балдарыбыз эрке өсүп, эртеңки келечеги кандай болоорун унутуп койгон сыяктуу. Келечекке фундамент курууга кызыкпайт. Ата-энелеринин кыйналып тапкан акчасына жаркын келечекти сатып алчудай өздөрүнө ишенет.

Албетте, беш кол тең эмес. Ааламдашуу доорунда гаджеттерди максаттуу пайдаланып, бир топ ийгиликке жетишкен балдарыбыздын да саны толтура. Бирок мен билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө токтолгум келди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун көрөгөчтүгү учурдагы эң актуалдуу маселени көтөрүп чыкканы болду. Албетте, уул балдардын тарбиясында агайлардын орду эбегейсиз зор. Мектепте агайлар — эркек мугалимдер манжа менен эсептелип, саналуу гана. Учурда айлык акыларыбыз көтөрүлүп, жашоо шартыбыз бир топ жакшы абалга түштү. Бирок агайларды мектепке тартуу үчүн 50 -100 % эжейлердин айлыгына салыштырмалуу көтөрмөлөө керек. Мына ощондо мугалимдик кесипке кызыккан же агартуу тармагында окуп, башка кесипти аркалап жүргөн кесиптештерибиз билим майданына кайтышат.

Жылдызкан Мурзалиева, Сары-Алтын орто мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими,  Кадамжай району

Бөлүшүү

Комментарийлер