Математика окуу китеби: аймактардагы көйгөйлөр жана тенденциялар

  • 01.06.2026
  • 0

«Окуу китеби» басма үйүнүн кызматкерлери Ош, Жалал Абад, Баткен жана Нарын облустарында 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн математика предмети боюнча даярдалган окуу-методикалык комплекстерге (ОМК) арналган кеңири талкуу өткөрдү. Ага жалпысынан 745 мугалим, методист жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышып, жаңы окуу материалдарынын мазмуну жана аларды 12 жылдык билим берүү системасында колдонуу маселелери боюнча пикир алышты.

Математика окуу китеби: аймактардагы көйгөйлөр жана тенденциялар

Жолугушуулардын негизги максаты жаңы окуу китептеринин мазмунуна байланыштуу келип чыккан суроолорго жооп берүү, алардын мамлекеттик жана предметтик стандарттарга шайкештигин түшүндүрүү, ошондой эле практикалык колдонуудагы көйгөйлөрдү аныктоо жана аларга аналитикалык баа берүү болду.

Талкуулардын жүрүшүндө алынган маалыматтар сапаттык талдоо ыкмасы аркылуу жалпыланып, катышуучулардын баштапкы жана кийинки позициялары салыштырылды. Мындай ыкма билим берүү материалдарына карата коомдук жана кесиптик кабылдоонун өзгөрүү динамикасын аныктоого мүмкүндүк берди.

Математика окуу китеби: аймактардагы көйгөйлөр жана тенденциялар

Талкууда көтөрүлгөн негизги маселелер

Талкууларда окуу китептеринин көлөмү, окуучулардын окуу жүгү, жумушчу дептерлер менен шайкештиги, практикалык тапшырмалардын жетиштүүлүгү, темалардын ырааттуулугу жана мугалимдерди методикалык жактан колдоо маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду. Ошондой эле жаңы билим берүү системасынын ЖРТ жана башка баалоо механизмдери менен байланышы тууралуу суроолор көтөрүлдү.

Көтөрүлгөн суроолор жаңы окуу программасына болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөтүү менен катар, айрым түшүнбөстүктөр жана маалыматтык боштуктар дагы эле сакталып жатканын айгинеледи.

Катышуучулардын баштапкы суроолорунун олуттуу бөлүгү окуу программасынын мамлекеттик стандарттарга жана календардык-тематикалык пландоого (КТП) шайкештигине байланыштуу болду. Алгач айрым катышуучулар окуу материалдары менен КТПнын ортосунда дал келбестиктер бар деген пикирлерин билдиришсе, түшүндүрүү иштеринен кийин ОМКнын мазмуну предметтик стандарттардын негизги дидактикалык принциптерине — системалуулукка, улануучулукка жана жөнөкөйдөн татаалга өтүү логикасына ылайык түзүлгөнү белгиленди.

Математика окуу китеби: аймактардагы көйгөйлөр жана тенденцияларОМКнын мазмуну жана методикалык түшүндүрмөлөр

Талкуулардын жүрүшүндө эксперттер тарабынан ОМКнын түзүлүшү жана мазмундук өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Презентациялар аркылуу окуу материалдарынын мамлекеттик жана предметтик стандарттарга шайкештиги негизделип, алардын методикалык артыкчылыктары жана билим берүү процессиндеги ролу көрсөтүлдү.

Айрыкча, дидактиканын негизги принциптери: системалуулук, ырааттуулук жана жеткиликтүүлүк, практикалык тапшырмалардын окуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү ролу, математика предметинин турмуш менен байланышы, мугалимдин методикалык жетекчилигинин мааниси, окуу материалдарынын эл аралык билим берүү изилдөөлөрүнө негизделиши аспектилерине басым жасалды.

Берилген түшүндүрмөлөр катышуучулардын бир бөлүгүнүн мурдагы көз карашын кайра карап чыгышына өбөлгө түзүп, окуу материалдарынын нормативдик документтер менен формалдуу гана эмес, мазмундук жактан дагы шайкеш экенин көрсөттү.

Математика окуу китеби: аймактардагы көйгөйлөр жана тенденциялар

Сын-пикирлер жана катышуучулардын көз карашы

ОМКнын структурасы боюнча айтылган сын-пикирлер негизинен темалардын татаалдыгына, мисалдардын жетишсиздигине жана визуалдык элементтердин көптүгүнө байланыштуу болду. Бирок талкуулардын кийинки этаптарында катышуучулар окуу материалдары окуучулардын ой жүгүртүүсүн, логикалык анализ жүргүзүү жөндөмүн жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталганын белгилешти.

Айрыкча статистика жана ыктымалдык элементтеринин башталгыч этаптан тартып киргизилиши маалыматтык сабаттуулукту калыптандыруу контекстинде негизделгендиги көрсөтүлдү. Мындай ыкма заманбап STEM-багыттагы билим берүүнүн негизги тенденцияларына шайкеш келет жана окуучулардын маалымат менен иштөө компетенцияларын эрте калыптандырууга багытталган.

Математика окуу китеби: аймактардагы көйгөйлөр жана тенденциялар

Аналитикалык баалоо жана өзгөрүү динамикасы

Анализ көрсөткөндөй, иш-чаралардын баштапкы этабында көпчүлүк катышуучуларда сын көз караш басымдуулук кылган. Алар окуу китептерин татаал, ыраатсыз жана турмуш менен байланышы жетишсиз деп баалашкан. Бирок «ОМКны толук окуп чыктыңызбы?» деген суроого катышуучулардын 100 пайызы «жок» деп жооп беришкен. Бул жагдай аналитикалык баалоонун объективдүүлүгүнө жана толуктугуна күмөн жаратат. Себеби окуу-методикалык комплекс толук изилденбеген шартта мазмун боюнча берилген корутундулар жетиштүү деңгээлде негизделбей калышы мүмкүн. Ошондуктан сунуштар менен сын-пикирлерди талдоодо бул факторду сөзсүз эске алуу зарыл.

Ошого карабастан, түшүндүрүү жана талкуу иштеринен кийин катышуучулардын көз караштарында олуттуу өзгөрүүлөр байкалды. Жыйынтыктоочу пикирлерде төмөнкү багыттар өзгөчө белгиленди:

  • темалардын логикалык жана системалуу түзүлүшү;
  • окуу материалынын окуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталышы;
  • практикалык тапшырмалардын жетиштүү деңгээлде камтылышы;
  • математиканын турмуштук кырдаалдар менен байланыштырылышы;
  • жаңы ОМКнын заманбап билим берүү талаптарына жооп бериши.

Бул өзгөрүүлөр маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин натыйжалуулугун жана педагогикалык аргументациянын таасирдүүлүгүн көрсөттү.

Ачык калган маселелер жана кошумча сунуштар

Ошол эле учурда айрым маселелер толук чечилбей, ачык бойдон калды. Айрыкча, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдөгү «секирик механизмдерине» байланыштуу суроолорго так жана конкреттүү жооптор бардык учурларда берилген жок. Өзгөчө 2-класстын окуучуларынын андан аркы окуу траекториясы, 1-класстын мазмунунун толук өздөштүрүлүшү жана кайра окутуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөр жетишсиз болду. Бул жагдай эксперттер тарабынан кошумча талдоону жана тактоону талап кылган маанилүү маселе катары белгиленди.

Мындан тышкары төмөнкү багыттар боюнча дагы кошумча иштерди жүргүзүү зарылдыгы аныкталды. Алар — аймактарга окуу китептерин өз убагында жеткирүү, айрым терминологиялык түшүндүрмөлөрдү тактоо жана бирдиктүү колдонуу, мугалимдер үчүн системалуу окутууларды уюштуруу, ата-энелер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

Математика окуу китеби: аймактардагы көйгөйлөр жана тенденциялар

Жыйынтык

Жолугушуулардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, жаңы окуу-методикалык комплекстерге болгон мамиле акырындык менен оң нукка өзгөрүүдө. Негизги түшүнбөстүктөр көбүнчө маалыматтын жетишсиздигинен жана окуу материалдары менен толук тааныш эместиктен улам келип чыккандыгы байкалды.

Эксперттер тарабынан берилген түшүндүрмөлөр жана диалог форматындагы талкуулар мугалимдердин ишенимин жогорулатып, ОМКнын мазмунун тереңирээк түшүнүүгө шарт түздү.

ОМКнын колдонулушуна байланыштуу талкууларда мугалимдин ролу негизги фактор катары аныкталды. Окуу китеби, жумушчу дептер жана мугалим үчүн колдонмо бири-бирин толуктаган бирдиктүү методикалык система катары каралат.

Ошол эле учурда окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрү, материалды кабыл алуу деңгээли жана мугалимдин методикалык ыкмалары окуу процессинин натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этери белгиленди. Бул билим берүү процессинин конструктивисттик моделине шайкеш келет жана окуучунун активдүү таанып-билүү ишмердүүлүгүн колдоого багытталган.

Аймактарда өткөрүлгөн бул жолугушуулар жаңы билим берүү реформасын ишке ашырууда маанилүү кадам болуп калды. Алар, бир жагынан, мугалимдердин жана билим берүү коомчулугунун суроолоруна жооп берүүгө мүмкүндүк түзсө, экинчи жагынан жаңы окуу материалдарынын мазмунун жана методикалык негиздерин кеңири түшүндүрүүгө шарт түздү.

Жыйынтыктап айтканда, математика боюнча окуу-методикалык комплекстерди мектеп практикасына киргизүү боюнча жүргүзүлгөн аналитикалык талдоо жаңы системаны ийгиликтүү ишке ашырууда методикалык колдоонун, үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштеринин жана сапаттуу коммуникациянын чечүүчү мааниге ээ экенин көрсөттү. Ошол эле учурда айрым методикалык жана коммуникациялык маселелер кошумча түшүндүрүү иштерин, илимий-методикалык негиздөөнү жана педагогикалык колдоону талап кылары аныкталды.

Үпөл Керимканова, математика багыты боюнча координатор, «Окуу китеби» басма үйү

Бөлүшүү

Комментарийлер