МАТЕМАТИКА ЭКОЛОГИЯ ҮЧҮН: АК-ӨРГӨ КОНУШУНДАГЫ №77 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 09.06.2026
  • 0

Бишкек шаарындагы №77 орто мектептин окуучулары математика сабагында алган билимдерин реалдуу жашоодогу көйгөйлөрдү чечүүгө колдонуп, өздөрүнүн конушундагы абанын булганышын изилдеп чыгышты. «Мектептер — 2030» программасынын алкагында ишке ашырылган бул демилге окуучулардын математикалык сабаттуулугун гана эмес, жарандык жоопкерчилигин жана экологиялык аң-сезимин да өнүктүрүүгө өбөлгө болду.

МАТЕМАТИКА ЭКОЛОГИЯ ҮЧҮН: АК-ӨРГӨ КОНУШУНДАГЫ №77 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

Инновациялык долбоор

Ак-Өргө конушу акыркы он жылдын аралагында ички миграциянын эсебинен тездик менен өсүп жаткан аймактардын бири. №77 орто мектеп башында 600 окуучуга ылайыкталып курулганына карабастан, учурда анда 1875 окуучу билим алат. Окуучулардын мынчалык тыгыздыгы, класстардын толуп кетиши жана гаджеттерге болгон кызыгуунун күчөшү алардын сабактарга активдүү катышуусуна жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип келет.

МАТЕМАТИКА ЭКОЛОГИЯ ҮЧҮН: АК-ӨРГӨ КОНУШУНДАГЫ №77 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

2025–2026-окуу жылында мектептин дизайн командасы окуучулардын математикалык эсептөө көндүмдөрүн өнүктүрүү менен бирге алардын жашоосуна түздөн-түз тиешелүү болгон көйгөйдү чечүүнү максат кылды. Баштапкы баалоонун жыйынтыгы көпчүлүк окуучулар бөлчөктөрдү, пайыздарды жана ондук бөлчөктөрдү колдонууда кыйынчылыкка туш болуп жатканын көрсөткөн. Ошол эле учурда мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар кыш мезгилинде Бишкекти каптаган смогдун ден соолукка тийгизген таасири боюнча тынчсызданууларын билдиришкен. Натыйжада математика менен экологияны айкалыштырган инновациялык долбоор жаралды.

Изилдөө реалдуу маселеден башталды

9-класстын окуучулары Ак-Өргө конушундагы абанын булганышынын негизги себептерин аныктоо үчүн татаал изилдөө иштерин жүргүздү. Алар үйлөрдө колдонулган жылытуу булактарын изилдеп, көмүр, газ жана электр энергиясын пайдаланган үй-бүлөлөрдүн үлүшүн эсептешти. Математикалык эсептөөлөрдүн жардамы менен окуучулар көмүр менен жылытуу атмосферага эң көп зыян келтирген булактардын бири экенин аныкташты.

МАТЕМАТИКА ЭКОЛОГИЯ ҮЧҮН: АК-ӨРГӨ КОНУШУНДАГЫ №77 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

Мындан тышкары, алар негизги көчөлөрдөгү транспорт агымын байкап, жеңил жана жүк ташуучу унаалардын санын эсептеп чыгышты. Жыйналган маалыматтарды талдоо аркылуу жол кыймылынын эмиссиясы, өзгөчө тыгын маалында, аймактагы абанын сапатына олуттуу таасир тийгизерин далилдей алышты.

МАТЕМАТИКА ЭКОЛОГИЯ ҮЧҮН: АК-ӨРГӨ КОНУШУНДАГЫ №77 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

Мындай иштер окуучуларга маалыматтарды чогултуу, салыштыруу, пайыздык көрсөткүчтөрдү эсептөө жана жыйынтык чыгаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берди. Эң негизгиси, алар математика күнүмдүк жашоодо маанилүү маселелерди чечүүнүн натыйжалуу куралы экенин түшүнүштү.

Калыс, 9-класстын окуучусу, №77 орто мектеп:

“Биз жөн гана мисалдарды чыгарбастан, өз конушубуздагы экологиялык көйгөйдү изилдедик. Математиканы чыныгы маселелерди чечүүдө колдонгондо, ал жөн гана сабак эмес, жашоонун бир бөлүгү болуп калат”.
Изилдөөдөн аракетке чейин

Изилдөөнүн жыйынтыгында окуучулар коомчулукта маалымдоо иштерин жүргүздү. Алар көмүрдөн жаратылыш газына өтүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды таратып, экологиялык жактан коопсуз транспорт каражаттарын пайдаланууну сунушташты.

Жаз айларында мектеп жамаатынын катышуусу менен мектеп аймагына жана анын тегерегине 100 түп дарак отургузулду. Бул иш-чара аймакты көрктөндүрүү менен катар абанын сапатын жакшыртууга багытталды. Ар бир көчөттү отургузуу жана ага кам көрүү балдардын өз конушуна болгон камкордугун жана жоопкерчилигин көрсөттү.

Бул демилге Ага Хан Фондунун «Микротокой» долбоору тарабынан колдоого алынып, 200 түптөн ашык ар кандай бак-дарактардын көчөттөрү тигилди. Окуучулар жаратылышты сактоо боюнча практикалык тажрыйба топтошту, экологиялык жоопкерчиликтин маанисин терең сезишти.

МАТЕМАТИКА ЭКОЛОГИЯ ҮЧҮН: АК-ӨРГӨ КОНУШУНДАГЫ №77 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

Учурда мектептин аймагында күнөскана куруу иштери жүргүзүлүүдө. Күнөскана окуучулар үчүн өзгөчө окуу аянтчасы болуп кызмат кылат: анда алар өсүмдүктөрдүн өсүү процессин байкап, эксперименттерди жүргүзүп, маалыматтарды чогултуп жана талдап үйрөнүшөт.

 Аяна, 9-класстын окуучусу, №77 орто мектеп:

“Мен көмүр менен жылытуу аба үчүн мынчалык зыяндуу болорун билген эмесмин. Эми менин үй-бүлөм үйдү табигый газ менен жылыта баштады. Мен буга абдан кубанычтамын”.
Келечек үчүн маанилүү көндүмдөр

Долбоордун жүрүшүндө окуучулар абанын булганышынын себептерин жана кесепеттерин талдоону, абанын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну, аба жана суу ресурстарын коргоо боюнча чараларды сунуштоону, математикалык маселелерди чечүүнү жана мектепти жашылдандыруу боюнча долбоорлорду түзүүнү үйрөнүштү.

Мындан тышкары аларда сынчыл ой жүгүртүү, маалыматтарды талдоо, командада иштөө, лидерлик, жоопкерчилик жана жарандык активдүүлүк сыяктуу XXI кылымдын негизги компетенттүүлүктөрү калыптанды.

Билим берүү саясатындагы артыкчылыктар менен шайкештик

Бул демилге 12 жылдык окуу моделинин артыкчылыктуу багыттарына толук жооп берет. Долбоор окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, STEM багытындагы көндүмдөрүн, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн жана жарандык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган.

МАТЕМАТИКА ЭКОЛОГИЯ ҮЧҮН: АК-ӨРГӨ КОНУШУНДАГЫ №77 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ

Ошондой эле ал жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартында каралган негизги компетенттүүлүктөрдү — маалымат менен иштөө, көйгөйлөрдү чечүү, өз алдынча чечим кабыл алуу, кызматташуу жана туруктуу өнүгүү принциптерин турмушта колдонуу көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берет.

№77 мектептин демилгеси окуучуларга билимди жөн гана өздөштүрбөстөн, аны өз коомчулугунун көйгөйлөрүн чечүүгө колдонууга мүмкүн экенин көрсөттү. Ак-Өргөнүн окуучулары математика формулалардан гана турбастан, таза аба, жашыл чөйрө жана жакшы келечек үчүн да кызмат кыла аларын далилдей алышты.

Венера Абдыкайырова, математика мугалими, №77 орто мектеп:

“Математика формулалардан гана турбастан, таза аба, жашыл чөйрө жана жакшы келечек үчүн да кызмат кыла аларын балдар бизге далилдеп берди. Биздин иш — алардын жолун ачуу”.

«Мектептер — 2030» программасынын алкагында иш алып барган бардык мектеп жамааттарына, мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин ар бир сабагыңыз, ар бир долбооруңуз, ар бир отургузган дарагыңыз силер окуткан балдардын жаркын келечегине кошкон баалуу салым.

Кыргызстандын бардык мугалимдерине бүтүндөй окуу жылы бою талыкпай эмгектенип келгениңиздер үчүн терең ыраазычылык! Силер жөн гана сабак берген жоксуздар: балдардын жүрөгүнө от жактыңыздар, алардын ичиндеги мүмкүнчүлүктөрдү ойготтуңуздар, кээде балдардын өздөрү да байкабаган мүмкүнчүлүктөрдү. Бала сабакты унутуп калышы мүмкүн, бирок мугалимдин жылуулугун жана ишенимин эч качан унутпайт. Ошол нерсе китепке жазылбаган, бирок жүрөктө түбөлүк сакталган силердин чыныгы мурасыңар.

Быйылкы окуу жылы өзгөчө болду. «Алтын Казык» программасынын алкагында бардык мектептер тарыхый кадам ташташты, 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталды. Бул жөн гана санды өзгөртүү эмес: балдарга дүйнөгө даяр болуу үчүн бир жыл мөөлөт берүү, бир жыл көбүрөөк ойлонуу, изилдөө жана өсүү үчүн жасалган максаттуу кадам. Анын жүрөгүндө баланын өнүгүүсү, мугалимдин деми, ата-эненин ишеними жана коомдун жоопкерчилиги жатат. Чыныгы өзгөрүү жогорудан буйрук менен келбейт, ал класс бөлмөлөрүндө башталат: ар бир мугалимдин сабактагы чечиминен, ар бир директордун колдоосунан, ар бир ата-эненин ишениминен жана жалпы коомчулуктун дем берүүсүнөн.

Биз өз тараптан класстык жана мектептик деңгээлде сыналып, эксперттер тарабынан тастыкталган мыкты практикаларды бөлүшүү, атайын окутуулар өткөрүү жана керектүү ресурстарды иштеп чыгуу аркылуу силердин ишиңизге колдоо көрсөтүүгө даярбыз.

Урматтуу мугалимдер, баарыңыздарга көңүлдүү, пайдалуу жана эсте каларлык жайкы эс алуу каалайбыз! Ар бириңизге бекем ден соолук, жакшы маанай жана жагымдуу эс алуу тилейбиз. Сентябрда жаңы күч, жаңы идеялар жана жаңы жеңиштер менен кайрадан жолугушканча!

 Урматтоо менен,

«Мектептер — 2030» программасынын командасы

Маалымат үчүн:

2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер — 2030» 100 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020-2030-жылдар аралыгында үч когортанын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер