МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН БАРКЫН БИЙИКТЕТКЕН МЫЙЗАМ
- 21.09.2023
- 0
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн алдында кыргыз тилинин уучун узартып, анын улуттар аралык мамиледеги маанисин жогорулаткан Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын артыкчылыктарына үңүлүп көрсөк.
Өлкөбүздөгү ар бир жарандын эгемендүүлүктүн айкын көрүнүшү мамлекеттик тил алдындагы жарандык жоопкерчилигин арттырган бул тарыхый мыйзам 2023-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 14 главадан, 40 беренеден турат. Мыйзамды алгач барактаганда эле «Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди пайдалануунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдаланууда жарандардын укуктарын камсыз кылат» деп, ачык-айкын жазылып турат. Тарыхый мааниси жогору мыйзамдын 1-беренесинде:»Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили», ошол эле 1-беренин 4-пунктунда «Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасынын бардык этносторун бириктирүүчү жана алардын өз ара түшүнүшүүсүн жана байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык баарлашуу тили болуп саналат» деп мурунтан тил саясатында бүдөмүк болуп келген нерселерди ачыктаган. Мындай аракет, албетте, коллониалдык бийликтин тушунда басынтып келинген, Октябрь революциясынан кийин өз жазмасына ээ болгон, ал эми эгемендүүлүк алгандан бери дагы деле улуу тилдерге карата доминанттык абалда калган, мамлекеттик макамы болгону менен иш жүзүндө формалдуу мамилеге туш болуп келген кыргыз тили үчүн тарыхый кадам болуп саналат.
Түшүнгөн адамга бул мыйзам аркылуу Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн дагы бекемдей алды. Бирок, өлкөбүздүн тил саясатындагы бул жүрүшү эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгону менен, Орусиянын тышкы иштер министрлиги муну «демократиядан чегинүү» катары сыпаттады.
Буга өлкө Президенти Садыр Жапаров:
«. .. Ал мыйзамда орус тили дискринимация болсун деген түшунук жок. Тескеринче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдерге, врачтарга эч тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тили мугалимин кызматка алып жатабыз дейли, анан аны кантип сен мамлекеттик тилди билбейсиң деп, кызматка албай коебузбу. Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили да ошондой керек…Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилисиз иштей албайбыз. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда да орус тилинде сүйлөшүп жатабыз. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп жатабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөнүн байкасаңар, жарымы орусча, жарымы кыргызча. Аралаштырып сүйлөйбүз. Ошондуктан эки тилди бирдей үйрөнөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тилди билсең, өзүңө жакшы эмеспи» – деп жооп берди.
Ошентип, бул мыйзам пикир алышуунун эң башкы тили катары кыргыз тилинин өлкөдөгү позициясын бекемдеп, мамлекеттик тилдин ордун мурда болуп көрбөгөн орунга койду.
Бул багытта Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы да жаңы мыйзамды жетекчиликке алып республиканын бардык аймактарында тилди өнүктүрүү аракетин көрүүдө.
— Биз мындан ары окуу-методикалык китептерди бала бакчалардан баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша жалпы билим берүү тармагында, жогорку окуу жайларында, илимде, тармактык багытта бардык адистерге кайсыл жерде иштебесин ошол иштеген жеринде кесибине байланыштуу мамлекеттик тил жөнүндө семинар, сабак, лекция өтүүгө биз элди үндөйбүз. Ошого биз адистерге көмөкчү болобуз. Биз ошолорго мамлекет тарабынан шарт түзүп беребиз, — дейт Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова.
Жаңы мыйзам кыргыз тили иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө, географиялык аталыштарда артыкчылыкка ээ болуп, ал тургай товарлардын аталышына да таасирин тийгизерин белгилейт. Эми телекөрсөтүүдө жана радиоуктурууда берүүлөр 60 пайыз мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзам китеп чыгаруу багытында да жайылтылат. Жаңы мыйзамга ылайык мамлекеттик кызматкерлер тилди Б1 деңгээлинде билиши керек. Анда ойду толук түшүндүрүп берүү, окуу жана жаза билүү камтылган. Текшерүү «Кыргызтест» тарабынан өтүп, тилди билүү деңгээли аныкталат.
— Биздин көп жаштар учурунда башка тилдерге маани беришкен. Эми андан трагедия чыгаруунун кереги жок. Эми аларга «Кайда барба, сенден улутуң ким?» деп сурайт деп айтышыбыз керек. Кыргыз тилин үйрөнүүнү бүгүнтөн башта дешибиз керек, – дейт «Кыргызтесттин» жетекчиси Батма Топоева-Ставинская.
Ошентип, мыйзам кабыл алынды. Эми андагы өзгөртүүлөрдү четинен санап өтсөк.
Мындан ары бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилди билүүгө тийиш. Мыйзам дарыгерлерге, сотторго, депутатарга, аскер кызматкерлерге, жактоочуларга, юристтерге, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине тийиштүү. Жаңы мыйзам боюнча бардык иш кагаздары кыргыз тилде жүргүзүлөт. Каалаган мамлекеттик мекемеге орус тилинде кайрылып, орус тилинде документтердин көчүрмөсүн алсаңыз болот. Кызматкерлер системасы берүүгө тийиш. Бирок жаңы мыйзамга ылайык документтин түп нускасы кыргыз тилинде жазылат. Муну менен катар бардык этностордун тилин өнүктүрүүгө шарттарды түзүү кепилденет. Жана ар бир адам өз тилин сактоого, изилдөөгө, өнүктүрүүгө укуктуу. Топонимдер башка тилге которулбай, кандай болсо, транслитерация аркылуу өзүндөй жазылууга тийиш. Транслитерация деген транскрипция сыяктуу эле. Билим берүү жаатында да өзгөрүүлөр болот. Эми окуу мекелеринде окутуунун негизги тили кыргыз тили болот. Кесиптик жогорку окуу жайларга кирүү үчүн мамлекеттик тилди билгенин далилдеген сынак тапшырат. Бардык көрнөктөр, жарнама банерлери, вебсайттар, атүгүл мобилдик тиркемелер кыргыз тилинде жазылып, кааласа башка тилге которулса болот. Эң башкысы мамлекеттик тилдеги варианттынын көлөмү башка тилдегиден кем болбошу керек. Бул мыйзам телеканалдарга, радиоуктурууларга да тийешелүү. Алардын берүүлөрүнүн 60 пайызы кыргыз тилинде болушу керек.
Мыйзамдын 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдалануу чөйрөлөрү так көрсөтүлгөн. Мыйзамда Мамлекеттик тил:
«1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде; 2) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде; 3) Кыргыз Республикасынын сот өндүрүшүндө, Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында; 4) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди түзүүдө; 5) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө; 6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы мекемелердин жана уюмдардын аталыштарында; 7) географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, адам аттарында; 8) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарда;
9) нотариалдык конторалардын ишинде, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерди жол-жоболоштурууда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоодо, билими жөнүндө жана (же) квалификациясы тууралуу документтерди жана мамлекеттик үлгүдөгү башка бланктарды жол-жоболоштурууда; 10) билим берүү, илим, маданият чөйрөлөрүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгарууда, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстеринде, эл алдындагы иш-чараларда, жарнамада, транспортто, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө; 11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка чөйрөлөрдө» колдонулат» – деп так айтылат.
Дагы бир жагымдуу жаңылыкты мыйзамдын 1-беренсиндеги 4-пункттан көрүүгө болот. Анда «Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасынын бардык этносторун бириктирүүчү жана алардын өз ара түшүнүшүүсүн жана байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык баарлашуу тили болуп саналат» деп жазылып турат.
Бирок иш жүзүндө кандай?
«Дем алыш күндөрдүн биринде эс алуучу жайларда отурган индус, пакистандык студенттердин жанына атайын барып таанышып, сүйлөшүп отурдум. Эң өкүнүчтүүсү жети студенттин арасынан бирөөсү гана кыргызча «САЛАМ!», «РАХМАТ, БАЙКЕ!» деген сөздөрдү билет экен. Калгандары нөл! «Эмнеге кыргызча үйрөнгөн жоксуңар?» деген суроомо Кыргызстанга келгенине үч жыл болгон студент айтат: “Бизге кыргыз тилин үйрөнүүгө зарылчылык жок, окуубуз англис, орус тилинде жүргүзүлөт. Мугалимдерибиз өздөрү кыргызча түшүнбөйт, билбейт, дүкөндөргө, таксиге, эс алуучу жайларга барсак, орус тилинде сүйлөшөт. Биздин кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждыгыбыз жок!” деген жоопту алып үстүмөн муздак суу куйгандай эле бир башкача болдум. Улут катары чет элдик студенттердин арасында сынып калдым» — дейт Кайрат Абылгазиев аттуу жаран.
Демек, эне тилди үйрөнүү жагынан биз, кыргыздар, башкаларга үлгү болушубуз керек. Ошол эле учурда биз, титулдук эл,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдалануу милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын этносторунун эне тилин пайдалануу укугун тануу же кемсинтүү катары чечмеленбөөгө тийиш эместигин билишибиз зарыл.
Жаңы тил мыйзамы тууралуу сөз кылып жатып ар бир жарандын мамлекеттик тилдин алдындагы жоопкерчилигине кол шилтеп коюуга болбойт. Ар бирибиз энелерибиз энчилеп берген эне тилинде сүйлөп, жазып, ойлонуп, балдарыбызды эне тилинде билим берген мектептерге алып барсак, анда кылымдарды карыткан кыргыз тили жоголуп кетпейт, унутулбайт, башка улуу тилдердин тебелендисинде калбайт деп ойлойм.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер