МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК — УЛУТТУК БҮТҮНДҮКТҮН ЖАНА КЕЛЕЧЕКТИН КЕПИЛДИГИ
- 30.07.2026
- 0
Маалыматтык коопсуздук бүгүнкү күндө улуттук коопсуздуктун маанилүү бөлүгүнө айланды. Өлкөбүздүн ар бир жараны, айрыкча келечек ээси болгон жаштар маалыматты талдай билүү көндүмдөрүн кантип калыптандыруусу керек? Бул багытта жогорку окуу жайлары студенттердин медиасабаттуулугун, санарип маданиятын өнүктүрүүдө, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоодо кандай роль ойнойт? Бул тууралуу И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Самат Жумалиев менен маек курдук.
— Азыркы ар түрдүү маалымат агымы күчөгөн убакта өлкөдөгү ар бир жарандын санарип сабаттуулугу жөнүндөгү маселе күндүн темасына айланды. Айрыкча жаштардын маалыматты талдай билүүсү жана жоопкерчиликтүү колдонушу учурдун маанилүү талабы болуп турат. Бул багытта И.Арабаев университети студенттер менен кандай иш алып барып жатат?
— Президент Садыр Жапаров белгилегендей, чыныгы мекенчилдик куру кыйкырык же башкаларга каршы маанай менен эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө реалдуу салым кошуу менен өлчөнөт. Ал эми заманбап жашоодо ар бир жаран эң биринчи кезекте маалыматтык чабуулдардан коргоно билиши керек. Бул жаатта окуу жайдын ички структуралык жетекчилеринин, деканаттардын жана студенттик өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын кеңири отурум өткөрдүк. Анын жыйынтыгында университеттин базасында «Санариптик гигиена жана кибермейкиндик» аттуу комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыктык. Бул план бир жолку кампания менен чектелбейт. Ал окуу жылын камтыган жана ар бир окуу жылында жаңы модулдар менен толукталып турат. Санариптик гигиена — бул жөн эле интернетти чеги менен колдонуу эмес, бул маалыматтык таштандылардан тазалануу, фейктерди айырмалоо жана коомду бөлүп-жарууга багытталган манипуляцияларга туруктуу болуу дегендик. Биз бул түшүнүктү студенттерге теориялык деңгээлде эле эмес, практикалык көндүмдөр аркылуу б.а. конкреттүү кейстерди талдоо, булактарды текшерүү алгоритмдерин колдонуу жолу менен өздөштүртүүгө аракет кылып жатабыз.
— Азыркы жаштар социалдык тармактардагы фейк маалыматтардын таасирине көп кабылып жатышат. Университет студенттерди мындай тузактардан коргоо үчүн окуу программаларына кандай өзгөртүүлөрдү киргизди?
— Жаңы санариптик доор жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылат. Ошондуктан биз билим берүү багыттарына түп тамырынан бери өзгөртүүлөрдү киргизип, заманбап программаларды ачтык. Маселен, азыр бизде «Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект», ошондой эле Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун базасында «Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар» жана «Компьютердик лингвистика» сыяктуу профилдер ийгиликтүү иштеп жатат. Бул багыттарда студенттер маалыматтык технологияларды гана үйрөнбөстөн, интернет мейкиндигиндеги тексттик манипуляцияларды таанууну, маалыматтык агымдарды талдоону терең өздөштүрүшүүдө. Мындан тышкары, бул адистиктердин бүтүрүүчүлөрү дипломдук иштерин так ушул темада жазышууда. Мисалы, соцтармактардагы дезинформациянын таралуу механизмдерин же жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн контенттин таанылышын изилдөөгө арнап жатышат. Мындан сырткары, медиасабаттуулук жана фактчекинг (маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү) элементтери бардык адистиктердин окуу пландарына милдеттүү компонент катары кошулду. Лекциялардын форматын өзгөртүп, дебаттарга, кейс-стадилерге (Case Study) жана долбоордук иштерге басым жасап жатабыз. Студенттин өз алдынча позициясы жана аргументтүү критикалык пикири баалоонун башкы критерийи болуп калды. Мисалы, «Медиасабаттуулук» курсунун алкагында студенттер жума сайын учурдагы актуалдуу болуп жаткан маалыматтык окуяны талдап, анын булактарын, авторлорун жана мүмкүн болуучу манипулятивдик элементтерин изилдеп чыгышат. Муну менен биз жаштарды маалыматтык манипуляциянын курмандыгы болуудан сактап калабыз, ошону менен бирге алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн да өнүктүрөбүз.
— Коомду аймакка, динге же улутка бөлүп-жарууга аракет кылган чакырыктарга каршы билим берүү системасы кандай механизмдерди карманышы керек? Университетте бул багытта кандай конкреттүү иш-чаралар өтүп жатат?
— Билим берүү системасы улуттук баалуулуктарды жана биримдикти сактап калуучу эң башкы калкан. Биздин университет коомду бөлүп-жаруучу маалыматтарга каршы илимий, методикалык жана идеологиялык деңгээлде туруктуу иш алып барат. Алсак, жакында эле биздин окуу жайда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө жана улуттук коопсуздукту чыңдоого арналган «Эрдик сабагы» аттуу ири иш-чара өттү. Ага КР Улуттук гвардиясынын өкүлдөрү, Баткен окуяларынын катышуучулары катышып, студенттерге мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу жана аны сырткы гана эмес, ички маалыматтык коркунучтардан да коргоонун маанилүүлүгү тууралуу жандуу маек куруп беришти.
Ошондой эле жаш илимпоздорубузду колдоо максатында «Кыргызстандын жаштары бүгүн жана эртең» аттуу эл аралык илимий-практикалык форумдарды туруктуу уюштуруп келебиз. Бул аянтчаларда студенттер өлкөнүн келечегин бөлүнүүдө эмес, билимдүү жаштардын биримдигинде экенин илимий негизде талкуулашат. Форумдун алкагында бир нече секция иштеп, алардын ичинде «Санариптик доордогу улуттук иденттүүлүк» деген аталыштагы секция өзгөчө активдүү талкууга алынды.
Биздин профессордук-окутуучулук курам, окумуштууларыбыз агартуучулук миссиясын жаңы деңгээлге көтөрүүдө. Окутуучулар “Билим кербенин” уюштуруп аймактарга чыгып, региондук жогорку окуу жайларында, калк арасында, мектептерде радикализмдин алдын алуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Тарыхый же социалдык талаш-тартыштуу маселелерди саясатташтырбай, илимий жана калыс баалоону демилгелеп жатабыз. Мындай түшүндүрүү иштери айылдык райондорго, чек ара аймактарына өзгөчө көңүл буруп жүргүзүлүп жатат, анткени так ошол жерлерде жаштар маалыматтык таасирге көбүрөөк дуушар болушу мүмкүн. Интеллигенция бул интернеттеги чагымчылдыкка алдырбаган, коомго акыл-эстин жана биримдиктин үнүн жеткирген катмар болушу керек.
— Студенттердин заманбап патриоттук сезимин калыптандырууда патриотизм менен радикалдык көз караштын айырмасын кантип түшүндүрүп жатасыздар?
— Бул абдан назик жана маанилүү маселе. Биз студенттерге ушул чек араны ачык көрсөтүп жатабыз, анткени тарыхый тажрыйба көрсөткөндөй, так ушул эки түшүнүктүн чектери бүдөмүктөнгөн жерде жаштар манипуляцияга кабылат.
Патриотизм — бул жаратуучулук. Ал өз өлкөңдү, элиңди, тилиңди жана маданиятыңды сүйүү, мамлекетиңдин өнүгүшүнө билим, эмгек, стартаптар же социалдык долбоорлор аркылуу салым кошуу. Патриот адам мыйзамды сыйлайт, коомдук тартипти бузбайт жана өз пикирин башкаларга зомбулук менен эмес, далил жана диалог менен жеткирет. Биз муну студенттердин катышуусунда өткөн маданий иш-чараларда, улуттук биримдикти даңазалаган фестивалдарда дайыма айтып келебиз. Ал эми радикализм — бул кыйратуучулук. Ал башка улуттарды, башка көз караштагыларды же башка диндегилерди жек көрүүгө, аларды четке кагууга негизделет. Радикализм ар дайым агрессияга, интернеттеги тил кастыгына жана мыйзам бузууга алып келет. Ал көбүнчө жеке эмоционалдык кыйынчылыктарды, социалдык теңсиздикти же идентификация издөөнү пайдаланып, жаштарды жөнөкөй жооптор менен азгырат.
Биз дин таануу, социология жана укук сабактарында диний же саясий радикализмдин зыяндарын илимий фактылар менен далилдеп, чыныгы руханий жана улуттук баалуулуктарды даңазалап жатабыз. Мындан тышкары, психологиялык кызматыбыз аркылуу коркунуч тобунда турган студенттерди эрте аныктоо жана алар менен жекече иштөө системасын да иштеп чыктык. Заманбап патриот — бул интернеттеги радикалдык идеологиялардын тузагына түшпөгөн, санариптик гигиенаны сактаган, терең билимдүү жана өз мекенинин кызыкчылыгы үчүн талыкпай эмгектенген жаран.
— Санариптик гигиена демилгеси келечекте университеттин ички саясатына кандай узак мөөнөттүү өзгөртүүлөрдү алып келет деп ойлойсуз? Бул багытта эл аралык кызматташтык пландары барбы?
— Биз бул демилгени бир жолку акция катары эмес, университеттин туруктуу өнүгүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү катары карайбыз. Жакын келечекте студенттер жана окутуучулар үчүн санариптик гигиена боюнча сертификаттык курстарды киргизүүнү, ошондой эле «Медиасабаттуулук лабораториясын» ачууну пландап жатабыз — бул лаборатория студенттерге маалыматтык агымдарды практикалык жактан талдоого, өз алдынча медиапродукт жаратууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошону менен катар, чектеш өлкөлөрдүн жана региондун жетектөөчү университеттеринин тажрыйбасын үйрөнүү, тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну да көздөп жатабыз. Себеби санариптик коркунучтар чек арасыз мүнөзгө ээ, ошондуктан аларга каршы туруу үчүн да чек арадан тышкары кызматташтык зарыл. Биздин максат — И.Арабаев атындагы КМУну санариптик гигиена жана маалыматтык коопсуздук боюнча региондогу алдыңкы билим берүү борборлорунун бирине айландыруу.
Асел Кенжебек кызы
Комментарийлер