МААЛЫМАТТЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК: МАТЕМАТИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН АРТЫНДАГЫ МЕТОДИКАЛЫК МАКСАТ

  • 21.09.2026

7-класстын математика курсундагы «Сандар» бөлүмүнүн «Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдар» темасын бышыктоо этабында берилген төмөнкү тапшырма коомчулукта кызуу талкуу жаратты:

«Сайкалда 7 алма бар эле. Ал 4 алманы досуна берип, дагы 3 алма сатып алды. Сайкалда азыр канча алма болуп калды?»

Социалдык тармактарда өзүн математика мугалими катары тааныштырган айрым колдонуучулар бул тапшырма 7-класстын деңгээлине туура келбейт, анын деңгээли 1–2-класска ылайык деген пикирлерин билдиришкен. Бул пикир коомчулукта да кеңири колдоого алынып жатат.

Бирок бул тапшырмага анын сырткы жөнөкөйлүгүнө гана карап баа берүү туурабы?

Бул окуу материалынын үстүндө иштеген адаптер-редакторлор катары биз тапшырманын автордук идеясын колдойбуз. Анткени математиканы окутууда тапшырманын татаалдыгы бир гана эсептөөнүн татаалдыгы менен өлчөнбөйт. Тапшырманын негизги максаты — окуучунун математикалык түшүнүктү ар кандай турмуштук кырдаалда түшүнүүсүнө, интерпретациялоосуна, моделдөөсүнө жана колдонушуна шарт түзүү.

Жөнөкөй сюжет — татаал ой жүгүртүүгө жол. Берилген тапшырмада атайын он ичинде сандар тандалган. Бул окуучуга сан түз сызыгын колдонуп, сандык өзгөрүүнү көз алдына элестетүүгө жана бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү амалдардын маанисин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мугалим тапшырманы окуучу менен талкуулоодо анын мазмунун кеңейтип, ар кандай интерпретацияларды сунуштай алат. Мисалы, алманын ордуна товарды, ал эми санды килограмм же тонна менен берилген өлчөмдү колдонууга болот. Мындай учурда окуучу эсептөө менен гана чектелбестен, өлчөм, масштаб жана сандык өзгөрүү түшүнүктөрүнүн ортосундагы байланышты көрө баштайт.

Ошондой эле тапшырманын мазмунун финансылык кырдаалга байланыштырууга болот. Мисалы, акчанын кириши жана чыгышы аркылуу оң жана терс сандарды турмуштук контекстте түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Демек, тапшырманын баштапкы формасы жөнөкөй болгону менен, мугалим аны окуучунун ой жүгүртүүсүн тереңдетүүчү контексттик тапшырмага айландыра алат.

Тапшырманы баалоодо эмнеге көңүл бурушубуз керек? Математикалык тапшырманы «бул кайсы класстын деңгээли?» деген суроо менен гана баалоо жетишсиз.

Төмөнкү суроолор да маанилүү:

  • Тапшырма кайсы математикалык түшүнүктү бекемдөөгө багытталган?
  • Окуучу берилген кырдаалды математикалык тилге которо алабы?
  • Сан түз сызыгын же башка моделди колдоно алабы?
  • Бир эле кырдаалды башка контекстте түшүндүрө алабы?
  • Өзүнүн жообун негиздей алабы?
  • Алган билимин турмуштук кырдаалда колдоно алабы?

Ушул жагынан караганда, жөнөкөй көрүнгөн тапшырма окуучунун математикалык моделдөө, маалыматты түшүнүү, интерпретациялоо жана колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө негиз боло алат.

Коомдук талкуу бизге эмнени көрсөттү? Бул тапшырма боюнча үч күндүн ичинде 271 миңге жакын көрүү, 3919 бөлүшүү, 1000ге жакын сактоо, 9000ге жакын жактыруу жана 1500гө жакын комментарий жазылган. Комментарийлердин басымдуу бөлүгү терс маанайда.

Бул көрсөткүчтөр коомчулуктун билим берүү маселелерине кайдыгер эмес экенин көрсөтөт. Ошол эле учурда бир тапшырманы анын контекстин жана методикалык максатын эске албастан баалоо коомдо математиканы окутуунун айрым заманбап ыкмалары жөнүндө туура эмес түшүнүктөрдүн калыптанышына алып келиши мүмкүн.

Айрыкча математикалык түшүнүктөрдү калыптандырууда жөнөкөйдөн татаалга өтүү, конкреттүү кырдаалдан абстракттуу түшүнүккө келүү, моделдөө жана ар кандай контекстте колдонуу маанилүү.

Ошондуктан маселе бир гана конкреттүү тапшырмада эмес. Маселе — мугалимге тапшырманын артындагы методикалык идеяны түшүнүүгө жана аны сабакта туура колдонууга кандай шарт түзүп жатканыбызда.

Чечим эмнеде?

Бул окуя бизге бир нече багытта иш алып баруунун зарылдыгын көрсөтөт.

Биринчиден, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу. Математикалык мазмун менен катар тапшырманы талдоо, моделдөө, контексттик маселелерди түзүү жана окуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү зарыл.

Экинчиден, коомчулук менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү. Жаңы муундагы окуу китептериндеги тапшырмалардын максатын, аларды түзүүнүн принциптерин жана окутуу технологияларын мугалимдерге, ата-энелерге жана жалпы коомчулукка түшүндүрүү маанилүү.

Үчүнчүдөн, онлайн окутуу жана методикалык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Мугалимдер үчүн кыска видеолорду, вебинарларды, практикалык семинарларды жана тапшырмаларды талдоо боюнча онлайн курстарды уюштуруу пайдалуу болмок.

Маалыматтык компетенттүүлүк — бүгүнкү күндүн маанилүү талабы

Бүгүнкү окуучу маалыматты жөн гана кабыл албастан, аны түшүнүп, талдап, салыштырып, интерпретациялап, ишенимдүүлүгүн баалап жана жаңы кырдаалда колдоно билиши керек.

Математика сабагы мындай компетенттүүлүктү өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Себеби математикалык тапшырма — бул жөн гана жооп табуунун каражаты эмес. Ал маалыматты түшүнүүнүн, аны математикалык модель аркылуу көрсөтүүнүн жана чечимди негиздөөнүн инструменти боло алат.

Ошондуктан китеп жаратуучулар катары биз коомчулукка бир суроо менен кайрылгыбыз келет: Маалыматтык компетенттүүлүгү өнүккөн, математикалык ой жүгүртө алган окуучуну калыптандыруу үчүн мектеп, мугалим, ата-эне, коомчулук жана окуу китебин жаратуучулар кандай кызматташтыкты түзүшү керек?

Биз сын-пикирден качпайбыз. Тескерисинче, ар бир талкуу окуу материалдарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондуктан китеп жаратуучулар катары коомчулуктан сын гана эмес, конструктивдүү сунуштарды жана кызматташтыкты да сурайбыз.

Керимканова Ү.А., Жуманова Г.Т., Шаршебаев С.С., Дуйшенбеков Т.А.

Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү,

Математика багыты боюнча координатор жана редакторлор

Бөлүшүү