МААЛЫМАТТЫК АГЫМДАГЫ КООМ: ЧЫНЫГЫ МЕКЕНЧИЛДИК ЭМНЕДЕН БАШТАЛАТ?

  • 29.07.2026
  • 0

Маалымат кимдин колунда болсо, анын таасири да ошончолук күчтүү. Бүгүн маалымат коомду бириктирген күчкө да, бөлүп-жарган куралга да айланып жатат. Фейк, дезинформация, улут аралык жана мамлекеттер аралык мамилеге байланышкан чагымчыл маалыматтар коомдук маанайга таасир этүүдө. Мындай шартта маалыматты ким жаратат, ким таратат жана аны ким кандай кабыл алат деген суроо улуттук коопсуздуктун маанилүү бөлүгүнө айланууда.

Бул тууралуу тилчи окумуштуу, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев менен маектештик.

МААЛЫМАТТЫК АГЫМДАГЫ КООМ: ЧЫНЫГЫ МЕКЕНЧИЛДИК ЭМНЕДЕН БАШТАЛАТ?

Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн маалыматтык коопсуздук эмнени билдирет? Анын улуттук коопсуздуктагы орду кандай?

— Бүгүнкү күндө маалымат агымын андан чыга албай турган чоң аңга салыштырсак болот. Кыргызстанга мамлекеттин улуттук коопсуздугуна каршы келген ар кандай маалыматтар сырттан да, ичтен да аралашып кирип жатканын көрүп жатабыз. Маалымат агымынын ичинде чындык менен калп, пайдалуу менен зыяндуу маалымат аралашып кетүүдө.

«Ким маалыматка ээ болсо, ошол жеңет» деген сөз бекеринен айтылган эмес. Башкача айтканда, маалымат кимдин колунда болсо, анын таасири жана үстөмдүгү да артат. Муну биз бүгүн маалыматтык согуштун таасиринен улам күн сайын көрүп жатабыз.

Ошондуктан маалыматты жаратуучулар да, таратуучулар да, кабыл алуучулар да ага өтө этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Анткени маалымат улуттук жана мамлекеттик коопсуздукка түздөн-түз таасир этет.

Мамлекетти мамлекет кылып кармап турган да, аны ичинен бузуп-жарып турган да — маалымат. Ушул өңүттөн алганда маалыматты шарттуу түрдө экиге бөлүп кароого болот: чын маалымат жана жалган маалымат.

Чын маалымат мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө багыт берип, ага шарт түзөт. Ал эми калп маалымат элди дүрбөлөңгө салып, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө залакасын тийгизет. Айрым учурларда анын кесепети мамлекеттин өзүнүн туруктуулугуна да коркунуч жаратышы мүмкүн.

Ошондуктан жеке инсан да, жалпы коом да, мамлекет да маалыматка өтө жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл.

Социалдык тармактар коомду бириктирген аянтчадан коомду бөлүп-жарган куралга кандай шартта айланышы мүмкүн? Кыргызстан үчүн кандай коркунучтар бар?

— Тилекке каршы, акыркы жылдары улуттун, коомчулуктун бүйрүн кызытып, колтугун кытыгылаган ар түрдүү маалыматтар социалдык тармактарда желдей тарап, көпчүлүктүн маанайына таасир этип жатканын көрүп жатабыз.

Менин түшүнүгүмдө социалдык тармактар коомдун жана улуттун кызыкчылыгына доо келтире турган, мамлекеттин коопсуздугуна шек жарата турган маалыматтарды эмес, коомду бириктире турган, анын мүчөлөрүнүн ынтымагын жана биримдигин арттыра турган маалыматтарды таратуучу аянтча болушу керек.

Ал үчүн маалымат чын, текшерилген, негиздүү жана орду менен берилиши зарыл.

Тилекке каршы, социалдык тармактарда жалган, калп, шашылыш даярдалган, орду жок маалыматтар да тарап жатканына күбө болуудабыз. Бул жакшы көрүнүш эмес.

Маалымат таратуучуларды шарттуу түрдө бир нече топко бөлүүгө болот. Биринчиси — атайылап жалган маалымат жасагандар. Экинчиси — бирөөгө өчөшүп же жек көрүү менен жалган маалымат тараткандар. Үчүнчүсү — маалыматтын чын-төгүнүн түшүнбөй, башкаларды туурап тараткандар. Төртүнчүсү — жөн гана убакыт өткөрүү үчүн бөлүшкөндөр. Ал эми бешинчи топ — коомго пайдалуу, текшерилген, чын маалыматты тараткандар.

Акыркы топтун өкүлдөрү маалыматты текшерип, анын тууралыгына көзү жеткенден кийин гана коомчулукка сунушташат. Бул — бүгүнкү социалдык тармактардагы реалдуу көрүнүш.

«Чыныгы мекенчилдик — башка элди же мамлекетти жек көрүү эмес» деген пикирди кандай түшүндүрөт элеңиз?

— Бул — чындык. Мекенчилдик, мамлекетчилдик — адамдагы улуу сапаттардын бири. Адам өз мекенинде, өз мамлекетинде гана өзүн толук кандуу жаран катары сезе алат. Анын укугу, мүмкүнчүлүгү ошол жерде корголуп, ишке ашат.

Өз элиңдин, мекениңдин ыйык баалуулуктарын, касиеттерин сүйө билсең, аларды башка элдерге көрсөтө алсаң, ошол эле учурда башка элдердин жакшы сапаттарын өз элиңе сиңирүүгө, алар менен өз ара байытууга аракет кылсаң — чыныгы улутман, чыныгы мекенчил болосуң.

Мекенчилдик жана улутмандык — жакшы көрүү, сүйүү менен байланышкан түшүнүктөр. Өзүңдү гана жакшы көрүп, башканы жек көрүү мекенчилдикке да, улутмандыкка да, патриоттуулукка да тиешеси жок.

Эгер сен чыныгы мекенчил болсоң, башка элди да сыйлай аласың. Анткени ал жакта да сендей эле адамдар жашайт. Болгону алардын тили, маданияты, менталитети башка. Дүйнөдө көп түрдүүлүк бар, баарыбыз бирдей эмеспиз.

Албетте, башка мамлекеттен келген жарандар Кыргызстандын мыйзамдарын, элибиздин нарк-насилин, салт-санаасын сыйлап, ага ылайык жашоого тийиш. Кимдин жеринде жашасаң, ошол жердин мыйзамын жана шартын сыйлашың керек.

Бул жерде элди бүтүндөй күнөөлөө туура эмес. Белгилүү бир адамдын жаман жоругу үчүн бүтүндөй улутту күнөөлөөгө болбойт. Жамандык улутка эмес, айрым адамдардын аракетине байланыштуу бааланууга тийиш.

Элди улутуна, тилине, динине же саясий көз карашына карап бири-бирине каршы коюу кайсы учурдан тартып улуттук коопсуздукка коркунуч болуп калат?

— Элди улутуна, тилине, динине, өң-түсүнө же саясий көз карашына карап бөлүп-жаруу, бири-бирине каршы коюу таптакыр туура эмес.

Ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандарды улутуна карап күнөөлөө да туура эмес. Кимдир бирөөнүн жеке жосунсуз жоругу үчүн бүтүндөй бир улутту айыптоо коомдук ынтымакка зыян келтирет.

Биз адамдын улутуна эмес, анын  аракетине баа беришибиз керек.

Фейк жана дезинформация коомго кандай таасир берет? Жаран фейк маалыматты таануу үчүн эң биринчи эмнеге көңүл бурушу керек?

— Фейк маалыматтар, дезинформациялар, албетте, коомго терс таасир этип, элди дүрбөлөңгө салат.

Фейк маалыматты ажыратуу үчүн биринчи кезекте ошол маалыматты ким берип жатканын, ал адам же булак өзү ким экенин, коомдогу орду жана абалы кандай экенин аныктоо зарыл.

Экинчиден, маалымат расмий булактан айтылдыбы же белгисиз бирөөдөн тарадыбы — муну тактоо керек.

Үчүнчүдөн, ошол маалыматтын пайда болушуна эмне себеп болгонун, кандай максат көздөлөрүн түшүнүүгө аракет кылуу зарыл.

Маалыматты дароо кабыл албай, «Бул кимден чыкты?», «Кайсы булак тастыктады?», «Эмне максатта айтылып жатат?» деген суроолорду бере билүү — бүгүнкү күндөгү эң зарыл көндүмдөрдүн бири.

Социалдык тармактан күмөндүү маалымат көргөн адам аны бөлүшүүдөн мурун кандай кадамдарды жасашы керек?

— Эгер адам ал маалыматтын күмөндүү экенин билип турса, аны таратууну ойлобошу керек. Биринчи кезекте анын коомго кандай пайдасы же зыяны тийиши мүмкүн экенин ойлонушу зарыл.

Кээде адам «мен жөн гана бөлүшүп койдум» деп жоопкерчиликтен четтеп кетет. Бирок маалыматты бөлүшүү менен сен анын дагы бир булагына айланасың. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн бир баскан «бөлүшүү» баскычы да коомго таасир этерин түшүнүшү керек.

Фейкке жана коомду бөлүп-жарган маалыматтарга каршы күрөшүүдө мамлекеттин, ЖМКлардын, блогерлердин жана интеллигенциянын жоопкерчилиги кандай болушу керек?

— Калп жана коомду бөлүп-жарган маалыматтарга каршы күрөшүүдө мамлекет мыйзамдын алкагында тиешелүү чараларды көрүшү керек. Мыйзамды түшүнбөй же атайылап коомду бөлүп-жарган маалыматтарды тараткан адамдардын жоопкерчилиги да мыйзам чегинде каралууга тийиш.

Бирок жоопкерчилик деген түшүнүктү баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Бул бир гана мамлекеттик органдардын милдети эмес.

Интеллигенция мүмкүн болушунча өзүнүн так, калыс жана салмактуу пикирин билдирип турууга милдеттүү.

Тилекке каршы, коомубуз көп нерсеге даяр эмес болуп, баамдоо жана ойлонуу жөндөмүнөн кол жууп бараткандай сезилет. Ошондуктан коомдук пикирди калыптандырууда билимдүү адамдардын, окумуштуулардын, мугалимдердин, журналисттердин жана маданият өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги чоң.

Кыргызстандагы ар бир жаранга маалыматты туура кабыл алуу, жалган маалыматтан сактануу жана мекенчилдик тууралуу кеңеш бере алсаңыз, эмне демек элеңиз?

— Баарыбыз — мамлекет башчысынан тартып жөнөкөй жаранга чейин — коом алдындагы жоопкерчилик жана милдет деген түшүнүктү жеке кызыкчылыктан жогору коюшубуз керек.

Ошондо керсейүү, өзүм билемдик, «менин пикирим гана туура» деген мамиледен алыстап, коомдо урмат-сый, ызаат деген түшүнүктөр акырындап калыптанат.

Коомду тарбиялоо керек. Чындык менен жалганды айырмалап көрүүгө үйрөтүшүбүз зарыл. Муну сырттан бирөө келип жасап бербейт. Коом өзүн өзү тарбиялашы керек.

Эмнегедир коомдун айрым бир бөлүгү «мен, менин, меники гана туура» деген позицияны карманып алгандай. Мындай түшүнүк коомдун биримдигине жардам бербейт.

Ошондуктан маалымат менен иштөө маданияты — жөн гана фейкти таануу эмес. Бул — жоопкерчилик, сабырдуулук, сынчыл ой жүгүртүү жана өз сөзүңдүн коомго тийгизген таасирин түшүнүү.

Бүгүнкү шартта чыныгы мекенчилдик да ушундан башталат. Өз мекениңди сүйүү — башка элди жек көрүү эмес. Тескерисинче, өз элиңдин кызыкчылыгын коргоп жатып, башка элдерди сыйлай билүү, коомдун ынтымагын сактоо жана мамлекеттин келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуу.

Мадина КУРБАНОВА , «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер