МААЛЫМАТТЫ ЭМОЦИЯГА ЭМЕС, ФАКТЫГА ТАЯНЫП ТАЛДОО ЗАРЫЛ
- 20.08.2026
- 0
Бүгүнкү күндө адам маалыматтын тартыштыгынан эмес, тескерисинче, анын ашыкча көптүгүнөн кыйынчылыкка туш болууда. Социалдык тармактар, интернет булактары жана ар түрдүү маалымат аянтчалары күн сайын адамдын көңүлүнө миңдеген билдирүүлөрдү сунуштайт. Бирок алардын баары эле ишенимдүү жана так эмес. Мындай шартта маалыматты жөн гана кабыл алуу жетишсиз — аны талдай билүү жана туура жыйынтык чыгаруу зарыл.
Айрыкча жаш муун үчүн маалыматтык сабаттуулук билим алуунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Анткени бүгүнкү окуучу маалыматты керектөөчү гана эмес, аны издеп таап, бөлүшүп, айрым учурда өзү да жаратуучу активдүү тарап болуп калды.
Маалыматтык сабаттуулук, жалган маалыматтан сактануу, сынчыл ой жүгүртүү жана жаштардын маалыматты туура пайдалануу маданияты тууралуу академик, коомдук ишмер Бектемир Мурзубраимов менен маектештик.
— Азыркы учурда өлкөдөгү чет элдик жарандардын көбөйүшү, инвесторлорго жердин берилиши жөнүндөгү маалыматтар коомдогу ич ара түшүнбөстүктү күчөтүп жатат. Элдин буга карата тынчсыздануусу канчалык жүйөлүү?
— Элдин тынчсыздануусу түшүнүктүү көрүнүш. Ар бир мамлекеттин жарандары жер маселесине, улуттук коопсуздукка жана экономикалык көз карандысыздыкка кайдыгер карабайт. Бирок мындай маселелерди эмоцияга эмес, так маалыматка жана мыйзамдарга таянып талкуулоо өтө маанилүү. Коомдук тармактардагы ар бир билдирүү чындык боло бербейт. Ошондуктан расмий маалымат булактарына, мыйзамдарга жана ишенимдүү эксперттердин пикирлерине таянуу зарыл. Коомдогу ишеним ачык маалымат берүү жана мыйзамдын үстөмдүгү аркылуу бекемделет.
— Маалыматтык мейкиндикте ар кандай көз караштар жана чагымчыл билдирүүлөр таралууда. Мындай учурда элге чындыкты жалгандан айырмалоо кыйынга турат. Бул багытта интеллигенция өкүлдөрү кандай иш алып бара алат?
— Интеллигенция өкүлдөрүнүн негизги милдети – коомдо сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү. Окумуштуулар, мугалимдер, журналисттер жана маданият өкүлдөрү фактыларга негизделген маалыматтарды түшүндүрүп, ар кандай көз караштарды сабырдуулук менен талдап бериши керек. Алар элди маалыматты бир нече булактан текшерүүгө, далилдерди салыштырууга жана эмоцияга эмес, фактыларга таянууга үндөй алышат. Мындай иш-аракет коомдо ишенимди бекемдеп, жалган маалыматтын таасирин азайтат.
— Коомду бөлүп-жарууга аракет кылган маалыматтарга каршы билим берүү системасы кандай механизмдер менен иштеши керек?
— Билим берүү системасы эң оболу медиасабаттуулукту жана санариптик сабаттуулукту күчөтүшү керек. Окуучулар менен студенттерге маалыматтын булагын текшерүү, факт менен пикирди айырмалоо, жасалма сүрөттөрдү жана видеолорду таануу көндүмдөрүн үйрөтүү зарыл. Ошондой эле дебат, талкуу жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча окутуу ыкмаларын кеңири колдонуу маанилүү. Мугалимдердин өздөрү да заманбап маалыматтык чакырыктар боюнча үзгүлтүксүз квалификациясын жогорулатып турушу зарыл.
Андан тышкары дүйнөдөгү ар кандай согуштарга, коомдогу тирешүүлөргө алып келген тарыхый шарттарды анализдегенге үйрөтүү маанилүү. Ошолордун ар биринде коомду дүрбөткөн туура эмес маалыматтардын терс таасири эбегейсиз болгон.
— Коомдогу ынтымакты сактоо үчүн чагымчыл маалыматтарга алдырбоо канчалык маанилүү?
— Чагымчыл маалыматтар адамдардын ортосунда ишенимсиздикти күчөтүп, улуттар аралык же социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн. Мындай маалыматтарды текшербей бөлүшүү коомдогу ынтымакка жана туруктуулукка зыян келтирет. Ошондуктан ар бир жаран маалыматтын чындыгын текшерип, жоопкерчиликтүү маалымат керектөөчү болууга тийиш. Коомдун биримдиги өз ара сый-урматка, мыйзамды урматтоого жана ишенимдүү маалыматка негизделген учурда гана бекем сакталат.
— Жасалма интеллекттин доорунда фейк сүрөттөр, видеолор жана маалыматтар көбөйдү. Жаш муунду мындай чакырыктарга даярдоо үчүн кандай жаңы билимдер керек?
— Бүгүнкү күндө жаштарга салттуу компьютердик сабаттуулук эле жетишсиз. Аларга медиасабаттуулук, санариптик этика, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөрү, маалыматтарды текшерүү ыкмалары боюнча билим берүү зарыл. Ошондой эле сынчыл ой жүгүртүү, логикалык талдоо жана жоопкерчиликтүү маалымат бөлүшүү көндүмдөрүн өнүктүрүү маанилүү. Бул билимдер жаштарга жасалма интеллект жараткан материалдарды туура баалап, ишенимдүү маалымат менен жалган маалыматты айырмалай билүүгө жардам берет.
Маектешкен Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер