ҮМҮТ ОТУН ЖАНДЫРГАН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР

  • 25.12.2024
  • 0

Жакында Чүй жатак мектебинде демөөрчүлөрдүн бир жыл ичинде аткарган иштерине баа берген жыйын болуп өттү.

Кыргызда «Көп түкүрсө, көл болот», «Ырыс алды ынтымак» деген накыл сөздөр бар экенин баарыбыз билебиз, бирок алардын түпкү жаратман маанисин Токмоктогу Чүй жатак мектебине барганда көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен туюп сезесиң. Назгүл Мукашевна жетектеген ары биримдүү, ары билимдүү жамааттын бир жыл ичинде жетишкен ийгиликтери чынында суктанарлык! Анын баарын жатак мектептин директору Назгүл Мусаева мында Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан, борборубуз Бишкектен бери келип чогулган конокторго сыймык менен айтып берди.

ҮМҮТ ОТУН ЖАНДЫРГАН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР
Быйылкы аткарылган иштердин эң эле көрүнүктүүсү — жатак мектептин футбол аянтчасы. Футбол аянтчасына Президент Садыр Жапаров өзү бир миллион берсе, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өз каражатынан бир жарым миллион сом бөлгөн, ал эми калган жарым миллион сом демөөрчүлөрдүн салымы болуп саналат.

ҮМҮТ ОТУН ЖАНДЫРГАН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР
Бул жылы бүткөрүлгөн дагы бир көзгө толумдуу иш — толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн кыздардын жана балдардын жатаканасы. Жатакананын ар бирин оңдоп-түзөөгө 6 миллиондон акча   сарпталып, анын ичинде 3,5 миллиону республикалык бюджеттен, калган 2,5 миллиону демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланып, ошондо эки жатакананы оңдоп-түзөөгө жалпы жонунан 12 миллион сом чыгымдалган.

ҮМҮТ ОТУН ЖАНДЫРГАН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР

Чүй райондук мамлекеттик администрациясы да ата-эне мээримине муктаж балдардын жатак мектебине такай көз кырын салып, жардам берип келет. Район жетекчилигинин аракети менен быйыл жатак мектеп ГАЗ 3110 маркасындагы жеңил машиналуу болду. Бул албетте, көп иштерди ыкчам бүтүрүүгө, болжогон жерге заматта жетүүгө жардам берет.

ҮМҮТ ОТУН ЖАНДЫРГАН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР

Директордун айтымында Чүй райондук электр тармактар ишканасы да аялуу балдарга ар убак иштиктүү жардам берүүдөн аянбайт. Быйылкы жылы ишкана бир жарым миллион сомго бардык карагай тирүүчтөрүн темир-бетон тирөөчтөрүнө алмаштырып чыккан. Бул албетте, чоң жардам!

ҮМҮТ ОТУН ЖАНДЫРГАН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР

Үстүбүздөгү жылы аткарылган иштердин сап башында мында курулган бала бакчанын имараты турат. Анын курулушуна Дүйнөлүк банк 3 миллион сом бөлдү. Жарым миллион сом — демөөрчүлөрдүн салымы.

Чүй жатак мектебинин дагы бир жаңылыгы — мында курулуп жаткан «Бакыт үйү» жана «Акылмандар үйү».
— Бишкектеги Гмайнер мектебинин үлгүсүндөгү «Бакыт үйүндө» буюрса балдар «апасы» менен чогуу турушуп, үй-бүлө шартында тарбияланышат. Ал эми «Акылмандар үйүнө» өмүрү өрнөк инсандарды чакырып турабыз. Алар балдарга билген  акыл-насаатын айтышат, — деди жатак мектептин жетекчиси.

Бул күнкү иш-чарада ата-эне мээримине муктаж балдардан өз жардамын аябаган демөөрчүлөрдүн ысымдары сыймык менен аталып, билим берүү мекемесинин жетекчиси алардын ар бирине ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой ыраазычылык каттарынын бири мага да тийди. Аялуу балдарга ар убак кол сунган калган боорукер инсандардын ысымдарын сиздер да билип алыңыздар. Алар — Кудурет Каарыев, Нурзат Абдиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Камчыбек Букалаев, Абебе Асфау Гарри, Аман Муратбеков, Магарам Курбанов, Эльмар Абдуллаев, Ырыскелди Ашыров, Надира Дубовик, Ширин Жапарова, «Эгемен турс» ишканасынан Санжар аттуу жаран, Бийик Рыскулов, Каныбек Мусаев, Арнольд Гам, Айбек Байгазиев, Фарид Юнусов, Novetel беш жылдыздуу отелинин ээси Жоодар Сайдилканов, «Акбермет» дүкөнү, «Элим барсыңбы?» соопчулук уюму, жатак мектептин мурунку бүтүрүүчүсү, таанымал спортчу Руслан Сахбетов жана тилчи окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караева.

— Студенттер балдарга деп жыл сайын 20 миңдей акча чогултушат. Бул эми аларга чоң акча да. Ошого карабастан жардамын аяшпайт. Биз, окутуучулар да карап турбайбыз. Бул жердеги тарбиялануучулар да студенттерди күтүшөт, — дейт Кыргызстан эл аралык университетинин Филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Зина Караевна.

Чүй жатак мектебинин мурдагы бүтүрүүчүсү Руслан Сахбетов бул жердеги тарбиялануучулардын жашоосун жакындан билет, анткени ал ушул билим берүү мекемесинде окуп, тарбия алган.

— Мага мектептин ар бир окуу бөлмөсү, жатаканасы жакшы тааныш. Ачыгын айтсам,  ушул жерде билим алгам.  Мындагы балдарга жардам берүүнү өзүмдүн милдетим деп эсептейм, — дейт ал.

Жоодар Сайдилканов негиздеген Novotel жатак мектептин тарбия ишиндеги башкы өнөктөшү. Өспүрүмдөр жайкы эс алууда отелде иштеп акча таап алышса, беш жылдыздуу конок үйдүн башкы ашпозчусу Абебе Асфау Гарри кээде мында келип балдарга өзүнүн өзгөчө даамдуу тамактарын жасап берет.

Демөөрчүлөрдүн жардамы, мамлекет көргөн камкордук жатак мектептеги балдардын эртеңки күнгө карата ишенимин бекемдеп отурганын айта кетели. Учурда бул тарбиялоо мекемесинин 7 бүтүрүүчүсү: Гайворонский Павел, Шергазиев
Темирлан, Шергазиев Даниель Санкт-Петербургдагы ӨКМ окуу жайында, Иминов Ильда, Чороев Султан, Лос-Анжелесте, Дыйканбаев Фуркат, Табалдиев Болот Кипрде билим алууда.
Демөөрчүлөргө урмат-сый көрсөткөн иш-чарада жатак мектептин директору Н.М. Мусаева ата-эне мээримине муктаж балдарга жардамын аянбай берип келген колу ачык инсандарга ыраазычылык каттарын тапшырды.

Таасирдүү иш-чара балдардын майрамдык концерти менен аяктады.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер