ҮМҮТ АРТКАН АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР

  • 29.12.2021
  • 0

Жыл жаңыраар алдында жогорку окуу жайларда окуган мыкты студенттердин бир жыл ичинде жасаган иштерин, окуудагы, коомдук иштердеги жетишкендиктерин коомчулукка жар салып коюуну туура көрдүк.

ҮМҮТ АРТКАН АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР

ТИЛЕКАБЫЛОВ ЭРБОЛ биз тандаган мыкты студенттердин катарын   толуктайт. Ал Кыргыз улуттук агрардык университетинин мыкты студенти. 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мыкты окугандыгы, коомдук иштерге, эл аралык, республикалык олимпиадаларга, илимий изилдөө иштерине, долбоорлорго, конкурстарга, студенттик илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышкандыгы, чет тилдерин мыкты билгендиги үчүн КР Президенттик стипендиясына татыды.

Эрбол Жогорку студенттик кеңештин төрагасы. Немис, англис тилдерин суудай билет. Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, ал  өтө чынчыл, пунктуалдуу, жоопкерчиликтүү. Уюштуруучулук жөндөмү да мыкты. Алдыга максатты коё билген мыкты студент.  Илимий иштерге да активдүү катышып, бир жылда “Талаа өсүмдүктөрү: Кыргыз Республикасындагы нокот жана алтын буурчак”, «Пандемия учурундагы Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу», “Түшүмдүүлүк же жер семирткич”, “Климаттын өзгөрүшү”, «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу» деген темаларда беш илимий макаласын илимий журналдарга жарыялады.

Эрболдун бир жылда илимий конференция, семинар, тренинг ж.б. коомдук, маданий иш-чаралардан алган сертификат, грамота, алкыш баракчаларын санасак гезит бети толуп калчудай. Эң башкысы анын активдүүлүгү башка студенттерге да үлгү болушу керек.

ҮМҮТ АРТКАН АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР

ОСОРБЕК КЫЗЫ АЙГЕРИМ Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эң мыкты студенттеринин сап башында. Ал окуу жайдын “Билим кемеси” командасынын оюнчусу, ЭлТР телерадиоберүү компаниясынын “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунун  активдүү мүчөсү жана катышуучусу. Быйыл Ош шаарында өткөрүлгөн “Билерман time-ash” интеллектуалдык оюндарында “Билим кемеси” командасы менен биргеликте I орунду жеңип алды. “Үй-бүлө” академиясы тарабынан өткөрүлгөн “Акылды жана сабырды сынайбыз” аттуу интеллектуалдык оюнунда да ийгилик жаратып, I даражадагы диплом жана сертификатка ээ болду. “Лидер Азия” академиясы тарабынан элдин китеп окуу жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулган “Акыл ордо” интеллектуалдык оюнунда да жеңүүчү.

ОшМПУда Жаштарды интеллектуалдык жактан колдоо жана китеп окуу маданиятын жогорулатуу максатында өткөрүлгөн акыл таймашта  I даражадагы дипломду да жеңип алды. ОшМПУнун ректорунун “Билим” кубогунун жеңүүчүсү.

Айгерим жогорку окуу жайлар тарабынан уюштурулган семинар, тренингдердин, сынактардын  дагы активдүү катышуучусу. Тез окуу жагынан да алдына киши салбайт. “Лидер Азия” академиясынын “Тез окуу жана эс тутумду өстүрүү” курсунан  өтүп, учурда мүнөтүнө 12 750 чейин сөз окуйт. Ушул эле академиянын “Ораторлук” курсун да аяктаган.

Быйыл математика, физика боюнча Москва шаарында өткөн V эл аралык онлайн олимпиадага катышып, Бишкекте өткөн “Калк үчүн жеткиликтүү мыйзамдар” долбоорунун алкагында кесиптик чеберчиликти жогорулатуучу курсун да ийгиликтүү аяктады. Казакстанда өткөн “АЗЫРКЫ ДҮЙНӨДӨ ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ: XXI кылымдын чакырыктары” аттуу IX эл аралык илимий-практикалык конференцияда “Математика сабагында дидактикалык оюндарды колдонуу менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү” деген темада илимий баяндама жасады.

Ош мамлекеттик университетинде “XXI кылымдын кадрлары” аттуу жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн “Чилистен” акыл таймашында I орундун ээси болду.

Казакстандын Бобек эл аралык уюму тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын мыкты студенти — 2021» конкурсунун 2-даражадагы дипломунун жана атайын төш белгинин ээси болууга да үлгүрдү.

ҮМҮТ АРТКАН АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР

САЛИБАЙ УУЛУ КЫЛЫМБЕК Ош  технологиялык   университетинде экономика жана башкаруу факультетинин студенти. Кылымбек өзү окуган окуу жайдын студенттерине быйыл лидерликти берген жок. Ал бир жыл ичинде бир топ ийгиликтерди жаратып, көптөгөн иш-чараларга катышты. Ириде ОшТУнун  жылдын мыкты төрагасы номинациясынын ээси болду. Алматы технологиялык университетинде өндүрүштүк практикадан ийгиликтүү өтүп келип, окууда да, коомдук иштерде да активдүүлүгүн көрсөтө алды.

Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык жаштар комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. “Илим. Технологиялар. Инновациялар” аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин II аймактык илимий-практикалык конференциясында мыкты илимий баяндамасы үчүн I даражадагы диплому, Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун иш-чарасына активдүү катышкандыгы үчүн TURKSOY төрагасынын ыраазычылык баракчасы, Маданият маалымат жана туризм министринин ыраазычылык баракчасы, USAID, ACDI VOCA жана ОшТУ менен биргеликте “Business Planning and Record Keeping” программасынын эл аралык сертификатын алды.

ОшТУнун Жаштар Комитети тарабынан уюштурулган Парламенттик дебат турниринде 1-орунду ээлегендиги үчүн диплом, Окуудагы жетишкендиктери жана жаштар арасында үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмалангандыгы үчүн Ош шаардык жаштар комитетинин Ардак грамотасы, “Илим. Технологиялар. Инновациялар — 2020” аттуу илимий практикалык конференцияда 1-даражадагы диплом сыяктуу бир катар алкыш баракчаларды, Ардак грамоталарды, дипломдорду алып, университеттин эң алдыңкы студенти боло алды. Кылымбек сынактарга да активдүү катышып, дайыма алдыңкы орундарды алып келет. Анын тил үйрөнүү жөндөмү да абдан өрчүгөн, өз эне тилинен сырткары орус, немис, англис, түрк тилдерин да мыкты билет. Спортко дагы кызыгат. Окуу жайда кандай спорттук иш-чара өтпөсүн ал жакта да активдүү оюнчу.

  • Мен студент болгон күндөн тартып эле коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катыша баштадым. 2019-жылы Технологиялык колледждин Жаштар комитетинин төрагасы болуп шайландым. 2019-жылы университеттин Жаштар комитети менен тыгыз иштешип, маданий жана коомдук иш-чараларды уюштуруп баштадым, өзүмдүн командамды чогултуп, көптөгөн иш-чараларды өткөрдүк. Шаардык, республикалык деңгээлдеги иш-чараларда активдүүлүгүмдү көрсөтүп, грамота, сыйлыктарды алдым. Университеттин “Жаштык” телестудиясында жаш алып баруучу да болдум. Учурда ОшТУнун жаштар комитетинин төрагасынын орун басарымын, — дейт Кылымбек.

ҮМҮТ АРТКАН АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР

СОСКЕЕВА КҮМҮШАЙ Кыргыз тоо-кен университетинин 4-курсунун студенти. Ал быйыл окуу жайдын эң мыкты студенти катары «Кумтөр» кенинде металлургиялык лабораторияда алты айлык өндүрүштүк практикадан өтүп келди. Практика учурунда өзүн ак ниет жана тырышчаак стажер катары көрсөтө алганын, заводдун аймагындагы бардык операцияларды туруктуулук менен өздөштүрүп, жамаат менен жакшы иштеп, эмгекке болгон жөндөмдүүлүгү  менен кызматкерлердин урмат-сыйына ээ болуп келгенин окуу жай жетекчилиги сыймыктануу менен айтат. Күмүшай окууда гана эмес, коомдук иш-чаралардын да мыкты катышуучусу. Спорттук ийгиликтери да арбын. Ал дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Азия чемпионатынын, Евразия оюндарынын коло байгесинин ээси, Кыргыз Республикасынын сегиз жолку чемпиону. Университетте өткөн илимий конференцияларга активдүү катышып, орус тили боюнча 2-орунду, химия боюнча 2-орунду, руда даярдоо боюнча 4-орунду жеңип алган.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер