ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН

  • 02.06.2022
  • 0

Чыгыштын залкар аалымы Жусуп Баласагын “Билим алып, аны иш менен айкалыштыра билсең ал сага сый-урмат алып келет” деген экен. Анын сыңарындай, билимдүүлүгү, иш билгилиги менен айырмаланып, көп жылдар бою ары кызыктуу, ары жооптуу, түмөн-түйшүктүү кесиптердин бири болгон мугалимдикти аркалап, миңдеген жаштарга татыктуу тарбия берип, билим берүүгө салым кошуп, 45 жыл мектепте иштеген, өмүрү өрнөк инсан Абдиназар Эргешовду Ноокат элинин көпчүлүгү жакшы тааныйт.ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН

Абдиназар Эргешов 1952-жылы 25-майда Ноокат районундагы Самаркандек айылында туулган. Балалык чагынан эле мугалим болууга кызыгып, орто мектепти бүтүргөн соң, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүнүн экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, окуу жайдын студенти болот.

Окуу жайды эң жакшы окуп, студенттик отряддарды жетектеп, айыл чарба иштерине активдүү катышып, группанын старостасы болгон. Окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Баткен районундагы Орто-Боз айылындагы Ю. Гагарин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеп, үч жылдан соң, Паска-Арык орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалат. Өз ишин мыкты билүүсү менен жамаат арасында өзгөчөлөнүп, окуткан окуучулары райондук, облустук олимпиадаларда ийгиликтерди жарата баштаган агайды райондун жетекчилери мектептин иши солгундап кеткен Самаркандек орто мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы кызматына которушат. Ал учур кадр тандоо жана тарбиялоо жакшы жолго коюлган мезгил эле. Өз ишине тың, коомдук иштерге чапчаң, жан дүйнөсү бай, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш адистен Ак-Сай орто мектебине директорлук кызматка которулуп, көп жылдар бою иштеди.

Билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин райондук, облустук мамадминистрацияларынын бир нече жолку Ардак грамотарларына татыктуу болуп, Билим берүүнүн мыктысы, Улуттук тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгилеринин ээси.

Агай азыркы учурда ардактуу эс алууда. Дайыма сый-урматтын үстүндө. Айылдын ардактуу адамы. Небере-чөбүрөлөрүнүн сүйүктүү чоң ата, таятасы. Жаш мугалимдердин ардактуу устаты. Ал эми анын колунан таалим-тарбия алган миңдеген окуучулары ушул күндө республикабыздын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, түрдүү тармактарында үзүрлүү иштешүүдө.

Өмүрү өрнөк агайыбыз 70 жашка толду. Жетимиш жаш айтканга жеңил болгону менен оңой жаш эмес. Эмне деген түйшүктүн, кайгы-капанын, маңдай жарган кубанычтарды өткөрүп, бирок мээнетинин акыбети кайтып, турмуштан өз ордун татыктуу тапты.

Агайга чың ден соолук, бактылуу карылык каалайбыз. Дайыма үй-бүлөңүздүн төрүндө отуруп, жаштарга кеп-кеңештерди айтып жүрө бериңиз Улуу-Тоонун уулу!

Сыдык Мамыров, Алай району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер